"COVID-19 апыртмаларды да мутация кылды"
Жугуштуу COVID-19 оорусун жайылткан SARS-Cov-2 таажы вирусу ар тараптан кенен-кесир изилдене элек, эмнеликтен дегенде айры буттуу адам баласы анын бардыгын бир нече ай илгери эле билди.
Жугуштуу COVID-19 оорусун жайылткан SARS-Cov-2 таажы вирусу ар тараптан кенен-кесир изилдене элек, эмнеликтен дегенде айры буттуу адам баласы анын бардыгын бир нече ай илгери эле билди.
Орусиянын Иркутск облусундагы түрмөлөрдүн биринде болгон тополоңдо камактагылардын бири каза болгонун жергиликтүү бийлик билдирди. Көз карандысыз маалымат агенттиги Ангарск шаарындагы №15 түрмөдө болгон окуяда 300дөн ашуун адам жараат алганын кабарлады. Укук коргоочулардын айтымында, козголоңдун тутанышына күзөтчүлөрдүн бири жазасын өтөп жаткан адамды сабап койгону түрткү болгон. Жабык жайдын кызматкерлеринин такай кайталанып келген мындай кадамдарына каршылык билдирүү максатында камактагылар өз өмүрлөрүнө кол салууга аракет кылышкан. Читать дальше...
Грузияда көз жоосун алган жоогазындар дарыгерлер менен коронавируска чалдыккан бейтаптарга тартууланды. “Азаттык” радиосунун грузин кызматы чукул кырдаалдан улам базарлар жабылып, Како аке өз колу менен өстүргөн жоогазындарын кантип сатам деп санаа тартып турганын баяндаган видео жарыялаган. Мындан соң социалдык медиада атайын өнөктүк башталган.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн чечими менен 80 миңден ашуун муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүү үчүн азык-түлүк топтому чогултулуп, 10 миң тонна ун бөлүнгөнүн билдирди. Мындан тышкары Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тегерегинде каттоосуз жашаган, пенсия жана жөлөк пул албагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 600 тонна ун жана 35 тонна кумшекер бөлүү чечими кабыл алынган. Өкмөттүн аппаратынын маалыматы боюнча, ушундай эле иштер Кара-Суу, Сузак жана Ноокат райондорунда жүргүзүлүп жатат. Читать дальше...
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус жуккандар менен байланышта болгон акыркы адамды аныктамайынча, карантинди токтотконго болбой турганын билдирди. Бул тууралуу ал 11-апрелде республикалык штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Өкмөт башчы адамдар ортосундагы байланышты минималдаштыруу – коронавирус инфекциясынын кеңири жайылышына каршы туруунун эң натыйжалуу ыкмасы экенин белгиледи. «Тесттердин бардыгынын анализдери чыгып, алардын байланыштары боюнча акыркы киши такталмайынча... Читать дальше...
“Эркин Европа/Азаттык радиосу” Кыргызстандын бийлигин мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун 10-апрелде жарыяланган видеодо «Азаттыктын» кызматкери Али Токтакунов тууралуу айткандары боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырды. «"Эркин Европа/Азаттык» радиосу өз журналисттерине жасалган кандай гана болбосун коркунучка олуттуу карайт. Биздин иликтөөгө жооп катары жасалган Раимбек Матраимов жана анын өнөктөштөрүнүн жалган жалааларын жана коркутууларын сындайбыз. Мен Кыргызстандын бийлигин бул маселеге олуттуу карап... Читать дальше...
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева эл аралык финансы уюмдарынан каражат кандай шартта, кайсы тармактарга алынып жатканы тууралуу маалымат берди. Жээнбаева 11-апрелде өткөн брифингде пандемияга байланыштуу Кыргызстанда дээрлик бардык бизнес өз ишин убактылуу токтотконун айтып, бул республикалык бюджетти аткарууга олуттуу таасирин тийгизип жатканын билдирди. Министрликтин алдын ала божомолу боюнча быйыл бюджеттин киреше бөлүгү 30 миллиард сомго чейин толбой калышы мүмкүн. COVID-19 вирусуна каршы... Читать дальше...
Шевченко 25-апрелдеги UFC турниринде америкалык Синтия Калвилло менен күч сынашмак. Спортчу кыздардын кармашы белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Түркмөнстанда бир аз убакытка токтоп калган футбол таймаштары 19-апрелде улантылат жана аларга күйөрмандардын катышуусуна уруксат берилет. 24-мартта Борбор Азиянын сегиз командасынан турган профессионалдык лигасы COVID-19 илдетине байланыштуу сезонду токтоткон. Бул авторитардык мамлекетте коронавирус жуктурган бир да адам каттала элек. Бийлик «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазып, айтууга тымызын тыюу салганы кабарланган. Пандемия тууралуу коомдук жайларда сөз кылган адамдарды тартип... Читать дальше...
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси коронавируска каршы иштерге тартылган мамлекеттик кызматкерлер менен ыктыярчыларга 100 миң доллар бөлүп берет. Республикалык штаб ал акчага бир жолку медициналык комбинезондор, N95 респиратордук беткаптар, мээлей, коргоочу көз айнектер, термометрлер жана башка биринчи зарыл болгон каражаттар сатылып алынарын кабарлады. 11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 41 адамдан табылды. Ошентип, республика... Читать дальше...
Өлкөнүн айрым аймактарында киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шартында энергетикалык компанияларга карызы бар абоненттердин электр жарыгын өчүрбөө жана ысык суунун берилишин токтотпоо тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты билдирди. Маалыматка караганда, 9-апрелде калың түшкөн кардан, шамалдан дарак жана устундар кулап, электр өткөрүүчү линиялары үзүлгөн. Анын натыйжасында Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында 40 авариялык өчүүлөр болгон. Ушу... Читать дальше...
12-апрелде күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда да кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21; Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16; Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13... Читать дальше...
Өлкөдө карантинге байланыштуу театр жана музейлер жабылган. Бирок үйдө отуруп эле спектакль көрүп, музейдеги көргөзмөлөргө баш бага аласыз.
Кошмо Штаттардын жана НАТОнун Ооганстандагы жогорку даражалуу кол башчысы Остин Миллер Дохада «Талибан» кыймылынын расмий өкүлдөрү менен жолугушуп, зордук-зомбулукту азайтууну талкуулады. АКШнын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Сонни Леггеттин айтымында Миллер талибдердин тандалма лидерлери менен 10-апрелдин кечинде кездешти. Ал эми талибдердин өкүлү Сухейл Шахин кыймыл америкалык күчтөрдү куралдуу кагылышуулар жүрбөгөн аймактарга чабуул койбоого чакырганын 11-апрелде айтты. «Талибан» жакында эле жарыялаган... Читать дальше...
Ошто өзгөчө абал киргизилгенден бери жасалма өткөрмө кагазды жасаган 10 факт катталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди. Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00 - 7:00 аралыгында көчөдө жөө адамдар да... Читать дальше...
25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул дыйкандарга тоскоол болбой койгон жок.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө беш жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Үч жарлыкка ылайык, Кыргызстандын жарандыгына 1338 адам кабыл алынды (анын ичинен 1031 — чоң адамдар жана 307 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Эки жарлык менен 900 адам (анын ичинен 690 — чоң адамдар жана 210 — балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды. (BTo)
Коронавирустун Кыргызстанга кирип келиши өлкөдө көптөн бери айтылып келген диний плюрализмдин аздыгын көрсөтүп койду.
«Алибаба» электрондук соода аянтчасынын түптөөчүсү, кытайлык миллиардер Жек Манын кайрымдуулук фондунун Кыргызстанга берген гуманитардык жардамы Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Ала-Бука жана Ноокат райондоруна жиберилди. ««Алибаба» корпорациясынан келген медициналык каражаттардын калганы - беткаптар, коргоо кийимдери, термометрлер гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча министрликте түзүлгөн комиссия аркылуу бөлүштүрөт. Алар кайсы жерде керек болсо ошол жерге берилет», - деди саламаттык... Читать дальше...
Ооган өкмөтү «Ислам мамлекети» радикал тобунун колго түшкөн лидерин Пакистанга өткөрүп берүүдөн 10-апрелде баш тартты. Расмий Кабул муну эки мамлекет ортосунда экстрадиция тууралуу макулдашуунун жоктугу менен түшүндүрдү. Бир күн мурда Исламабад ооган бийлигин аталган террордук топтун Ооганстандагы бөлүмүнүн башчысы Аслам Фарукини Пакистанга өткөрүп берүүгө чакырган. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Фаруки «Ооганстанда Пакистанга каршы ишмердүүлүк жүргүзгөн». Расмий маалыматтарга караганда... Читать дальше...
Коронавирус пандемиясы жайылгандан тарта дүйнөдө жана Кыргызстанда кризис качан аяктайт, экономикалык абал качан калыбына келет деген суроолор чыга баштады. Ушул теманын тегерегинде эл аралык адис Умар Шавуров маек курду. Умар Шавуров – ишкерликтеги атаандаштык, салык саясаты жана экономикалык маселелер боюнча талдоочу. Ал 2007-жылдан 2013-жылга чейин Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу штаб-квартирасында жана Колумбиядагы өкүлчүлүгүндө инвестициялык климатты, мамлекеттик башкарууну, салык саясатын реформалоо багыттарында иштеген. Читать дальше...
Легендарлуу «Битлз» тобунун "Hey Jude" ырынын колго жазылган тексти америкалык аукциондо 910 миң долларга сатылды. Пандемияга байланыштуу аукцион онлайн өткөрүлдү. Аталган ырдын сөзүн Пол Маккартни жазган. Быйыл «Битлз» тобунун расмий таркаганына 50 жыл болду. Аукциондо ошондой эле топтун 1964-жылы өткөн биринчи дүйнөлүк турнесинде колдонулган музыкалык аспаптар жана башка буюм-тайымдар сатылды. Британиянын Ливерпуль шаарынан чыккан «Битлз» тобу 1964-жылы негизделген. Легендарлуу топтун курамында Жонн Леннон... Читать дальше...
Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык 1-апрелде COVID-19 вирусу менен күрөшүү боюнча илимий эксперттик кеңеш түзүлдү.
Республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда стационарда коронавирус жуктурган 290 киши жатат. Алардын ичинен тогузунун абалы оор, бешөө реанимацияда. 11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 41 адамдан табылды. Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 339 кишиге жетти, каза болгондор - бешөө. COVID-19 вирусу жуккандардын 51 медицина кызматкерлери. Бардыгы болуп ушул күнгө чейин 44 бейтап айыгып чыкты. Жалал-Абад облусунда – 89, Ош облусунда – 116... Читать дальше...
COVID-19 вирусун жугузуп алган жана андан каза болгон медициналык кызматкерге компенсация атайын комиссиянын корутундусу менен төлөнөт. Бул тууралуу 11-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди. «Коронавирус жуккан дарыгерлерге азырынча компенсация төлөнө элек. Себеби, биз ар бир учур боюнча эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүп, комиссия сунуш бергенден кийин чечим кабыл алабыз», - деди Каратаев. 11-апрелге карата Кыргызстанда 51 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.