Өкмөт унуткан айылдар
“Данисте” телеберүүсүнүн бул чыгарылышына шарты катаал айылдардын өз киндигин өзү кескен эли тууралуу баяндар кирди.
“Данисте” телеберүүсүнүн бул чыгарылышына шарты катаал айылдардын өз киндигин өзү кескен эли тууралуу баяндар кирди.
Украинада актер жана куудул Владимир Зеленский жана Петро Порошенко президенттик шайлоонун экинчи туруна чыгууда. Түркиядагы жергиликтүү шайлоодо президент Режеп Тайып Эрдогандын АК партиясы бир нече чоң шаарда, анын ичинде башкалаа Анкарада жеңилип калды.
Иранда 19-мартта башталган суу ташкыны 45 адамдын өмүрүн алды. 25 миңдей турак жайды сел жууп кетти. Түмөндөгөн адамдар коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бийлик мындай нөшөр соңку он жылда болбогонун билдирди. Ирандын Метеорология кызматы алдыдагы эки күндө катуу шамал менен коштолгон нөшөр уланарын эскертип жатат. Мунайга бай Хузестан провинциясында Кархех плотинасынын коопсуздугу тынчсыздануу жаратууда. Жекшембиде бийлик плотинага суу толуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп, аймакта өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Читать дальше...
КЛООПтун журналисти Анна Капушенко 1-апрель күнү саат 9:30да адвокаты менен кошо Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка кирген. Ошол боюнча журналист кечке жуук, саат 19дар чамасында коё берилди. КЛООПтун башкы редактору Элдияр Арыкбаев «Азаттыкка» журналисттин узак кармалышы УКМКда сурактын кеч башталышы менен байланыштуу болгонун билдирди: - Мендеги маалымат боюнча, ага эч кандай күнөө коюлбаптыр, күбө катары чакырылган. Биз аны менен жолугуп, ал эмнени айта алса ошону сүйлөшүп, анан гана маалымат бере алабыз. Читать дальше...
1-апрелде облустагы иш сапарында өкмөт башчы Ак-Сай - Рават жолун, Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушун көрүп чыкты. Премьер-министрди коштоп жүргөн транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдун маалыматы боюнча, жалпы узундугу 25 чакырым болгон Ак-Сай - Рават жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө чейин жолдун 18 чакырымы салынды. Министрдин айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүсүнөн кийин Ак-Сай- Тамдык жолунун курулушу уланууда. Ушул тапта жалпы... Читать дальше...
31-мартта Түркиянын Стамбул шаарында жашаган кыргызстандык мигранттар менен башкы консулдуктун өкүлдөрү жолугушту. Анда Стамбулдагы башкы консулдуктун иши сынга алынып, бир катар маселелер каралды.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, анын артынан күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү тынбай аңдып жүрүштү. Ал 30-31-мартта Жалал-Абад облусу боюнча өткөн партиянын жыйыны учурунда, андан мурун-кийин да ар кандай тоскоолдукка кабылып, чагым жасалганын билдирди: - Даярдалган бир топ аялдарды жөнөтүшүптүр. Партияга эч кандай тиешеси жок адамдар келип алып «биз да киребиз» деп жаңжал салышты. Конференцияны өткөрүп жаткан учурда спорттук кийим кийген жаш балдар имаратка кирип келип тополоң... Читать дальше...
«Ак-Тилек» бекетинде 270 автоунаа кезекте турат. Алардын арасында Казакстандын чек арачыларынын текшерүүсүнөн өтпөй калып артка кайтарылган автоунаалар да бар. Айдоочулардын айтымында, буга казак тараптын күчөтүлгөн режимде текшерүүсү себеп болгон. Бул жагдай "Ак-Тилек - Автожол" көзөмөл өткөрмө бекетинде бир канча күндөн бери турган айдоочулардын нааразычылыгын күчөттү. "Азаттык" окуя менен жеринен таанышып, айдоочуларды кепке тартып келди.
Жакында Кыргызстандын ордо шаарынын аталышы туурасында «Фейсбукта» жарыяланган сунуш коомчулуктун бүйүр кызыткан талкуусуна жем таштады. Эмне үчүн географиялык аталыштарды жериш керек? Тарыхчынын блогу.
Макулдашууга ылайык, Шевченко UFC турниринин алкагында бир нече беттеш өткөрөт.
Укук коргоочу Александр Паленый буга чейин бир нече ирет Казакстанда кылмыш жоопкерчилигине тартылганын «Азаттыктагы» маегинде ырастады: - Мен Казакстанда мыйзамды бузган погончон адамдарды тасмага тартканым үчүн соттолгом. Мага милиция кызматкерлери катуу «таарынып», мени СИЗОдо (убактылуу кармоочу жайда) бир жарым айдай кармашкан. Кийин сот мени айыппул төлөөгө милдеттендирген. Александр Паленый Кыргызстандын жараны экенин жана Казакстанда Бириккен Улуттар Уюмунун түзүмдөрүндө иштегенин айтты. Читать дальше...
Түркия мамлекетинин кайрымдуулук уюмдары, анын ичинде «Кызыл жарым ай» уюму Ирандагы селден жабыркагандарга жардам көрсөтүү масатында бул өлкөгө 5 жүк ташуучу унаа менен жардам жөнөттү.
Бир нече чоң шаарда, анын ичинде баш калаа Анкарада жеңилип калганына карабай түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган анын партиясы муниципалдык шайлоодо утканын билдирди.
«Замандаш» ассоциациясы кыргызстандыктарга кайрылып, аларды бөлүп-жарууга үндөгөн саясатчыларды колдобоого чакырды. «"Замандаш" ассоциациясы, анын катарына кирген диаспоралардын бардыгы Кыргызстаныбызда туруктуулукту сактоого чакырабыз. Эки жолку революциядан кийин тескерисинче, экономикалык өнүгүү жактан коңшу өлкөлөрдөн да артта калганыбызды бардыгыңыздардын эсиңиздерге салабыз. Кыргызстандан кетип башка мамлекеттерде эмгектенип жаткан мигрант мекендештерибиздин каалаганы да тынчтык, туруктуулук. Читать дальше...
Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 31-мартта өткөн парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону «өттү» деп тааныды. Шайлоочулардын 90% добуш бергени кабарланды. «Настоящее время» телеканалы бул шайлоодо добуш бергендердин көрсөткүчү мурдагыларга салыштырмалуу төмөн болгонун кабарлады. 2017-жылкы президенттик шайлоого добуш берүүгө укуктуулардын 97% катышкан. Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу азырынча эч маалымат чыга элек. Добуш берүүнүн жүрүшүнө жергиликтүү байкоочулардан башка эч ким көз салган жок. Читать дальше...
КСДП Жалал-Абад, Ош облустук жыйындарын өткөрүүгө тоскоолдук жасалганын, чагым болгонун билдирди.
Баткендин район борборунан 20 чакырымдай алыста турган Айгүл-Таш айылы мындан отуз жыл мурда түптөлгөн. Өзбекстан суу сактагыч куруу максатында Кара-Токой айылынан жерди бошотуу үчүн боз талаага конуш куруп, жарым элди көчүргөндө СССР таркап, иш ара жолдо калган. Айгүл-Таш айылынын тагдыры да ошентип арабөк калып, 45 түтүн гана күн кечирүүдө.
Украинада актер Владимир Зеленский менен өлкөнү соңку беш жылдан бери башкарып келе жаткан Петро Порошенко президенттик шайлоонун экинчи туруна чыгууда. Бюллетендердин болжол менен 67% саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка ылайык, Зеленский жалпы добуштардын 30,45%, президент Петро Порошенко андан дээрлик эки эсе аз же 16,22% добуш алды. Ал эми бул шайлоонун дагы бир алдыңкысы болуп саналган, «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко көрсөткүчү 13,12% түздү. Борбордук шайлоо комиссиясы... Читать дальше...
Венесуэланын президенти Николас Мадуро электр энергиясын үнөмдөө максатында мамлекеттик мекемелер алдыдагы 30 күн кыскартылган режимде иштешерин, ал эми мектептер убактылуу жабыларын билдирди. Мадуронун мындай чечиминен кийин оппозиция лидери, өзүн «утурумдук президент» деп жарыялаган Хуан Гуайдонун тарапташтары баш калаа Каракастын көчөлөрүнө чыгып, электр энергиясы жана таза суу менен камсыз кылуу маселесин тезинен чечүүнү талап кылышты. Түштүк Америкадагы бул өлкөдө соңку бир ай ичинде экинчи жолу электр жарыгы толук өчтү. Читать дальше...
Алжирде бийликти 20 жыл колунан чыгарбай башкарган Абдел Азиз Бутефлика өлкөдөгү массалык нааразылыкты токтотуш үчүн убактылуу өкмөт түздү. Мамлекеттик APS 31 маалымат агенттиги премьер-министр Нуреддин Бедоуи 27 министрден турган өкмөттү башкарарын жарыялады. Бутефлика анын бийликтен кетишин талап кылган массалык нааразылыкка карабай убактылуу өкмөттө коргоо министринин кызматын сактап калды. Менчик телеканалдар 31-марттын кечинде Бутефлика ушул аптада кызматтан кетерин кабарлашты. «Ennahar TV» саясатчыларга таянып... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Маалыматка ылайык президент Жээнбеков Кытайга Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барат. Иш сапары апрель айына пландалган. Президент «Бир алкак - бир жол» долбоорунун алкагында өтө турган форумга катышат. Жакын арада Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келиши күтүлүүдө. (KR)
Жапонияда жаңы император такка отургандан кийин башталчу кийинки доордун аталышы расмий жарыяланды. Министрлер кабинетинин катчысы Есихиде Суга азыркы император, 85 жаштагы Акихито ушул айдын аягында тактысын уулу Нарухитого өткөрүп берерин билдирди. Жаңы доор «Рэйва» деп аталат, анын мааниси «иреттүүлүк жана бейкутчулук» деп чечмеленет. Жаңы доордун аталышы Жапонияда эң маанилүү окуя жана чоң шаан-шөкөт менен коштолот. Жапон жылнамаасы жаңы императордун тактыга отурушу менен башталат. Маселен, быйылкы жыл Хэйсэй доорунун 30-жылы. Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун чет элдик атайын кызматтарга тиешеси бар» делген маалыматты текшерип чыгып, ал чындыкка туура келбей турганын билдирди. «2016-жылдын 6-июлунда интернет-сайттардын биринде В.Откиндин макаласы жарык көргөн. Учурда «e-tadjikistan.org» сайты иштебейт. Ошондой эле аталган сайтка ээлик кылган «Бирдиктүү Тажикстан» оппозициялык уюму ойдон чыгарылганы аныкталды», деп билдирди УКМК. Ошол эле учурда Кыргызстандын... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.