Казакстанда 348 адам коронавируска кабылды
1-апрель, таңкы саат 8:00деги маалыматка караганда, Казакстанда акыркы суткада дагы беш кишиден жугуштуу вирус табылды. Алардын ичинен бирөө Чымкенттин, калгандары Түркстан облусунун тургундары.
Расмий маалыматтарга караганда, жалпы илдетке кабылгандар 348 кишиге жетти. 24 адам оорудан айыгып чыккан.
Былтыр декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирус илдети дүйнөнүн 160тан ашуун өлкөсүнө тарап, 37 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Ооруга 760 миңден ашуун адам чалдыккан.