Эл үнү: Мекени көздөн учкан мекендештер
“Эл үнүнө” азык-түлүккө, өкмөттүн жана бирөөлөрдүн кайрымдуулугуна муктаж болуп, жардам сураган адамдар кайрылышты. Мекен көздөн учкан мекендештер да жардам сурашат.
“Эл үнүнө” азык-түлүккө, өкмөттүн жана бирөөлөрдүн кайрымдуулугуна муктаж болуп, жардам сураган адамдар кайрылышты. Мекен көздөн учкан мекендештер да жардам сурашат.
Түркиядан мекенге кайтабыз деген кыргызстандыктар үчүн учак кандай тартипте уюштурулууда? Жардамга анык муктаж жүргүнчүлөрдүн арасына бийликте иштегендердин тааныштары кирип кеткен жокпу? Келе албай калгандарга кандай жардам берилүүдө? Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен маек.
Коронавируска байланыштуу карантин чет өлкөлөрдө эмгектенген миңдеген кыргызстандыктардын турмуш-тиричилигине кедергисин тийгизип койду. Алардын бир бөлүгү жумушунан айрылып, капчыгы жукарса, айрымдары мекенине кете албай ара жолдо калышты.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон быйыл Рамазан айы коронавирус жайылып жатканы учурдан тышкары, жазгы талаа жумуштары менен тең башталгандыктан, элди орозо кармоону кийинкиге калтырууга чакырды. "Биз суу ичүүдөн жана тамак жештен өзүбүздү тыюуну биле туруп, ден-соолукка зыян келтирбешибиз, жаныбызды аяшыбыз керек. Себеби, ачка жүргөн адамдын иммунитети төмөндөйт жана оору жуктуруп алуу коркунучу жогорулайт", - деди Рахмон. Мусулмандардын ыйык орозо айы шарият жыл санагы менен 24-апрелде башталды. Читать дальше...
Ооган бийлиги Орозо айынын алдында “Талибан” кыймылынын 55 жактоочусун абактан чыгарды. Бул тууралуу Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жавед Файзал 23-апрелде “Твиттер” аркылуу кабарлады. Анын айтымында, талибдердин өкүлдөрү Пактия, Логар, Жаузжан, Газни, Баглан, Хост, Пактика жана Майдан провинцияларындагы абактардан 22-апрелде бошотулду. Файзал бул чечим ооган жергесинде “тынчтыкка өбөлгө түзүү жана COVID-19 илдетине каршы күрөшүү” максатында кабыл алынганын айтты. Натыйжада... Читать дальше...
Жеке менчик Бонецкий лабораториясы демөөрчүлөр, Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге COVID-19 илдетин аныктоочу анализдерди жүргүзүүнү баштаганын маалымдады. Алгачкы баскычта 10 миң ПЦР тест алуу пландалып жатат. Бонецкий лабораториялар тармагынын директору Артем Лыжин коронавируска тест алуу Саламаттык сактоо министрлиги аныктаган эрежеге ылайык жүргүзүлөрүн белгилеген: “Азыр биз 3055 акысыз ПЦР тест алууга даярбыз. Биринчи орунда социалдык аз камсыз болгондор, балким дарыгерлер же укук коргоо органдарынын кызматкерлери болушу мүмкүн. Читать дальше...
23-апрелде Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАБ) өкмөт башчылары 2025-жылга чейинки экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын долбоорун талкуулады. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү кабарлады. Видеоконференция режиминде өткөн жыйынга Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. 2025-жылга чейинки ЕАЭБдин экономикалык өнүктүрүүнүн багыттарын аныктаган «Жол картасында» он эл аралык келишимди, 60тан ашуун ченемдик-укуктук актыларды, биримдик жөнүндө келишимди... Читать дальше...
Коррупция үчүн айыпталган мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков тергөө абагынан жазасын өтөш үчүн колонияга которулду.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы Азык-түлүк программасы Швейцария мамлекетинен 200 миң франк (196 500 АКШ доллары) суммасында каражат алды. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады. Маалыматка ылайык, бул каражат Кыргызстандагы 22 социалдык мекемеге жана мектеп-интернаттарга азык-түлүк алып берүүгө жумшалат. Азык-түлүк алып берүү ишин өлкөнүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге жүргүзөт. БУУ Кыргызстанга COVID-19... Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюму коронавирус пандемиясы «адам укуктарынын кризисине айланып баратат» деп эскертти. Уюмдун баш катчысы Антониу Гуттериш 23-апрелдеги видео кайрылуусунда пандемиядан улам дүйнөдө жек көрүү, аялуу катмарларды басынтуу, коопсуздук кызматкерлеринин чоң муштумдугу күчөп баратканын айтты. Ал кайсы бир мамлекетти так атабаса да дүйнөдө карантин чаралары улутчулдуктун, популизмдин, авторитаризмдин тамыр жайышына түрткү берип жатканын кошумчалады. «Билдирүү анык: адамдар жана алардын укуктары көңүл чордонунда болушу керек. Читать дальше...
Кыргызстанда 12 милиция кызматкери коронавируска чалдыкты. Алардын бири оор абалда реанимацияда жатат.
Мындан туптуура 80 жыл илгери кыргыз атын дүйнөгө тааныткан улуу ырчы Болот Миңжылкыев жарык дүйнөгө келген.
Коронавирус пандемиясынан улам буга чейин Түркиядан Кыргызстанга атайын уюштурулган учак каттамдары менен 400дөн ашык кыргызстандык мекенине кайтып барды. Ошол эле маалда Түркиядагы айрым мигранттар ызы-чууга алдырбай, кетпей күтүп турууга үндөп жатышат.
Бул туурасында «Азаттыкка» Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат, финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди. Анын айтымында 16-марттан 8-апрелге чейин бардык билим берүү мекемелери узартылган каникулга тараган, бирок бул убакыт үчүн кызматкерлердин айлык акысы март айы үчүн толук эсептелип төлөнүп берилген. Айлык акы апрель айында да 100% сакталып төлөнөт. «8-апрелден тартып мугалимдер, окутуучулар дистанттык форматта билим берип, иштеп жатышат. Алардын... Читать дальше...
«Human Righrs Watch» укук коргоо уюму (HRW) Борбор Азия өлкөлөрүндө карантин шартында адам укуктары бузулуп жатканын билдирди. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун мындай билдирүүсү 23-апрелде жарыяланды. Анда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү COVID-19 илдетине каршы «маанилүү кадамдарга» барганы менен ал чараларды дарыгерлердин, журналисттердин жана активисттердин укугун чектеш үчүн колдонуп жатканы белгиленген. Ошондой эле айрым учурда карантин чаралары чектен чыгып кетип жатканы да айтылган. Читать дальше...
Гуманитардык жардамда коронавируска каршы күрөшүү боюнча жеке коргоочу каражаттар жана дары-дармектер бар. Кыргызстанга берилген жардам 23-апрелде «Etihad Airways» авиакомпаниясы менен «Манас» аэропортуна жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстанда Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб билдирди. Маалыматка караганда, бул гуманитардык жардам боюнча 6-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков менен Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахайян телефондон сүйлөшкөн. Читать дальше...
Ноокен районунда интернети жок эки айылда окуучуларды мугалимдер таркатма материалдын негизинде окутуп жатат. Район аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөнүн 800дөн ашык балдары да аралыктан окутууга толук тартылган жок. Мындан сырткары кыргыз каналдары көрсөтпөгөн айылдарда балдар телевизордон сабактарды көрө албай жатат.
Дүйнө жүзүндө 1,8 миллиарддай мусулман коронавирус жайылып жаткан убакта Рамазан айын белгилегени турат.
17-апрелде Түркиядан учуп келген жүргүнчүлөрдүн арасынан бирөөнөн ПЧР диагностикасынын жыйынтыгы менен коронавирус аныкталды, аны менен байланышта болгон адам обсервацияга алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Республикалык штаб калган жүргүнчүлөрдөн Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен алгоритмге ылайык, биринчи алынган ПЧР анализдери терс чыгып үй карантинине жиберилгенин билдирди. Түркиядан Кыргызстанга кайта албай жаткан 487 мекендештин 211и 17-апрелде Бишкекке учуп келген. 23-апрелге карата... Читать дальше...
Коронавирус пандемиясына каршы күрөштүн алкагында Өзбекстандын баш калаасы Ташкенттин четинде 10 миң орундуу инфекциялык оорукана курулууда. Долбоорду ишке ашырып жаткан «Enter Engineering» компаниясы шаршембиде билдиргендей, оорукананын алгачкы жайы майдын башында ишке берилгени турат. Калган бөлүгү дагы бир айдан кийин курулуп бүтөт. «Бул жай вируска чалдыккан тургундарды жана чет өлкөдөн кайтып келип, карантинге алынган өзбек жарандарын дарылап, кароо үчүн колдонулат», - деди «Enter Engineering» компаниясынын башчысы Шохрух Саттаров. Читать дальше...
Британияда бейшембиде коронавируска каршы вакцинанын клиникалык сыноосу башталды. Вакцина Оксфорд университетинде иштелип чыккан. Ал арада Германиянын тиешелүү мекемеси ыктымал вакцинаны адамдардын үстүнөн сыноого уруксат бергени кабарланды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-апрелде саат 14:37де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Нарын районунун Достук айылында үч балл, Куланак, Жан-Булак айылдарында 2,5 балл жана Ылайлы-Суу, Шоро айылдарында эки баллга чейин сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйрабаганын билдирди. (BTo)
Евробиримдиктин лидерлери экономиканын коронавирус пандемиясынан жабыркаган секторлоруна финансылык жардам көрсөтүү маселесин талкуулаганы жатышат. Уюмга мүчө болгон 27 мамлекеттин жетекчилери 23-апрелде видеоконференцияга чогулганы турушат. Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин айтымында, бул жыйында Еврокомиссияга коронавирустан кимдер көбүрөөк жабыркаганын жана аларга кандай жардам көрсөтүлөрүн аныктоо тапшырылышы мүмкүн. Анын натыйжасында ушул айдын соңун утурлай финансылык жардамдын суммасы белгилүү болот. Читать дальше...
№1 тергөө абагында отурган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 колонияга, дагы бир экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги №47 колонияга, ал эми «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулду. Алар аталган колонияларга 23-апрелде жеткирилгенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады. 22-апрелде ЖАМКтын атайын комиссиясы соттолгон 86 адамдын жазасын өтөө жайын аныктоо боюнча жыйын өткөргөн. Читать дальше...
Дүйнө жүзүндөгү 1 миллиард 800 миллиондой мусулмандар коронавируска байланыштуу карантин өкүм сүрүп жаткан шартта Рамазан айына камданууда. Кайсы бир мамлекеттерде 23-апрелде ооз бекитилсе, айрымдарында Орозо 24-мартта башталганы турат. Коронавирустан катуу жабыркаган мамлекеттердин катарында турган Ирандын бийлиги Рамазан айында диний жыйындарга уруксат берилбей турганын билдирди. Түркия, Египет жана Сауд Арабиясы сыяктуу мусулман өлкөлөрүндө да мечиттер жабык турат. Бириккен Араб Эмираттарынын диний жетекчилеринин фатвасына ылайык... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.