Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 01.04.2020

Түркияда ишсиз калган мигранттар көбөйдү

Azattyk.org 

Дүйнөнү каптаган коронавирус илдетинин айынан Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын айрымдары жумушсуз калышты. Аба каттамдарынын жабылышы менен Кыргызстанга да кете албай, ара жолдо калган мигранттар өз жанын бакканга каражаттары тартыш экенин айтышууда.

"Кызыл Ай" муктаждарга кол сунду

Azattyk.org 

Кыргызстандын улуттук “Кызыл Ай” коому Бишкектеги жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө азык-түлүктүн айрым зарыл түрлөрүн таркатты. Жардам көп балалуу, майып жана жалгыз бой энелерге берилди.



1-апрель: Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы төрт учур катталды

Azattyk.org 

1-апрелдин саат 12:00нө карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы төрт учур катталды. Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди:  Жалал-Абад шаарында 1, Сузак районунда 1, Кара-Көл шаарында 1 жана Чүй облусунда 1 адам. Ошентип, бул илдетке чалдыккандардын саны 111 болду. Алардын 11и балдар. 18-31-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 107 болчу. Алардын үчөө айыгып чыккан. 25-марттан 15-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгочө абал жарыяланган. Читать дальше...

Жанарбек Акаев: Журналисттердин иштешине уруксат берилиши керек

Azattyk.org 

Өзгөчө абал шартында Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарынын журналисттерине иштөөгө уруксат берилбей жатат. Бул тууралуу парламенттин депутаты Жанарбек Акаев 1-апрелдеги жыйында билдирди. Анын айтымында, өкмөт, Бишкек шаарынын комендатурасы эркин, абройлуу жыйырмадай маалымат каражатынын бирөөнө да уруксат бере элек. «Эгер журналисттер ишенимдүү, такталган маалыматтарды берип турбаса калкыбыз ар түркүн фейк жаңылыктарга ишенип алат. Ошондуктан өкмөт мындай кырдаалда жарандарыбызга чындыктын жеткирилишине кызыкчылыгы болушу керек»... Читать дальше...

Жогорку Кеңешке премьер-министр чакырылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 1-апрелде өтүп жаткан кезксиз сессиясына премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев чакырылды. Депутаттар өкмөт башчыдан COVID-19 вирусуна каршы күрөштүн абалы тууралуу маалымат берүүнү сурап жатышат. Бул күнү Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгү иштен бошотулган вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин ордуна жаңы талапкерлерди да карайт. Бул тууралуу парламенттин кезексиз жыйынын күн тартибин тактоо учурунда төрага Дастанбек Жумабеков билдирди. Читать дальше...

Казакстан Кыргызстанга ун ташууну чектеди

Azattyk.org 

Казакстан Кыргызстанга ун ташуу жагынан чектөө койду. Бул тууралуу 1-апрелде парламентте сүйлөп жатып вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин казак тараптан ун чектөөсүз кирип жаткан, бирок 26-мартта казак өкмөтү убактылуу чектөө киргизилгенин билдирди. Айына 30 миң тонна өлчөмүндө квота аныкталды. «Чоң-Капка» өткөрмө бекетинде да Кыргызстанга ун ташып кирүүгө чектөө коюлду. Асрандиев буга байланыштуу кыргыз тарап Орусиядан 100 миң тонна буудай боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди. Читать дальше...



Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө

Azattyk.org 

Ушул сааттарда Жогорку Кеңештин кезексиз отуруму өтүп жатат. Анда эпидемиологиялык абалга байланыштуу насыя жана салык маселелерине байланыштуу маселелерди карашты.

Вице-премьер Өмүрбекова менен министр Чолпонбаев иштен алынды

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан бошотулду. Буга байланышкан жарлыкты президент Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде чыгарды. Жарлыкта аталган вице-премьер менен министр Конституциянын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык бошотулганы белгиленген. 31-мартта өткөн Коопсуздук кеңеши премьер-министрге айрым өкмөт мүчөлөрүнө... Читать дальше...

Сулайманов: Өзгөчө абалды узартууга болбойт

Azattyk.org 

Кыргызстанда 15-апрелден кийин өзгөчө абалды узартууга болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги жыйынында «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди. Анын айтымында, эгер өлкөдө өзгөчө абал узарып кетсе жарандардын жашоо-турмушуна, өлкө экономикасына абдан чоң зыян келет. «15-апрелге чейин тиешелүү органдар коронавирус жугузуп алган адамдарды текшерип, аларды карантинге алыш керек. Ал эми калган жарандардын эркин жүрүшүнө шарт түзүлүшү керек. Болбосо өлкөгө кыйын болуп калат», - деди Сулайманов. Читать дальше...

Ошто комендатура өкүлдөрү менен айтышкан аялга укуктук баа берилет (видео)

Azattyk.org 

Ош шаарында Курманжан-Датка көчөсү менен Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол тосуп турган милиция кызматкерлерине «күйөөм УКМКда иштейт» деп, жолдон өткөрүшүн талап кылган аялдын окуясы тергелип, укуктук баа берилет. Бул туурасында «Азаттыкка» Ош шаарынын жана Ош облусундагы Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борборунун кызматкери Замир Сыдыков билдирди. «Жарандын аты-жөнү жана машинесинин номерлери такталды. Бүгүн тергөө кызматына жеткирилет жана юридикалык баа берилет.  Тергөөчүлөр тарабынан чара көрүлөт. Читать дальше...

Жарандар чогулткан каражаттын бир бөлүгү дарыгерлерге берилет

Azattyk.org 

Коронавируска каршы чогултулган каражаттын бир бөлүгү дарыгерлерге кошумча акы катары төлөнөт. Мындай чечимди 31-мартта аталган  каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссия мүчөлөрү кабыл алышты. Маалыматка ылайык, 31-мартка карата аталган эсепке 69 миллион сомдон ашык каражат топтолгон. Анын 38, 5 миллион сому вирус табылган аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге которулду. Алар бул каражатты кошумча акы катары колдонмокчу. Өлкөдө коронавируска каршы депозиттик эсепке колунда бар адамдар, мамлекеттик жана... Читать дальше...

Ысык-Көл: Обсервация жайынын терезелери талкаланды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда жергиликтүү милиция коронавируска байланыштуу обсервацияга адамдар жаткырылган жайдагы окуяны териштирип жатат. 1-апрелге караган түнү райондун Ысык-Көл айылындагы (мурдагы Маяк) «Маяк» балдар лагерине белгисиз бирөөлөр келип, терезелерди талкалап кетишкен. Баштапкы маалыматка караганда, алар бул жерде обсервация болушуна каршы чыгышкан. Буга чейин ушул айылдын эли Байзак жана Түп айылдарынан райондук ооруканага жаткырылган эки дааватчынын үй-бүлөсүн киргизбей койгону айтылган. Читать дальше...

ИИМ: Коменданттык саат учурунда 147 адам кармалды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 1-апрелге караган түнү коменданттык саат эрежесин бузган 147 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Мындан тышкары 12 автоунаа атайын жайларга токтотулду.  Кармалгандарга милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эртең менен коё берди. Бишкекте 119, Ошто 2, Жалал-Абадда 10, Сузак районунда 8, Кара-Суу районунда 8 адам кармалды. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар болгон жок. Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын... Читать дальше...

Доллар дээрлик эки пайыз кымбаттады

Azattyk.org 

Кыргызстанда доллар бир күндө дээрлик эки пайызга кымбаттады. Улуттук банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 31-мартка карата доллар 80 сом 81 тыйын болсо, 1-апрелде 82 сом 20 тыйын болуп, курсу 1,72% жогорулады. Кыргызстанда акыркы үч жылдан бери 69 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар март айында кымбаттай баштады. Алгач 10-мартта үч сомго кымбаттаса, 20-мартта 85 сомго жетип, кайра арзандаган. Мындай көрүнүштү Улуттук банк дүйнөдө жана өнөктөш мамлекеттерде каржы рыногунда... Читать дальше...

Бишкек коменданты: Түнкүсүн көчөдө бир да адам болбошу керек

Azattyk.org 

Бишкек комендатурасы түнкүсүн көчөгө бир да адам чыкпагандай болушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу 1-апрелде борбор шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. «Күн сайын 100дөн кем эмес тартип бузуучулар кармалып жатат. Бул жакшы эмес. Биз бул көрсөткүчтү 0гө чейин азайтышыбыз керек. Жарандардын коопсуздугу ушундан көз каранды», - деди.  Орозалиев шаар тургундарын коменданттык саат эрежесин жана карантиндик-санитардык талаптарды бузбоого чакырды. Мыйзам бузуу үчүн тийиштүү чара көрүлөрүн эскертти. Читать дальше...


Музыкальные новости
Тимати

Надежда Стрелец резко высказалась о хейтерах, после того как мама Тимати раскритиковала ее интервью с Аленой Шишковой





Персональные новости
Оксана Фёдорова

Оксана Федорова представит премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова» на выставке-форуме «Россия»





Түптө бир айыл толук изоляцияга алынды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда жергиликтүү ыкчам штабдын чечими менен Ысык-Көл айылы (мурдагы Маяк) толугу бойдон изоляцияга алынды. Бул тууралуу 1-апрелде Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады. Ысык-Көл айылы Түп районунда жайгашкан. Ал жерде үй карантин эрежесин сактабаган сегиз адам милдеттүү түрдө обсервацияга алынды. Штабдын маалыматына караганда, алар чет өлкөлөрдөн (Орусия, Түркия) кайтып келген жана үй карантининин шарттарын бузган. 18-31-мартта Кыргызстанда коронавируска 107 адам чалдыкты, алардын үчөө айыгып кетти. Читать дальше...

Казакстанда 348 адам коронавируска кабылды

Azattyk.org 

1-апрель, таңкы саат 8:00деги маалыматка караганда, Казакстанда акыркы суткада дагы беш кишиден жугуштуу вирус табылды. Алардын ичинен бирөө Чымкенттин, калгандары Түркстан облусунун тургундары. Расмий маалыматтарга караганда, жалпы илдетке кабылгандар 348 кишиге жетти. 24 адам оорудан айыгып чыккан.  Былтыр декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирус илдети дүйнөнүн 160тан ашуун өлкөсүнө тарап, 37 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Ооруга 760 миңден ашуун адам чалдыккан.

Акыйкатчы: Журналисттерге аккредитация берилбегени укук чектөөгө жатпайт

Azattyk.org 

Акыйкатчы өзгөчө абал учурунда журналисттерге аккредитация берилбегени боюнча түшүндүрмө берди. Акыйкатчынын түшүндүрмөсүндө Баш мыйзамдын 20-беренесине ылайык, жарандардын укугу жана эркиндиги улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, элдин саламаттыгын сактоо жана башка адамдардын укугу менен эркиндигин коргоо максатында чектелүүгө мүмкүн экени айтылган. «Конституциянын «Өзгөчө абал» тууралуу мыйзамынын 17-беренесинин 9-пунктунда жазылгандай, аймактын коменданты чукул абал киргизилген жерге журналисттердин... Читать дальше...

Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына 1000 доллардан берилет

Azattyk.org 

Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына жана майыптарына 10 миллион сум ($ 1000) өлчөмүндө сый акы берилет. Тиешелүү токтомго президент Шавкат Мирзиёев кол койду. Документ Жеңиштин 75 жылдыгына карата согуштун катышуучуларын жана майыптарын материалдык жактан колдоо иретинде кабыл алынган. Былтыр Өзбекстанда согуш ардагерлерине 7,5 миллион ($750), 2018-жылы 5 миллион ($500), 2017-жылы 2 миллион сум ($200) берилген. Ушул тапта канча ардагер көзү тирүү экени расмий түрдө айтыла элек. Читать дальше...

Тажикстандагы мектептерде окуу 1-апрелде башталды

Azattyk.org 

Тажик бийлиги бардык орто мектептер коронавирустун жайылышына каршы дезинфекцияланганын билдирди. Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги жазгы каникул аяктаганын, 1-апрелде окуу башталарын маалымдады. Тажикстанда мектеп окуучулары жазгы каникулга 21-мартта таратылган. Он күн аралыгында мектептер эки сыйра дезинфекцияланган. Расмий маалыматтар боюнча Тажикстандагы 3800дөн ашуун мамлекеттик жана жеке окуу жайларында 2 миллиондой бала окуйт.  Тажикстан менен Түркмөнстанда расмий түрдө коронавирус илдети каттала элек.

38,5 млн. сом дарыгерлерге кошумча төлөнүп берилет

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөш эсебине түшкөн каражаттын бир бөлүгү медицина кызматкерлерине кошумча айлык акы катары төлөнүп берилет. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Маалыматта айтылгандай, мындай чечимди коронавируска каршы күрөшүү чараларына жумшалуучу акча каражаттарын бөлүштүрүү комиссиясы 31-мартта кабыл алды. 31-мартка карата депозиттик эсепке 61 239 736 сом түшкөн. Анын ичинен 38 559 307 сом илдеттин очогунда иштеп жаткан дарыгерлерге берилет. Өкмөттүн... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Тренер "Динамо" Личка о самой дорогой покупке в Москве: я купил себе самокат


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ирина Шиманович

Шиманович пробилась в ⅛ финала теннисного турнира в Сен-Мало


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Институт СТЭИ при поддержке Комитета общественных связей и молодежной политики города Москвы реализует проект "Вода Москвы"





Путин в России и мире
Москва

Президент России Владимир Путин подтвердил проведение XVI Международного военно-музыкального фестиваля «Спасская башня»


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Набей им морду, покажи им, что ты настоящий белорус». Лукашенко о поездке спортсменов на Олимпиаду




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Брановицкий

Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.



Москва

Российский лидер Владимир Путин ясно дал понять: время мигрантов прошло. И проблему дефицита кадров нужно решать иначе.

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net