Президент: милиция жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болушу керек
Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус менен күрөшүүгө тартылган ички иштер органдарынын кызматкерлерин жеке коргонуучу каражаттар жана башка зарыл болгон жабдыктар менен камсыз кылыш керек экенин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы 23-апрелде ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алганда айтканын президенттин аппараты маалымдады. Жунушалиев COVID-19 вирусу менен күрөшүү иштерине катышып жаткан күч кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгонун айтты. Министрдин сөзүнө караганда... Читать дальше...