Гонконгдо өткөн жылдагы акцияларга байланыштуу 14 киши кармалды
Гонконг полициясы 2019-жылы жайындагы массалык протесттерге байланыштуу иш боюнча 14 активистти кармады. Reuter агенттигинин маалыматына ылайык, кармалгандардын арасында укук коргоочу жана Демократиялык партиянын негиздөөчүсү 81 жаштагы Мартин Ли жана медиамагнат Жимми Лай дагы бар. Кытай бийлиги аларды өткөн жылдагы башаламандыктардын уюштуруучусу деп эсептейт. Кармалгандардын тогузу Гонконгдун мурдагы мыйзам чыгаруучулары. AFP активисттердин соту 18-сентябрга белгиленгенин жазды. Сот бөгөт чарасын кандай чечкени жөнүндө маалымат жок. Читать дальше...