"Коррупциялашкан университет паракор адис чыгарат"
Кыргызстанда билим берүү тармагына тезинен көңүл бурулбаса кесепети абдан оор болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” маегинде Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри, Борбор Азиядагы Эл аралык университеттин ректору Камила Шаршекеева билдирди. Ал пандемия маалындагы дистанттык билим берүүнүн өзгөчөлүгү, бул тармактагы көйгөйлөр жана алардын кесепетине токтолду.