Республикалык штаб: COVID-19 жуккан бейтаптардын 48% айыкты
![Республикалык штаб: COVID-19 жуккан бейтаптардын 48% айыкты](https://gdb.rferl.org/26442FD3-FDFB-4423-9443-27AF61293C70_cx0_cy8_cw0_w800_h450.jpg)
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын жыйынында COVID-19 вирусу жуккан бейтаптардын 48% айыгып, ооруканадан чыгарылганы айтылды.
23-апрелге карата коронавирус 631 адамдан табылды. Стационарда 321 бейтап жатат, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Сегиз киши каза болду. 302 адам оорудан айыкты.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов штабдын жыйынында аймактарда обсервациялык жайлар кишилерди кабыл алууга даяр турушу керек экенин билдирди.
Андан тышкары http://med.tunduk.kg/ сайтына медицина кызматкерлеринен кайрылуулар келип жатканы, алар боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр жана тапшырмалар берилгени кабарланды. (BTo)