Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 08.04.2020

Эл үнү: Аралыктан окутуунун азабы, Дубайда калган мигранттар

Azattyk.org 

«Эл үнүнө» кайрылгандардын көбү аралыктан окутуунун көйгөйлөрүн көтөрүштү. Айрыкча айыл жериндегилер Интернетке жетпей жатканын, жарактуу телефон жоктугун айтышууда. Москвада, Дубайда мекенге жете албай жаткан мигранттардын кайрылуусуна да орун беребиз.

Түркия менен Дубайда 600дөн ашык кыргызстандык мекенине келе албай турат

Azattyk.org 

20-марттан бүгүнкү күнгө чейин чартердик рейстер аркылуу чет өлкөдөн 4769 кыргызстандык мекенине алынып келди. Учурда Түркияда 360, Дубайда 300 кыргыз жараны келе албай жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кабарлады. Анын айтымында, сырттагы мекендештерди алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. «Биз тышта жүргөн бардык жарандарыбыз боюнча так маалыматтарыбыз бар, элчиликтер катуу иштеп жатышат. Болгон аракеттерди көрүп жатабыз», - деди Боронов.   Ушул күндөрү Орусиядагы... Читать дальше...



Кличко: коронавирус спортчуларды кыйгап өтпөйт

Azattyk.org 

Киевдин мэри, бокс боюнча дүйнө чемпиону болгон Виталий Кличко карантин учурунда изоляцияда отурбай, спорт аянтчаларына шашкандарды сынга алды.  «Эгер спортчулар вирустан корголгом деп ойлосо, андай эмес. Укмуш формасын жоготуп алуудан чочулагандар эрежени тоготпоо менен саламаттыгынан эле эмес, өмүрүнөн да ажырап каларын түшүнүшү керек. ​Вирустан жабыркаган киевдиктердин көбү жаш же орто курактагылар. Башкача айтканда шаардын белдүү жарандары», – деди Кличко. 8-апрелге карата Украинада коронавирус жуккандар 1700 кишиге жетти. Читать дальше...

Штаб: Мамлекеттик каттоо кызматы ишин убактылуу токтотту

Azattyk.org 

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, өзгөчө абал киргизилген бардык шаарларда, райондордо Мамлекеттик каттоо кызматы көрсөткөн бардык кызматтардын иши 31-марттан абал турукташканга чейин токтотулду. Тактап айтканда, калкты тейлөө борборлору (ЦОН), автоунаа каражаттарын каттоо, почта кызматтары, архивдик кызматтар убактылуу иштебейт. Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланып, бир катар чектөөлөр киргизилген. (TSh)

ТИМ: Кытай медициналык жүк ташууга кошумча талап киргизди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдан медициналык ар кандай каражаттарды, буюмдарды ташып келүүнү каалаган ишканаларды жана жеке менчик компанияларды бул мамлекеттин талаптарын сактоого чакырды. Тышкы саясат мекемесинин маалыматына ылайык, 1-апрелден тартып сыртка ташылган медициналык товарларга көзөмөл кылуу максатында, Кытайдын тийиштүү органдары медициналык жүктү экспорттоого кошумча талаптарды киргизишти. Тактап айтканда, коронавирусту аныктоочу экспресс-тест, беткап, коргоочу кийимдер... Читать дальше...



Орусияда пандемияга каршы күрөшкөн дарыгер кошумча 80 миң рубль алат

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин 8-апрелдеги губернаторлор менен жыйын өткөрүү учурунда коронавируска каршы жаңы жардам чараларын сунуш кылды. Ага ылайык, медицина кызматкерлерине үч ай кошумча акы төлөнөт. Тактап айтканда, коронавирус жуккандар менен түз иштеген дарыгердин айлыгына 80 миң рубль кошулат. Андан тышкары иш милдеттерине карай башка саламаттык сакчыларынын айлыгы 25-50 миң рублга көтөрүлөт.  Ошондой эле ишкерликти колдош үчүн өкмөткө кошумча чараларды иштеп чыгуу тапшырылды. Путин... Читать дальше...

Европа өзгөчө абалдан чыгуунун жолун издейт

Azattyk.org 

Европа Биримдиги коронавируска байланыштуу киргизилген чараларды жумшартууну караштырууда. Пандемиянын айынан шаркеттеги мамлекеттердин экономикасы бир топ запкы тартты.

ЕӨРБ Кыргызстанга жардам берүү ниетин билдирди

Azattyk.org 

8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕӨРБ) вице-президенти Алан Пиллу менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуунун жакынкы келечекке карата багыттары, анын ичинде коронавирус инфекциясына каршы биргелешип күрөшүү чараларын талкуулады.  Аталган банктын өкүлү жеке секторго, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн гигиена, жеке коргонуу каражаттарын өндүргөн ишканаларга колдоо көрсөтүү жана жеңилдетилген каржылоо варианттары каралып жатканын маалымдады. Читать дальше...

Милиция: Пакистандан келген дааватчыга иш козголду

Azattyk.org 

Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди. Анын айтымында, Нарында алгачкы болуп коронавирус табылган, Пакистандан дааваттан келген киши тиешелүү чектөөлөрдү бузуп, санитардык эрежелерди сактабай жаткандыктан чара көрүү зарылдыгы келип чыккан.  Иш Жазык кодексинин 280-беренеси («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал киши учурда изоляцияда болгондугуна байланыштуу тергөө иштери ал сакайгандан кийин башталат. Читать дальше...

Ээнсиреген Прага бүркүттүн көзү менен

Azattyk.org 

Коронавирус кризисине чейин Чехиянын баш калаасына саякаттап келгендердин аягы үзүлчү эмес. Тарых жыттанган кууш көчөлөр менен көпүрөлөрдө эл жык-жыйма басып жүрчү. Ушул тапта чек ара жабылып, көчөдө баскандар беткап кийип жүрүүгө милдеттүү. Эркин Европа/Азаттык радиосунун сүрөтчүсү Амос Чаппл өзгөчө абал өкүм сүргөн шаардын элесин бергенге аракеттенди.

Ээнсирген Прага бүркүттүн көзү менен

Azattyk.org 

Коронавирус кризисине чейин Чехиянын баш калаасына саякаттап келгендердин аягы үзүлчү эмес. Тарых жыттанган кууш көчөлөр менен көпүрөлөрдө эл жык-жыйма басып жүрчү. Ушул тапта чек ара жабылып, көчөдө баскандар беткап кийип жүрүүгө милдеттүү. Эркин Европа/Азаттык радиосунун сүрөтчүсү Амос Чаппл өзгөчө абал өкүм сүргөн шаардын элесин бергенге аракеттенди.

Чүйдө жазгы талаа иштери 94% аяктап калды

Azattyk.org 

Чүй облусунда жазгы талаа иштери 94% жыйынтыкталды. Бул тууралуу 8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда облус башчысы Алтынбек Намазалиев билдирди. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн айтымында, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү фонунда жазгы талаа иштерин өз маалында жүргүзүүгө бардык күч жумшалган. Намазалиев бүгүнкү күндө облуста калктын социалдык аялуу катмарына, муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү жана аймакта азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Читать дальше...

COVID-19: тумоону ооздуктоо татаалдашты

Azattyk.org 

Кыргызстанда 8-апрелге карата коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны 270 адамга жетти. Төрт адам каза болду. Учурда 32 медкызматкер COVID-19 вирусун жугузуп алганы белгилүү болду. Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо боюнча аракеттерден кандай майнап чыгууда? Өлкөдө бийлик, жарандар дагы эмнеге көңүл бурушу керек? Талкууга саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жана "Бикард" клиникасынын башкы дарыгери Дамир Осмонов катышты.

Өзгөчө абалга байланыштуу ачылган эсептерге түшкөн акча 110 млн. сомго чамалады

Azattyk.org 

Өзгөчө абалга байланыштуу ачылган эсептерге келип түшкөн акчанын суммасы 110 млн. сомго чамалады. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өлкөдө 2 эсеп ачылган. Биринчиси элдин аярлуу катмарын камсыз кылуу максатында көрсөтүлүп жаткан жардамды координациялаш үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган. 8-апрелге карата бул эсепке акчалай түрдө 6 млн. 484 миң сом түштү. Экинчиси - коронавируска каршы күрөшүү максатында Финансы министрлигинин карамагындагы атайын депозиттик эсеп. Читать дальше...

Ухань шаары ачылды

Azattyk.org 

Коронавирус жугузуп алган британ премьер-министри Борис Жонсон экинчи түнүн реанимацияда өткөрдү.


Музыкальные новости
Концерт

Концерт «Стихи войны и мира. Баллада о своих»





Персональные новости
Александр Бастрыкин

Бастрыкин поручил представить доклад по делу о побоях 10-летней девочки в реабилитационном центре





Дартын жашырган адам жазага тартылат

Azattyk.org 

Ошто коронавирус жугузуп алганын билип туруп, аны жашырган деген шек менен бир адамга кылмыш иши козголду. Бул Кыргызстанда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу боюнча козголгон биринчи кылмыш иши.

Таласка киргендер коронавирусту аныктоочу тест тапшырат

Azattyk.org 

Талас облусуна Талды-Булак (Конезавод) айылынан киргендер кан тапшырып, анализи таза чыккан соң гана киргизилет. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талас шаардык кеңешинин төрагасы Адылбек Жусупбеков билдирди. Таласка киргендердин автоунаалары да, өзүлөрү да дезинфекциялоочу жабдуудан өтүүдө. Талас облусуна Таласта каттоодо турган жүргүнчүлөр жана транзиттик жүк ташуучу унаалар гана киргизилип жатат. Облуска жалпысынан вирусту аныктоочу беш миң тест-система алынып келген. Вирусту аныктай турган анализдин жыйынтыгы 1,5-2 саатта чыгат. Читать дальше...

Кызмат учурунда илдет жуккан медициналык кызматкерлерге 200 миң сом төлөнөт

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар шартында өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып ооруга чалдыккан дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине 200 миң сом төлөнөт. Эгер оорудан көз жумса алардын үй-бүлөсүнө 1 млн. сом акчалай компенсация берүү жагы чечилди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 8-апрелдеги брифингде маалымдады. «Дарыгерлер апрель айында айлык акысын жана үстөк төлөмдөрүн мөөнөтүндө алышат», - деп кошумчалады Кубатбек Боронов. Анын айтымында, март айына кошумча каралган төлөмдөр чындыгында кармалууда.

9-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

9-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жана кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Читать дальше...

Боронов кайткысы келген мигранттарды илдет азайганча күтө турууга үндөдү

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү мекенине кайтууга жардам сурап жаткан сырттагы мигранттарына кайрылып, коронавирустун активдүү фазасы аяктаганча жолго чыкпай турууга чакырды. Бул тууралуу 8-апрелдеги басма сөз жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Ошону менен катар ал өкмөт тышта жүргөн жарандарын алып келиш үчүн колдон келишинче аракет кылып жатканын айтты:  «Сырттагы жарандар боюнча кабарыбыз бар. Саны да бар. Мисалы, Түркияда, Дубайда, Орусияда биздин жарандар келебиз дегендер бар. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

«Торпедо» объявило об уходе хоккеистов Кручинина, Бауи и Малова


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Потапова и Павлюченкова вышли в полуфинал турнира WTA в Мадриде в парном разряде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Ключевой аспект успеха: как построить долгие и хорошие отношения с клиентом





Путин в России и мире
Москва

Президент России Владимир Путин подтвердил проведение XVI Международного военно-музыкального фестиваля «Спасская башня»


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Набей им морду, покажи им, что ты настоящий белорус». Лукашенко о поездке спортсменов на Олимпиаду




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Шапка

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)



Москва

Шесть человек пострадали в результате ДТП с маршруткой в Москве

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net