АКШ Кытайда мусулмандар кыйноо тартып жатканын жарыялады
АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) 29-апрелде дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда Кытайдагы мусулмандардын абалына өзгөчө көңүл бурулган. Бийлик мусулмандарды такай аңдып, телефондорун тартып алып, ичиндеги маалыматтарды окуп турарын белгилеген. А түгүл “ДНК маалыматтарын топтоо үчүн кандарын алмакка денелерине ийне сайылары” айтылат. Мамлекеттик департаменттин эсебинде, 2017-жылдын апрелинен тарта Шиңжаңда 800 миңден 2 миллиондон ашуун мусулман лагерлерге мажбурлап кармала баштаган. Читать дальше...