Польшалык дарыгерлер Ош жана Жалал-Абаддагы ооруканалардан кабар алышты
Бул тууралуу саламаттык сактоо министри билдирди. Министрликтин маалыматында, 25-апрелде Польшадан келген дарыгерлердин бир бөлүгү коронавирус илдетин жуктургандар дарыланып жаткан Оштогу облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан, дагы бир бөлүгү Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан кабар алышты. Айрымдары Ош шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарынын иши менен таанышты. Польшалык дарыгерлер 26-27-апрель күндөрү Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу жана Сузак райондорунун аймактык ооруканаларынан кабар алышат. Читать дальше...