Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 14.04.2020

Коменданттык сааттын убактысы Ошто да өзгөртүлдү

Azattyk.org 

Ош шаарында жана Кара-Суу, Ноокат райондорунда коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлдү. Эми бул аймактарда 16-апрелден тартып 21:00дөн таңкы саат 6га чейин коменданттык саат киргизилет. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов кол койду. Мунун алдында Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда коменданттык сааттын убактысы 21:00дөн таңкы саат 6га чейин деп белгиленген. Бул убакта көчөдө жөө адамдар да, машине да жүрбөшү керек. Буга чейин коменданттык саат 20:00 - 7:00 аралыгында болчу. Читать дальше...

Жалал-Абадда коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлдү

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлдү. Эми бул аймактарда 16-апрелден тартып 21:00дөн таңкы саат 6га чейин коменданттык саат киргизилет. Тиешелүү буйрукка Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңиш Жоробеков кол койду. Андан тышкары мурда 16-апрелге чейин берилген өткөрмө уруксат кагаздардын жарактуу мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылды. Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында... Читать дальше...

"Ооруканада эч ким карабай койгондо ыйладым"

Azattyk.org 

35 жаштагы Элмира Орусияда коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын бири. Ал ушул тапта Москванын четиндеги Одинцово шаарындагы ооруканада дарыланып жатат. Москвада үч баласы менен күйөөсү үй карантинде отурат. 13-апрелге карата Орусияда коронавирусту бир күндө 2 558 адам жугузуп, жалпы илдетке чалдыккандардын саны 18 миң адамдан ашты.



Абактагы Кимсановдун өмүрү коркунучтабы?

Azattyk.org 

Бажы кызматынын контрабанда башкармалыгынын мурдагы жетекчи орун басары Эмилбек Кимсанов Бишкектеги №1 тергөө абагында сабалганы кабарланды. Бирок бул маалыматты Жаза аткаруу кызматы төгүндөдү. Ал арада «Жарандык көзөмөл комитети» Кимсановго окшогон ири коррупциялык иштердин негизги күбөсүн коргоп калыш үчүн президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Буга чейин Кимсановдун мурдагы жетекчиси Райымбек Матраимовдон ыдык көргөнүн, ал мыйзамсыз иштерге түрткөнүн айткан видеосу жарыяланган.

Эл үнү: Милицияны ким коргойт?

Azattyk.org 

Өзгөчө абалда эки эсе күч-кубат менен иштеп жаткан дарыгерлер менен тартип коргоо кызматкерлери оор кыйынчылыкка туш болушту. "Эл үнү" аркылуу жардам алган жарандарыбыз, "Азаттык" радиосуна ыраазычылык билдирет.

«Эркечтам» өткөрмө бекетинен жүк ташууга уруксат берилди

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Эркечтам» өткөрмө бекетинин иши калыбына келтирилип, оор жүк ташыган автоунаалар үчүн ачылды. Эки тарап 14-апрелде ушундай келишимге келгенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Бирок адамдардын өтүүсүнө чектөө алынган жок. Ал эми кыргыз-кытай чек арасындагы дагы бир «Торугарт» бекетин ачуу эпидемиологиялык абалга жараша чечилет.   Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттеринде болот. Читать дальше...

Орусиянын Большой театрынын 30дан ашык кызматкери коронавирус жугузуп алды

Azattyk.org 

Орусиянын Большой театрынын башкы директору Владимир Урин өпкөнү сезгенткен жаңы вирус театрдын 34 кызматкеринен аныкталганын билдирди. Алар пандемияга каршы күрөшүп жаткан дарыгерлердин урматына арналган «Биз биргебиз» аттуу концертти уюштуруу иштеринен четтетилди. Урин буга чейин алардан кандайдыр бир оорунун белгилери байкалбаганын, карантинге алынганын маалымдады.  Большой театрынын сахнасындагы «Биз биргебиз» аттуу алгачкы концерт 11-апрелде көрүүчүлөрсүз, онлайн өткөн. Ага эки күн калганда... Читать дальше...

Кимсанов абакта сабалганы кабарланды

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун абакта сабалганын жакындары жана анын жактоочулары билдиришти. Бирок бул маалыматты ЖАМК төгүндөдү.



Өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын айрым аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды. Бул өлкөдө эпидемиологиялык абал азырынча оор болуп жатканы менен түшүндүрүлүүдө.

Казак аймагы тууралуу макаладан улам Нур-Султан Бээжинге нота жөнөттү

Azattyk.org 

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кытай маалымат каражатындагы Казакстандын аймагы тууралуу макалага байланыштуу Кытайга каршылык жөнөттү. Ал макаланын автору «Казакстан ушул тушта ээлеп турган аймак бир кездерге Кытайга таандык болгон» дегендей мазмунда бүтүм чыгарган. «Тышкы иштер министрлигинде Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо менен жолугушуу болду. Анда казак тарап www.sohu.com сайтындагы «Эмнеге Казакстан Кытайга кайтып келгенге умтулат?» деген макалага байланыштуу каршылык айтылды», деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө. Читать дальше...

Жээнбеков Кытайдан карызды төлөө мөөнөтүн узартууну суранды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде Кытайдын лидери Си Цзиньпиң менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-кытай чек арасынан жүк ташууну жандандыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппарат билдирди.  Жээнбеков коронавирустун Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин эске алуу менен Кытайдын алдындагы тышкы карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды. Эки өлкөнүн башчылары ошондой эле илдет менен күрөшүү үчүн... Читать дальше...

Кара-Жыгач: Таза суу жетпеген айыл

Azattyk.org 

Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылынын атын ачык атабаган тургуну ылай суу агып жаткан суу түтүгүн тасмага тартып, "кир суу ичип жатабыз" деп "Азаттыкка" жөнөттү.

Антеннасы жок Ак-Кудук айылы

Azattyk.org 

Нарын районунудагы Ак-Кудук айылынын тургуну Турдубек уулу Канатбек 760 киши жашаган айылда Интернет жоктугун айтып, өкмөткө кайрылды.

Баткен: Бир машинеге тыгылган 20 дарыгер

Azattyk.org 

Баткен районунда медицина кызматкерлерин ишке жана үйлөрүнө жеткирүү кандай кыйын болуп жаткандыгын көрсөткөн видео тасманы аты белгисиз айдоочу "Азаттыкка" жиберди. Бужум айылына келип токтогон "Тез жардам" машинасынан туура 20 адамдын түшкөнү көрүнөт.

Орусия Кыргызстанга 200 ПЧР тест-системасын берди

Azattyk.org 

Орусия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде коронавирусту аныкташ үчүн 20 миң анализ чыгарууга жеткидей 200 ПЧР тест-системаларын берди.  Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча ПЧР тест-система топтомдору Кыргызстанга 15-апрелде жеткирилет. 14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 430 адамга жукту, бешөө каза болуп, 71 адам айыгып чыкты. Ооруканада жаткан 13 бейтаптын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат. Вирус жуккан 430 кишинин арасында 83 медицина кызматкери бар. Бул жалпы бейтаптардын 18,5% түзөт. Читать дальше...

«Газпромдун» баа саясатындагы үстөмдүгү

Azattyk.org 

«Газпром-Кыргызстан» компаниясы доллардын көтөрүлүшүнө байланыштуу жаратылыш газынын калкка жана ишкана-уюмдарга сатыла турган баасы көтөрүлгөнүн жарыялаган.

Жээнбеков: ЕАЭБдин ичинде товар айлантууга чектөө болбошу керек

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) аймагында товарларды экспорттоого же импорттоого чектөө киргизилбеши керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал 14-апрелде Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жыйынында айтты. «Биримдиктин алкагындагы элди негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылыш үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар. ЕАЭБдин ичинде социалдык маанидеги товарларды өз ара соода кылууга чектөө киргизилбеши керек», - деди президент. Читать дальше...

Карантин аяктагыча ачылбай турган жайлардын тизмеси жарыяланды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык штаб өлкө аймагында өзгөчө абал аяктагыча ачылбай турган жайлардын тизмесин жарыялады. Алар: - бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларына чейинки бардык билим берүү мекемелери; - оюн-зоок жайлары, соода борборлору, ири базарлар жана дүкөндөр, барлар, түнкү жана оюн клубдары, театрлар, музейлер жана кинотеатрлар. Штаб азык-түлүк дүкөндөрү жана күнүмдүк жашоого керектүү товар сатылган базарлар, дарыканалар ишин уланта берерин белгиледи. Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек... Читать дальше...


Музыкальные новости
Баста

Баста: «Я ходил в компьютерные клубы в Ростове. Любимый боец в MK – Шан Цунг»





Персональные новости
РПЛ

Якубко: в декабре все опять будут плеваться от календаря РПЛ, но это легко можно исправить





Кыргыз-тажик чек арасында коронавирустун алдын алуу чаралары талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары коронавирустун жайылышынын алдын алуу маселелерин талкуулашты. 14-апрелде Саада тилкесинде, андан кийин Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл аймагынын Сай айылында эки өлкөнүн чек арачыларынын жолугушуусу болуп өткөнүн Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, COVID-19 вирусун жайылтпоо максатында көрүлүп жаткан кошумча чаралар тууралуу сөз болду. Эл көп отурукташкан чектеш айылдарда оорунун... Читать дальше...

Баткенде айыл чарбасы үшүктөн 480 млн. сомдук зыян тартты

Azattyk.org 

Баткен өрөөнүндө 9-10-апрель күндөрүндө  жааган кардын жана үшүктүн айыл чарбасына келтирген зыянын облустук комиссия эсептеп чыкты. Комиссиянын жыйынтыгына караганда, облус боюнча 1971 гектар аянттагы өрүк, алма, шабдалы жана башка мөмөлүү дарактардын түшүмү жараксыз болуп калган. Анын жалпы чыгымы орточо 480 млн. сомго бааланууда. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Баткен облусунда 7 миң гектардан ашык өрүк бактары бар. Андан түшкөн жылдык киреше орто эсеп менен 8 млрд. Читать дальше...

Чернобылдагы өрт АЭСке жакындады

Azattyk.org 

Украинада Чернобыль атомдук станциясынын айланасындагы аймакта 11 күндөн бери токойлор өрттөнүп жатат. Өрт ири кырсыктан кийин жабылган станцияга жакындап баратканы менен бийлик «кырдаал көзөмөлдө» деп кайталоодо.

Күн ысыса коронавирус жоголобу?

Azattyk.org 

Кыргызстанда өзгөчө абал узартылды. Москвада коронавирусту жуктургандар 13 миңден ашты. Коронавирустун жайылышы күн ысыганда ооздукталабы? Стенфорд университетинин илимпозунун пикири.

"Карантинде күйөөмдүн урганы күчөп кетти..."

Azattyk.org 

Дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде киргизилген карантинге байланыштуу үй-бүлөдө зордук-зомбулук күч алды. Кыргызстанда да укук коргоочулар күйөөсүнөн кордук көргөн аялдардын саны өскөнүн айтышууда.

Карантин бизге кеп бекен! Үйүн залга айландырып машыккан КР спортчулары. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Коронавирустун эпкини спортко дагы тийип, атлеттер турнирлерге катышмак түгүл, залга барып машыга албай калышты. Бирок формасын сактап туруу үчүн сөзсүз эле залга баш багыш керек деген түшүнүктү четке кагышууда.

Спорт в России и мире
Москва

ЭСК указала на ошибки главного арбитра дерби ЦСКА — «Спартак» Казарцева


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Рафаэль Надаль

Теннисист Надаль навестил в больнице 16-летнюю российскую теннисистку Корнееву


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве заметили первый в России электромобиль Tesla Cybertruck





Путин в России и мире
Москва

Пашинян подготовил "подарок" Путину к его инаугурации. Запад будет доволен


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил о желании построить в Белоруссии вторую АЭС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Стинг

Стинг и Эминем – хедлайнеры культурной программы в США



Москва

Синоптики спрогнозировали облачную погоду и до +19 градусов в Москве 1 мая

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net