123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2019

Новости за 22.04.2019

Дарья Маслова Дүйшөмбү марафонунда алтын медаль утту

Azattyk.org 

Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Дүйшөмбү шаарында өткөн эл аралык жарым марафондук жарышта алтын медаль тагынды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, жарыш 20-апрелде Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтүп, ага 15 мамлекеттин спортчулары катышты. Дарья Маслова кыз-келиндер арасында жарышка чыгып, 21 чакырым 97 метр аралыкты 1 саат 14 мүнөт 45 секундда чуркап өтүп, жеңүүчү аталды. Экинчи орунду ээлеген эфиопиялык спортчу Бейене Хирут Гуангул... Читать дальше...

Аялдар спорту колдоо таба элек

Azattyk.org 

Кыргызстанда кыз-келиндер канчалык деңгээлде спорт аркылуу өзүн таанытып, ийгиликтерге жете алат? Коомчулук кыздардын чоң спортко аралашуусун колдоого алабы? “Эже-сиңдилер” берүүсүндө ушул темада баарлаштык.



Кыргызстандык эки мушкер Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандык мушкерлер Мирлан Түркбай уулу менен Эркин Адылбек уулу Азия чемпионатынын жарым финалдык таймашына чыкты. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, таймаштар ушул күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жатат. Бүгүн, 22-апрелде 49 килограммга чейинки салмакта чейрек финалда күч сынашкан Мирлан Түркбай уулу индонезиялык Комелис Квангу Лангуну 4:1 эсебинде жеңип алды. Түркбай уулу буга чейин 1/8 финалда йемендик Мухаммед Аль-Карнасты 5:0 эсебинде жеңген эле. Эми 25- апрелде Түркбай... Читать дальше...

Сооронбай Жээнбеков Шри-Ланканын президентине көңүл айтты

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Шри-Ланканын президенти Майтрипала Сирисенага үч жүзгө жакын кишинин өмүрүн алган кандуу окуяга байланыштуу көңүл айтты. "Шри-Ланканын шаарларындагы жардыруулардан көптөгөн адамдардын курман болгону тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бул жардыруунун кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, бардык жабыр тарткан адамдардын айыгып кетүүсүн каалайм", - деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында. Читать дальше...

АКШ Ирандан мунай алууга байланыштуу жеңилдикти токтотууда

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар 1-майдан тарта беш мамлекетке анын ичинде Кытай, Индия, Жапония, Түштүк Корея менен Түркияга Ирандан мунай импорттоого берилген убактылуу жеңилдикти токтотот. Ага ылайык, эгер аталган мамлекеттер мындан ары Тегерандан мунай сатып алууну улантса, аларга Вашингтон санкция киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу маалымат алгач Ак үйдүн сайтында жарыяланып, андан соң бул кабарды АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 22-апрелде ырастады. Помпео бул чечимди кабыл алардын алдында Вашингтон Сауд Арабиясы... Читать дальше...

Иран менен Пакистан чек арада "бирдиктүү күчтөрдү" түзөт

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани менен Тегеранга келген Пакистандын премьер-министри Имран Хан чек ара аймактарындагы террорчулукка каршы тез чара көрө турган “бирдиктүү күчтөрдү” түзүү тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Роухани Имран Хан менен сүйлөшүүдөн кийинки басма сөз жыйынында айтканын Ирандын мамлекеттик медиасы кабарлап чыкты. Соңку бир канча айдан бери эки өлкө «чек ара аймактарындагы жоочуларга каршы жеткиликтүү күрөшпөй жатат» деп бири-бирин айыптап келишкен. "Террорчулук маселеси бөлүп-жаруучу факторго айланып... Читать дальше...

ГЭСтин айынан эл менен полиция тирешти

Azattyk.org 

Шри-Ланкадагы теракттын курмандыктары көбөйүүдө. Ондогон киши кылмышка шектелип кармалды. Украинада президенттик шайлоо өттү. Жеңүүчү Владимир Зеленскийди дүйнө лидерлери куттуктоодо. Грузияда ГЭС курууга каршы чыккан эл менен полиция кагылышты. Түштүк Корея президенти Борбор Азияны кыдырып, миллиарддаган келишимдерге кол койду.



Таза шайлоону каалаган активисттер камалды

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарында эл аралык марафон учурунда камакка алынган активисттерди колдоо акциясы өттү. Эки активист - Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбаев таза шайлоого чакырык таштагандан кийин "митинг уюштуруу жөнүндөгү мыйзамды бузган" деген айып менен 15 күнгө камакка алынган.

Эл аралык байкоочулар украин шайлоосун кубатташты

Azattyk.org 

Эл аралык байкоочулар Украинада президенттик шайлоо ачык-айкын өткөнүн билдирип, добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныганы үчүн Петро Порошенкону кубатташты. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулары дүйшөмбү күнү Киевде баштапкы корутундусун жарыялашты.  - Украинада 2019-жылы өткөн президенттик шайлоо атаандаштык өкүм сүргөн жана жарандардын фундаменталдык эркиндигине урмат-сый көрсөтүлгөн шартта өттү. Бийликтин ырааттуу өткөрүлүп берилиши демократиялык институттарды бекемдөөгө жол ачат... Читать дальше...

Ботобаев өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болду

Azattyk.org 

Каныбек Ботобаев  өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары – өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү кызматына дайындалды. Буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Каныбек Ботобаев чек ара маселелери боюнча бир катар кызматтарда иштеген.  9-апрелде өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Курбанбай Искандаров кызматынан мамлекеттик этика талаптарын бузганы үчүн иштен алынганы маалым болгон. (TSh)

Мадумаров: партияны алып коюш Акаевдин, Бакиевдин да оюна келген эмес

Azattyk.org 

22-апрелде «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда саясатчы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айланасындагы окуялар боюнча пикирин айтты:  - КСДП партиясы мага жагабы, жакпайбы - бул башка маселе. Мыйзам боюнча партияны алып, бирөөгө берип койгон абийирсиздик. Эми бүгүнкү бийлик ачык чыгып күрөшсө болмок. Кылтыйтып бир нерсени сасытып коюп отура бергени жакшылыкка алып барбайт. Читать дальше...

Уран казуу убактылуу токтоду

Azattyk.org 

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Мекеме Коопсуздук кеңешине каяша айтты

Azattyk.org 

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик бул мекеменин жетекчисинин айдоочусу чет өлкөгө иш сапарга барганы тууралуу маалыматты четке какты.

Атамбаев негиздеген КСДП митинг уюштурду

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизгинин талашкандар 22-апрелде Юстиция министрлигинин алдына митингге чыгышты. Катышуучулар «Саясий рейдерликке жол жок!», «КСДПдан колуңду тарт!» деген чакырыктар менен юстиция министри Марат Жаманкуловдун кызматтан кетишин талап кылышты. Ал эми КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов партия Жаманкуловду кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышканын билдирди.

Акыркы асыл тукум жылкылар

Azattyk.org 

Жоюлуп кетпей сакталып калган Кыргызстандагы жалгыз асыл тукум жылкы заводун калыбына келтирип жаткан жаратман чарбагер. Улан Эгизбаевдин ысымын көчөсүнө коюп алышкан жаңы конуштун акыйкат издеген тургундары. Сүрөтүн сатып дүйнө кыдырган арт-өнөрпоздор. Бишкекке жаз менен кошо келген Жаз майрамы.

«Азаттыктын» Жалил Атамбаев жөнүндө иликтөөсүнүн негизинде териштирүү башталды

Azattyk.org 

«Азаттыктын» кабарчысынын «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» видеоиликтөөсүнөн соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштады. Көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшерилип жатат. Иштин чоо-жайын такташ үчүн ыкчам иликтөө тобу түзүлүп, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.  Журналист Ыдырыс Исаковдун «Ош... Читать дальше...

Теракт Шри-Ланканы эңгиретти

Azattyk.org 

Шри-Ланкадагы жардыруулардын курмандыктары 300гө чамалады. Жарадарлардын саны 500дөн ашты. 21-апрелде христиандардын Пасха майрамы белгиленип жаткан маалда болгон сегиз жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Ош аэропортунун кызматкерлери түзүм жетекчисине нааразы болуп жатышат

Azattyk.org 

Ош эл аралык аэропортунун ондогон кызматкерлери коопсуздук кызматынын башчысы Абдибаит Матиевге каршы нааразы болуп, анын жүрүм-турумун сындап чыгышты. Акция 22-апрелде болду.  Ош аэропорту баш ийген «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова муну бышыктап, окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдирди.  Ал арада айрым маалымат булактары дарегине айтылган сын-пикирлерден улам Абдибаит Матиев иштен алынганын, мындан аркы ишмердигине карата чечим кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгына жараша кабыл алынарын жазышты. Читать дальше...


Музыкальные новости
Виктор Тепляков

Депутат ЗСК Виктор Тепляков принял участие в круглом столе по вопросам развития туристической отрасли в Сочи





Персональные новости
Григорий Лепс

Телефон раздора: что грозит Лепсу за удар по смартфону фанатки





Шри-Ланка: жардырууларга чет өлкөлүк террорчулар көмөктөшкөн

Azattyk.org 

Шри-Ланканын бийлиги жекшембиде болгон кандуу жардыруулар чет өлкөлүк террорчул уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылганын билдирди. «Чалгын кызматынын маалыматы жергиликтүү террорчуларды чет өлкөлүк террорчул уюмдар колдогонун ишарат кылат. Ушундан улам президент чет өлкөлөрдөн жардам күтөт», - деп айтылат Шри-Ланканын президенти Майтрипала Сирисенанын 22-апрелдеги билдирүүсүндө. Өкмөттүн басма сөз өкүлү Ражитха Сенаратне бомба жардырууларынын артында «Улуттук таухид жамааты» деп аталган исламчыл экстремисттик топ турганын маалымдады. Читать дальше...

Жаман айгыр өз үйүрүнө тап

Azattyk.org 

Тамга тааныган кыргыз президент же депутат, тамга тааныбаган кыргыз мыйзамдагы ууру же топ башкарган авторитет болуп саясатка киргиси келген замана.

Зеленскийдин штабы Януковичтин куттуктоосун четке какты

Azattyk.org 

Украинада жекшембидеги президенттик шайлоодо жеңип чыккан актер жана куудул Владимир Зеленскийдин штабы 2014-жылы «Евромайдан» окуяларынан кийин өлкөдөн качып кеткен мурдагы украин президенти Виктор Януковичтин куттуктоосун четке какты. «Зеленскийдин командасы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө орусиялык үгүтчүлөрдөн жана мурдагы украин аткаминерлеринен «колдоо» тууралуу билдирүүлөрдү алып жатты. Мындай колдоосу жана куттуктоолору жок эле иш алып барабыз», - деп билдирди штабдын өкүлү Дмитрий Разумков. Читать дальше...

Президент Мамкаттоонун кызматкерлеринин кармалышына пикир билдирди

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков биометрикалык паспорттордун тендерине байланыштуу кырдаалга карата пикирин билдирип, «мен жарандык коомдун пикирин урматтайм, бирок шашылыш тыянак чыгарбоого чакырам»,- деди. Мамлекет башчы 22-апрелде Ошто санариптештирүү маселесине арналган жыйында сүйлөп жатып, өлкөнү санарипке өткөрүү анын президенттик ишмердигиндеги негизги багыттардын бири болуп кала берерин белгиледи. «Жакында Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери тендер чырына байланыштуу кармалды. Читать дальше...

Грузияда ГЭС курулушуна каршылар полиция менен кагылышты

Azattyk.org 

Жекшембиде Грузиянын Панкиси капчыгайында жергиликтүү эл менен полициянын кагылышынан 30дай киши жарадар болду. Анын 15и полиция кызматкери, 12си каршылык көрсөткөндөр.  Жергиликтүү тургундар Биркиани айылында ГЭС курулушуна каршылыгын билдирип чыгышкан. Эл курулуш техникасын өткөрбөй коюуга аракет кылганда полиция жаш агызчу газ жана желим ок аткан. Грузиянын Ички иштер министрлиги таяк көтөрүп, таш ыргыткан адамдарга каршы күч колдонууга аргасыз болгонун билдирүүдө.  Жергиликтүү эл ГЭСтин курулушу «жаратылышка зыян келтирет... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Like FM – федеральный партнер релиза «Идеальная зависимость»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Арина Соболенко

Бадоса из-за травмы снялась с матча против Соболенко и заплакала у сетки


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Московские краснокнижные зайцы обзавелись потомством





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о догазификации СНТ  


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко сравнил Всебелорусское народное собрание с «пустотой»




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Владимир Зеленский подтвердил ракетный удар по аэродрому в Джанкое


Навальный в России и мире
Москва

В Москве арестован на пять суток историк-публицист Сергеев за пост памяти Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Концерт в Клинской детской школе искусств им. П. Чайковского



Москва

Суд в Москве избрал меру пресечения трем бандитам из Белгородской области

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net