Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 04.04.2020

Нью-Йорк: COVID-19дан кооптонгон кыргыздар

Azattyk.org 

Нью-Йорк шаарында жашаган кыргызстандыктан коронавирус табылганын «Азаттык» радиосуна аталган шаардагы кыргыз диаспорасынын координатору Бекзат Молдобаев билдирди. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги бул маалыматты тактап жатканын кабарлады.

Министр: Коронавируска чалдыккан медкызматкерлердин абалы жакшы

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин абалы жакшы экенин билдирди. Бул тууралуу министрдин кеңешчиси Елена Баялинова маалымдады. Министрдин айтымында, тогуз медкызматкердин ичинде санитар, тамак ташыгыч, кир жуугучтар да бар. “Бул кызматкерлер биринчи чекте турушту. Биз алардын бардык муктаждыктарын камсыз кылганга аракет кылдык. Учурда өзүн жакшы сезип жатышат, клиникалык белгилери жок. Тыкыр көзөмөлгө алынууда”, - деди Абдыкаримов. Читать дальше...



Ноокатта милиция кызматкери үй-бүлөсү менен обсервацияга жаткырылды

Azattyk.org 

3-апрелде обсервацияга жаткырылган милиция кызматкеринин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн анализи аныктала элек. Бул тууралуу Ош шаарынын жана Ош облусундагы Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Аширбаев билдирди. Маалыматка караганда, милиция кызматкери Ноокат районунда кичи ажылыкка барып коронавирус жугузуп алган жарандын үйүндө батирде жашап турган. Бүгүнкү күндө COVID-19 диагнозунан жалпы тогуз адам айыкты. Өлкө боюнча жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 144 кишиге жетти. Читать дальше...

SpaceX Марска учурам деген ракетанын прототиби үчүнчү сыноодо да кыйрады

Azattyk.org 

Илон Масктын SpaceX компаниясынын "Страшип" ракетасынын прототиби Техастын Бока-Чика полигонундагы сыноо учурунда кыйрады. Жараянды YouTube порталында NASASpaceflight каналы түз көрсөттү. Илон Маск авариянын чоо-жайы изилденерин билдирди. "Старшип" буга чейинки эки ирет сыналып, ийгиликсиз аяктаган. Ракета муздатылган пропеллент майы алмаштырылгандан кийин кулаганын The Verge басылмасы жазды.

Индиядан келген 15 кыргызстандык обсервацияга жаткырылды

Azattyk.org 

Индиянын Гоа аймагынан жана Дели шаарынан 15 кыргызстандык казак өкмөтүнүн жардамы менен өз мекенине кайтып келди. Алар Казакстандын жарандары менен кошо атайын учакта келишти.  Эвакуациялангандарды Тараз шаарынын аэропортунан Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери тосуп алып, атайын транспорт менен 4-апрелде өлкөгө алып келишти. Учурда алар обсервацияда жатышат.  Республикалык штаб чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды өз мекенине жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын кабарлады. Читать дальше...

Сауд Арабиясы Кремлди “бурмаланган маалымат” таратканы үчүн айыптады

Azattyk.org 

Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин Эр-Рияд «сланец газын өндүрүүдөгү атаандаштарын жок кылуу максатында ОПЕК+ келишиминен чыкты» деп айтканы "чындыкка дал келбейт" деп билдирди.  “Arabnews” басылмасы Сауд Арабиясынын тышкы иштер мекемесинин башчысы ханзаада Фейсал бен Фархан Ал Сауддун «бул сөздөр такыр чындыкка дал келбейт» деп айтканын жазып чыкты. Ханзаада Путиндин жеке өзүнө эмес, Кремлдин сайтындагы президенттин дүйнөлүк энергетика базарындагы кырдаалга байланыштуу билдирүүсүнө жооп берди. Читать дальше...



Министрлик: пенсия өз убагында берилет

Azattyk.org 

Социалдык фонддун маалыматында Кыргызстанда жалпы пенсия алгандардын саны 670 миңден ашык. Социалдык фонд ай сайын пенсияларды төлөөгө дээрлик 4 млрд. сом коротот. Пенсия алгандардын 55% банктардан, 45% почта бөлүмдөрүнөн алат. Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев пенсиялар өз убагында төлөнөрүн билдирди. “Келерки айда пенсияларды каржылоо толук көлөмдө жана каралган мөөнөттө ишке ашырылат, каржылоо 9-апрелде ачылып, 10-апрелден тарта банктардан жана почта бөлүмдөрүнөн төлөмдөр бериле баштайт”. Читать дальше...

Бишкек коменданты жакынкы жети күндө элди үйдөн чыкпай отурууга чакырды

Azattyk.org 

Бишкек коменданты Алмаз Орозалиев жакынкы бир-эки күндө биринчи коронавирус жуктургандардын инкубациялык мөөнөтү аяктарын белгилеп, алдыдагы жети күндө шаардыктарды үйдөн чыкпоого чакырды. Коменданттын кайрылуусун Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев "Фейсбук" баракчасы аркылуу таратты. “Жакынкы жети күн ичинде үйдөн чыкпай отурууну суранабыз. Илдеттин инкубациялык мөөнөтү 14 күндөн 21 күнгө чейин. Кыргызстанда алгачкы учур 18-мартта катталган”, - деп айтылат кайрылууда. Бүгүнкү... Читать дальше...

Кабулда президенттин коопсуздук кызматына кол салуу болду

Azattyk.org 

Ооганстандын ички иштер министрлиги Кабулдун чеке белинде куралчан белгисиз бирөө ооган президентинин коопсуздук кызматына кол салып, бир кишини өлтүргөнүн билдирди. 4-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Тарик Ариан президенттин коопсуздук кызматынын дагы бир кызматкери жума күнү Кабул провинциясынын Пагман районунда болгон кол салууда жараат алганын билдирди. Кол салууда жабыр тарткандар кызматтык нөөмөттө болгонбу же жокпу азырынча белгисиз. Ооган полициясы атайын иликтөө баштаганы кабарланды. Читать дальше...

Министрлик: Жалпы республикалык тестирлөөнүн мөөнөтү белгисиз

Azattyk.org 

2020-жылы жогорку окуу жайга өтүү үчүн жалпы респубиликалык тестирлөөгө каттоо жана анын өткөрүү мөөнөтүн белгилөө өлкөдөгү кырдаалга жараша чечилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымдады. Ал эми 5, 6, 7, 8, 10-класстарынын окуучулары үчүн экзамендер, 9-11-класстардын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялары, республикалык жана альтернативдүү олимпиадалар боюнча дагы кошумча маалымат берилет. Надира Жусупбекова министрлик дистанттык окутуу... Читать дальше...

Парламент мыйзам бузуулар боюнча арыздарга электрондук почта ачты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Укук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети өзгөчө кырдаалдар учурундагы ар кандай даттануулар жана мамлекеттик органдар, кызмат адамдарынын мыйзам бузуулары жөнүндө маалыматтарды кабыл алуу үчүн электрондук почта ачты. Өлкөдөгү бардык жарандар pravoporyadok7@gmail.com дареги аркылуу арыз жазса болот. Каттар каралып, өз убагында чара көрүү жана чечим кабыл алуу үчүн прокуратурага жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилет. Читать дальше...

Сариев: Коронавирус ЕАЭБнын дараметин көргөздү

Azattyk.org 

Дүйнөнү каптап жаткан COVID-19 вирусу өнүккөн ири державаларды ала салдырып жатат. Учурда ар бир мамлекет бул илдеттин кесепетинен экономикасын сактап калуу, элин социалдык жактан коргоп калуу үчүн түрдүү аракеттерди көрүп жатат. Коронавирус кыргыз экономикасына кандай таасир этет? Ишканалар жабылып, жумушсуздук көбөйүп, эл жакырланып кетпеши үчүн өкмөт кандай чараларды көрсө болот? Мурдагы премьер-министр Темир Сариев ушул суроолордун айланасында "Азаттык" ой менен бөлүштү.

"Айгүл Тоо" коругуна быйыл киши киргизилбейт

Azattyk.org 

Райондук акимчиликтин “Азаттык” радиосуна кабарлашынча, буйрукка Баткен районунун акими Каланбек Маркаев кол койгон. "Коронавируска байланыштуу быйыл аталган корукка туристтер киргизилбейт. Бул чечим жарандардын саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн кабыл алынды", - деп айтылат акимчилик тараткан маалыматта.   Кызыл китепке кирген Айгүл апрель айынын башынан ортосуна чейин гүл ачат. Жыл сайын аны көрүү үчүн “Айгүл Тоо” ботаникалык коругуна өлкө аймагынан жана чет өлкөлөрдөн 10 миңден ашуун адам келип... Читать дальше...

Аба ырайы: 5-апрелде 25 градус ысык болот

Azattyk.org 

Кыргызстанда 5-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25, Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 19...24, Баткен дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26, Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 13...18, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6... Читать дальше...

Сапар Исаков №1 абакка которулганы кабарланды

Azattyk.org 

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан Бишкектеги №1 абакка которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Токтакунов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын маалыматында соттун өкүмү күчүнө киргендиктен Исаков абакка которулган. Жактоочу Исаковдун №1 абакка которулганын туура эмес деп эсептейт. “Тергөө абагына мени киргизбей коюшту, бул мыйзам бузуу.га жатат Ал эми Исаковдун азыр дагы эки иш боюнча соту болуп жаткан, аны абакка которуу туура эмес”, - деди Токтакунов. Читать дальше...

Казакстанда коронавирустан төртүнчү адам каза болду

Azattyk.org 

Коронавирус жугузуп алган адам Түркстан облусунун Жетисай районунун тургуну болгон.  Аталган облустун Саламаттык сактоо башкармалыгы 1956-жылы туулган пенсионер Алматы шаарына жана Алматы облусунда бир айга жакын жүргөнүн кабарлады. Маркум үйүнө 15-мартта кайтып келген.  «26-мартта ал өзүн жаман сезе баштаган. Дене табы көтөрүлгөн. Бирок Алматыдан келгенин жашырып айткан эмес. Дарыгерлер анын коронавирус жугузуп алганын тест аркылуу аныкташкан. 29-мартта ал ооруканага жаткырылган. Өпкөсү кагынып, дем алуу органдары жабыркаган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Николай Басков

Басков рассказал, что предпочитает гостевой брак и девушек не моложе 28 лет





Персональные новости
Apple

Apple возобновляет переговоры с OpenAI о внедрении функций ИИ в iPhone





“Манас” аэропорту ИИМдин 38 кызматкерине айлык берүүнү токтотту

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги “Манас” эл аралык аэропорту коомдук тартипти сактоо милдетин аткарган 38 милиция кызматкерин 1-апрелден тартып каржылоону токтотконун билдирди. Буга себеп катары аэропорт Эсеп палатасынын сунушун келтирген. Аталган кызмат “Манас” эл аралык аэропортунун каржылык-чарбалык иштерин текшерип чыгып, ИИМдин Аба транспорттук милициясын негизсиз каржылап жатканы тууралуу эскертүү берген. Ички иштер министрлиги болсо 38 кызматкер мекеменин кадрлар бөлүмүнүн карамагына алынганын жана... Читать дальше...

"Балаңыз менен баарлашканды унутпаңыз"

Azattyk.org 

Кыргызстанда жаңы коронавирус илдетин жайылтпоо максатындагы чектөөлөр үй-бүлөдөгү ата-эне менен баланын мамилесине кандай таасир этиши мүмкүн? Психологиялык чыңалууларды кантип кыйгап өтсө болот? Ушул жана башка суроолорго ата-эне жана балдар педагогу Асылбек Жооданбеков жооп берди.

Коронавирустан дагы үч бейтап сакайды

Azattyk.org 

4-апрелде коронавирустан айыккан үч бейтап Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты. Айыккандардын экөө 24-25 жаштагы эркек жана 45 жаштагы аял. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Алардан кайталап алынган ПЧР анализи коронавирус жок экенин көрсөткөн. Бүгүнкү күндө COVID-19 диагнозунан жалпы тогуз адам айыкты. Обсервацияда 1660 адам жатат. Өлкө боюнча жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 144 кишиге жетти. Читать дальше...

Баткенде обсервация жана изоляция үчүн 1100дөн ашуун орун даярдалды

Azattyk.org 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы 4-апрелде “Азаттык” радиосуна СOVID-19 илдетине байланыштуу обсервацияга жайгаштырылган жарандар тамак-аш, керектүү каражаттар менен камсыз болгонун билдирди.  Учурда Баткен облусунда изоляция үчүн 366, обсервация үчүн 766 орун дайындалып жатат.  Коронавирус илдетин жайылтпоо максатында, өлкөнүн башка аймактарынан келген жарандар обсервацияга алынып, медициналык кароо жүргүзүлгөн соң, анализи таза чыкса, үй карантинине жиберилүүдө. Читать дальше...

Трамп беткап жана медициналык каражаттарды экспорттоого тыюу салды

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп коронавирус менен күрөштө керектүү медициналык каражаттарды жана дары-дармекти экспорттого тыюу салды.  "Мен медициналык каражаттарды митайым оюнчулар жана кызыл кулактар экспорт кылышына каршымын. Ошон үчүн өндүрүштү коргоо Актына шайкеш келген токтомго кол койдум", - деди Трамп.  Токтомго ылайык америкалык өндүрүшчүлөргө респиратор, хирургиялык беткап, мээлей баштаган коргоочу каражаттарды экспорттоого тыюу салынат. Трамп бул каражаттар Кошмо Штаттардын өзүнө керек экенин белгиледи. Читать дальше...

Өкмөт башчы Ошко аскердик учак менен барды 

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарына барды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев кабарлады. Анын айтымында, өкмөт башчы Ош, Жалал-Абад аймактарындагы санитардык-карантиндик постторду, азык-түлүк сактаган кампаларды кыдырат жана жазгы талаа иштери менен таанышат. Абылгазиев Ошко гуманитардык жана медициналык каражат жүктөлгөн аскердик учак менен барды. (TSh)

Спорт в России и мире
Москва

Личка — о самой дорогой покупке в Москве: два дня назад решил купить самокат за 60 тысяч рублей


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Касаткина проиграла Путинцевой и не смогла выйти в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Столичный транспорт стал удобнее и экологичнее





Путин в России и мире
Москва

Президент России Владимир Путин подтвердил проведение XVI Международного военно-музыкального фестиваля «Спасская башня»


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил о желании построить в Белоруссии вторую АЭС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Генсек НАТО прибыл в Киев: главные заявления Столтенберга и Зеленского


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Вольфганг Амадей Моцарт

Моцарт в рок-формате: ставропольские музыканты представили свою версию известного мюзикла



Москва

Преподаватель из Пскова приняла участие в финале Большой игры имени Льва Выготского в Москве

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net