123ru.net

World News in Kyrgyz

Новости от Sportsweek.org

Sportsweek.org
Ноябрь
2018
123456789101112131415161718
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Все новости

Түркия: миграция аялды да аябайт

Azattyk.org 

10-ноябрда Түркия Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарына бул өлкөдө 90 күнгө чейин визасыз жүрүүгө уруксат берилерин расмий билдирди. Буга чейин Борбор Азиянын үч өлкөсүнүн жарандары Түркияда 30 күн визасыз жүрө алчу.

Автомектептин курсанттары рейдге чыгат

Azattyk.org 

17-ноябрда Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы автомектептердин жетекчилиги менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Жумагазиев жетекчилерге автомектептин курсанттарын профилактикалык иш-чараларга тартууну сунуштады. Анын айтымында, мындай тажрыйба жол кыймылынын эрежелерин жакшылап үйрөнүүгө жана жол коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерге көмөкчү болот.     Автомектептин жетекчилери бул демилгени колдоого алып, курсанттар үчүн атайын форма жана рейддердин графигин түзүүнү макулдашты. Читать дальше...

Калифорниядагы өрт: дайыны белгисиз болгондордун саны миңден ашты

Azattyk.org 

АКШнын Калифорния штатында ноябрдын башында тутанып, ушул күнгө чейин уланып жаткан өрттөн кийин 1011 кишинин дайыны белгисиз болууда. Бул тууралуу аймактын шерифи Кори Хонеага шилтеме жасап "Los Angeles Times" жазды. Буга чейин дайыны чыкпай жаткандардын саны 631 болчу. ВВС жергиликтүү бийлик дайынсыз кеткендердин санын ар кайсы булактан чогулутуп жактандыктан, тизме так болбошу мүмкүн экенин белгиледи.   АКШнын Калифорния штатында 8-ноябрда тутанып, ушул күнгө чейин уланып жаткан өрт 71 адамдын өмүрүн алып кетти. Читать дальше...




Баткен облусунун прокурору киши колдуу болду

Azattyk.org 

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Бул маалыматты “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Бакыт Сейитов тастыктады: - Облустун прокурору Баткен шаарынын чекесинде, талаада денесине залакат келтирилип өлтүрүлгөнү аныкталды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалыматтар айтылбайт. Шектүү кишилер бар. Кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.   Айрым маалыматтарда кылмышка шектүү киши кармалганы айтылып жатат. Читать дальше...

“Бир дүйнө”: мыкты тасмалар тандалды

Azattyk.org 

Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө – Кыргызстан” кинофестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Калыстар тандалып алынган 25 тасманын ичинен эң мыкты делген 10 эмгекке байгелүү орундарды тапшырды. Арасында “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаев көзү тирүү кезинде тарткан “Бөтөн жашоо” фильми да бар. Андан сырткары быйыл биринчи жолу фестивалдын алкагында Уланбек Эгизбаевдин урматына “Уланбек уланат” атайын сыйлыгы берилди.

Нуржан Мелисбек уулу: атамдын трагедиясынан кийин "көкбөрү ойнобо" дешкен

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Нуржан Мелисбек уулу мыкты көкбөрүчүлөрдүн катарын толуктайт. Чоң мелдештерге Таластын "Ынтымак" командасы менен аттанып, Кыргызстандын курама командасында дагы өлкө намысын коргоп келет.

Юрист: Маевский боюнча Текебаев менен сүйлөшөбүз

Azattyk.org 

Абакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын бири Таалайкүл Токтакунова Орусияда Леонид Маевский камалганы боюнча юристтердин мындан кийинки кадамдарын кеңешип жатканын “Азаттыкка” билдирди. - Күбөнүн туура же туура эмес айтып жатканына баа берилиши керек. Бүгүн биздин “ал шектүү” адам деп айтканыбыз далилденип баштады. Азыр кеңешип жатабыз. Биринчи күнү Өмүрбек Чиркешовичке барып сүйлөшүп, кандай кадамдарга барарыбыз чечилет. Бирок буга сөзсүз түрдө саясий дагы баа берилиши керек. Читать дальше...