Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 03.04.2020

Баткенде COVID-19 жуккан аял сакайды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги 3-апрелде COVID-19 илдети жуккан бейтап сакайып, үйүнө чыгарылганы тууралуу маалымат таратты. Баткен облустук ооруканасында дарыланып жаткан 34 жаштагы аялдан ПЦР анализи (үзгүлтүксүз полимердик реакция) коронавирус жок экенин көрсөткөн.

Кыргызстанда COVID-19 илдети жуккан алтынчы адам сакайды (видео)

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги 3-апрелде COVID-19 илдети жуккан бейтап сакайып, үйүнө чыгарылганы тууралуу маалымат таратты.  Баткен облустук ооруканасында дарыланып жаткан 34 жаштагы аялдан алынган ПЦР анализи (үзгүлтүксүз полимердик реакция) анда коронавирус жок экенин көрсөткөн. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Буга чейин Кыргызстанда COVID-19 илдетинен беш адам сакайып чыкканы кабарланган.  4-апрелде коронавирус Кыргызстанда 130 кишиге жукканы маалым болду. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда ... Читать дальше...

Kоронавирус онлайн жашоого түрттү

Azattyk.org 

Тилекке каршы, коронавирус илдети кенен жайылып кеткендиктен пандемия жарыяланып, Кыргызстандагы айрым шаарларга, райондорго да өзгөчө абал киргизилди. Андыктан "Азаттык плюс" бул жолу карантинде сабактарын үзгүлтүккө учуратпай онлайн сабак окуган студенттер менен окуучулар, үйүндө иштеп, убакытты пайдалуу өткөргөн үй-бүлөлөр жөнүндө айтып берет. Берүүдө онлайн ресурстар менен да бөлүшөбүз.



21-мартта тажикстандык 30 жаран Ош облусунан чыгарылган

Azattyk.org 

Тажикстандын 30 жараны 21-мартта Ош облусунун Чоң-Алай районундагы "Карамык-автожол" көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу чек арадан чыгарылган. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ош шаарынын жана Ош облусундагы Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Аширбаев билдирди. "Ага чейин булар чек арада турушкан. Бул кечээ же бүгүн эмес, 21-мартта өзгөчө кырдаал киргенде чыгып кетишкен. Тажикстандын 30 жараны барганда чек ара өзгөчө кырдаалга байланыштуу жабык турган.... Читать дальше...

Новосибирск: Алты кыргызстандык транзиттик зонада камалып калды

Azattyk.org 

Кыргызстандын алты жараны Орусиянын Новосибирск шаарынын аэропортунан чыга албай жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна жүргүнчүлөрдүн бири, өзүн Максат Осмоналиев деп тааныштырган жаран  билдирди. Анын айтымында, алты кыргызстандык 26-мартта Новосибирскке Вьетнамдын Нячанг шаарынан учуп барып, 27-мартта Бишкекке учмак. Бирок каттам токтогондуктан аэропорттун транзиттик зонасында калышкан. Транзиттик зонадан чыгууга уруксат алып беришсе Новосибирсктин мейманканасына өз алдынча чыга турганын... Читать дальше...

Перуда аялдар менен эркектер көчөгө кезектешип чыгат

Azattyk.org 

Перунун президенти Мартин Вискарра коронавируска байланыштуу жагдайдан улам 3-апрелден тарта жарандарды көчөгө жынысына карап чыгууга милдеттендирди. Ага ылайык, 1чи, 3чи жана 5-күндөрү эркектер, ал эми аялдар 2чи, 4чү жана 6чы күндөрү көчөгө чыга алат. Ал эми дем алыш күнү бардык жарандар үйүндө отурушу керек. Ошондой эле көчөгө чыккандар карантин шарттарын сакташы зарыл. Ал эми өлкөнүн борбору Лимада коменданттык саат жарыяланган. Мартин Вискарра соңку жагдайда сексуалдык азчылыктардын кызыкчылыгын эске алууга да убада берди. Читать дальше...

Өкмөт элди жапырт текшерүү жолун издеп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстан Кытай, Орусия, Беларус жана башка өлкөлөрдөн коронавирусту аныктаган тест-системаларды сатып алууда. Айрымдары гуманитардык жардам катары келип жатат. Мындан тышкары демөөрчүлөр алып келген тесттер да бар.

COVID-19: Кыргызстанда бир бейтап көз жумду

Azattyk.org 

Кыргызстанда COVID-19дан алгачкы бейтап көз жумду. Маркум Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну болчу. Дүйнөдө коронавируска чалдыккандар 1 миллиондон ашты. Новосибирсктеги кыргызстандыктар мейманканага жайгаштырылды



Коронавирус кантип аныкталат?

Azattyk.org 

Пандемия дүйнөнүн үшүн алып турган маалда коронавирусту аныктай турган тесттер тартыш болуп жатат. Мындай кезде жаңы технологиялар жугуштуу илдетке каршы кармашта курал болуп бере алат. Эксперттер белгилегендей, тестирлөө бейтаптарды дарылоодо гана эмес, илдеттин жайылышын токтотууга өбөлгө болот.

Эл үнү: Гумжардамды кайдан алабыз, өлкөгө керекпизби?

Azattyk.org 

“Эл үнүнө” күнүмдүк иш менен каражат таап, ижарада жашаган жана көп балалуу үй-бүлөлөр гуманитардык жардам сурап кайрылууда. Алар кайрымдуулук уюмдардан, өкмөттөн жардам күтөт. Ошондой эле Түркияда өз мекенине жете албай калган жарандардын кыргыз бийлигине кайрылуусуна орун беребиз.

COVID-19 жана кыргыз медицинасы

Azattyk.org 

3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.

Милиция Чүйдө бир күндө эки өспүрүм жанын кыйганын тастыктады

Azattyk.org 

Чүйдө бир күндө эки өспүрүмдүн өлүмү катталды. Бул маалыматты облустук милиция тастыктады. Мекеменин маалыматына караганда, окуучу балдар өз жанын өздөрү кыйган. Каргашалуу окуялар Ысык-Ата районунда 29-мартта эки башка айылда болгон. Бири эртең менен, экинчиси кечинде катталган. Буга чейин Ысык-Көл облусунда соңку жарым айда беш өспүрүм өз жанын кыйганы кабарланган. Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин... Читать дальше...

Казакстанда Чымкент шаары да карантинге жабылмак болду

Azattyk.org 

Казак бийлиги 4-апрелден тартып бир миллиондой эл жашаган Чымкент шаарын карантинге жабат. Өзгөчө абал режимин сактоо боюнча мамлекеттик комиссиянын ыкчам штабы тараткан маалыматта бул шаарда коомдук транспорт таңкы 7ден кечки 7ге чейин гана жүрөрү, зарыл иши болбосо жарандар көчөгө чыкпашы керек экендиги айтылат. Ошондой эле 55 жаштан өткөн жарандар үйдө отурууга милдеттендирилди. Буга чейин Нур-Султан, Алматы баштаган сегиз шаар карантинге жабылган жана аларга кирип-чыгуу чектелген. Казакстанда... Читать дальше...

Тест-системалардын тартыштыгынан 8198 адамдын анализи текшерилбей турат

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирусту аныктоочу тест-системалардын тартыштыгынан 8198 адамдын анализи текшерилбей турат. Бул тууралуу 3-апрелде басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин лабораторияга тесттен өткөрүш үчүн 17911 адамдан анализ алынган. Алардын ичинен 9730 адамдыкы атайын лабораториялык изилдөөдөн өтүп, 130 адам коронавируска чалдыкканы аныкталган. 8198 адамдан алынган анализдер тест-системалардын жетишсиздигинен улам лабораторияда сакталып турат. Читать дальше...

Кара-Сууда жер титиреди

Azattyk.org 

Ош облусунун аймагында 3-апрелде жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 13:10до болгон жер титирөөнүн күчү очогунда 2,5 баллга жетти. Жердин титиреши Кара-Суу районунун Лангар айылында эки баллга чейин сезилди. Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. (RK)

Өкмөт ишкерликти колдоо планын иштеп чыкты

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу оор абалга кабылган жергиликтүү ишкерлерге жеңилдик берүү тизмесин түздү. Өкмөттүн маалыматына караганда, бул багытта бир катар сунуш иштелип чыкты. Алар: 1-октябрга чейин ишканаларды туум менен айып пулдан, жеке ишкерлерди камсыздандыруу полисинен бошотуу, кичи жана орто бизнестегилерге камсыздандыруу акынын тарифин беш пайызга арзандатуу. Мындан тышкары, текшерүүлөргө мораторий мөөнөтүн узартуу, салык органдарынын текшерүүлөрүн азайтуу... Читать дальше...

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 200 миң доллар бөлөт

Azattyk.org 

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстандын медицина тармагына коронавируска каршы күрөш үчүн 200 миң доллар бөлмөй болду. Бул тууралуу 3-апрелде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун банктын президенти Масацугу Асакава менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтылганын уюмдун басма сөз кызматы кабарлады. Бул акчага дары-дармек жана медициналык жабдуу сатылып алынат. Мындан тышкары аталган банк аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы аркылуу жардам берүү, медицина... Читать дальше...

Тажикстанда аскерге баруудан баш тарткан «Жахабанын күбөсү» соттолду

Azattyk.org 

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарындагы аскердик сот «Жахабанын күбөлөрү» диний уюмунун жолдоочусу Жовидон Бобожоновду армияга барбай койгону үчүн эки жылга эркинен ажыратты. Бул уюмдун өкүлдөрү 20 жаштагы Бобожонов дээрлик алты ай бою тергөө абагында отурганын, ур-токмокко кабылганын билдиришти. Бийлик мындай дооматтарга жооп кайтара элек. Тажикстанда «Жахабанын күбөлөрү» диний уюмунун ишмердигине 2008-жылы эле тыюу салынган. Анын мүчөлөрүнө диний ишеними форма кийип, курал кармоого жол бербейт. Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

В Австралии отметили столетие Булата Окуджавы





Персональные новости
Динамо

"Динамо" и "Зенит" назвали стартовые составы на матч 26-го тура РПЛ





Кызыл-Кыяда жардамга муктаждар менен медиктердин үй-бүлөлөрүнө тамак-аш таратылды

Azattyk.org 

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында «АРТ Пласт» жоопкерчилиги чектелген коому 600 үй-бүлөгө азык-түлүк таратып берди. Анын ичинде 50 медицина кызматкеринин үй-бүлөсү бар. Ишкана шаардагы медициналык мекемелерге жана санитардык-карантиндик посттогу кызматкерлерге коргонуучу каражаттарды да тапшырды. Көрсөтүлгөн жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген, кырдаалга байланыштуу жумушсуз калган жарандарга, маянасы аз кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө мэрия менен бирге жеткирилүүдө. ... Читать дальше...

ТИМ: Чет жактагы жарандарыбызды алып келүү аракетибиз уланууда

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлиги чет жактан Кыргызстанга кайтып келе албай жаткан жарандардын баарынын арыз-даттануусу боюнча иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу 3-апрелде «Азаттыкка» мекеменин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев билдирди: «Биз жарандарыбызды, албетте, калтырбайбыз. Реалдуу чындык ушундай – чек аралар жабылган. Бирок биз жана тиешелүү кызматтар иштеп жатабыз. Чечилет, буюрса. Качан чечилерин айта албайбыз, бирок иш жүрүп жатат. Жарандардын бардык кайрылууларын биз билебиз». Дүйнөдөгү коронавирус... Читать дальше...

Оштогу индиялык студенттерге дары-дармек берилди

Azattyk.org 

Индиянын Кыргызстандагы элчилиги Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан индиялык студенттерге дары-дармек жеткирди. Бул тууралуу «Азаттыкка» ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков билдирди. Андан алынган маалыматка ылайык, жатаканаларда жана батирлерде жашап жаткан студенттерге дары-дармек бөлүштүрүлүп жатат. Ош мамлекеттик университетинде 2 миңден ашуун индиялык студент билим алат. Аларга карантин мезгилинде азык-түлүк жашаган жерине жеткирилип жатат. Кыргызстанда коронавирус катталгандан... Читать дальше...

Бишкектеги эки ун комбинаты ишин жандантты

Azattyk.org 

Бишкектеги «Акун» жана «Бишкек ун комбинаты» ишканалары өз ишин жандантты. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган ишканалардын курамына кирген «Акун» компаниялар тобунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Асел Турдиева кабарлады. Анын айтымында, 2-апрелде Бишкек шаардык комендатурасы чектелүү санда «Акун» ун комбинатынын жумушчуларына уруксат кагазын берген. Ал эми «Бишкек ун комбинатынын» жумушчуларына азыркыга чейин уруксат кагазын бербей жатат. Турдиева комендатура мурдагы жөнөтүлгөн документтерди жоготуп жиберип... Читать дальше...

«Пандемия Евробиримдикти ыдыратышы ыктымал»

Azattyk.org 

Италия жана Испания коронавирустан эң көп жапа чеккен өлкөлөр бойдон калууда. Евробиримдиктин мүчөлөрү мындай кырдаалда бири-бирине тилектештик көргөзө албай турган кези.

Ачылышы кечеңдеген оорукана

Azattyk.org 

Марттын этегинде Бишкектеги «Кыргыз-түрк достугу» ооруканасын Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү тууралуу чечимин жарыялады.

Спорт в России и мире
Москва

Волейболисты «Зенита-Казань» стали чемпионами России


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Названы победительницы матчей Рыбакиной и Путинцевой за четвертьфинал турнира в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве заметили первый в России электромобиль Tesla Cybertruck





Путин в России и мире
Москва

Президент России Владимир Путин подтвердил проведение XVI Международного военно-музыкального фестиваля «Спасская башня»


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил о желании построить в Белоруссии вторую АЭС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Николай Басков

Басков рассказал, что предпочитает гостевой брак и девушек не моложе 28 лет



Москва

В I квартале 2024 года доходы Богородского округа превысили 1,4 млрд рублей

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net