1-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат
1-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 21…26;
Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 19…24;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22 болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 24…26 градус болот.