Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 19.04.2020

Кыргызстанга Польшадан медицина адистери келди

Azattyk.org 

19-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы менен Польшадан сегиз медициналык кызматкерден турган топ келди. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.  Польшалык дарыгерлер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтүшөт. Коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга Кытайдан жана Польшадан дарыгерлер келе турганы айтылган. Өкмөт Кытайдан 15 адис келет деп кабарлаган. (TSh)

Израил карантин чараларын жумшартат

Azattyk.org 

Израилде премьер-министр Биньямин Нетаньяху өлкөсү акырындап карантинден чыга баштарын билдирди. Ага ылайык, ишкана-мекемелерде буга чейин жамааттын 15 пайызы гана жумушка келиши керек болсо, эми 30 пайызга чейин көбөйөт. Ошондой эле электроника, китеп, кагаз-калем жана чарба буюмдарын саткан дүкөндөр ачылат. Андан сырткары коомдук транспорттор каттай баштайт, көчөлөрдө, коомдук жайларда спорт менен алектенүүгө уруксат берилет. "Жоопкерчилигин көрсөткөндөрдүн, күн-түн дебей алдыда жүргөн дарыгерлердин... Читать дальше...



100гө таяган согуш ардагери дарыгерлерге 23 миллион доллар топтоду

Azattyk.org 

Британияда Дүйнөлүк экинчи согуштун ардагери, 99 жаштагы Том Мур дарыгерлерге акча топтоо акциясын улантып жатат жана 19-апрелге карата 23 миллион доллар чогулганы белгилүү болду. Жашы 100гө таяган карыя өсмөдөн дарылаган британ Улуттук саламаттык сактоо кызматына (NHS) ыраазычылык билдирүү максатында жана анын жаңы вирус менен күрөшүүдөгү мээнет-түйшүгүн сыйлап акча чогултуу акциясын 6-апрелде баштаган. Анда үйүнүн короосун чыгырыктын жардамы менен айланып, марафон баштаган. Башында короону 100 жолу айланып... Читать дальше...

АКШ менен Британия Гонконгдо активисттердин камалганын айыпташты

Azattyk.org 

Кошмо Штаттары Гонконгдо өткөн жылдагы өкмөткө каршы нааразылык акцияларынан улам демократиячыл 14 активисттин камалганын айыптады. Мамлекеттик катчы Майк Помпео бул Бээжин Лондондон бул шаарды өзүнүн карамагына алып жатканда берген убада-милдеттенмесине каршы келерин айтты: "Бээжин жана анын Гонконгдогу өкүлдөрү Кытай-Британ биргелешкен декларациясындагы милдеттенмелерге жат иш-аракеттерин улантып жатат". Гонконгдогу демократиячыл активисттердин камалышына байланыштуу Британия да үн катты. Өлкөнүн... Читать дальше...

Орусияда мигранттарга жеңилдиктер берилди

Azattyk.org 

Орусияда 15-июнга чейин чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзам бузуулар үчүн административдик чара колдонулбайт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу 18-апрелде жарыяланган жарлыгында көрсөтүлгөн.  Жарлыкка ылайык патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүнө байланышкан милдеттүү узартуулар 15-марттан 15-июнга чейин убактылуу токтотулду. Читать дальше...

Карантин шартында белгиленген Пасха

Azattyk.org 

19-апрелде Кыргызстандагы православдар Пасха майрамын белгилеп жатышат. Адатта бул күнү православдар чиркөөгө келип, чокунуп, шам жакса, быйыл карантинден улам бул жөрөлгөлөрүн жасашкан жок. Бирок алардын ар бири үйүндө майрамга өз алдынча даярданып, салтка ылайык тамак-аштарын жасады.

Жалал-Абад: келиндин өлүмүнө кайниси шектелүүдө

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Аксы районунун Кербен шаарында 35 жаштагы аялдын өлүмү боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлады. Милициянын маалыматына ылайык, 18-апрель күнү Кербен шаарында келинди өз үйүндө кайниси бычак менен ичке сайып качып кеткен. Келин ооруканага жетпей каза болгон. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 138-беренеси (“Ден соолукка оор зыян келтирүү”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Шектүү кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Читать дальше...



Иранда абактан убактылуу бошотулгандарга дагы бир ай эркиндик берилди

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани коронавирус коркунучунан улам абактардан убактылуу бошотулгандарга дагы бир ай эркиндик берди. Ал 19-апрелдеги кайрылуусунда муну оорунун жайылышынын алдын алуу аракети менен түшүндүрдү. "Коомго коркунуч жаратпаган соттолуучулардын эркиндиктеги мөөнөтү 20-майга чейин узарды" деди Роухани. Иранда мындан туура бир ай мурун 85 миң адам абактан убактылуу бир айга чыгарылган болчу. Алардын 10 миңдейи мунапыс алган. Иран президенти мечиттер менен башка диний жайлар дагы эки апта жабык болорун билдирди... Читать дальше...

Милиция: посттон өтөм деп ок аткандар боюнча териштирүү башталды

Azattyk.org 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Арашан айылында посттон өтөм деп ок чыгаргандар боюнча териштирүү башталганын кабарлады. Милициянын маалыматына ылайык, 18-апрель күнү түшкө жуук бир нече квадроцикл айдаган 10 чакты киши Арашан айылында жайгашкан посттон өтүүгө аракет кылышкан. Жергиликтүү тургундар, ыктыярчылар аларды өткөрбөй койгондуктан ортодо чыр чыгып, посттон өтүүнү каалагандар ок атып, туш тарапка качып кетишкен.    Аламүдүн районунун ички иштер нөөмөт бөлүмүнө чыр боюнча маалымат кечинде түшкөн. Читать дальше...

Казакстандын көмөгү менен 32 кыргызстандык мекенине кайтып келди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бир нече мамлекеттин дипломатиялык мекемелери менен сүйлөшүү жүргүзүп, 14-18-апрель күндөрү 32 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Алар Индонезия (Бали), Тайланд (Бангкок) жана Вьетнамдагы кыргыз жарандары. Кыргызстандыктар казак өкмөтү уюштурган чартердик учак менен келишкен. Казакстандын аймагында эки күн кармалып, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте атайын транспорт менен Бишкекке келишти. Читать дальше...

COVID-19: Бишкекте он, Баткенде бир бейтап сакайып чыкты

Azattyk.org 

Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасынан 10 бейтап айыгып чыкты, алардын бирөө эпидемиолог. Баткенде COVID-19 вирусун биринчи болуп жуктурган дарыгер да сакайып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты. 19-апрель күнү эртең менен Саламаттык сактоо министрлиги илдет аныкталгандардын ичинен үч бейтап сакайып чыканын маалымдаган. Республика боюнча жалпысынан 143 киши бул ооруну жеңип чыкты. 19-апрелде Кыргызстанда СOVID-19 илдети дагы 48 кишиден табылды. Жалпы республика боюнча... Читать дальше...

АКШ менен Канаданын чек арасы дагы 30 күн жабык болот

Azattyk.org 

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Оттава менен Вашингтон чек арасын дагы 30 күн ачпай туруу жөнүндө макулдашканын билдирди. Аталган эки өлкөнүн ортосундагы каттамга өткөн айда чектөө киргизилген жана анын мөөнөтү келе жаткан жумада аяктамак. Коронавирус пандемиясына чейин Канада менен АКШнын чек арасынан күнүнө 200 миңге чукул адам өтүп турган. Канадада өпкөнү сезгенткен жаңы вирус 31 миңден ашык адамдан аныкталды, оорудан 1300дөй киши көз жумду. Буга чейин ооругандардын көбү АКШга барып келгендер... Читать дальше...

Орусияда коронавирус дагы 6 миңден ашык адамдан аныкталды

Azattyk.org 

Орусияда соңку бир күндүн ичинде өпкөнү сезгенткен илдет 6060 адамдан аныкталды жана бул оору катталгандан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Ооругандардын саны 42 800дөн ашты. Бир күндө 48 адам көз жумду, ошентип өлгөндөрдүн саны 362 киши болду. COVID-19дан 3300дөй адам айыгып чыкты. Өлкөнүн ыкчам штабы оору жугузуп алганы жаңы аныкталган адамдардын жарымында илдеттин белгилери болбогонун маалымдады. Москва шаарында бир жуманын ичинде коронавируска кабылган учурлар 2,5 эсе көбөйдү. Орусияда... Читать дальше...

СOVID-19: Пакистан Рамазан айында мечиттерди жаппайт

Azattyk.org 

Пакистанда бийлик коронавирус коркунучунан улам мечиттерди Рамазан айында жабууга каршы чыккан дин аалымдарын колдоду. Өкмөт аралыкты кармоо өңдүү айрым бир сактык чаралары көрүлүшү керектигин эскертти. Буга чейин Пакистанда карантинден улам бир мечитте бештен ашык адам болбошу керек деген чектөө киргизилген. Бирок мындай чектөөгө баш бербеген ашынган динчилдер жума намазына барып жатышкан. Соңку маалымат боюнча бул өлкөдө коронавирус сегиз миңге чукул адамдан аныкталды. Пакистанды бир катар... Читать дальше...

Чехиядагы орус элчилиги Немцов атындагы аянттан "көчүп" кетти

Azattyk.org 

Орусиянын Чехиядагы элчилиги Прага шаарындагы Немцов атындагы аянттагы дарегин мындан ары документ алышып-беришүүдө көрсөтпөй турганын билдирди. Бул тууралуу алар чех бийлигине кабарлашты. Ага ылайык, элчиликтин башкы имараты ошол аянтта эле калат, бирок расмий документтерде юридикалык дареги катары Коруновачни көчөсүндөгү консулдук бөлүмүнүн дареги жазылат. Элчилик юридикалык дарегин алмаштырган себеби тууралуу эч кандай комментарий берген жок. Ушул жылдын февраль айында Орусиянын Прага шаарындагы... Читать дальше...


Музыкальные новости
Николай Басков

Басков рассказал, что предпочитает гостевой брак и девушек не моложе 28 лет





Персональные новости
Виктория Боня

Виктория Боня показала новую прическу с нарощенными волосами за миллион рублей





Бегалиев: атактуу спортчулар жаштар менен тажрыйбасын бөлүшсө спорт өнүгөт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Грек-рим күрөшү боюнча Пекин Олимпиадасынын күмүш медаль ээси Канат Бегалиев атамекендик спортту өнүктүрүү үчүн аты чыккан, ардагер спортчуларды да улуттук курама командалардын катарына тартуу керектигин айтты.

Орусиядагы дарыгерлер: Космонавттардай иштеп жатабыз

Azattyk.org 

Орусияда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 40 миңге чукулдап калды. 300дөн ашуун адам каза тапты. Бейтаптардын көбөйүшү дарыгерлердин түйшүгүн эселеп көбөйттү. “Настоящее Время” телеканалы Москва менен Санкт-Петербургдагы айрым медиктер жана бейтаптар менен баарлашты.

Баш калка издеген 47 бала Германияга келди

Azattyk.org 

Ооганстандан, Сириядан жана Эритреядан чогулган 47 бала 18-апрелде Германияга баш калка издеп келишти. Алар буга чейин Грекиядагы качкындар лагеринде отурушкан.  Расмий маалыматтарга ылайык, жеткинчектер Афинадан Ганновер аэропортуна учак менен жеткирилди, бирок аларды эч ким коштоп келген жок. Айрымдарын мурда Германияга келген ата-энелери тосуп алышты.  Ички иштер министри журналисттерге билдиргендей, баары медициналык текшерүүдөн өттү, эми эки жума карантинде болушат.  Тышкы иштер министри... Читать дальше...

Түркиядан кайткан кыргызстандыктар элчини айыптап чыгышты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин аталган өлкөдөн 300дөн ашык орундуу учак менен 211 гана кыргызстандык келип калганы үчүн айрым саясатчыларды, партияларды айыптаган билдирүүсүнө айрым жарандар нааразычылыгын айтып чыгышты. Алардын бири, Түркиядан ошол учак менен кайтып келген Салтанат Бекбаатырова элчилик кыргызстандыктарды мекенине алып келүүдө эч кандай аракет кылбаганын, тизме түзүүдө шалаакылык орун алганын айтты: “Ошол жакта элчинин ордуна түрктөр чуркап жүрдү. Майыптарга атайын араба даярдашы керек болчу... Читать дальше...

Өзбекстан карантин режимин 10-майга чейин узартты

Azattyk.org 

Өзбекстандын Республикалык атайын комиссиясынын чечими менен коронавируска байланыштуу карантин режими 10-майга чейин узартылды.  Мартта кабыл алынган алгачкы чектөөлөр 20-апрелде соңуна чыкмак. Өлкөнүн баш калаасы Ташкентке башка аймактардан автоунаа каттамына тыюу салынган. 6-апрелден тартып бир катар шаар-кыштактар обочого алынган. Себепсиз көчөгө чыккандарга, беткап тагынбай жүргөндөргө административдик жаза каралган.  Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы адам 15-мартта аныкталган. Читать дальше...

Орусия балыкчылардын кемесин кармаганы үчүн Норвегияга нааразылык билдирди

Azattyk.org 

Орус балыкчыларынын кемесин Арктикада Норвегиянын коргоо кызматы колго түшүргөнү үчүн Москва Ослого нааразылык билдирди.  Орусиянын "Борей" деген кемеси 2-апрелде Норвегияга таандык Шпицберген архипелагына жакын жерде кармалган.  Кеме Норвегиянын балык уулоого тыюу салынган аймагында колго түшкөнүн Осло расмий кабарлаган. Бирок Орусия муну четке кагып, мыйзамсыз экенин белгилөөдө.  Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Норвегия балык уулоого тыюу салынган аймактарды бетке кармап... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

ЭСК указала на ошибки главного арбитра дерби ЦСКА — «Спартак» Казарцева


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Рафаэль Надаль

Теннисист Надаль навестил в больнице 16-летнюю российскую теннисистку Корнееву


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве заметили первый в России электромобиль Tesla Cybertruck





Путин в России и мире
Москва

Дугин в интервью Такеру Карлсону: "Путин — это традиционный лидер"


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил о желании построить в Белоруссии вторую АЭС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Григорий Лепс

«Я не джентльмен»: Лепс вновь объяснился за инцидент с телефоном фанатки



Москва

В Балашихе подросток на отечественном автомобиле сбил маленького ребенка

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net