Коронавируска чалдыккан Борис Жонсон реанимацияга которулду
Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун абалы начарлап, интенсивдүү дарылоого которулганын Даунинг стрит - британ өкмөтүнүн кеңсеси билдирди. - Бүгүн түштөн кийин премьер-министрдин абалы начарлап, аны караган медициналык топтун кеңеши менен ооруканадагы интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулду - деп айтылат 6-апрелдеги билдирүүдө. Жонсон коронавирус жуктуруп алганы 27-мартта белгилүү болгон. Өкмөт башчынын дене табы түшпөгөндүктөн 5-апрелдин кечинде Лондондогу “Ыйык Фома” госпиталына жаткырылган эле. Читать дальше...