Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 22.04.2020

Эл үнү: Көз боёмочулардан сак болгула

Azattyk.org 

«Эл үнүнө» Новосибирск шаарынын аэропортунда учакка батпай калган жарандар кайрылды. Москвадагы элчилик мигранттарга «билет саткан» көз боёмочулардан сак болууга чакырат. Эл уулу Элмирбекти жоктогон мекендештердин үнүн да угузабыз.

Ооган өкмөтү чабуулдарга карабай талибдерди бошотууда

Azattyk.org 

Ооганстандын өкмөтү шаршембиде дагы 71 талибди түрмөдөн бошотту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жавед Фейсал «Твиттерге» жазды. Ошондо 8-апрелден бери Кабулдагы өкмөт жалпысынан 432 талибди эркиндикке чыгарды. Ал эми 12-апрелден тартып ооган коопсуздук күчтөрүнүн туткундагы 60 кызматкери бошотулган. Бул оогандардын 19 жылдан берки жарандык согушун токтотуу максатында өз ара сүйлөшүүсүн баштоого карай кадамдар. Февраль айында АКШ бийлиги менен «Талибан» кыймылы макулдашууга жетишкен. Читать дальше...



Евробиримдик он өлкөгө 3 млрд. евро бөлөт

Azattyk.org 

Евробиримдик Чыгыш Европа өлкөлөрүнө, Туниске жана Иорданияга бир жыл ичинде 3 млрд. евро жардам берет. Европарламент менен биримдикке кирген өлкөлөр планды жакынкы апталарда бекиткени турушат.  Еврокомиссия каражат коронавирустун экономикалык кесепеттерин жумшартыш үчүн «абдан пайдалуу шарттар менен» сунушталганын билдирди. Эң чоң бөлүгү – 1,2 млрд. евро - Украинага тиет. Постсоветтик дагы эки өлкө - Грузия 150 млн. евро, Молдова 100 млн. евро алышат. Андан тышкары Босния, Албания, Косово, Түндүк Македония жана Черногория жардам алышат. Читать дальше...

Бишкек коменданты соода борборлорунун ээлерин ижара акысын талап кылбоого чакырды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев учурда карантинге байланыштуу соода жүрбөй жаткандыктан имарат ээлерин соодагерлерден ижара акысын доолабай турууга чакырды. «Дүкөндөр азыр толук иштей албай жатат. Дүкөндүн ээлерине убактылуу ижара акысын талап кылбай, колдон келишинче жардам берип турсаңыздар», - деди Орозалиев. Буга чейин Бишкек шаарынын коменданты батир берген кожоюндардан ижара акысын сурабай тууруну өтүнгөн болчу. Ушу тапта чакан бизнес ээлери насыяларын, имараттын ижара акысын төлөй албай жатканын айтып жатышат. Читать дальше...

COVID-19: Милиция кызматкери реанимацияда

Azattyk.org 

Коронавируска байланыштуу дүйнө жүзүндө ачарчылыкка кабылган адамдардын саны эки эсе көбөйүшү ыктымал. Кыргызстанда коронавирус жуккан бир милиция кызматкери реанимацияда жатат. Иран орбитага аскердик жандооч чыгарганын билдирди.

Саакашвилиге Украинанын вице-премьерлиги сунушталды

Azattyk.org 

Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили Украинанын өкмөтүнө келери тууралуу маалыматтарды ырастады. «Президент Зеленскийден реформа маселелери боюнча Украина өкмөтүнө вице-премьер болуу тууралуу сунуш алуу - зор сыймык», деп жазды ал 22-апрелде «Фейсбуктагы» барагына. Саакашвили өкмөт башчы Денис Шмыгаль менен да сүйлөшкөнүн белгиледи. Ал «зарыл өзгөрүүлөр тууралуу сунуштарын» парламентке тааныштырууну көздөп жатканын кошумчалады. Жогорку Рададагы... Читать дальше...

Курч акын катарыбыздан кетти

Azattyk.org 

Кыргыз коомчулугу 42 жашында көз жумган комузчу, төкмө акын Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатты. Анын сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлуп, өзгөчө абал шартына карабай Эл артисти менен коштошуу зыйнатына келгендер көп болду. Акындын тууган-уругу, чыгармачылыктагы достору анын уюган талантын, ташка тамга баскандай сөздөрүн эскеришти. Ошондой эле курчтугу, акыйкаттыктан тайбаган бетке чабарлыгы менен коомдук-саясий турмуш боюнча чыгармалары тууралуу сөз болду.



Камыш согуп киреше тапкан шыбырандыктар

Azattyk.org 

Кадамжайдын тоо арасындагы Шыбыран айылында айдоо жери тартыш, жумуш жок. Бирок айылдыктар кол куушуруп отуруп калбай бош убактысында камыш токушат. Жергиликтүү эл аны "чий" деп атап алышкан. Жоондугу эле болбосо, камыштын кадимки чийден айырмасы жок. Кийиз кылганга да жарайт. Жашы-кары дебей камыш токуп, кошумча акча тапкан шыбырандыктар менен кабарчыбыз таанышып келди.

Штаб: Новосибирскиден 176 кыргызстандык учуп келди

Azattyk.org 

22-апрелде «Манас» эл аралык аэропорту Новосибирскиден келген чартердик рейсти тосуп алды. Коопсуздук чаралары үчүн учакта келген 176 жүргүнчү аба майданынын имаратына киргизилбестен, учуу тилкесинен тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү. Эми бул рейс менен Новосибирскиге Бишкектен Орусиянын жарандары учуп кетет. Новосибирскиден Бишкекке 22-апрелде чыккан учакка илинбей калганын айткандар консулдукка нааразылыгын билдирүүдө. Алар 40ка жакын кыргызстандык аэропорттун сыртында калганын айтып, «Азаттыкка» видеолорун жөнөтүштү. Читать дальше...

COVID-19 чөп баскан аңыздарды эске салды

Azattyk.org 

Ун азыктарынын кымбаттап жатышы дыйкандарды эгин талааларын эстегенге мажбур кылды. Буга өзгөчө абал режиминин шартындагы ундун тартыштыгы жана буудайга болгон суроо-талаптын жогорулашы себеп болууда.

Дарыгер: инфекция жуккан адамдын ден соолугу бир күндө өзгөрүп кетиши мүмкүн

Azattyk.org 

22-апрелде коронавирус илдетин жеңип чыккан 38 бейтаптын жетөө Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынан чыккан. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчисинин орун басары Айнура Узакбаеванын айтымында, алардын эки жолу ПЦР анализдери таза чыккандан кийин үйүнө коё берилди. Айыгып чыккандардын арасында медициналык кызматкерлер да бар. «Бизге диагнозу шектүү жана аныкталган бейтаптар түшүп жатат. Алардын абалы ар кандай болот, симптому жок формада, оор, жеңил абалда. Читать дальше...

Элмирбек залкардын экинчи доору башталды

Azattyk.org 

Кыргыз Эл артисти, азыркы замандын залкар төкмө акыны, маркум Элмирбек Иманалиевдин сөөгү 22-апрелде “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан көп кырдуу таланттын көрөңгөсү, чыгармаларынын экинчи өмүрү тууралуу “Азаттыктын” журналисттери, эл акыны Шайлообек Дүйшеев менен маданиятка эмгек сиңирген ишмер Бурулкан Сарыгулова маектешти.

Жээнбеков: Көрүлгөн чаралар вирустун кеңири жайылышын токтотту

Azattyk.org 

Кыргызстанда көрүлгөн чаралар коронавирустун өлкөнүн бардык аймагына кеңири жайылып кетишине жол берген жок. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 22-апрелде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алганда айтты. Мамлекет башчы белгилегендей, бул чаралар оорунун очокторун жоюуга мүмкүнчүлүк берди. Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, Жээнбеков чектөөлөр алына баштаса да көзөмөлдү жоготпоо зарыл экенин айтты: «Эпидемиологиялык кырдаалга жараша коюлуп жаткан талаптар жумшарса... Читать дальше...

Ысык-Көлдө өгөй ата эки кызын зордуктоого аракеттенген деп шек саналууда

Azattyk.org 

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, милиция учурда бул маалыматты иликтеп жатат. Жергиликтүү укук коргоочулар Түп районунун тургуну 17-апрель түнү бойго жете элек өгөй кыздарына мас абалында кол салууга аракет ыклганын, кыздар кошунасыныкына качып үлгүргөнүн социалдык тармактарга жазып, милицияга кабарлашкан. Усубакуновдун маалыматы боюнча, бул факт Түп райондук ички иштер бөлүмүндө 20-апрелде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Читать дальше...

Эрдоган: Рамазандан кийин көндүм турмушка кайтабыз

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөсүндө коронавирус таралуу ылдамдыгы азайганын белгилеп, май айы бүтүп баратканда көндүм турмуш башталарын билдирди. «Рамазан айында да эрежелерди болушунча сактаганга аракет кылабыз. Кудай буюрса, өлкөбүздү майрамдан кийин кадимки турмушка кайтарууну максат кылып атабыз», - деди Эрдоган 21-апрелдеги видеожыйын учурунда. 22-апрелдеги маалыматка ылайык, Түркияда коронавирус жукканы аныкталгандар 95 миңден ашты. Анын ичинен 2140 адам көз жумду. 15 миңи айыгып чыкты. Читать дальше...

Штаб: COVID-19 вирусунан 53 жаштагы аял каза тапты

Azattyk.org 

Бул маалыматты Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб таратты. Маалыматка караганда, бейтап Бишкектеги инфекциялык ооруканага 5-апрелде оор абалда келип түшкөн. Келери менен жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган. Аял 1-апрелден 5-апрелге чейин Кемин районундагы ооруканада дарыланып жаткан. Маркумда коронавирус илдетинен тышкары кант диабети, кооптуулугу күч гипертоникалык илдет, жүрөк дарты бар экени аныкталган. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус илдетинен сегиз адам көз жумду. Читать дальше...

Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков эки башка колонияга бөлүштүрүлдү

Azattyk.org 

№1 тергөө абагында отурган мурдагы өкмөт башчылар колонияга которулмай болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 22-апрелде «Азаттыкка» билдиргендей, Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 колонияда, Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги №47 колонияда жазасын өтөйт. Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов Молдовановка айылындагы №27 колонияга бөлүштүрүлдү. ЖАМКтын атайын комиссиясынын Бишкектин №1 тергөө абагындагы жыйыны 22-апрелде өттү. Анда жалпысынан 86 адамды бөлүштүрүү маселеси каралды. Читать дальше...


Музыкальные новости
Григорий Лепс

Лепс отдыхает: звезда «Пацанок» Михеева била телефоны фанатов на концерте в Москве





Персональные новости
Театр

Театра кукол «Ульгэр» в Улан-Удэ проводит етс фотосессию детям





Казакстанда дары издеген бейтаптар көбөйдү

Azattyk.org 

Казакстанда калкан бези сезгенген бейтаптарга дары-дармек жетишпей жатат. Карантин учурунда туруктуу ичип жүргөн дарысы түгөнгөндөр аны сатып ала албай жүдөй башташты.

Коммунисттер Лениндин 150 жылдыгын белгилөөдө

Azattyk.org 

22-апрелде Советтер Союзунун негиздөөчүлөрүнүн бири Владимир Лениндин туулганына 150 жыл толду. Москвадагы карантинге карабастан Коммунисттик партиянын (КПРФ) лидери Геннадий Зюганов жана мүчөлөрү, андан тышкары солчул уюмдардын өкүлдөрү Кызыл аянтка келип, Лениндин мавзолейине гүл коюшту. Орусиянын коммунисттер партиясы Ленин туулган Ульяновск шаарында эскерүү акциясын өткөрдү. КПРФтин мүчөлөрү 21-апрелде Лениндин урматына видеожыйын куруп, аны «Бүткүл союздук салтанаттуу интернет-жыйын» деп атаган. Читать дальше...

ЖАМК муктаждарга нан таратууга көмөктөшүүдө

Azattyk.org 

«Элден элге бекер нан!» кайрымдуулук долбоорунун алкагында муктаж жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып жаткан нан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №47 абагындагы наабайканада бышырылууда. Нанды Бишкектин четиндеги Ак-Босого, Арча-Бешик, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Ак-Ордо жана башка конуштардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаждарга күн сайын жеткирүүгө ЖАМК көмөктөшүп жатат. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул долбоордун алкагында күн сайын жаңы конуштардагы 8-9 дүкөнгө 600гө жакын нан таратылат... Читать дальше...

Новосибирск: Бишкекке учакка илинбей калгандар нааразы болуп жатышат

Azattyk.org 

Новосибирскиден Бишкекке 22-апрелде чыккан учакка илинбей калганын айткандар консулдукка нааразылыгын билдирүүдө. Алар 40ка жакын кыргызстандык аэропорттун сыртында калганын айтып, «Азаттыкка» видеолорун жөнөтүштү. Видеодогулар: «Биз 22-марттан бери, бир айдан бери жатабыз. Кечээ эле келип, 1-2-майга билет алгандар учуп кетти. Адилетсиздик, коррупция болду», - деп жатканын угууга болот. «Азаттык» бул билдирүүлөрдүн чын-төгүнүн билиш үчүн Новосибирскидеги консулдукка кайрылды. Мекеменин өкүлү Нуралы Акпаралы уулу дооматтарды четке кагып... Читать дальше...

ИИМдин ден соолук чыңдоо борборунда обсервация түзүлдү

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Аскердик кызматынын саламаттыктты бекемдөө борборунда ачылган обсервацияга милиция кызматкерлери жайгаштырылат. ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, обсервация 19-апрелде ачылган, анда милиция кызматкерлери коронавируска каршы дарылануудан толук өтө алат. Бул үчүн бардык шарттар түзүлгөн. 22-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус илдети жуккан 612 адам катталды. Анын ичинен 12си ички иштер органдарынын өкүлдөрү. Бир милиционер реанимацияда. (ZKo)

Украинада токойдогу өрт өчпөй жатат

Azattyk.org 

Украинанын Житомир облусундагы токойдон чыккан өрт бир жумадан бери өчпөй жатат. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын жергиликтүү бөлүмү кабарлады. Беларустун чек арасы менен Чернобыль аймагынын ортосунда Украинанын токойлуу Овруч району жайгашкан. Өрт негизинен ошол райондогу токойго жана жанындагы кыштакка зыян келтирген. Чар тарапты каптаган өрттөн 80 үй толук күйүп кетти.  Украин өкмөтү жабырлануучуларга жакын арада каражат бөлүүгө убада берди. Азыр токойдогу өрттү өчүрүш... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Волейболисты «Зенита-Казань» стали чемпионами России


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Полина Михайлова

Россиянка Полина Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга





Путин в России и мире
Москва

Собянин: к 2030 году на долю Москвы придется 35–40% туристов в России


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Набей им морду, покажи им, что ты настоящий белорус». Лукашенко о поездке спортсменов на Олимпиаду




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Тимати

Мама Тимати прошлась по интервью Шишковой: «Смотреть было брезгливо, но Аленка молодец»



Москва

Перед покупкой мяса его следует пощупать

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net