Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 28.04.2020

Эл үнү: Узартылган карантин, айлык күткөн милиция

Azattyk.org 

Коронавирус дартын токтотуу үчүн жарыяланган өзгөчө абал 10-майга чейин улана турган болду. Мындай чечим тамак-аш, каражат жагынан кыйынчылык тартып жаткан адамдарды бейпайга салып, өкмөттөн жана кайрымдуу адамдардан жардам күтүп турушкан чагы.

Өкмөт уруксат берилчү ишкердиктин түрлөрүн жарыялады (тизме)

Azattyk.org 

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосун иштеп чыкты. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык штабдын 28-апрелдеги жыйынында айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, өзгөчө абал режиминде 1-майдан тарта ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнүн ишине уруксат берилет: 1. Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү: энергетикалык өнөр жай, химиялык жана нефтегаз өнөр жайы, машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай, тоо кен... Читать дальше...

Шаршекеева: Студент пара берген сайын өлкө сазга батат

Azattyk.org 

Кыргызстанда билим берүү тармагына тезинен көңүл бурулбаса, кесепети абдан оор болот. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна курган маегинде Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри, Борбор Азиядагы Эл аралык университеттин ректору Камила Шаршекеева билдирди.



USCIRF Индияны дин эркиндигин бузган өлкөлөрдүн катарына кошту

Azattyk.org 

АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) Индияны дин эркиндигинин бузган эң начар өлкөлөрдүн тизмесине киргизди. Аталган комиссия 2019-жылдагы дин эркинидигин абалы тууралуу 28-апрелде баяндама жарыялады. Анда Кытайда 1,8 миллиондой уйгур жаранынын атайын лагерлерге кармалышы, Орусияда «Жахабанын күбөлөрүнө» каршы куугунтук, Пакистанда аялдарды ислам динин кабыл алууга мажбурлоо өңдүү көрүнүштөр белгиленген. Бирок комиссия 2004-жылдан бери биринчи жолу Индияны диний азчылыктарга... Читать дальше...

Президент өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу боюнча жарлыкка кол койду

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 10-майга чейин узартуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. Аталган жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет. Парламент депутаты Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңеш бул маселени кароо үчүн 30-апрелде жыйынга чогуларын айткан. Калган аймактарда 30-апрелде өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат. Читать дальше...

Жээнбеков: Жеңиш күнүнө карата массалык иш-чараларды өткөрө албайбыз

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 28-апрелдеги жыйынында коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чаралар болбой турганын айтты. Ал «Өлбөс полк» иш-чарасын онлайн форматта өткөрүү сунушталып жатканын да билдирди. Коронавирус пандемиясынан улам Орусия да 9-майда Жеңиш күнүнө арналган парадды жылдырууга аргасыз болду. Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда... Читать дальше...

"Кыргызстанга Кытайдан турист тартабыз"

Azattyk.org 

Коронавирустун кесепетинен Кыргызстанда да туризим тармагы чоң жоготууга учурап жатат. Жыл сайын агылган чет өлкөлүк коноктордун ордун ким алмаштырат? Өлкөнүн ички туризм потенциалы кандай?



Коопсуздук кеңеши ишкердикти жандантуу боюнча чечимдерди кабыл алды

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин 28-апрелдеги жыйынында коронавируска байланыштуу коюлган ички тосмо-постторду алып, буга чейин өзгөчө абал киргизилген аймактардын кирүүчү/чыгуучу жерлериндеги санитардык-карантиндик постторду калтыруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Өкмөткө төмөнкү чектөөлөрдү күчүндө калтыруу сунушталды: Бардык массалык иш-чараларды өткөрүүгө; Коронавирус көп катталган облустардын, ири шаарлардын жана калктуу конуштардын арасында жарандардын жүрүшүнө; Өзгөчө кырдаал режими алынып салынганга... Читать дальше...

"Апам ооругандан кийин коронавирус эмне экенин түшүндүм"

Azattyk.org 

Блогер Азиза Мурзашова социалдык тармактагы баракчасында апасы коронавирус илдетине чалдыгып, дарыланып жатканын жазып чыкты. Ал "Азаттыкка" Санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунда иштеген атасы вирусту апасына жугузганын жана бул үй бүлө башынан эмне өткөргөнүн баяндап берди.

Кино өнөрүнүн шам чырагы

Azattyk.org 

Чыгаан кинорежиссёр Динара Асанова жана анын чыгармачылыгы тууралуу Аким Кожоевдин адабий блогун сунуштайбыз.

Эмдөө жумалыгынын алкагында Кыргызстанда 65 көчмө бригада иштейт

Azattyk.org 

Европалык эмдөө жумалыгынын алкагында Кыргызстанда 65 көчмө бригада аймактарды кыдырып, эмдөө жүргүзөт. Бул тууралуу 28-апрелде «Азаттыкка» Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, карантинге байланыштуу пландуу эмдөө убактылуу токтотулган болчу. Февраль-апрель айларында кызамык менен кызылчага каршы, төрөт үйлөрүндө ымыркайларды БЦЖ жана гепатитке каршы гана эмдөө жүрүп жатты.  «Эми бир жума аралыгында биз кызамык жана кызылча катталган... Читать дальше...

Аалиев: Нарында кылмыштуулук азайды

Azattyk.org 

Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев бүгүн, 28-апрелде брифинг учурунда билдиргендей, Нарында кылмыштуулук азайды. Анын айтымында жалпысынан аймакта коомдук-саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө. 28-апрелге карата аймакта коменданттык сааттын талаптарын бузган 7 киши кармалган, алардын бешөө Ат-Башыда, экөө Нарын шаарында. Комендант жергиликтүү тургундарды өзгөчө абал шартында санитардык талаптарды бекем сактоого жана коменданттык сааттын эрежелерин бузбоого чакырды. Нарын... Читать дальше...

COVID-19: АКШ Кытайды кайра айыптады

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кытайды айыптады. Европанын айрым өлкөлөрүн улай Жаңы Зеландия жана Австралия чектөөлөрдү четинен ала баштады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия аягына чыга элек экенин эскертти.

Жээнбеков: Уруксат берилген ишкананын коопсуздугу үчүн жетекчиге өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүккө этап-этабы менен уруксат берилет, ар бир ишкананын эпидемиологиялык коопсуздугу үчүн анын жетекчисине өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт. Бул тууралуу 28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында айтылды. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков: «Ишин кайрадан баштай турган экономика объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо абдан маанилүү. Бул багытта жергиликтүү бийлик, Саламаттык сактоо министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык... Читать дальше...

Орусия COVID-19 жуккандар боюнча Ирандан ашып, сегизинчи орунга чыкты

Azattyk.org 

Орусияда соңку бир суткада коронавирус 6400дөн ашык адамдан чыкты, ошентип ооругандардын саны 93,5 миңге жетти. Мындай көрcөткүч менен Орусия Ирандан ашып өтүп, дүйнөдө COVID-19 жугузуп алган адамдардын саны боюнча сегизинчи орунга чыкты. Акыркы бир күндүн аралыгында бул өлкөдө илдет 72 адамдын өмүрүн алды, эпидемиядан бери 860тан ашык адам көз жумду.  Дүйнө жүзүндө коронавирус үч миллиондон ашык адамдан аныкталды. Оорудан 200 миңден көп киши каза болду. Илдет жугузуп алган жана каза болгон... Читать дальше...

ILNA агенттигинин башкы редактору карикатура үчүн айыпталды

Azattyk.org 

Иранда жарым-жартылай расмий ILNA маалымат агенттигинин башкы редактору менен социалдык тармактар боюнча администратору өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеини келекелеген карикатура мультфильмге байланыштуу өткөн аптада камакка алынган. Башкы редактор Масуд Хейдари көп өтпөй күрөөгө бошотулган, ал эми социалдык тармактар боюнча администратор Хамид Хажу дагы деле камакта. Тегерандын прокурору Али Альгаси Мехр 27-апрелде бул окуяга байланыштуу тергөө жүрүп жатканын билдирди. "Келекелеген тасма... Читать дальше...


Музыкальные новости
Пол Маккартни

Николаю Фоменко – 62: что связывает артиста с Полом Маккартни и «Формулой-1», и при чем тут гвозди





Персональные новости
Арцах

Героическое участие армян в СВО. Часть третья





Тажикстан коронавирустан кантип коргонот?

Azattyk.org 

Тажикстанда мектеп жана бала бакчалар чукул каникулга тарады. Орусиянын бир вагондуу поезд каттаган айылында жашагандар жол салып бергиле деп, президент Путинге кат жазышты. Ошондой эле Алматынын 80 жылдык тарыхы бар зоопаркын байырлаган жан-жаныбар менен анда иштегендер карантинде эмне менен алектенип жатканы тууралуу да айтып беребиз.

Жээнбеков: Той-аштарга тыюу күчүндө кала берет

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген айрым чектөөлөр алынса да, той-аштарга жана башка эл көп чогулуучу иш-чараларга салынган тыюу азырынча алынбайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Президент Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында сүйлөп жатып айрым чектөөлөр өзгөрүүсүз каларын айтты: «Мисалы, маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө салынган тыюу күчүндө калат. Жогорку окуу жайлары, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Читать дальше...

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» бекети убактылуу жабылат

Azattyk.org 

Кыргыз-Кытай чек арасындагы өткөрмө бекети Кытайда өтүүчү «Эмгек күнү» майрамына карата 30-апрелден 5-майга чейин жабык болот. 6-майдан тартып кайра ишин жандантат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Алай районундагы «Эркечтам» өткөрмө бекети - Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда азыр иштеп жаткан жалгыз бекет. Ал коронавирус пандемиясына байланыштуу январь айында жабылып, Кыргызстандын өтүнүчү менен 15-апрелден тартып ишин кайра жанданткан. Нарындагы «Торугарт»... Читать дальше...

"Коррупциялашкан университет паракор адис чыгарат"

Azattyk.org 

Кыргызстанда билим берүү тармагына тезинен көңүл бурулбаса кесепети абдан оор болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” маегинде Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри, Борбор Азиядагы Эл аралык университеттин ректору Камила Шаршекеева билдирди. Ал пандемия маалындагы дистанттык билим берүүнүн өзгөчөлүгү, бул тармактагы көйгөйлөр жана алардын кесепетине токтолду.

«Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көлдөгү зоопаркка 400 миң сомдук жардам көрсөттү

Azattyk.org 

Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын облустагы өкүлү Кеңешбек Дүйшөмбиев «Азаттыкка» билдирди: «Биздин ишканага өкмөттүн облустагы өкүлү кайрылып, зоопаркка жардам берүүбүздү өтүнгөн эле. Ошол кайрылуунун негизинде биздин жетекчилик каражат бөлүүнү чечип, 5 миң доллар карап берди. Бул каражатка зоопарктагы жандыктарга керектүү болгон бардык азык алынат». Азыр зоопаркта 150 жаныбар бар. Буга чейин зоопарктын жетекчилиги элден жардам сурап, социалдык тармактарда кайрылуу тараткан. Анда... Читать дальше...

Дүйнөдө жаңжал менен табигый кырсыктан улам жер которгондор көбөйдү

Azattyk.org 

Былтыр дүйнө жүзүндө 33,4 миллион адам кандай жаңжалдардан улам жана табигый кырсыктардын кесепетинен жер которгонго аргасыз болгон. Бул тууралуу Качкындар иши боюнча норвегиялык кеңеш менен анын Өз өлкөсүндө жер которууну көзөмөлдөө борбору 28-апрелде жарыялаган баяндамасында айтылат.  Ага ылайык, учурда дүйнөнүн ондогон өлкөсүндө там-ташын таштаганга аргасыз болгон адамдардын жалпы саны 50,8 миллион кишиге жетти жана бул эң чоң көрсөткүч болуп саналат. Өз өлкөсүндө жер которууну көзөмөлдөө... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Тренер "Динамо" Личка о самой дорогой покупке в Москве: я купил себе самокат


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина узнала неприятную новость перед "казахстанским дерби"


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Институт СТЭИ при поддержке Комитета общественных связей и молодежной политики города Москвы реализует проект "Вода Москвы"





Путин в России и мире
Москва

Пашинян подготовил "подарок" Путину к его инаугурации. Запад будет доволен


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Набей им морду, покажи им, что ты настоящий белорус». Лукашенко о поездке спортсменов на Олимпиаду




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Булат Окуджава

В Австралии отметили столетие Булата Окуджавы



Москва

Победителей “Диктанта Победы” пригласят на Парад в Москве

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net