Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2019

Новости за 18.04.2019

Украинанын эң бай, Орусиянын эң кооз айылдары

Azattyk.org 

Жүздөгөн ишкер, ондогон хансарайлар. Украинадагы Волока айылынын сыры жана ийгилиги эмнеде? Ал эми Орусиядагы эң кооз кыштактын ийгилиги эмгекчил жана шатыра шатман элиндеби? "Азаттыктын" "Биз жана дүйнө" берүүсүндө тың турмуш өткөрүп аткан Орусия менен Украинадагы эки айыл тууралуу айтып беребиз.

Барр: Трамптын штабынын Кремль менен байланышы далилденген жок

Azattyk.org 

18-апрелде Конгресске жана коомго атайын прокурор Роберт Мюллердин отчетунун редакцияланган версиясын жарыялоо алдында маалымат жыйыны өттү. Анда Кошмо Штаттардын башкы прокурору Уильям Барр Мюллер жүргүзгөн иликтөөдө 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого Орусиянын кийлишкенге аракет кылганы, буга далилдер бары айтылды.  Ошол эле кезде Барр иликтөөнүн алкагында президент Дональд Трамптын жана анын шайлоо штабынын мүчөлөрүнүн орустар менен байланышта болгону ырасталбаганын билдирди. "Эки жылга созулган иликтөө... Читать дальше...

Тендер чыры: IT адистери бийликке нааразы

Azattyk.org 

Айрым IT адистер Кыргызстандагы санариптештирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин айтып чыгышты. Муну Мамлекеттик каттоо кызматынын үч жетекчисинин камалышына байланыштырып, мындай окуялардан кийин дасыккан адистер мамлекеттик кызматка иштөөдөн баш тартышарын эскертишүүдө.



Украина: Зеленский Порошенкодон озду

Azattyk.org 

Украинада президенттикке талапкерлердин рейтинги тууралуу жүргүзүлгөн жаңы сурамжылоо саясий тажрыйбасы жок актер Владимир Зеленский учурдагы өлкө башчы Петро Порошенкодон озуп чыкканын көрсөттү.

Ким Чен Ын апрелдин аягында Орусияга келет

Azattyk.org 

Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын Орусияга сапар менен келе турганын Кремль 18-апрелде расмий кабарлады. Орус президентинин сайтындагы маалыматка караганда, Ким Чен Ын орус президенти Владимир Путиндин жеке чакыруусу менен өлкөгө апрель айынын экинчи жарымында келет. Эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу кайсы күнү жана кайда өтө турганы так айтылган жок. Путин кийинки аптада Кытайга барып, 26-27-апрелде Бээжинде “Бир кур - бир жол” форумуна катышат. Анда ондогон өлкөлөрдүн лидерлери келип... Читать дальше...

Түндүк Кореянын жаңы жүрүшү

Azattyk.org 

Пхеньян жаңы куралын сынаганын жарыялады. Бирок кандай курал сыноодон өткөнүн так билдирген жок. Бул жарыяны улай Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусияга бара турганы ырасталды.

КСДПнын тизгини талашка түштү

Azattyk.org 

Ошентип Юстиция министрлиги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери катары Сагынбек Абдрахмановду каттады. Буга чейин «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеп келген саясатчы бул партиянын курултайынын чечими менен ишке ашканын билдирди.

КСДПда кош лидер пайда болду

Azattyk.org 

Юстиция министрлиги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери катары Сагынбек Абдрахмановду каттады. Экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган партиянын катчылыгы болсо муну рейдерлик деп атоодо.



Украинада табылган кыргыз паспорту

Azattyk.org 

Пхеньян жаңы куралын сынаганын жарыялады. Украинада террордук чабуул уюштурууга шектелип кармалгандардын экөөнөн кыргыз паспорттору табылды. Орусияда полиция кызматкеринин өлүмүнө шек саналып жаткан кыргызстандык Нурлан Муратовдун күнөөсүн тастыктаган далилдер жоктугун анын адвокаты Алексей Толстых айтып жатат.

Кыдыралиева: Тоңдогу уран кенинин маселесин өкмөт карап жатат

Azattyk.org 

Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенинде чалгындоо иштери гана жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы Майрамкүл Кыдыралиева билдирди. Анын айтымында, иштер изилдөөгө алынган лицензиянын негизинде эле жүргүзүлүп жатат: "Азыр тескерисинче, убактылуу токтотулсун деген чечим болду. Өткөндө ошондой сөз болгон. Бизди губернатор кабыл алган. Ал да жайкы туризм сезону жакындаганына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип жатат. Ал жерде кен ишин убактылуу токтотсун деген сүйлөшүү болгон. Читать дальше...

Мамкаттоо: Украинада террор боюнча шектүүлөрдүн кыргыз паспорттору жасалма

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Элиза Кыдырмышова Украинада террордук чабуул уюштуруу үчүн шектүү катары кармалгандардан табылган Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору жасалма экенин билдирди: «Паспорттордо көрсөтүлгөн жеке идентификациялык номурлар биздин системадан такыр өткөн эмес. Мындай ПИНдер жок. Ал эми паспорттордун серия номурларын текшергенде бул номурлар менен чындап эле паспорттор берилгени аныкталды. Бирок алар кармалган адамдарга эмес, башка кишилерге берилген.... Читать дальше...

Москвада кылмышка шектүү кыргызстандыктын иши 3-майда каралат

Azattyk.org 

Москвада полиция кызматкеринин өлүмү үчүн шек саналып жаткан кыргызстандык Нурлан Муратовдун иши 3-майда сотто каралат. Бул тууралуу анын адвокаты Алексей Толстых «Азаттыкка» билдирди. Москвадагы «Росбалт» агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Алексей Толстых тергөө маалында Муратовдун күнөөсүн тастыктаган далилдер табылбаганын айтып, сот Муратовду актап чыгарына үмүттөнөрүн билдирди. - Куралда Нурлан Муратовдун издери жок, анын кийимдеринде биологиялык материалдар табылган жок. Полиция кызматкерин... Читать дальше...

Жусуп Мамай: Эл ичинен эр туулат…

Azattyk.org 

Быйыл 18-апрелде кытайлык кыргыздардын манасчыларынын туу чокусу, кыргыз элинин залкар манасчысы Жусуп Мамайдын (1918–2014) туулган күнүнө 101 жыл толот. Тарыхчы Ч.Субакожоева маркум тууралуу айрым замандаштарынын пикирлерин эске салат.

Уланбек Эгизбаевдин эмгектеринин топтому орус тилинде жарык көрдү

Azattyk.org 

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти, бир катар эл аралык сынактардын жеңүүчүсү, маркум Уланбек Эгизбаевдин иликтөөлөрү жана башка эмгектеринин топтому орус тилине которулуп, китеп түрүндө басылып чыкты. Бул китепке маркумдун кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилген. Ошондой эле журналисттин кызыктуу блогдору, макалалары, өзү тарткан сүрөттөрү да бар. Мындан сырткары китептен ал жөнүндө дилбаяндарды... Читать дальше...

Түрк оппозициясынын өкүлү Стамбул шаарынын мэри болуп шайланды

Azattyk.org 

Стамбулда эки жума мурда өткөн мэр шайлоодо оппозициялык Элдик-республикалык партиянын мүчөсү Экрем Имамоглу жеңип чыккан. Бийликтеги Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын кайра шайлоо өткөрүү жана мандат бербей туруу жөнүндөгү талабына карабай, 17-апрелде Жогорку шайлоо комиссиясы аны Стамбулдун мэри деп жарыялады. Юстиция министрлигинде мандат тапшырылды. Бул жараян оппозициялык партиянын тарапкерлеринин акциясы, майрамдоосу менен коштолду. «Биз демократия жана укук үчүн күрөштөн эч качан баш тарткан эмеспиз. Читать дальше...

Адвокат: Кыргызстандык жарандын күнөөсүнө далилдер табылган жок

Azattyk.org 

Орусияда полиция кызматкеринин өлүмү үчүн шек саналып жаткан кыргызстандык Нурлан Муратовдун күнөөсүн тастыктаган далилдер табылган жок. Бул тууралуу анын адвокаты Алексей Толстых билдирди. 18-апрелде Москвадагы «Росбалт» агенттигинде өткөрүлгөн басма сөз жыйынында Толстых орус баш калаасындагы №2 тергөө абагында камакта отурган Муратов ага коюлуп жаткан айыптарды мойнуна албай турганын айтты. Кыргызстандык жарандын иши 3-майда сотто каралат. Былтыр 3-сентябрга караган түнү Москвадагы «Курская»... Читать дальше...

19-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда 19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. 19-20-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин... Читать дальше...


Музыкальные новости
Сергей Брановицкий

Радио Менеджер. Ротация песен на Радио.





Персональные новости
Полина Гагарина

Полина Гагарина: «Нет, я не ухожу на пенсию»





Украин шайлоосу: сурамжылоодо Зеленский алдыда келатат

Azattyk.org 

«Рейтинг» социологиялык тобу 18-апрелде жарыялаган жаңы сурамжылоого ылайык, ага катышкандардын 57,9 пайызы актёр Владимир Зеленскийди, ал эми 21,7 пайызы азыркы президент Петро Порошенкону колдой турганын билдиришкен. 12-апрелден 16-апрелге чейин жүргүзүлгөн сурамжылоого Крымдан башка бардык аймактан 3000 киши катышкан. «Рейтинг» уюмунун буга чейинки сурамжылоосу 5-10-апрелде жүргүзүлүп, анда Зеленскийди 61, ал эми Порошенкону 24 пайыз эл колдой турганы аныкталган. Кезектеги сурамжылоонун жыйынтыгы шайлоонун экинчи айлампасына үч күн... Читать дальше...

Талас шаардык аскер комиссариатынын башчысы пара менен кармалды

Azattyk.org 

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 15-апрелде Талас шаардык аскер комиссариатынын башчысын (полковник Ж.А) 25 000 сом пара алып жатканда кармады. УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, ал жергиликтүү тургундан аскер комиссариатына каттоого коюш үчүн жана анын паспортун кайтарып бериш үчүн 25 000 сом талап кылган. Материалдар Жазык кодексинин 326-беренеси («Опузалап пара талап кылуу») боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.... Читать дальше...

«Чек арасыз кабарчылар»: Журналисттерди жек көрүү зомбулукка алып келүүдө

Azattyk.org 

Журналисттер үчүн коопсуз мамлекеттер азаюуда жана авторитардык режимдер маалымат каражаттарына дагы эле кысым көрсөтүп жатышат. «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун жаңы баяндамасында ушундай бүтүм чыгарылган. Дүйнөнүн 180 мамлекетиндеги басма сөз эркиндиги талданган баяндамада алдыңкы орунду үч жыл катары менен Норвегия ээлеп келатат. Андан кийинки тепкичтерде Финляндия менен Нидерланды турат. Орусия былтыркы көрсөткүчтөн бир орунга төмөндөп, 149-орунду ээлеген. Баяндамада Орусиядагы өз алдынча маалымат... Читать дальше...

Мамытов: Чекисттик менен акыйкатчылыкты айкалыштырам

Azattyk.org 

Акаев доорунан бери эки тизгин бир чылбырды колдон түшүрбөй, жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалап келген, учурдагы акыйкатчы Токон Мамытов бийликтеги сырлары менен бөлүштү. Атайын кызматтын генералы Чек ара кызматын жетектеп, вице-премьер-министр болуп жүрүп, анан кандайча акыйкатчы болуп калганын айтып берди. Кримтөбөл Азиз Батукаевди бошоткон соттордун ооруп, оор абалда түрмөдө жаткан Мурат Суталиновго карата мамилеси сыяктуу маселелер көтөрүлдү. Акыйкатчы Токон Мамытов мамлекетте кесипкөй... Читать дальше...

Кундуз Жолдубаева: КСДПны жөн эле берип койбойбуз

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү, партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Юстиция министрлиги «бийликтин буйругун аткарып жатканын» айтты. Ал бул тууралуу «Медиа Форумда» өткөн басма сөз жыйынында билдирди: «Биз партияны жөн эле берип коюп, кол куушуруп отуруп калбайбыз. Биз аягына чейин күрөшөбүз. Биз партияны бербейбиз, 2020-жылы шайлоого КСДП менен барабыз». Юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик бирдиктүү реестрде «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын... Читать дальше...

ЭВФтин башчысы Өзбекстанга 10 жылдан бери биринчи жолу келет

Azattyk.org 

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башчысы Кристин Лагард Өзбекстанга май айынын ортосунда келет. Бул тууралуу 17-апрелде Өзбекстандын борбордук банкына шилтеме кылып «РИА Новости» агенттиги кабарлады. Кристин Лагард өлкө бийлиги менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулай турганын Өзбекстандын борбордук банкынын өкүлү айткан. Бул ЭВФтин башчысынын акыркы 10 жылда Өзбекстандагы алгачкы сапары болмокчу. 2009-жылы Ташкентке уюмдун ошол кездеги башчысы Доминик Стросс-Кан келген.  2007-жылы сентябрда... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Росгвардейцы обеспечили безопасность во время футбольного матча в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Даниил Медведев

Даниил Медведев снялся с четвертьфинала «Мастерса» в Мадриде из‑за травмы


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире
Москва

Путин посетил пасхальную службу в храме Христа Спасителя в Москве


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Брановицкий

Аудио возможности для Поэтов и Писателей.



Москва

Накроет и 5 мая. Специалисты рассказали, что приготовила природа

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net