Таажы вирусу тажаттыбы? Азил айтышалы...
“Күлкү кербен” түрмөгү быйылкы 1-апрелдеги чыгарылышын таажы вирусу тууралуу жаңы азилдерге арнайт.
“Күлкү кербен” түрмөгү быйылкы 1-апрелдеги чыгарылышын таажы вирусу тууралуу жаңы азилдерге арнайт.
Орусияда коронавируска чалдыккандардын саны бир күндө 27 пайызга көбөйдү. 31-мартта орус парламенти өкмөттүн өзгөчө кырдаал маалындагы ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзам долбоорун жактырды. Ошондой эле карантиндин эрежелерин бузгандар үчүн жазаны катаалдаштырды.
31-мартта жикчил, эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак аймагынын бийлиги коронавирус пандемиясына карабай президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрдү. Аймактын башчысынын кызматына 14 адам ат салышты. Улуттук жыйындагы 33 орун үчүн 12 партия талапкерлерин көрсөттү. Жалпысынан аймакта 282 добушкана ачылды, алардын бири Ереван шаарында жайгаштырылды. Европа Биримдиги 31-марттагы билдирүүсүндө карабактык лидерлерге шаркет алардын түзүмүн тааныбай турганын, соңку окуя жаңжалдарды чечүүнүн... Читать дальше...
Коронавируска байланыштуу кирген карантинден улам Бишкектин көчөлөрү бош калды. Машинелердин саны да азайды.
31-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 13 киши жаңыдан катталып, илдет жуккандардын жалпы саны 107 адамга жетти. Үч кишинин абалы оор. Бишкекте өзгөчө абал эрежелери күчөтүлүп, аны аткарбагандар айыпка жыгылмак болду.
Элдос Орозобеков Испанияда коронавируска кабылып, айыгып чыккан кыргызстандык студент. Ал EU Business Schoolда экинчи курста окуйт. Орозобеков «Азаттыкка» курган маегинде оорунун алгачкы белгилери жана кантип дарыланганы тууралуу айтып берди.
Түркмөнстанда бийликтин көрсөтмөсү менен «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазып, айтууга тымызын тыюу салынды. Ага ылайык, бардык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары бул сөздү пайдаланбай калды. Ошондой эле ооруканаларга жана мектептерге таратылып жаткан медициналык маалымдамаларда да «коронавирус» деген сөз жок. «Азаттыктын» түркмөн кызматы көчөдө коронавирусту кеп кылгандар кармалышы ыктымал экенин, себеби укук коргоо органдарынын кызматкерлери формасы жок эле эл аралап, кыдыра баштаганын жазды. Читать дальше...
Италияда өпкөнү сезгенткен вирустун айынан мерт болгон миңдеген жарандарга байланыштуу 31-мартта аза күтүү күнү жарыяланды. Өлкө боюнча мамлекеттик туулардын баары түшүрүлүп, шаарларда бир мүнөт унчукпай эскерүү акциясы өттү. Италия короновирустан көз жумган адамдардын саны боюнча биринчи орунга чыкты. Акыркы бир күн ичинде оору 800дөн ашык кишинин өмүрүн кыйды жана дүйнөдөн кайткандардын саны 11,5 миңден ашты. Анткен менен өлкө бийлиги соңку күндөрү оору жугузуп алгандар азайып баратканын билдирди. Читать дальше...
31-мартта Тоолуу Карабак аймагында президенттик жана парламенттик шайлоо болду. Аймактын башчысынын кызматына 14 адам ат салышты. Улуттук жыйналыштагы 33 орун үчүн 12 партия талапкерлерин көрсөттү. Жалпысынан аймакта 282 добушкана ачылды, алардын бири Ереван шаарында жайгаштырылды. Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча, шайлоочулардын саны 100 миңден ашат. Тоолуу Карабакта жалпысынан 150 миңдей адам жашайт. Буга чейин бир катар талапкерлер, журналисттер жана байкоочулар коронавирус коркунучунан... Читать дальше...
Кыргызстанда 31-мартка карата коронавируска чалдыккандардын саны 107ге жетти. COVID-19 вирусу Кытайда басаңдап, АКШда тез тарап жатат. Казакстанда экинчи бейтап жаңы вирустан коз жумду.
Жакынкы күндөрү 1-11-класстар үчүн министрликтин “Санариптик окутуу” боюнча билим берүү порталы ишке кирет. Бул порталга окуу материалдары, атайын тесттер жүктөлөт. Жыйынтыктоочу экзамендерди мектепке келбестен тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Окуучулар билим алууда “Google classroom”, “Telegram”, “WhatsApp” мессенжерлерин да колдонушат.
"Сөз дайра" берүүсүнүн бул чыгарылышында жай, жаз деген сөздөрдүн бир нече маанисин чечмелейбиз.
Кыргызстанда коронавирусту массалык түрдө текшериш үчүн атайын лаборатория иштей баштайт. Бул тууралуу демилгени ишке ашырып жаткандар «Азаттыкка» кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоор ишкерлер менен меценаттардын каражаттары аркылуу ишке ашат. Долбоорду Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги чогуу жүргүзөт. Анын алкагында жакынкы күндөрү «Бонецкий» диагностикалык лабораториясында коронавирус текшериле баштайт. Буга керектүү жабдыктар... Читать дальше...
Кытайдын Ухань шаары кадимки турмушка кайтып жаткан кези. 11 миллион калктуу шаарда поезд жүрүп, эки айдай өкүм сүргөн катаал эрежелер алына баштады. АКШ COVID-19 вирусу эң көп тараган өлкөлөрдүн сап башына чыкты.
Англия, Франция жана Германия АКШнын санкциясын кыйгап өткөн ыкманы алгачкы ирет колдонуп, Иранга дары-дармек жөнөттү. Германиянын Тышкы иштер министрлиги 31-мартта аталган үч өлкө INSTEX (Instrument in Support of Trade Exchanges) төлөм ыкмасын колдонгонун маалымдады. INSTEX системасын Париж, Берлин жана Лондон былтыр жыл башында түзгөн жана башында Иран элин колдош үчүн гуманитардык багытта пайдаланары айтылган. АКШ бул системага караманча каршы болуп келет. Бул система АКШнын Иранга каршы санкциясын кыйгап өтүп... Читать дальше...
14-мартта Казакстан чек арасын жапкандыктан, Орусиядан Кыргызстанга автоунаа менен кетүүгө да болбойт. Ушул тапта Оренбург облусунда «Сагарчин» бекетинде жана Соль-Илецк шаарында ондогон кыргыз жарандарытурат. Оренбургдагы Кыргызстандын ардактуу консулу Жандар уулу Таалайбектин кыргыз бийлигине кайрылуусу.
Өкмөттүн Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча COVID-19 вирусу 31-мартта аныкталган үч адам бир үй-бүлө мүчөлөрү болуп чыкты. Нарын облусунда аталган илдет биринчи жолу 29-мартта Пакистанга дааватка барып келген бир кишиден аныкталган. Акыркы аныкталган үчөө биринчи катталган адамдын аялы жана уул-келини болуп чыкты. Бул адамдар менен байланышта болгон дагы 120дай киши ушул тапта обсервацияда жатат. 31-мартта Кыргызстанда жаңы коронавирус жугузгандардын саны 107 болду. Кыргызстанда 18-марттан баштап өзгөчө кырдаал... Читать дальше...
Президент коронавирустун алдын алуудагы кемчиликтери үчүн республикалык штаб менен Саламаттык сактоо министрлигинин ишин сынга алды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 31-мартта өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын көбөйүп жатышы алдын алуу иштеринин жетишсиз болгонунун жыйынтыгы экенин белгилеген. Президент Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине кайрылып, коронавирус... Читать дальше...
Коронавируска байланыштуу карантин киргизилген Европанын бир катар шаарларында аба тазарып жатканын жандоочтон тартылган жаңы сүрөттөр айгинеледи. Европадагы коомдук саламаттык альянсы бул сүрөттөрдү талдап, дүйшөмбү күнү жыйынтыгын жарыялады. Илимпоздор 5-марттан 25-мартка чейинки 20 күн ичинде тартылган сүрөттөрдү былтыркы жылдын ушул маалына салыштырышкан. Анын натыйжасында ылайык, Брюссел, Париж, Мадрид, Милан жана Франкфурт шаарларында азот диоксидинин абадагы көлөмү кыйла азая түшкөн.... Читать дальше...
Бишкек шаары баш болгон үч шаарда жана үч райондо 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Буга байланыштуу көчөдө жүрүүгө болбойт. Ага карабастан айрым адамдар үй-бүлөсүнө күнүмдүк азык-түлүккө каражат табуу үчүн иш издегенге аргасыз. Андай адамдардын кээ бири Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жалданып иштегендер турган жерге чыгып жатат. 31-мартта “Азаттык” радиосунун кабарчысы ал жерде тургандар менен маектешти. Өзгөчө абалга чейин ал жерде жумуш издеген ондогон адамдар турса, азыр саналуу гана адамдар келип жатыптыр.
Кыргызстанда коронавирус жуккан балдардын көбөйүп жатканы медицина кызматкерлерин тынчсыздандырууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Анын айтымында, 31-мартка карата бул илдетке чалдыккан 107 бейтаптын арасынан 15 жашка чыга электери 11 бала. Алардын экөө бирге толо элек ымыркай. Мамбетов мындай жагдайдын түзүлүшүнө үй карантинине алынган бейтаптар эрежени сактабай жатканы себеп болуп жатканын билдирди... Читать дальше...
Коронавируска каршы күрөш үчүн топтолуп жаткан акчаны бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамына парламенттен үч, өкмөттөн жети, президенттик администрациядан бир жана өкмөттүк эмес уюмдардан эки өкүл кирди. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева “Фейсбуктагы” жеке баракчасына жазып, “Эң башкысы – ачыктык, мониторинг жана адилеттүүлүк!” деп белгиледи. Комиссияны өкмөттүн аппарат башчысы Самат Кылжыев жетектейт. Жарандык коомдон мүчөлөр: "Балдардын укугун коргоочулар... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттары 1-апрелде кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлады. Азырынча кезексиз жыйындын күн тартиби белгисиз. 31-мартта парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү кезексиз жыйын өткөрүштү. Анын жүрүшүндө Салык кодексине киргизилчү өзгөртүүлөр, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Инновациялык иш жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму... Читать дальше...
Ысык-Көл районундагы Бает айылынын тургуну Толгонай Алмазбекова футбол боюнча облустун жана Кыргызстандын курама командасында ойнойт. Ал келечекте машыктыруучу болуп, эки сиңдисин да футболчу кылгысы келет.
Орусияда Мамлекеттик Дума 31-мартта карантин режимин бузгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, коронавирус тууралуу атайлап жалган маалымат тараткандарды жазалоо жоболору камтылган мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Ага ылайык, маселен карантинди бузган кишинин кесепетинен адамдар каза боло турган болсо ал жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Андан сырткары өпкөнү сезгенткен илдет тууралуу жалган маалымат тараткандар беш жылга чейин камалышы ыктымал. Мунун алдында орус... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.