123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2019

Новости за 16.04.2019

"Дарак ыры" Алматыда жабык көрсөтүлдү

Azattyk.org 

18-апрелден тартып кыргызстандык режиссер Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы Казакстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна режиссер өзү кабарлады. Анын айтымында, 15-апрелде "Дарак ыры" мюзикли Алматы шаарында жабык көрсөтүлүп, көрүүчүлөр тасманы абдан жакшы кабыл алышты: - Жабык көрсөтүүгө Казакстандын белгилүү киноактерлору, таанымал адамдары катышып, тасмага жогорку баасын берип жатканы бизди кубандырды. Казакстанда эмгектенген кыргыз ишмерлери... Читать дальше...

Жээнбеков: Миллиард евролук келишимдер кабыл алынды

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Германияга расмий сапар менен барды. 16-апрелде ал Берлинде федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер жана федералдык канцлер Ангела Меркел менен жолукту. Меркел менен жолугушууда Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Германиянын карым-катнашы өнүгүп жатканына токтолду.

Меркел Кыргызстан менен түзүлгөн бизнес келишимдерди кубаттады

Azattyk.org 

Берлинде кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду кабыл алган Германиянын канцлери Ангела Меркел эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түзүлгөн келишимдерди кубаттады. "Биз түзүлгөн бизнес келишимдерине кубанып турабыз. Бирок бул макулдашууларды дагы кеңейтүүгө болот. Кечээ Мюнхенде өткөн немис-кыргыз форуму дагы жакшыраак жана ургаалдуу бизнес кызматташтыгынын башаты болду деп ойлойм", - деди Меркел. Аны улай президент Жээнбеков кыргыз-немис бизнесмендеринин ортосунда жалпысынан бир миллиард евродон ашык келишимдерге кол коюлганын айтты. Читать дальше...



Кыргыз-немис алакасын жандантуу аракети

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы расмий сапары аяктап калды. 16-апрелде ал Берлинде федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер жана федералдык канцлер Ангела Меркел менен жолукту.

Мигрант депортация акысын өзү төлөшү мүмкүн

Azattyk.org 

Орусия мигранттарды өз акчасын төлөтүп депортациялоого негиз берчү мыйзам даярдады. Казакстанда көп балалуу энелер жеңилдик ала албай убара. Борбор Азиядагы ит менен мышыктарга эмне үчүн мамиле катаал? Кыш ызгаарда экзотикалык мөмө жемиш өстүргөн багбандын өнөрү көптөргө үлгү.

Жээнбековдун Германия сапары: Миллиард евролук келишимдер кабыл алынды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн бизнесмендеринин ортосунда жалпысынан миллиарддан ашуун евролук келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн 16-апрелде Берлинде журналисттердин алдында сүйлөп жатып билдирди: - Ишкерлердин ортосунда бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Алардын жалпы жыйынтыгы 1 миллиарддан ашык еврону түзөт.  Жээнбековдун Германиядагы расмий сапары эки күн уланды. Бүгүн... Читать дальше...

Орусияда Норвегиянын жараны 14 жылга абакка кесилди

Azattyk.org 

Москва шаардык соту 16-апрелде Норвегиянын жараны Фруд Бергди "Орусияга каршы тыңчылык кылган" деп таап, 14 жылга эркинен ажыратты. Ал былтыр жыл соңунда Москвада кармалган. Орус тергөөчүлөрүнүн версиясына ылайык, Берг орус атомдук суу алдында жүрүүчү кемелери тууралуу маалымат чогултуп жүргөн. Ага орус аскердик коргонуу ишканасынын кызматкери маалымат берип турган. Ошондой эле тергөөнүн маалыматына ылайык, Берг почта аркылуу Наталья аттуу аялга накталай акча жана тыңчылык нускамалары салынган бир нече конверт жөнөткөн. Читать дальше...



Нотр-Дам француздарды бириктирди

Azattyk.org 

Ооганстанда миллиондогон киши ачарчылыктан жабыркап жатат. Эл аралык «Human Rights Watch» укук коргоо уюму Германиянын канцлери Ангела Меркелди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча маселе көтөрүүгө чакырды.

Сапар Исаковдун адвокаты Бишкек шаардык сотуна кайрылды

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткан Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен анын адвокаты Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Буга байланыштуу 17-апрелге белгиленген соттук териштирүү Сведлов райондук сотунда болбойт. Мындай маалыматты «Азаттыкка» адвокат Замир Жоошев  билдирди: - 10-апрелдеги сот отурумунда Свердлов райондук соту бул иш боюнча айыпталып жаткан беш адамдын баарынын бөгөт чарасын карап, 12-июнга чейин узартууну чечкен. Читать дальше...

Кадамжайдын жоогазындары

Azattyk.org 

Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну тамаркасындагы тилкесине жоогазын гүлүн өстүрүп, ишкерлик кылууда. Мандалактарын сатуудан киреше табууну көздөгөн ишкер голланд сортундагы жоогазынды бир нече жыл мурун Москвадан алдырган.

Башкы прокурор: ЖЭБ ишине сот баа берет

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы Тарых музейи менен Чолпон-Ата шаарындагы Ат майданды реконструкциялоодо мамлекетке 247 млн. сом зыян келтирилген. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Башкы прокурордун маалыматына караганда, Тарых музейин оңдоодо 101,6 млн. сом, ат майданды оңдоодо 145,9 млн. сом зыян келтирилгени аныкталган. Башкы прокурор коомчулуктун көңүл борборундагы мындан башка... Читать дальше...

Президент Жээнбеков Германиянын федералдык президенти менен жолукту (видео)

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолукту. Жолугушуу 16-апрелде, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы расмий сапарынын алкагында болуп өттү. Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн соң Кыргызстандын президенти Ардактуу коноктордун китебине Германия элине эң жакшы каалоо-тилектерин жазып калтырды. Расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштыруудан кийин президенттер аскердик салтанатты көрүштү. Ал учурда эки өлкөнүн гимндери жаңырды. Читать дальше...

Ош базарынын соодагерлери нааразы

Azattyk.org 

Бишкектин Ош базарынын батыш тарабындагы «Берекет универсал» деп аталган дүң жана чекене базардын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты. Алардын айтымында, базардын жетекчилиги ал жайга соода борбору курулары пландалып жатканын айтып, 15-апрелден тартып соодагерлерди мурунку соода кылган жерине киргизбей, базарды жаап салган. Ал эми соодагерлерге сунушталып жаткан жаңы соода имаратында күркөлөр кымбат деген жүйө менен ага кирүүдөн баш тартышууда. Ленин районунун акиминин орун басары Чынасыл Чыныбаев... Читать дальше...

Сооронбай Жээнбеков Мюнхендеги «Pellmeyer» айыл чарба ишканасын көрдү

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде Германиянын Мюнхен шаарынын чет-жакасында жайгашкан «Pellmeyer» айыл чарба ишканасында болду. Ишкананын менежери Томас Пеллмейер уйдун кыгынан биогаз өндүрүү боюнча иштин принциптерин көрсөтүп берди.  Анын айтымында, учурда фермада 200дөй уй багылып, алар сүттөн тышкары биогаз өндүрүү үчүн чийкизат менен камсыз кылышат. Биринчи биогаз жабдыктары 1996-жылы курулган. Ошондон бери ишкана энергиянын жаңыланма булактарын колдонууну кеңейтүү жана биогаз өндүрүшүн... Читать дальше...

Жамшитов: Бабановдун ишин УКМК тергеп жатат

Azattyk.org 

«Республика - Ата Журт» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иштерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергеп жатат. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты. Өмүрбек Бабанов жакында эле Кыргызстанга кайтып келип, саясий жашоого аралашарын билдирген. Бирок 13-апрелде Москвадагы аэропорттон видео аркылуу кайрылып, келбей калганын билдирип, мындай чечимин «башаламандыктын алдын алуу» аракети менен түшүндүргөн. Читать дальше...

Нотр-Дам калыбына келтирилет

Azattyk.org 

850 жылдык тарыхы бар Париждин Нотр-Дам чиркөөнүн кыл чокусу жана чатыры 15-апрелдин кечинде башталган өрттөн урап түштү.

Пулитцер сыйлыгы 12 басылманын журналисттерине ыйгарылды

Azattyk.org 

Журналистика тармагындагы эң абройлуу сыйлыктардын бири болгон Пулитцер сыйлыгынын быйылкы лауреаттары аныкталды. Бул ирет ага 12 басылманын журналисттери татыды. «The New York Times» басылмасынын журналисттери АКШнын президенти Доналд Трамп жана анын үй-бүлө мүчөлөрү салык төлөөдөн качканы тууралуу кеңири иликтөөсү үчүн ушул сыйлыкты алышса, «Los Angeles Times» гезитинин үч кабарчысы жүздөгөн студент кыздарга ыдык көрсөткөн деп шек саналып жаткан Түштүк Калифорния университетинин гинекологунун окуясы жөнүндө жасаган иликтөөсү үчүн сыйланды. Читать дальше...


Музыкальные новости
Сергей Прокофьев

Мариинский театр исполнил оперу Прокофьева в честь дня рождения композитора





Персональные новости
Зенит

«Радио Зенит» и СПбГУПТД подписали соглашение о сотрудничестве





Тажик президенти Москвага жол тартты

Azattyk.org 

Тажик президенти Эмомали Рахмон эки күндүк расмий сапары менен Москвага жол тартты. Аны менен кошо Тажикстандын Экономика, Айыл чарба, Билим берүү жана Миграция министрликтери сыяктуу бир катар өкмөттүк мекемелеринин башчылары да Орусияга жөнөгөнүн тажик президентинин басма сөз кызматы билдирди. Анын алдында Кремль Эмомали Рахмон орус президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 16-17-апрелде Москвада болорун кабарлаган эле. «Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу мамиледеги негизги маселелер жана саясий... Читать дальше...

Чет өлкөлөрдө 2000дей кыргызстандык түрмөдө отурат

Azattyk.org 

Азыркы кезде Кыргызстандын 1782 жараны чет өлкөлөрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жазасын өтөп жатат. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мындай маалыматты Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитеттин 16-апрелдеги жыйынында берди. Алардын ичинен 1453 киши Орусияда, Казактанда 212, Тажикстанда 34, Өзбекстанда 19, Кытайда 18, Германияда 14 жана Түркияда сегиз киши абакта отурат. Аталган өлкөлөр менен эки тараптуу келишимге ылайык 2018-жылы 125 адам Кыргызстанга экстрадицияланган. Читать дальше...

Ош: Жашы жете элек кызды ала качуу фактысы текшерилүүдө

Azattyk.org 

15-апрель күнү Алай райондук милициясына 52 жаштагы аял арыз менен кайрылып, жашы жете элек, 16 жаштагы кызын Кара-Суу районунун 1998-жылы туулган тургуну ала качып кеткенин билдирген. Ал ала качкан тарапты тиешелүү жазага тартууну ѳтүнгѳн. Ала качуу Ош шаарында болгондуктан, арыз ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ѳткѳрүлүп берилген. Ош ШИИБнин басма сөз кызматы маалымдагандай, тергѳѳдө кыз «ала качкан жигит менен мурдатан тааныш экендигин, ала качкан учурда ѳз эрки менен жигиттин үйүнѳ киргендигин... Читать дальше...

БУУнун Коопсуздук кеңеши талибдердин билдирүүсүн айыптады

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши талибдердин жазгы чабуулдар тууралуу жарыясын айыптап, бул бир гана ооган элинин азап чегүүсүнө алып келерин айтты. БУУ «Талибан» кыймылынын бир нече жетекчисин санкциялар тизмесинен чыгарганына жана Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу боюнча АКШнын атайын чабарманы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына карабастан жоочулар 12-апрелде жазгы чабуулдарын баштарын жарыялашкан. Буга чейин бир нече жолу өткөн сүйлөшүүлөрдүн кийинки... Читать дальше...

Ош базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты (видео)

Azattyk.org 

Бишкектин Ош базарынын батыш тарабындагы «Берекет универсал» деп аталган дүң базардын соодагерлери өздөрүнө сунушталып жаткан жаңы соода имаратында күркөлөр кымбат деген жүйө менен ага кирүүдөн баш тартышууда. Алардын өкүлү Болотбек Жунушевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, базардын жетекчилиги 15-апрелден тартып соодагерлерди мурунку соода кылган жерине киргизбей, базарды жаап салган. - 16-апрелде базардагы электр энергиясын үзүп салышыптыр, - деди ал. - Бул жерде биздин муздаткычта сакталуучу азык-түлүк... Читать дальше...

Мамдума "суверендүү Рунет" тууралуу мыйзам долбоорун жактырды

Azattyk.org 

Орусиянын Мамлекеттик Думасы орус Интернетинин дүйнөлүк желеден бөлүнүшүнө жол ачкан мыйзам долбоорун үчүнчү же акыркы окууда жактырды. 16-апрелдеги добуш берүүдө "суверендүү Рунет" деген атка конгон бул документти 307 депутат колдоп, 68и каршы болду. Эми бул мыйзам долбоору орус парламентинин жогорку палатасынын же Федерация кеңешинин кароосунан өткөндөн кийин президент Владимир Путинге кол коюуга жөнөтүлөт. Демилгечилер бул документ Интернеттин Орусиядагы сегментинин көз карандысыздыгын камсыз кылаарын... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Сотрудник ОМОН «Крепость» стал бронзовым призером на соревнованиях Центрального округа Росгвардии по боксу


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Россиянин Сафиуллин потерял четыре места в рейтинге ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Кабардино-Балкарии стартует крупнейшая экологическая акция «Вода России»





Путин в России и мире
Москва

Путин сказал Алиеву: "Пора!". Новый БАМ пройдет через Кавказ. Транспортным коридором "Север — Юг" Россия и Азербайджан перешли дорогу Западу


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

VII Всебелорусское народное собрание: основные заявления Александра Лукашенко




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

В РПЦ отказались называть причины запрета в служении иерея Сафронова, отпевавшего Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Розенбаум

Розенбаум высказался о пластических операциях



Москва

От - 6 до + 30: На погоду в мае повлияют "сильнейшие аномалии"

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net