Украина: Зеленский алдыга чыкты
Украинадагы президенттик шайлоодо куудул Владимир Зеленский алдыга чыгууда.
Украинадагы президенттик шайлоодо куудул Владимир Зеленский алдыга чыгууда.
Украинадагы президенттик шайлоодо куудул Владимир Зеленский менен учурдагы президент Петро Порошенко алдыга чыгууда. Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, Зеленский жалпы добуштардын 30,4 пайызын, Порошенко болсо 17,8 пайызын алды. Ал эми бул шайлоонун дагы бир фаворити саналган, “Батькивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенко 14,2 пайыздай гана добуш топтоду. "Евромайдандан" бери экинчи жолу өтүп жаткан президенттик шайлоого рекорддук сандагы талапкерлер же 39 киши ат салышты. Читать дальше...
Украинадагы президенттик шайлоо учурундагы түрдүү мыйзам бузуулар боюнча кеминде 1600 арыз-даттануу келип түштү. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги добушканалар жабылаарына эки сааттай убакыт калганда билдирди. Добушканалардын жанында үгүт жүргүзүү, добуш сатып алууга аракет кылуу жана бюллетендерди сүрөткө тартуу шайлоо учурундагы кеңири тараган эреже бузуулар катары мүнөздөлдү. Өлкө аймагында миңдеген шайлоо бекеттеринин коопсуздугун 39 миңдей полиция кызматкери камсыздап жатышат. Читать дальше...
Бул жолу "Эже-сиңдилер" берүүсүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдары менен отурган энелердин түйшүгү тууралуу баарлаштык. Соңку жылдары балдары майып энелер биригип, уюмдашып иш алып барууда. Алар майып баланы багуу багытындагы адистерди чакырып, кеп-кеңештерди чогуу алганга да аракет кылышат.
Шевченко мекендештерине видео кайрылуу жасаган.
"Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү, миллиардер Жефф Безостун жеке каттарына жасалган чабуулга Сауд Арабиянын тиешеси бар экенин аталган ишкананын коопсуздук боюнча кеңешчиси Гэвин де Беккер айтты. 30-мартта "The Daily Beast" басылмасында жарыяланган билдирүүдө "биздин иликтөөчүлөр жана бир нече адистер саудиттер Безостун телефонунан жеке маалыматын алышкан деген терең ишенимде" деген Беккердин сөздөрү келтирилген. Безостун тапшырмасы менен миллиардер менен теле алып баруучу Лоран Санчестин... Читать дальше...
Ооганстандын вице-президенти, талаштуу колбашчы Абдул Рашид Достум "Талибан" кыймылынын кол салуусунан аман калды. Бирок бул чабуулдан өзбек тектүү мурдагы талаа командиринин жансакчылары каза тапты. Ооган полициясынын маалыматына ылайык, Достумдун кортежи 30-мартта Балх провинциясындагы Мазари-Шариф шаарынан өлкөнүн түндүгүндөгү Жаузжан аймагына баратканда буктурмага кабылган. Балх провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Мунир Ахмад Фархад жекшемби күнү билдиргендей, талиб жоочулары... Читать дальше...
Словакияда коррупцияга каршы күрөшкөн оппозициялык активист, юрист Зузана Чапутова президент болуп шайланды. Ал шайлоонун 30-мартта өткөн экинчи турунда добуштардын 58 пайызын алып, бийликтеги "Смер" партиясы колдоо көрсөткөн атаандашы Марош Шефчовичти жеңип чыкты. 45 жаштагы Чапутова Словакиянын тарыхындагы алгачкы аял президент болуп калмакчы. Ал буга чейин саясий кызматтарды ээлеген эмес. Чапутова таштанды полигонуна жана паракорчулукка каршы күрөшү менен элдин калың катмарына таанылган. Аны... Читать дальше...
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жекшембидеги президенттик шайлоодо жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00гө карата шайлоочулардын 44 пайыздан ашыгы добуш беришти. Бул сан беш жыл мурунку шайлоого салыштырмалуу көбүрөөк. 2014-жылкы президенттик шайлоодо бир күн ичинде жалпы шайлоочулардын 60 пайызы гана добуш берген. Украинанын батыш аймактарына салыштырмалуу борбордук бөлүгүндөгү Днепропетровск облусунда добуш берүүчүлөр жигердүүлүгүн көрсөтүүдө. Алгачкы экзит-поллдордун... Читать дальше...
Украинада президенттик шайлоо өтүүдө. Жарышка катышып жаткан 39 талапкердин ичинен үч адамдын шансы жогору бааланууда. Алар – азыркы президент Петро Порошенко, куудул Владимир Зеленский жана мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенко.
Түркияда 31-мартта жергиликтүү шайлоолор өтүп жатат. Өлкөнүн түштүк-чыгышында жана Стамбулдагы шайлоо бекеттеринин айрымдарында ок атылды. Малатья провинциясында исламчыл "Саадет" партиясынын шайлоого көз салып жаткан эки өкүлүнө ок атылган. Бул тууралуу партиянын басма сөз катчысы билдирди. Жергиликтүү басма сөз каражаттары окуяга байланыштуу бир адам кармалганын жазышты. Диярбакырда талапкерлердин ортосундагы мушташтан улам эки киши жаракат алып, аларды бири оор абалда ооруканага жеткирилди.... Читать дальше...
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кызматтан кеткенин «Азаттыктын» жеке булагы билдирди. Бирок өкмөттүн басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок. 13-14-март күндөрү Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жергиликтүү тургундардын айрымдары Халмурзаевге нааразы болуп, анын кызматтан кетишин талап кылышкан. Абиш Халмурзаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2016-жылдан бери иштеп келатат. (BTo)
КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бүгүн, 31-мартта партиянын Жалал-Абад облусундагы жыйыны ар кандай тоскоолдуктар менен өткөнүн билдирди. «Конференция өткөн жайды эртеден кечке укук коргоо органдары тегеренип жүрүштү. Биз аларды сүрөткө, видеого тартып алдык. Партияга эч кандай тиешеси жок, атайын даярдалган аялдарды да жиберишиптир. Алар «партиянын конференциясына биз да катышабыз» деп жаңжал чыгарышты. Бирок алар патиянын мүчөсү эмес». Жолдубаева Жалал-Абадда КСДПнын конференциясын өткөрүүгө бут тосуулар болуп жатканын кечээ... Читать дальше...
Украинада саат 11ге карата шайлоого катышууга укуктуу калктын 16 пайызы добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты. Президент Петро Порошенко Киевдеги Офицерлер үйүндөгү шайлоо бекетинде добуш берди. Ал добушканага үй-бүлөсү менен барды. "Мен Украина үчүн добуш бердим" деген Порошенко бюллетенди үкөккө салгандан кийин шайлоо жакшы уюштурулганына ишенерин жана Украина үчүн чоң мааниси бар реформалар ишке ашмайынча, Киев Евробиримдик менен НАТОго мүчө болууга умтула берерин айтты. Читать дальше...
Ооганстанда 29-мартта башталган суу ташкыны кеминде 35 адамдын өмүрүн алды. Миңдеген турак жайлар жабыркап, өлкөнүн алыскы аймактары менен транспорттук байланыш үзүлгөнүн бийлик өкүлдөрү билдиришти. Табият кырсыгынан Фарьяб провинциясында 12, Герат чөлкөмүндө 10, Багдис провинциясында сегиз, Балхта беш адам каза болгону кабарланды. Он чакты адамдын дайыны белгисиз. Кызыл Жарым Ай уюмунун Ооганстандагы бөлүмүнүн башчысы Мир Гулабуддин Миринин айтымында, сел жолдорду алып кеткендиктен алыскы аймактардагы... Читать дальше...
Түркияда 31-мартта жергиликтүү шайлоолор өтүп жатат. Добуш берүүнүн алдындагы сурамжылоолор президент Режеп Тайып Эрдогандын АК партиясы башкалаа Анкарада жана башка ири шаарларда утулуп калышы мүмкүн экенин көрсөткөн. Бул Түркия толук президенттик башкарууга өткөндөн кийинки алгачкы добуш берүү. Шайлоочулар 1389 шаардын мэрин жана миңдеген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын тандашат. Партиясы бийликке келген 2002-жылдан бери Эрдоган жана анын тарапташтары бир да шайлоодо жеңилишкен эмес. Читать дальше...
Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшанай Саттарова ушул күндөрү Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтүп жаткан эл аралык Гран-при жарышында алтын байге алды. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысына Саттарова билдирди. Гүлшанай Саттарова 30-мартта 800 метрге жарышка чыгып, 1-орунду ээлеген. Бул күнү эркектер арасында 800 метрге жарышка чыккан дагы бир кыргызстандык Мусулман Жоламанов күмүш байге алды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, бул... Читать дальше...
Сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча шайлоонун экинчи айлампасына өтүүгө мүмкүнчүлүгү жогору деп эсептелген Украина президенттигине талапкерлердин айрымдары өз добуштарын беришти. "Батькивщина" партиясынын лидери Юлия Тимошенко өз добушун Киевдеги шайлоо бекеттеринин биринде берди. Ал "бардыгы жакшы болоруна" ишенерин жана "жаз жеңерин" билдирди. Куудул, актер Владимир Зеленский добушканага баратканын "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу түз көрсөтүп турду. Ал "абдан татыктуу жана чынчыл адамды" тандаганын айтты. Читать дальше...
«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 1-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17, Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16, Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18... Читать дальше...
Чайпулдун өлчөмүнө алтын түстүү заттар оң таасир этет. Үй айбаны ээсинин пейилине жараша мамиле кылат. Кара кулак шерден да тез кыймылдаган салмоорчу-жөргөмүш. Ызы-чууну өзүнө сиңирип алган жасалма структура.
«Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны 200дөн ашты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева билдирди. Алардын арасында Казакстандын чек арачыларынын текшерүүсүнөн өтпөй калып артка кайтарылган автоунаалар да бар. Абдыкариева ошол эле учурда «Казакстанга автоунаалар такыр эле өтпөй калды» деген маалыматтарды четке какты. «30-мартта бир күндүн ичинде Казакстанга 150 машине өттү. Читать дальше...
Европачыл юрист Зузана Чапутова Словакияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңип чыгып, өлкө тарыхында биринчи аял президент болду. 31-мартка бардык бюллетендер саналып чыгып, анын жыйынтыгында Капутова шайлоочулардын 58,4 пайызынын добушун алды. Ал эми анын атаандашы, Европа комиссиясынын төрага орун басары Марош Шефчович 41,6 пайыз добушка ээ болду. 45 жаштагы Зузана Чапутова кесиби боюнча юрист. Буга чейин саясатка аралашкан эмес. Ал коррупцияга каршы жана экологиялык маселелерди көтөрүп чыгып, эл арасында белгилүү болду. Читать дальше...
Уста Кубат Жумагулов ээр чаап, боз үйдүн жыгачтарын жасайт. Ал устачылыкты атасынан мурастап алган. Кочкор районунун Туз айылында жашаган устага буйрутмалар Нарын облусунун бардык аймагынан түшөт.
Украинада президенттик шайлоо өтүүдө. Шайлоо бекеттери жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө ачылды.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.