Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 02.04.2020

Жээнбеков Европадан жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү суранды 

Azattyk.org 

2-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөшүп, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларын талкуулашты. Жээнбеков андан коронавирус инфекциясынын кесепеттерин азайтуу максатында Кыргызстанга кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Шарль Мишель Европа Кеңеши Кыргызстанга финансылык жардам көрсөтүүнүн жолдорун карап чыгарын белгиледи. Мамлекет башчы коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана Кыргызстандын... Читать дальше...

Өкмөт: жүк ташуучу автоунаалар өткөрмө кагазы жок жүрө алат

Azattyk.org 

2-апрелдеги республикалык штабдын жыйынында жүк ташуучу автоунаалар санитардык-карантиндик посттор аркылуу тоскоолдуксуз өтүү үчүн уруксат кагазын жокко чыгаруу чечими кабыл алынды. Башкача айтканда, мындан ары жүк ташыган машинелер посттордон эркин өтө алышат. Жыйында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев калкка керектүү жүк ташыган автоунааларга эч кандай тоскоолдук болбошу керек экенин белгиледи.  “Дары-дармектерди жана социалдык жактан маанилүү товарларды ташыган жүк ташуучу автоунааларды тоскоолдуксуз өткөрүүнү камсыздоо керек. Читать дальше...

Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам берди

Azattyk.org 

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө колдоо көрсөтүү максатында Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Өзбекстандан гуманитардык жардам катары 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргонуу кийимдери, 95 респиратор, 20 миң мээлей, 500 көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест-системасы келген. Жүк 17 вагонго бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүктөлгөн. Өзбекстандан келген гуманитардык... Читать дальше...



Бишкек коменданты ун комбинаттары боюнча жооп берди

Azattyk.org 

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев «Бишкектеги «Акун» ишканасынын жумушчулары ишке келе албай жатканы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт» деп билдирди.  «Окуяны төгүндөйбүз. Жалпыңыздарды маалыматтарга өзгөчө көңүл бурууңуздарды суранам! Компаниянын жетекчилеринен өзүнүн кызматкерлерине жоопкерчиликтүү болууну, түшүндүрүүнү сурайм. Биздин кызматтар дайым ар бирине ачык», - деп жазды Орозалиев «Фейсбуктагы» баракчасына. Орозалиев маселелерди конструктивдүү чечүүгө чакырып, Бишкек комендатурасынын 1312... Читать дальше...

Депутат жеке бийликти жактаган мыйзам жазды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча Баш мыйзамга өзгөртүүнү караган референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулуктун сынына кабылды.

Эл үнү: Өткөрмө азабы, казылган көчөлөр

Azattyk.org 

«Эл үнүнө» Кыргызстанда өзгөчө абал киргизилгенден кийин жер-жерлерде жарандардын укугу басмырланып, кыйынчылык болуп жатат деп кайрылгандар көбөйүп баратат.

Түркмөн банктары чет өлкөлүк валюта бербей калды

Azattyk.org 

Түркмөн бийлиги 1-апрелден тартып банктардан акчаны чет өлкөлүк валюта менен алууга тыюу салды. «Азаттыктын» түркмөн кызматы ишенимдүү булактарына таянып, бул тууралуу Борбордук банк оозеки түрдө көрсөтмө бергенин, эми банктардан акча манат менен гана берилерин жазды. Turkmenistan.news өз алдынча сайты аталган өлкөдөгү эл аралык энергетикалык компаниялардын кызматкерлерине шилтеме кылып буга чейин айлык акысын доллар жана евро менен алып келген чет өлкөлүк компанияда иштегендер манат ала баштаганын билдирди. Читать дальше...

Кыргызстан коңшу өлкөлөргө чек арадан өтүү тартибин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө жайлардан жөө кишилерди жана автоунааларды өткөрүү убактылуу токтотулат. Ушундан улам Мамлекеттик чек ара кызматы ары-бери өтүүнү каалаган Казакстандын аймагындагы кыргызстандыктар, Кыргызстандагы казак жарандары «Чоң-Капка-автожол» (Кыргызстан) – «Айша Биби-автожол» (Казактан), «Ак-Тилек-автожол» (Кыргызстан) – «Карасуу-автожол» (Казакстан) өткөрүү пункттары аркылуу чыгып кетиши керек экенин эскертти. Казакстандын аймагынан үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын... Читать дальше...



Владимир Путин эс алуу күндөрүн 30-апрелге чейин узартты

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин 2-апрелде элине дагы бир сыйра кайрылды. Анда өлкө боюнча апрель айын иштебей турган күндөр деп жарыялады. Эс алып аткан учурда мамлекеттик кызматчы-жумушчулардын айлык акысы сакталарын билдирди. Путин андан сырткары Орусиянын карамагындагы аймактардын башчыларына өздөрүнө ыңгайлуу карантин чараларын киргизиши үчүн кошумча ыйгарым укук берди.  Орусияда коронавируска байланыштуу жагдайдан улам өзгөчө абал же кырдаал жарыяланган жок. «Медуза» жана «Ачык Медиа»... Читать дальше...

Кытай Кыргызстанга COVID-19 тез ыкчам аныктоочу 21 000 тест берди

Azattyk.org 

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, Кытай өкмөтү Кыргызстанга коронавирусту ыкчам аныктоочу 21 000 даана SARS CoV-2 Antibody test реагенттерин берди. Бул медициналык каражаттарды Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго тапшырды. Экспресс-тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирусту аныктайт. Илдетти аныктоодо реакция оң чыкса, милдеттүү түрдө ПЧР-анализ (Полимераздык чынжырдуу реакция) жүргүзүлөт. «Бул экспресс-тесттер Кытайда... Читать дальше...

Жавад Зариф: Иран согуш баштабайт, катылгандын катыгын берет

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШ президенти Дональд Трамптын билдирүүсүнө жооп кайтарды. Ал 2-апрелде "Твиттердеги" баракчасына "Согуш тутантканга ыктуу Дональд Трампка жетеленбегиле: Ирандын достору бар, Иран өзүн коргоо үчүн ачык аракет көрөт. Иран согуш ачпайт", - деп жазды. Мунун алдында Трамп "Кайсы бир маалыматтар боюнча, Иран жана анын ишенимдүү өкүлдөру АКШнын Ирактагы аскерлерине жана жайларына сокку урууга тымызын даярданып жатат" деп билдирген жана сокку урула турган болсо, жооп кайтарыларын эскерткен. Читать дальше...

Коопсуздук кеңеши: Өмүрбекова менен Чолпонбаев бир катар каталарга жол берген

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы 1-апрелде кызматтан кеткен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы күрөштө бир катар кемчиликтерди кетиргенин белгилеп, алардын штаб түзүлгөндөн берки ишмердүүлүгүн сындаган кенен түшүндүрмө таратты. Коопсуздук кеңешинин билдирүүсү боюнча, 27-январдан 31-мартка чейин беш ирет отурум өткөрүлүп, коронавирустун өлкө аймагына киришинин алдын алуу боюнча чечимдер кабыл алынып, республикалык штаб түзүлгөн. Читать дальше...

Орусия өзүндө тартыш каражаттарды АКШга сатты

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Орусиядан бир учак медициналык каражат алганын ырастады. Ал арада америкалык сенаторлор Кытайды коронавируска кабылгандардын жана андан өлгөндөрдүн санын жашырып жатат деп айыпташты.

Тажикстан мектептерин ачты

Azattyk.org 

1-апрелден тартып тажикстандык окуучулардын каникулу бүттү. Мектептер жана бала бакчалар ачылып, кайрадан иштей баштады. Анткени өлкөдө коронавирус илдетине чалдыккан бир да киши катталган эмес.

Медиа чектелгенде ушактын күнү тууду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өзгөчө абал убагында жалган маалымат тараткан 20дан ашык кишини кармады. Алардын көбү коронавирус жөнүндө туура эмес нерселерди жазган деп шек саналууда.

Референс-лаборатория COVID-19 боюнча иштөөгө камданууда

Azattyk.org 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Республикалык референс-лаборатория ишин убактылуу негизде коронавирусту аныктоо багытына бурууда. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун маалымат кызматы кабарлады.  Борбордун карамагындагы бул республикалык лаборатория буга чейин кургак учук боюнча анализдерди изилдеп келген болсо, эми коронавирусту аныктоо ишине камданып жатат. Лабораториянын кызматкери, биотехнолог Жанара Акыбаеванын айтымында, атайын аппарат орнотулду жана аны менен коронавирусту ошол замат аныктаса болот... Читать дальше...

Коронавирус: Өкмөт кимге жардам берет?

Azattyk.org 

Дүйнө өлкөлөрү коронавирустун айынан жумушсуз калган жарандарын, бизнести коргоонун түмөн айласын көрүүдө. Бул берүүдө АКШ, Сербия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жардам чараларын көрсөтөбүз.

Атайын эсеп: өкмөттү колдобогон байлар

Azattyk.org 

Коронавирус илдетине каршы күрөш үчүн элден топтолуп жаткан акчаны бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамынан анын бир мүчөсү чыгып кетти. Бул окуя атайын эсепке түшкөн акчаны бөлүштүрүүдөгү ачыктык маселесин козгоду.

Бээжин чындыкты жашырганбы?

Azattyk.org 

Кыргызстанда жаңы вирус табылган беш киши реанимацияда жатат. Кошмо Штаттар Орусиядан бир учак медициналык каражат алганын ырастады. Ал арада америкалык сенаторлор Кытайды коронавирус тууралуу "чыныгы маалыматты жашырып жатат" деп айыпташты.


Музыкальные новости
Фрэнк Синатра

ДиКаприо споет голосом Синатры





Персональные новости
Bloomberg

Bloomberg: Вашингтон изучает вопрос запрета на импорт российского урана





ЖАМК: Абактарда абал туруктуу, коронавирус катталган жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын абак мекемелеринде азыр абал туруктуу, камалгандар арасында "коронавирус жуктурду" деп шектелгендер жок. Бул тууралуу 2-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, абак кызматкерлери беткап менен камсыз болгон, имараттарды дезинфекциялоо иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Медициналык жайларда жана ооруканаларда обсервация бөлмөлөрү даярдалган, № 47 колонияда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат коюлган.    ЖАМК белгилегендей, "Жөтөлгө каршы... Читать дальше...

«Кыргыз почтасы»: Пенсияны бул жолу өзүбүз жеткиребиз, үйдөн чыкпаңыздар

Azattyk.org 

«Кыргыз почтасы» пенсионерлерди үйдөн чыкпоого чакырып, бул жолу пенсия ар биринин үйүнө жеткирилип берилерин жарыялады. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта республиканын бардык аймактарында почта бөлүмдөрү 9-апрелде ачылары, почточулар ошол эле күнү пенсияны тарата баштай тургандыгы белгиленди. Мекеменин маалыматына караганда, коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында бардык почта бөлүмдөрү жана кызматтык автоунаалар дезинфекциядан өттү. Бул үчүн 1800 атайын кийим... Читать дальше...

Вице-спикер журналисттерге мүмкүнчүлүк түзүүгө чакырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутат Аида Касымалиева өзгөчө абал шартында журналисттердин иштешине шарт түзүүгө чакырды. Депутаттын «Азаттыкка» билдиргенине караганда бул жалган маалыматтын таратылышына тоскоол болот. «Ачыктык маселеси журналисттердин ишинде тиешелүү. Азыр эркин журналисттер иштебей, суроолорун бере албаса, анда элде ишеним азаят. Мындай кырдаалда тескерисинче фейк маалымат тарабай, так маалымат берилиши үчүн журналисттер толук иштеши керек» - деди Касымалиева. Буга чейин... Читать дальше...

Өкмөт башчы ар бир муктаж үй-бүлөгө жакшылап кам көрүүгө чакырды

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалда колу жука үй-бүлөлөр кароосуз калбайт деп убада берүүдө. 2-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынын өткөрүп, «бардык муктаждарды азык-түлүк менен камсыз кылабыз» деп айтты. Өкмөт башчы коменданттык саат киргенине бир жума болгонун, көпчүлүк адамдарда  тамак-аштын запасы бар экенин, бирок аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө азык-түлүк түгөнүп баратканын белгиледи. Абылгазиев: «Биз мындай көйгөйгө кабылган ар бир үй-бүлөгө кам көрүшүбүз керек. Читать дальше...

Билим министри: Ушул күндөрү балдарыңар менен сырдашып, пикир алышкыла

Azattyk.org 

Кыргызстандын билим берүү жана илим министри коронавируска байланыштуу үйдө отуруп калган ата-энелерге кайрылып, бул күндөрдү балага таалим-тарбия берүүгө, кеп-кеңеш айтууга, руханий жактан дем-күч, ишеним берүүгө чоң мүмкүнчүлүк катары колдонууга чакырды. Министр Каныбек Исаков «ушул күндөрү балдар-кыздарыңар менен чын дилден сырдашып, алардын ой-тилектери, классташтары, курбу-курдаштары, мугалимдери, келечек максаттары жөнүндө пикир алышып, өзүңүздүн турмуштук тажрыйбаңыз менен бөлүшүп, жол көрсөтө турган шарт болуп жатат» деп белгиледи. Читать дальше...

Талиб делегациясы Кабулга келди

Azattyk.org 

«Талибан» кыймылынын расмий делегациясы 2001-жылдан бери биринчи жолу Ооганстандын баш калаасына келди. Алар Кабулда ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен туткун алмашуу маселесин талкуулашты.

Спорт в России и мире
Москва

«Торпедо» объявило об уходе хоккеистов Кручинина, Бауи и Малова


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

WTA предвкушает дуэль Елена Рыбакина — Юлия Путинцева на турнире в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Институт СТЭИ при поддержке Комитета общественных связей и молодежной политики города Москвы реализует проект "Вода Москвы"





Путин в России и мире
Москва

Дугин в интервью Такеру Карлсону: "Путин — это традиционный лидер"


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Набей им морду, покажи им, что ты настоящий белорус». Лукашенко о поездке спортсменов на Олимпиаду




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



The Beatles

Вышел трейлер отреставрированного фильма о The Beatles «Let it be»



Москва

На Первомай в Москве заметно похолодает

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net