Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустинден коронавирус табылды
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустинге коронавирус жукканы белгилүү болду. Ушундан улам өкмөт башчынын милдетин аткаруу биринчи-вице-премьер-министр Андрей Белоусовго жүктөлдү. Бул тууралуу Мишустин бейшемби күнү «Россия 24» каналынын эфиринде айтты. Ал башкалардан обочодо болуп, ошол эле кезде өкмөт мүчөлөрү менен байланышта экенин билдирди. Мишустин орусиялыктарга кайрылып, өлкөдө киргизилген чектөөлөргө олуттуу кароого чакырды. Соңку маалыматтар боюнча Орусияда коронавирус 106 498 миң кишиге жукту. Читать дальше...