Тажик баш калаасында мугалимдин өлүмүнөн кийин окуучулар таратылды
Тажикстандын баш каалаасы Дүйшөмбүдөгү лицейлердин биринде дене тарбия мугалиминин өлүмүнөн кийин окуучулар таратылды. Мугалимдин кесиптештеринин «Азаттыктын» тажик кызматына билдиргени боюнча, Хуршед Каримов өпкө оорусунан каза болгон.
Лицейде 400дөн ашуун окуучу билим алат. Балдардын ата-энелерине лицей убактылуу жабылганы жана сабактар качан башталары тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.
Дүйшөмбүнүн саламаттык сактоо башкармалыгы тынчсызданууга негиз жок экенин, план боюнча №1 лицейде дезинфекция жүргүзүлөрүн гана маалымдады. Лицейдин мугалимдеринин бири Хуршед Каримов эки жума мурун пневмония белгилери менен ооруканага жаткырылганын билдирди.
Маркумдун туугандарынын биринин айтымында, Хуршед Каримовдун сөөгү жакындарына берилген эмес, аны хлорго чыланган кепин менен көмүшкөн.
Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус жуккандар жок экенин билдирип келет. Бирок соңку күндөрү бир нече киши пневмониядан улам өмүр менен кош айтышканы эл арасында шектенүүнү күчөттү.