БУУ: ач калгандар эки эсе көбөйүшү мүмкүн
Быйыл коронавируска байланыштуу жагдайдан улам дүйнө жүзүндө ачарчылыкка кабылган адамдар эки эсе көбөйүшү ыктымал.
Быйыл коронавируска байланыштуу жагдайдан улам дүйнө жүзүндө ачарчылыкка кабылган адамдар эки эсе көбөйүшү ыктымал.
Бул тууралуу Кыргызстандын айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Эркинбек Чодуев 22-апрелдеги брифингде билдирди. Анын берген маалыматына караганда, бул Казакстан Кыргызстанга ай сайын 30 миң тонна деп койгон квотадан тышкары берилип жатат. «Буудай жана ун алуу боюнча Орусия жана Казакстан менен сүйлөшүп жатабыз. Казакстандык ишканалар аркылуу биздин ишкерлер дагы 10 миң тонна ун алып келишти, бүгүндөн тартып алып кирип жатышат», деди Чодуев. Министрдин айтымында учурда өлкөдө ун тартыштыгы жок. Читать дальше...
Дуйнө эли коронавирус пандемиясынын запкысын тартып жаткан учурда Кыргызстанга да бул алааматтын залакасы тийүүдө.
8-апрелден бери кыргызстандык мектеп окуучулары дистанттык негизде билим алып жатышат. Интернет аркылуу билим берүүдө мугалимдер өздөрү да үйрөнө турган нерселер көп болууда. Аралыктан билим берүүнүн түйшүгү, артыкчылыгы, өксүгү, мугалимдин өзүнүн даярдыгы, психологиялык абалы туурасында Баткен шаарында жашаган башталгыч класстардын мугалими Минавар Таштемирова "Азаттык" менен ой бөлүштү.
Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстан жарандарынын ички жана жалпы жарандык паспортторунун мөөнөтүн, ал эми чет элдик жарандардын каттоо мөөнөтүн узартуу үчүн токтом долбоорун сунуш кылды. Долбоордо буга коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу жер-жерлерде калкты тейлөө борборлору иштебей калганы себеп болуп жатканы айтылган. Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланган токтом долбоорунда мөөнөтү бүтүп калган паспортун, каттоосун убагында алмаштыра албай калган жарандарга айып пул төлөбөстөн... Читать дальше...
21-апрелде Коронавируска каршы республикалык штаб Түркиядан кайтууну каалаган жарандар үчүн дагы бир учак каттамын уюштурарын маалымдаган.
«FactCheck» порталы буга чейин УКМКнын мурдагы төрагасына таандык деп айтылып келген үч кабат үй чынында Мамлекеттик бажы кызматынын азыркы кызматкерине тийиштүү экенин жазып чыкты. Портал 22-апрелде жарыялаган маалыматка караганда, Бишкектин четиндеги «Орто-Сай-2» айылындагы үй бажыда иштеген кенже лейтенант Абулхазы Самсалиевге таандык. Анда айтылгандай, «cadastre.kg сайтындагы маалымат боюнча, үй жана жер тилкеси Самсалиев Абулхазы Нурлановичке таандык. Менчик укугу 2019-жылдын 14-майында берилген. Читать дальше...
“Эй, жигиттер! Таажы тумоосу менен азилдешпегиле! Өзүңөрдү аябасаңар да, ата- энеңерди, жакындарыңарды аягыла! Беткап кийгиле! Аралыкты сактагыла! Топтошпогула! Ооруу силерден да кыйындарды да сулатууда!”
Чеченстанда башчысы Рамзан Кадыров баштаган мамлекеттик кызматкерлер жапырт чачын кырдырууга киришти. Бул тууралуу «Кавказ-Реалии» сайты жазды. Дүйшөмбүдө коронавируска каршы күрөш боюнча ыкчам штабдын жыйынында жергиликтүү жашоочу чач тарачтарды ачууга болор-болбосун сураган. Анда Кадыров «баарыбыз чачыбызды кырдырып салсак жаман болбойт» деп жооп берген эле. Эртеси 21-апрелде Кадыров «Инстаграмдагы» баракчасына чачы кырылган сүрөтүн жарыялаган. «Сулуулук салондору жабык, үйдө да чач тарач жок. Читать дальше...
Орусиянын Түндүк Осетия аймагында митингге чыккандардын 14ү үчтөн 15 суткага чейин камакка алынды. Бул тууралуу «РИА-Новости» агенттигине Түндүк Осетия сотунун басма сөз кызматы билдирген. Алар «полицияга баш берген эмес», «коомдук тартипти бузган» деп айыпталды. 20-апрелде Владикавказда өкмөт үйүнүн алдына жүздөгөн адам коронавируска байланыштуу чектөөлөргө, анын ичинде үйдө отуруу жөнүндө талапка каршы митингге чыгышкан. Ошондой эле коронавирустун айынан жумушун жоготкондорго жардам берүүнү талап кылышкан. Читать дальше...
Чили дүйнөдө биринчи болуп коронавирустан айыккан жарандарына «иммундук паспорт» бергени турат. Бул аларга обочолонуу режимин же башка чектөөлөрдү сактабай коюуга мүмкүнчүлүк берет. Иммундук паспортту алгандар жумушуна да кайта алышарын «Washington Post» гезити жазды. «Дал ошол адамдар коомчулукка чоң жардам бере алышат. Анткени алар коркунуч туудурбайт» деди саламаттык сактоо министри Хайме Маньялич санарип картаны ишке киргизүү тууралуу жарыялап жатып. Ошондой эле калкты жапырт тесттен өткөрүү... Читать дальше...
Кошмо Штаттар эмгек базарын коргоо үчүн чет өлкөлөрдүн жарандарын өз аймагына киргизүүнү 60 күн чектей турган болду. «Бул тартип туруктуу жашоо үчүн уруксат, башкача айтканда, гринкарта алууну каалагандарга гана колдонулат. Убактылуу келип жаткандарга тиешелүү эмес», - деди Трамп шейшембидеги басма сөз жыйынында. Президент жарлыкка шаршембиде кол коёрун, кийин зарылчылык жаралса 60 күндүк мөөнөттү өзгөртүү же узартуу маселеси караштырыларын белгиледи. «Вирустун айынан жумушунан кетирилген... Читать дальше...
23-апрелде Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29; Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 23…28; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22; Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7 градус болот. Читать дальше...
22-апрелде Владимир Лениндин туулгандыгына 150 жыл толду. XX кылымдын башынан бери дүйнөнү титиреткен ойчул, саясатчы, партиялык лидер жана мамлекет башчы Владимир Лениндин идеялары жана ишмердигинин мөмөсү тууралуу чакан блог.
Бүгүн жана жакынкы күндөрү чет жактагы 526 кыргызстандык мекенине кайтып келет. Аларды тосуп алуу, текшерүү жана обсервациядан өткөрүү маселелери 22-апрелде Коронавируска каршы республикалык штабдын отурумунда талкууланды. Штабдын башчысы, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: «Обсервация жайлары, медицина мекемелери даяр болушу зарыл. Тиешелүү бардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары жарандардын келиши, аларды жайгаштыруу жана мындан аркы аракеттер боюнча так жана алгоритмге ылайык иштеп... Читать дальше...
Иран 22-апрелде космоско учурган жандоочу көздөгөн мейкиндикке ийгиликтүү жеткенин жарыялады. Аны өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн тандалма бөлүмү ишке ашырган. «Бул жандооч Жерден 425 чакырым ыраактагы орбитага чыгарылды. «Noor» - Ислам революциясынын сакчылар корпусу космос мейкиндигине коё берген алгачкы аскердик жандооч», деп кабарлады мамлекеттик IRINN телеканалы. Кыргызча «Нур» деп которулган жандоочтун учурулганын Тегеран бийлигине көз каранды эмес булактар азырынча ырастай элек. Акыркы айларда... Читать дальше...
Кой-Таш окуясы боюнча 22-апрелге белгиленген сот отуруму болгон жок. Ишти карап жаткан Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, кийинки отурум 27-апрелге пландалды. Соттун башка күнгө калышына бүгүнкү отурумга Атамбаев алынып келбегени, алты жактоочу жана жабыркаган тарап келбегени себеп болгону айтылды. Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Мекеменин басма сөз кызматы ал бүгүнкү отурумга белгисиз себептерден улам барбай койгонун билдирди. Читать дальше...
Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу анын Бишкектин Туңгуч районунда жайгашкан үйүнүн алдында өттү.
Өзбекстанда быйылкы окуу жылы «online-maktab» долбоорунун алкагында уюштурулган телесабактар менен аяктайт. Мындай чечимди Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия кабыл алды. Окуу жылынын аягына чейин аралыктан окутуу процессин уюштурууга катышкан мугалимдер менен билим берүү тармагынын кызматкерлери үйлөрүндө иштеп, айлыктарын толук алышат. 16-мартта Өзбекстанда коронавирус жуккан алгачкы адам аныкталгандан кийин өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайлары, мектептер жана бала бакчалар карантинге жабылган. Читать дальше...
Казакстанда акыркы суткада дагы 30 адам коронавирус жугузганы аныкталып, COVID-19 илдетине чалдыккандар жалпы 2025 киши болду. Алардын жарымы борбор Нур-Султан менен Алматы шаарында. Жаңы вирусту жугузгандардын 589у (30% жакын) медицина кызматкерлери экенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Расмий маалымат боюнча 500гө жакын адам айыкты, 19 адам көз жумду.
Кыргызстан эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» укук коргоо уюмунун рейтингинде соңку бир жылда бир баскычка жогорулап, 180 өлкөнүн арасынан 82-орунду ээледи. Уюмдун баяндамасында Кыргызстан тууралуу «жакшырды, бирок мындан да жакшы боло алмак» деп жазылды. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы (ЖМК) плюрализм «Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстанга гана таандык экени», ал эми «2017-жылдагы президенттик шайлоо алдындагы журналисттерге карата репрессия эбак токтогону» белгиленди. Бирок маалымат... Читать дальше...
COVID-19 вирусуна каршы күрөшкөн медициналык кызматкерлер обсервацияларга - мейманканаларга жана конок үйлөрүнө жайгаштырылып жатат. Мындай чечим обсервациялык аймактарда жана мобилдик бригадалардын курамында иштеп жаткан медициналык кызматкерлердин коопсуздугун жана ден соолугун сактоо, алардын жашоосу үчүн тийиштүү шарт түзүп берүү максатында кабыл алынган. Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, медициналык кызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттар... Читать дальше...
Төкмө акын, комузчу, обончу, манасчы, Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин сөөгү бүгүн, 22-апрелде Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Маркумду жерге берүү зыйнатына өзгөчө абалга карабай көп киши келди. Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, акындын үзөңгүлөш өнөрпоз достору, жакындары, шакирттери топурак салышты. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев «Азаттыктагы» маегинде топурак салууга Элмирбектин ырын угуп, сөзүн уккан, бирок өзүн жакындан тааныбаган адамдар келишкенин айтты: «Анткени Элмирбек элдин уулу болчу. Читать дальше...
Кыргызстанда мамлекеттик жогорку окуу жайларынын келишимдик негизде окуп жаткан студенттеринин контракт акысын кайра карап чыгуу сунушталды. Бул тууралуу 22-апрелде Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, мындай сунуш студенттер коронавируска байланыштуу аралыктан окуу ыкмасына өткөндүктөн кайрылуулар түшүп жаткандыктан киргизилди. Билим берүү жана илим министрлигине жиберилген жазуу түрүндөгү сунушта акы төлөнүүчү окутуу кызматтарынын түзүмүнө көңүл буруп... Читать дальше...
Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, «Айтыш» коомун негиздөөчүсү Садык Шернияз акын менен коштошуу зыйнаты учурунда «Азаттыкка» билдирди. «Элмирбек кыргыздын гана эмес, казактын да салтын, философиясын терең билген, улуу ойчул акын эле. Ал өзү менен айтышкан акындарды эч качан басмырлабай, тескерисинче зоболосун көтөрүп салчу. Элмирбек эки китепке жазылчу ойду эки эле сөз менен берип коёр эле», - деди Садык Шернияз. Ал эми обончу, ырчы Сыймык Бейшекеев Элмирбек Иманалиевдин обондору элге терең сиңген... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.