Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2019

Новости за 12.04.2019

Небензя: Орусия жана Ирандан башка чет өлкөлүк күчтөр Сириядан чыгышы керек

Ca-irnews.com (kg) 

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Дамасктын өтүнүчү менен Сирияда жүргөн Орусия жана Ирандын күчтөрүнөн башка мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк күчтөр бул аймактан чыгып кетиши керек деп билдирди.

Мэрия Бабановдун тарапкерлерине Горький гүлбагын сунуш кылууда

Azattyk.org 

13-апрелде Бишкектеги Эски аянтта өкмөт башчынын катышуусу менен Саламаттык сактоо министрлигинин чоң иш-чарасы өтөт. Ошондуктан мэрия Бабановдун тарапкерлерине ал күнү аянтта митинг өткөрүүгө уруксат бере албайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди: - Мэрия тынч митинг өткөрүүгө тыюу салбайт. Бирок бизге Саламаттык сактоо министрлиги 27-мартта эле кат менен кайрылып, 13-апрелде Эски аянтта иш-чара өтөрү тууралуу кабар берген. Биз эки иш-чараны бир жерге өткөрүүгө уруксат бере албайбыз. Читать дальше...

ИИМ: Уюшма кылмыштуу топтор болгон жана боло берет

Azattyk.org 

Уюшма кылмыштуу топтордун мыйзамга каршы иш жасап, бирок эркиндикте жүргөн бир да мүчөсү жок. Бул тууралуу бүгүн парламентте ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди. Ал депутат Ирина Карамушкинанын суроосуна жооп берип жатып: - Уюшма кылмыштуу топтор ар дайым болуп келген жана боло берет. Андайлар бардык мамлекетте бар. Биз алар боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Мындай топтордун кылмыш кылган бардык мүчөлөрү мыйзамга ылайык жоопко тартылышат. Кылмыш кылып, «отурбай» жүргөндөрдүн эч болбогондо бирин атап бериңизчи? Читать дальше...



Жылына 600 млн. долларлык айыл чарба азыгы сырттан ташылууда

Azattyk.org 

Кыргызстан айыл чарба өндүрүмүн сырттан бир жылда 600 миллион долларга сатып алып жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушу тапта Жогорку Кеңеште башкаруучу коалициянын жыйынында былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берип жатып билдирди. Ал эми экспортко айыл чарба азыктары, өкмөт башчынын айтымында, бир жылда 200 миллион долларга жетпеген көлөмдө жөнөтүлүүдө. Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. Кыргызстан айыл чарба өндүрүмүн... Читать дальше...

Баткендеги «Салам» радиосуна 18 жыл болду

Azattyk.org 

Баткен облусундагы жергиликтүү «Салам» радиосу 2001-жылы 12-апрелде обого чыккан. Радионун 18 жылдыгына карата бүгүн «Ачык эшик» күнү өтүп жатат. Каалоочулардын баары радиого келип, анын иши, эфирге чыгуунун тартиби менен таанышып, кызыктырган суроолоруна жооп алып кетсе болот. Бул тууралуу «Салам Медианын» жетекчиси Улукбү Амирова «Азаттыкка» билдирди. Амирова - аталган радио обого чыккан күндөн тартып  иштеп келе жаткан журналист. «Салам» радиосу 2018-жылдан бери «Салам Медиа» деген аталыш... Читать дальше...

«Акнеттен» чуулуу видео чубалып чыкты

Azattyk.org 

Социалдык тармактарда «Акнет» компаниясынын кайсы бир үлүшүнө ээлик кылууга байланыштуу эки адамдын кер-мур айтышып жатканы жөнүндө видеотасма тарады.

Энергетиктердин насыя боюнча карызы 102 миллиард сомго жетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга алган насыялар боюнча карызы бүгүнкү күндө 102 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушу тапта Жогорку Кеңеште башкаруучу коалициянын жыйынында былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берип жатып билдирди. Өкмөт башчынын белгилешинче, “Бул мамлекеттик бюджеттин дээрлик жарымынан көп”. - Быйыл биз бул карыздын 4,6 миллиард сомун төлөшүбүз керек. Ал эми карыз төлөөнүн чокусу бул тармак боюнча 2025-жылы 10 млрд 300 млн сомго чыгат. Читать дальше...



Ошто үчүнчү кабаттан бой таштаган студент кыз аман калды

Azattyk.org 

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, окуя 11-апрелде саат 20:30 чамасында болгон.   - Кыз шаардын түштүк-чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринен боюн таштаган. Алгачкы медициналык экспертиза анын акыреги сынып калганын билдирди. Азыр шаардык оорукананын травматология бөлүмүндө саламаттыгына кошумча диагностика жүргүзүлүп жатат. Абалы жакшы, өмүрүнө коркунуч жок, - деди ал.   Сыдыковдун айтуусунда, милиция кызматкерлери  кыздын бой ташташына эмне себеп болгонун иликтеп жатат. Читать дальше...

Ассанж акыры кармалды

Azattyk.org 

2012-жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде башкалкалап келаткан Жулиан Ассанж 11-апрелде кармалды. Элчи өзү полицияны чакырып, алып кетүүгө шарт түзгөнү кабарланат. "Викиликстин" негиздөөчүсүн кармоого Британия, өзгөчө Кошмо Штаттар кызыкдар болуп келген эле.

Өкмөт: Былтыр олуттуу сыноолордун жылы болду

Azattyk.org 

2018-жыл Кыргызстандын өкмөтү үчүн олуттуу сыноолордун жылы болду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушу тапта Жогорку Кеңеште башкаруучу коалициянын жыйынында былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берип жатып билдирди. “Биринчи күндөн тартып биз бардык мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкын болушуна умтулдук. Элдин көйгөйлөрүн ыкчам чечүү үчүн болгон аракеттерди жасадык” деди өкмөт башчысы. Премьер-министр ошондой эле “Жыл ичинде ар түрдүү рангдагы жоопкерчиликсиз жетекчилерден арылдык” деп билдирди. Читать дальше...

Казакстан: БШК президенттик шайлоого 12 млрд. теңге сурады

Azattyk.org 

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү үчүн 12 миллиард теңге (30 миллион доллардан ашык) сурады. Бул тууралуу өлкөнүн финансы министринин орун басары Берик Шолпанкулов Сенаттын 11-апрелдеги жыйынында билдирди. «Бүгүн БШК шайлоо өткөрүүгө 12 миллиард теңге бөлүп берүүнү өтүндү. Азыр талдоо жүргүзүп, болжолдуу чыгымдарды эсептеп жатабыз. Жыйынтыгында бул сумма азайышы да мүмкүн», – деди Берик Шолпанкулов. Анын айтымында, суралган сумманын 70 пайызы... Читать дальше...

Израилдин «Берешити» Айга конордо кулады

Azattyk.org 

Дүйнөдө биринчи жолу жеке акчага жасалып, Айга учурулган аппарат кыймылдаткычтагы кемчиликтен улам кулап калды. Израилдин алгачкы «Берешит» аппараты 22-февралда учурулган. Бул Айга конгон эң кичинекей аппарат. Анын көлөмү кир жуучу машинеден бир аз эле чоңураак. Салмагы 600 килограмм. Бортунда Торанын көчүрмөсү болгон. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул жагдайга комментарий берип жатып Израил Айга дагы аппарат жөнөтүүгө аракет кыларын айтты. «Эгер биринчи жолу болбой калса, дагы аракет кылыш керек» деди ал. Читать дальше...

Жуунчу каражаттарды да тандай билели

Azattyk.org 

Кыргызстанда табигый тамак-аш жана жуунуучу каражаттарды таркаткан «EcoLife» кыймылынын негиздөөчүсү Сейнел Каимова «Сергек жашоо» түрмөгүнө маек куруп, туура шампунь, самын заттарын тандоонун сырлары менен бөлүштү.

КСДПнын мүчөсү Финполицияга чакыртылды

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына (Финпол) чакырылганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Финпол ага карата эки негизде кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча Кылычевдин юристи, орун басары болуп төрт киши 11-апрелде сурак берип келди. Кылычевдин белгилешинче, кылмыш иши анын мурда иштеп турган учуруна байланыштуу козголгон. - Бул саясий буюртма менен болуп жатат. Мен ушул... Читать дальше...

Юстиция министрлиги референдум боюнча мыйзам долбоорун каттады

Azattyk.org 

Юстиция министрлиги "Мекенчил күчтөр" кыймылы иштеп чыккан "Референдум өткөрүү жөнүндө" мыйзам долбоорун каттоого алды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна курултайдын чечимдерин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Бусурманкулов билдирди. - Биз Юстиция министрлигинен күбөлүк алдык. Эми мыйзамда көрсөтүлгөн убактылар менен кол топтоону баштайбыз. Мыйзам боюнча 10 миң кол топтолгон соң референдум дайындоо үчүн мыйзам долбоор Жогорку Кеңешке тапшырылат. Кыргызстандагы "Коомдук-саясий... Читать дальше...

Министрди ташыган кымбат машина аймактарды кыдырууда

Azattyk.org 

Саламаттыкты сактоо министри айдатып жүргөн кымбат автоунаа “Жыйынтыктын негизинде каржылоо” долбоорун ишке ашыруунун негизинде аймактарды кыдырууга пайдаланылып жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна долбоордун жетекчиси Клара Өскөнбаева билдирди. Анын айтымында, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ишин жакшыртуу максатында эксперттер дээрлик бардык облустарды кыдырып келишти. - Мурда эскирген Нива менен жүрүп, бузулуп, жолдо калып адистерибиз барбайбыз деп ыйлачу. Азыр кичине жакшы. Быйыл жыл... Читать дальше...

Балдардын “Тил жана маданият” фестивалы өтөт

Azattyk.org 

Бишкекте, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында “Тил жана маданият” деген аталыштагы эл аралык фестиваль өтөт. Анда 14 өлкөнүн маданияты сахналаштырылып көрсөтүлүп, өлкөлөр парады жана көргөзмө менен коштолот. Ар бир өлкөнүн өкүлү өз эне тилинде ырдап, бийин тартуулайт. Бул фестивалды эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси жана эл аралык "Кембриж" мектеби уюштурууда. (КЕ)


Музыкальные новости
Юрий Шатунов

Жителей и гостей Люберец 25 мая приглашают в парк на концерт памяти Ю. Шатунова





Персональные новости
Культура

Культура отмене не подлежит





Зеленскийди автоунаа сүзүп кеткен видео боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Украинанын полициясы жүк ташуучу унаа президенттикке талапкер Владимир Зеленскийди сүзүп кеткени тууралуу видеотасманын жайылтылышы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу "Настоящее время" телеканалы кабарлады. Маалыматка караганда, кылмыш иши «Мамлекеттик же коомдук ишмерге карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү» беренесинин негизинде козголду. Тасмада Владимир Зеленский топтолгон адамдардын алдында басып келатканда жүк унаасы сүзүп кетет. Андан соң ак түстөгү күлмайда жана оролгон доллар көрсөтүлүп... Читать дальше...

БУУ: Триполиде бери дегенде 56 киши каза болду

Azattyk.org 

Триполинин чет жакасындагы салгылаштардан алты күн ичинде эле бери дегенде 56 киши каза болуп, жүздөгөн адам жараат алды. Миңдейи үй-жайын таштап, бул райондон чыгып кетишти. Бириккен Улуттар Уюму 11-апрелде “өлкө абдан кооптуу абалда” турганын эскертти. БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш Ливиядагы жаатташкан тараптарды сабырдуулукка, чыңалууну басаңдатууга үндөп, “Азыр да кеч эмес” деп аскерий аракеттерди токтотууга чакырды. “Ок атууну, Триполи үчүн кандуу согушту токтотууга убакыт келип жетти”, - деди ал. Читать дальше...

Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн отчетун угат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн өткөн жылдагы иши тууралуу отчетун угат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.  Жогорку Кеңештин 20-марттагы отурумунда азыркы өкмөттүн курамына ишенбестик көрсөтүү боюнча демилге көтөрүлгөн. Эл өкүлдөрү 2018-жылды жыйынтыктаганда да бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбаганын, 6 млрд. сомдон ашуун акча чогулбай калганын сынга алышкан. Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. Читать дальше...

Экс-депутат Асылбек уулуна өкүм келерки аптада чыгышы мүмкүн

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарынын райондук сотунда аткезчиликке байланыштуу айыпталган мурдагы кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулуна карата соттун өкүмү келерки аптада чыгышы күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” эл өкүлү, ЖКдагы “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Руслан Чойбеков кабарлады. Анын айтымында, буга чейинки отурумдарда жарыш сөзгө орун берилип, айыпталып жаткандар акыркы сөзүн айтышкан. Прокурор соттон Асылбек уулун экономикалык аткезчилик үчүн айыптуу деп таап, аны мүлкүнөн ажыратып, 12... Читать дальше...

ИИМ: Чыңгыз Жумагулов кармалды

Azattyk.org 

Эки кишинин өлүмү үчүн шектелип жаткан, кылмыш дүйнөсүндө “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал болгон 38 жаштагы Чыңгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова билдирди. Маалыматка караганда, ИИМдин криминалдык милиция кызматы жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам издөө аракеттеринин натыйжасында ал борбор калаанын Исанов көчөсүнөн кармалган. Сурак берген соң, убактылуу кармоочу жайга киргизилери айтылды. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Чья компания сильнее всех?


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Дарья Касаткина

Касаткина, Андреева и Кудерметова — в тройке лидеров в борьбе за звание лучшей теннисистки


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Санкт-Петербург не смог обойти Москву в рейтинге жизни населения





Путин в России и мире
Москва

Кадыров встретился с Путиным в Москве и пригласил его в Чечню


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский объяснил, почему не хочет приглашать РФ на «саммит мира»


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Тариф – Концерт. Провести свой Концерт.



Москва

PizzaHut 5.2.8

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net