Уран казуу толук токтомой болду
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Балыкчыда эл менен жолугушууда Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө толук тыюу салынганын жарыялады.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Балыкчыда эл менен жолугушууда Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө толук тыюу салынганын жарыялады.
Ооганстанда талибдердин кол салуусунан кеминде тогуз полиция кызматкери набыт болду. Фарах провинциясынын бийлигинин өкүлү Абдул Самел Салехи билдиргендей, полиция кызматкерлери жоочулардын буктурмасына кабылган. Чабуул 24-апрелдин кечинде Анардара районунда полиция жолго коюлган бомбаны зыянсыздандыруу аракетин көргөн учурда жасалган. Салехи согушкерлер полициянын райондук штабын аз убакыт барымтада кармап турганын, ортодо көп саатка созулган кагылышуу болгонун да кошумчалады. Кийинчерээк жоочулар штабдан сүрүп чыгарылган. Читать дальше...
Орусия президенти Владимир Путин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен сүйлөшкөндөн кийин бул өлкөгө өзөктүк программаны токтотуу үчүн "кепилдик" керектигин журналисттерге билдирди. Анын айтымында, өзөктүк программаны аяктоодон мурда Пхеньянга эл аларалык деңгээлде коопсуздукка кепилдик берилиши керек. Эки өлкө башчыларынын биринчи жолку бетме-бет сүйлөшүүсү 25-апрелде Орусиянын Түндүк Корея менен чектешкен Владивосток шаарында өттү. Анда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты жана Пхеньяндын өзөктүк программасын талкууга алышты. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2018-жыл үчүн отчетун эки күн талкуулагандан кийин ага канааттандырарлык деген баа берди. Негизинен Ысык-Көлдөгү уран кенине байланыштуу жагдай, тышкы карыз, инвестициянын өлкөдөн чыгарылып кетиши, кадр саясаты, өкмөттүн өз түзүмү тууралуу суроолор берилип, талкуу болду.
Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Алигаджи Гамидгаджиев ушул күндөрү Кытайдын Сиань шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш байгенин ээси болду. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Гамидгаджиев 24-апрелде эркин күрөштөн 86 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, төрт беттеш өткөрдү. Ал алгач монголиялык Ганхуяк Ганбаатарды (4:2), чейрек финалда жапониялык Такахиро Мураяманы (15:7), жарым финалда Абдурасул Вахобовду (10:7) жеңди. Бирок... Читать дальше...
Пакистандын соту журналист Шахзеб Жилланинин күрөөгө бошотулган мөөнөтүн 27-апрелге чейин узартты. «Dunya News» телеканалынын иликтөөчү журналисти Шахзеб Жиллани «кибертеррорчулук» жана «Пакистандын абройлуу мекемелери тууралуу ушак-айың тараткан» деп айыпталууда. 25-апрелде Карачи шаардык соту Пакистандын Федералдык иликтөө агенттиги журналистке каршы сотко кайрылбаганын билдирди. Аталган орган Жилланинин үстүнөн полицияга 6-апрелде арыз жазган. Өткөн аптада «Чек арасыз кабарчылар» уюму... Читать дальше...
Тажикстанда сел кеминде эки адамдын өмүрүн алды. Путин менен Ким эки өлкө мамилесин, Корей жарым аралындагы кырдаалды талкуулашты. Бээжинде "Бир алкак, бир жол" стратегиясынын саммити башталды. Окумуштуулар Марстагы силкинүүнү байкап, үнүн жаздырып үлгүрүштү.
Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2018-жыл үчүн отчетун эки күн талкуулагандан кийин ага канааттандырарлык деген баа берди.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, жарандарды алдап, ири суммада акча алган деген шек менен Асел Төлөмүшева аттуу жаран кармалды. Бишкек милициясынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаеванын «Азаттыкка» айтканына караганда, Төлөмүшева сот иштеринде юридикалык көмөк көрсөтүүгө убада берип бир жарандан 50 миң, экинчисинен 57 миң доллар алган бойдон дайынсыз болуп кеткен. Ушундай эле арыз менен дагы эки жаран кайрылып, бириси 6, экинчиси 17,5 миң долларын Төлөмүшева ишенимге кирүү менен алдап алып кеткенин билдиришкен. Читать дальше...
Орусия менен Ирандын аскердик кызматташтыгы жогорку деңгээлге чыкканын Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Ирандын коргоо министри Амир Хатами менен болгон жолугушуусунда билдирди.
22-апрелде кечке жуук тажик жараны Кыргызстан менен чек арадагы Ак-Сай айылынан сегиз жаштагы баланы «трактордун айнегине таш ыргытты» деп алып кеткенден кийин Исфара-Ворух жолу жабылып кайра ачылды.
АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден Демократиялык партиядан президенттик кызматка талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Байден 25-апрелде жарыяланган кайрылуусунда айтты. Анда саясатчы Дональд Трамптын башкаруусуна байланыштуу Американын негизги баалуулуктары коркунучка кептелгенин белгиледи. "Дал ушул себептүү бүгүн мен президенттик кызматка өз талапкерлигимди коерумду жар салам", – деди Байден. Буга чейинки сурамжылоолор президенттикке талапкерлигин көрсөтүү ниети бар 18 демократтын... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз өкмөттүн 2018-жылдагы отчетун угуп жатып маданият тармагына көңүл бурулбай жатканын катуу сындады. Ал бүтүндөй бир тармак тууралуу сөз беш-алты сап менен жазылып көрсөтүлгөнүнө нааразы болду: - Эртең эле биз кетебиз баарыбиз, башкалар келет. «Биз бийликте турганда, парламентте, өкмөттө жүргөндө эл аралык деңгээлде ушундай жаштарды өстүрдүк» деп кайсы маданияттын, кайсы инсандын атын атай алабыз? Эч кимди атай албайбыз! Биз... Читать дальше...
Тажикстанда эки күндөн бери көнөктөп жааган жаандан улам суу ташкыны айрым айылдарга чоң коркунуч жаратууда.
26-апрелде Бишкек шаарында Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы нааразылык акциясы өтөт. Уюштуруучулардын бири, саясатчы Равшан Жээнбеков өкмөттүн уран кенин иштетүүгө тыюу салган чечими акцияны токтотпой турганын айтты: - Бийликке ишенич жок. Алардын чечими эки багытта болушу мүмкүн. Биринчиси - «бүгүн алдап туралы». Экинчиси - «бир аз созобуз да убакыт өткөндөн кийин эл тынчып кала турган болсо кайра ишти баштай беребиз» деген. Анткени бул долбоордун артында чоң күчтөр турат. Читать дальше...
Жогорку Рада 25-апрелде украин тилин колдонуу жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Экинчи жана акыркы окууда жактырылган документ «Украин тилин мамлекеттик тилге айлантуу» деп аталат. Президент Пётр Порошенко буга чейин аталган мыйзамга кол кое турганын билдирген. Документке ылайык, украин тили өлкөдөгү жалгыз мамлекеттик тил болуп калды. Аны колдонууну чектөөнү каалагандар жоопко тартылууга тийиш. Ошондой эле украин тилине коомдук турмуштун бардык тармактарында артыкчылык берилиши керек. Жеке сүйлөшүүлөр... Читать дальше...
Шашылыш билдирүү: 26-28-апрелдерде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. 25-27-апрелдерде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү күтүлөт. 26-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Читать дальше...
Орусиянын курамындагы Ингушетия республикасында полиция ингуш элинин Дүйнөлүк конгрессинин тең төрагасы, активист Ахмед Погоровдун жана анын эки бир тууганынын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу "Яблоко" партиясынын Ингушетиядагы бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Муцолгов билдирип, Карабулак шаарындагы тинтүү 25-апрелде таң эрте башталганын, Погоровдун үйү жайгашкан көчөнү брондолгон техника тосуп, беткапчан, куралданган спецназ келгенин кошумчалады. Мындан тышкары активисттин жээнинин үйү да текшерилип жатканы кабарланды. Читать дальше...
Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинде (ЕАЭБ) тең ата боло албай жатат. Бул туралуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров «Азаттыктын» «Бийлик сырлары» берүүсүндөгү маегинде билдирди: - Биз теңата боло албайбыз. Ал үчүн жок дегенде биз ийине чыгарышыбыз керек. ЕАЭБге киргенде күчтуү мамлекеттер сөзсүз түрдө күчтүү мамлекеттер өздөрүнүн өнүмдөрүн сатыш үчүн «саясий протекционизм» Петр-1 өткөргөн биринчи. Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамына 2015-жылы августта кирген. Читать дальше...
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Орусиянын президенти Владимир Путин 25-апрелде Ыраакы Чыгыштагы Владивосток шаарында кездешти.
Бишкек мэриясы таштанды ылгоочу жана кайра иштетүүчү завод курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тендер эки стадия менен өткөрүлөт. Биринчисинде техникалык, экинчи стадияда коммерциялык сунуштар каралат. Тендердин жоболору менен мэриянын сайтынан таанышууга болот. Бишкектеги таштанды иштетүүгө гранттык жана насыя каражаттарды тартуу боюнча долбоорду 2013-жылы депутаттар бекиткен. Долбоорго ылайык, Бишкекте таштанды иштетүү «Бишкек санитардык... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.