Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 12.04.2020

#БекТур - кечирим сураган дарыгер

Azattyk.org 

Коронавирус кризиси өкүм сүрүп турганда медицина кызматкерлеринин жеке коргонуу каражаттары жетишсиз экени, транспорт менен камсыздалбагандыгы байма-бай айтылып жатат. Мындан бир аз мурда үй бүлөлүк дарыгер Бектур "Твиттерде" жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын "Твиттер" аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун "жалган айтып койгом" деген видео кайрылуусу тарады. Ушул тапта соцтармактарда "Бектур өзүн жалганчы кылып көрсөтүүгө аргасыз болду” деген пикир басымдуулук кылууда. Читать дальше...

Профессор: «Болору болду, эми артын ойлойлу»

Azattyk.org 

Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчысы, профессор Калдарбек Абдрамановдун COVID-19 илдетинен улам жаралган эпидемиологиялык курч кырдаалдан чыгуу тууралуу сунуш пикирлери.

Москвада коронавирустан 14 адам каза болду

Azattyk.org 

Орусиянын коронавируска каршы күрөш боюнча ыкчам штабы "каза болгон адамдардын баарында коронавирустан башка кант диабети, жүрөк оору сыяктуу эски дарттары бар болчу" деп билдирди. Орусияда коронавирусту жуктургандардын саны 13 584 болду. Анын ичинен 1 667 адам акыркы бир суткада аныкталды. Бул илдеттен көз жумгандардын саны 106 адамга жетти. АКШда коронавирус 528  990 адамдан табылды. Акыркы бир сутка ичинде 1 708 адам каза болду. Илдет АКШга жайылгандан бери коронавирустан 20 455 адам көз жумган. Читать дальше...



«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси алмашты

Azattyk.org 

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Абдыкеримов кызматтан бошотулуп, ордуна Василий Дашков дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 10-апрелде кол койгонун ишканадан билдиришти. Маалымат боюнча Дашков буга чейин инвестицияларды тартуу жана курулуш маселелери боюнча ушул эле ишкананын директорунун орун басары болуп иштечү. (BTo)

Аба ырайы: жаан жаайт

Azattyk.org 

13-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

ДССУ Беларусту коронавируска каршы күрөшкө даярданууга чакырды

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер тобунун жетекчиси Патрик О'Коннор беларус бийлигине кайрылып, коронавирус илдети күч алып кетиши ыктымал экенин эскертти. Ал абалдын алын алып, өлкөдө ооруканаларды даярдоого чакырды. ДССУнун эксперттер тобунун адистери 9-майга белгиленген Жеңиш парадын жана башка иш-чараларды да токтотуу зарылдыгын айтышты. Беларустун Коргоо министрлигинин өкүлү Владимир Караник Жеңиш майрамына даярданып жатышканын, "карантин илдетти токтото албай турганын" айтты. Читать дальше...

Асрандиев: ишкерлерди колдоо үчүн 14 млрд. сом табылды

Azattyk.org 

Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 12-апрелде онлайн брифинг учурунда айтты. Анын маалыматына караганда, коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн биринчи болуп жабыр тарткан жана көп чыгымга учураган бизнестин түрлөрү анализденип жатат. Ушундан улам биринчи кезекте жардамга муктаж жана экономикага көбүрөөк пайда алып келчү ишкерликтин түрлөрү талданууда. Анын жыйынтыгында финансылык жардам берүүнүн жолдору каралат. «Каржылык колдоо үчүн ички жана тышкы булактарды издеп жатабыз. Бүгүнкү күндө 14 млрд. Читать дальше...



Үч айда экономикалык өсүш былтыркыга салыштырмалуу 3,9% төмөн болду

Azattyk.org 

Быйыл январь-март айларында Кыргызстанда экономикалык өсүш 1,5% түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,9% төмөн болду. Экспорттун төмөндөгөнү жана айрым социалдык мааниге ээ товарларга баалардын көтөрүлгөнү байкалууда. Бул тууралуу 12-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгондо айтты. Экономика министри Санжар Муканбетов буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында быйыл экономикада 5% өсүш болот деп болжолдонгонун, бирок өзгөчө абал улана берсе... Читать дальше...

Карантиндеги Ош шаары

Azattyk.org 

Ош шаары - Жибек Жолу өткөн эң байыркы шаарлардын бири. Калаанын дал ортосунда орун алган "Сулайман-Тоо" комплекси ЮНЕСКОнун тизмесине да кирген. Коронавирус илдетинин чектөөлөрүнө чейин шаарда кыймыл эч токтобой, башка аймактардан жана өлкөлөрдөн келген коноктордун катары калың болчу.

Жумагүл Албанова Бишкек шаардык сотунун судьялыгынан бошотулду

Azattyk.org 

Жумагүл Албанова жаш курагынын чегине жеткиндигине байланыштуу Бишкек шаардык сотунун судьясы кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Мыйзам боюнча 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде беш жылдан аз эмес иш тажрыйбасы бар Кыргызстандын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат. (BTo)

Британия кыргызстандыктардын визасын узартты

Azattyk.org 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Британиядагы кыргызстандыктардын визасын узартканы үчүн аталган өлкөнүн бийлигине ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу Айдарбеков Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Уэнди Мортон менен телефондон сүйлөшкөн учурда айтты. Британияда ушу тапта 2000ге жакын кыргызстандык жашайт. Алардын ичинде жогорку окуу жайларда окуган студенттер бар. Авиакаттамдар токтотулгандыгына байланыштуу Британия кыргызстандыктардын визасын узартууну чечкен.

АКШнын бардык штаттарында табигый апаат жарыяланды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясына байланыштуу АКШнын бардык 50 штатында табигый апаат жарыялоо тууралуу декларацияга кол койду. Ак үй билдиргендей мындай табигый апаат АКШнын бардык аймагында биринчи жолу жарыяланды. Кошмо Штаттарында коронавирустан 20 миңден ашык киши каза болуп, адам курмандыктарынын саны боюнча Италиядан ашып, биринчи орунга чыкты. Көз жумгандардын көбү Нью-Йорк штатына туура келет. Бул аймакта 8,5 миң киши өлдү. АКШда вирусту жуктургандардын саны 500 миң кишиден ашты. Читать дальше...

Интернеттин начардыгы онлайн окууга тоскоол болууда

Azattyk.org 

Нурболот Азаматов Борбор Азиядагы Америка университетинде Эркин илимдер факультетинин адам укуктары бөлүмүндө окуйт. Ал башка студенттердей эле 16-мартта окуу жайлар карантинге тараганда айылына кетип, интернеттин начардыгынан улам онлайн сабактарга катышууда кыйналып жатат. Аралыктан окуу кандай журуп жатканын айылынан өзү тарткан видеодо айтып, көрсөтүп берди.

Новосибирскидеги кыргызстандыктар Бишкекке уча албай жатышат

Azattyk.org 

Орусиянын Новосибирск шаарында 300гө чукул кыргызстандык Бишкекке дагы эле уча албай жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна жүргүнчүлөрдүн бири, өзүн Максат Осмоналиев деп тааныштырган жаран билдирди. Анын сөзү боюнча 27-мартка жана 2-апрелге учакка билет алган 300гө жакын кыргызстандык келчү каттам төрт жолу үзгүлтүккө учурады. Осмоналиев алар 27-мартка билет алышканын, кийин каттам үч жолу жылдырылып, акыркы жолу 11-апрелге белгиленген каттам да болбой калганын айтты. «Алты киши Новосибирскиде... Читать дальше...

Бейтаптарды беймаза кылган карантин

Azattyk.org 

Диализ алып жүргөн же башка өнөкөт оорусу бар адамдар өзгөчө абал учурунда ооруканага барып келүү оор болуп жатканына арызданууда. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан каржыланган бейтаптар көпчүлүгү стационарда дарыланып жатышат.

Баткен: Интернет жок конуштагы балдарды аралыктан окутуу маселеси каралууда

Azattyk.org 

Баткен облусунун аймагында Интернет жок эки калктуу конуштагы 175 баланы жана үйүндө телевизору жок окуучуларды аралыктан окутуу маселеси каралып жатат. Баткен облустук мугалимдердин усулдук борборунун жетекчиси Мээринса Айжигитова балдардын билим алуусу үчүн жергиликтүү бийлик жана уюк операторлору, «Кыргызтелеком» ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Кадамжай жана Баткен район аймагында мобилдик да, кабелдик да интернет жете элек эки айыл калган. Кыргызстанда эпидемиологиялык... Читать дальше...


Музыкальные новости
Певец

Певец Победы Александр Самсонов издал книгу о себе, семье и пути в профессию





Персональные новости
Валерий Гаркалин

Вечная любовь Валерия Гаркалина





Өзбекстанда коронавирустан төртүнчү бейтап каза болду

Azattyk.org 

COVID-19 вирусунан көз жумган 59 жаштагы аял март айында Сауд Арабиясынан келген. Коронавирус аныкталгандан кийин 25-мартта ооруканага жаткырылып, 31-мартта жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Ал 11-апрелде каза болду. Өзбекстанда 12-апрелге карата вирус 767 кишиден табылып, 42 бейтап айыгып чыкты. Казакстанда жекшебидеги маалымат боюнча коронавирус 880 адамдан табылды. 81 киши сакайып, 10 адам каза болду. Вирус жугузуп алгандардын көбү Нур-Султан жана Алматы шаарларында жашайт.

Адамдын космоско учканына 59 жыл толду

Azattyk.org 

Туура 59 жыл мурда адамзат тарыхында советтик учкуч Юрий Гагарин биринчи жолу космоско учкан. Ал 1961-жылдын 12-апрелинде Казакстандагы Байкоңур космодромунан «Восток-1» космос кемеси менен учуп, космосто 108 мүнөт болгон. Гагаринге чейин 1960-жылы космоско эң биринчи Белка жана Стрелка аттуу иттер чыгарылган. Алар космосто 25 саат болушкан. Советтик алгачкы космонавттар отрядына Гагарин менен бирге жалалабаддык эки учкуч Марс Рафиков жана Валентин Варламов кирген. Ал эми советтик космонавттар Чүйдө атайын даярдыктан өтсө... Читать дальше...

ИИМ: 12-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын 95 киши бузду

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, өткөн сутка ичинде өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талаптарын 95 киши бузду. Алардын ичинен: Бишкек шаарында - 66, Ош шаарында - 5, Жалал-Абад шаарында - 8, Сузак районунда – 16. Алардын бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат аяктагандан кийин бошотулду. Сегиз автоунаа айып токтотмосуна коюлду. Ал эми Кара-Суу, Ноокат райондорунда тартип бузуу катталган жок. Ички иштер министринин орун басары, Бишкек... Читать дальше...

Каратаев: анализдердин баарын текшерип бүттүк

Azattyk.org 

Коронавируска байланыштуу лабораторияга изилдеш үчүн 24 885 үлгү түшкөн. Алардын ичинен ушул күнгө чейин 24 356 анализ текшерилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 12-апрелде брифингде айтты. «Реагенттер жетишпей калып, жүйөлүү себептер менен анализдерди өз убагында жасай албай калганбыз. 11-апрелде мурда алынган анализдердин баары такталып чыкты. Бир күндө 1674 анализ жасалды», - деди Каратаев. Буга чейин Кыргызстанда коронавирусту аныктоочу тест-системалардын... Читать дальше...

Коронавирус жуккан 11 бейтаптын абалы оор, алтоо реанимацияда

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда стационарда коронавирус жуктурган 318 киши жатат. Алардын ичинен 11 адамдын абалы оор, алтоо реанимацияда. 12-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 38 адамдан табылды. Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 377 кишиге жетти, каза болгондор - бешөө. Жалал-Абад облусунда – 89, Ош облусунда – 119, Чүй облусунда – 21, Баткен облусунда – 4, Ош шаарында – 54, Бишкек шаарында ... Читать дальше...

Иудейлер жана таажы вирусу: Сабатсыздар ар динде бар

Azattyk.org 

Таажы вирусунун жаңы түрү жайылган тапта дүйнөнүн ар кыл диндеринде эскичил көз караштагы динчилер алааматтуу илдетке көбүрөөк кабылууда. Эскичил иудейлер Израил өкмөтүнүн чакырыктарына саботаж кылышты.

Спорт в России и мире
Москва

Хоккейный клуб из Балашихи выиграл Кубок Регионов


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ирина Шиманович

Шиманович пробилась в ⅛ финала теннисного турнира в Сен-Мало


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве заметили первый в России электромобиль Tesla Cybertruck





Путин в России и мире
Москва

Президент России Владимир Путин подтвердил проведение XVI Международного военно-музыкального фестиваля «Спасская башня»


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Набей им морду, покажи им, что ты настоящий белорус». Лукашенко о поездке спортсменов на Олимпиаду




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Фрэнк Синатра

Леонардо ДиКаприо споет голосом Фрэнка Синатры



Москва

Началось. Цены на квартиры уже меняются

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net