Сербияда коменданттык саатты бузган футболчу жазага тартылды
Белград соту белгилүү футболчу Александару Прийовичти үч айга үй камагына кести. Ал 4-апрелде пандемияга каршы күрөшүү максатында киргизилген коменданттык сааттын эрежелерин бузганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Сауд Арабиясынын «Аль Иттихад» футбол клубунун чабуулчусу мейманкананын залында кечки бештен кийин достору менен отурганы үчүн кармалган. Ага чейин «Реал» клубунун оюнчусу Лука Йович ушундай эле жүйө менен кармалган. Сербияда кечки бештен таңкы бешке чейин коменданттык саат киргизилген. Читать дальше...