Рустамов: Кызыл-Омполдо уран казылбайт
Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол кенинде уран казуу иштери жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасына катышкан учурда билдирди. "Кенди иштетүүнүн алдында коомдук угуу өтүшү керек. Ушунча киши каршы чыгып аткандан кийин коомдук угуу өтпөдү. Коомдук угуудан өтпөгөндөн кийин мыйзам боюнча андан ары иштөөгө болбойт. Өкмөт ишти убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Читать дальше...