Мэй: Солсбери уудан тазаланды
Туура бир жыл мурда Солсбери шаарында орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль жана кызы Юлия “Новичок” деген зат менен ууландырылган. Ал окуя “кансыз согуштан” берки ири “тыңчылар согушуна” алып келди.
Туура бир жыл мурда Солсбери шаарында орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль жана кызы Юлия “Новичок” деген зат менен ууландырылган. Ал окуя “кансыз согуштан” берки ири “тыңчылар согушуна” алып келди.
Кырсык болгондо ат ээсин баса жыгылган.
Ооганстанда суу ташкындан кеминде 32 кишинин өмүрү кыйылды. Каза болгон алты киши Гильменд провинциясындагы Навы шаарынын, алтоо Лашкаргах калаасынын жашоочулары экенин провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Омар Звак билдирди. Анын айтымында, аймакта табият кырсыгынан сегиз киши жаракат алды. Нөшөрлөп жааган жамгырдан кийинки суу ташкындан эки миңден ашуун турак жай зыянга учурады. Ал эми Кандагар провинциясында 20 киши каза таап, эки миңге чукул үй кыйраганын БУУнун гуманитардык... Читать дальше...
Эл аралык ондогон сыйлыктарга ээ болгон программист, ойлоп табуучу Бакыт Байдалиевдин Стамбулдагы супер симулятору. Он жылдан бери электри жок жашаган Аксыдагы айылдын шам менен сабак окуган балдары. Калың кары менен чет элдиктерди кызыктырган жыргалаңдыктардын кышкы туризм ишкерлиги. Москванын борбордук ипподромуна үч жарым миң адамды топтогон кыргыздардын көкбөрү оюну. Ушул жана башка турмуш окуялары “Данисте” телеберүүсүнүн мазмунун түздү.
Орусия 32 жыл мурун АКШ менен Советтер Союзу орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча кол койгон келишимдеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди. Жарлыктын текстинде айтылгандай, мындай чечим «АКШ келишимдеги өз милдеттерин аткарууну бузганы үчүн» кабыл алынган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу Вашингтонго кабарлашы керек. Путин кол койгон жарлык дароо күчүнө кирди. Өткөн айда НАТОнун... Читать дальше...
АКШнын Алабама штатында катуу куюндан 20дан ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Эстонияда парламенттик шайлоону оппозициядагы батышчыл партия жеңди. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Ички иштер министрлигинин кызматкерлери арыкташы керек деген пикирде.
«Дордой» футбол клубу АФК Кубогуна жана өлкө чемпионатына даярдыгын баштап, катарын сегиз оюнчу менен толуктады. Оюнчулардын төртөө чет өлкөлүк, калганы жергиликтүү футболчулар. 4-мартта клуб жаңы оюнчуларын тааныштырып, алдыдагы пландары менен бөлүштү. Команданын башкы максаты АФК кубогунун тайпалык баскычынан чыгуу экенин башкы машыктыруучусу Александр Крестинин журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди: - Бүгүнкү күндө команда толукталып бүттү. Бизге төрт легионер кошулду. Буга чейин Антон Землянухин... Читать дальше...
АКШнын суранычы менен Канадада кармалган кытайлык «Huawei» компаниясынын финансылык директору Мэн Ваньчжоу Канада өкмөтүн сотко берди. Мэн Ваньчжоу аны кармоодо конституциялык укуктары бузулганын айтып, Оттавадан кенемте талап кылып жатканын «Politico» сайты жазды. Былтыр 1-декабрда кармалган Мэн Ваньчжоу Кошмо Штаттар Иранга каршы киргизилген «санкцияларды бузган» деп айыпталып жатат. «Huawei» компаниясы бул дооматтардын баарын четке кагып келет. Оттава «Huaweiдин» негиздөөчүсүнүн кызын Вашингтонго... Читать дальше...
«Президент саясатчыга айланган күнү коом бузулат». Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ
1-март күнү Ысык-Көлгө балык уулоого чыгып, дайынсыз болуп жаткан Жети-Өгүздүн тургундары изделүүдө.
«Human Rights Watch» укук коргоо уюму тажикстандык оппозициялык активист Шарофиддин Гадоев Нидерландга кайтканга чейин Орусияда уурдалып, Тажикстанга жеткирилгенин, кыйноого кабылып, сабалганын билдирди. Уюмдун Борбор Азия боюнча эксперти Стив Свердлоу «Азаттыкка» «Группа 24» оппозициялык кыймылынын лидери саналган Шарофиддин Гадоевди өткөн айда Москвада Орусиянын коопсуздук кызматкерлери кармап, Тажикстанга өткөрүп беришкенин кабарлады: - Ал катуу кыйноого кабылган. Москвадан Дүйшөмбүгө келгенде анын кийими бүт кан болгон. Читать дальше...
Бишкекте өз баласын сатууга аракет кылган келин жана ага көмөктөшкөн төрөткананын эки кызматкери кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда кылмышка шектүүлөр баланы 190 миң сомго баалаган. Ушул тапта алар эки айга камакка алынып, тергөө иштери башталды.
Украина президенти Петро Порошенко жакын санаалашы Олег Гладковскийди Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин биринчи орун басарынын кызматынан бошотту. Порошенко 4-мартта «Твиттерде» Гладковский аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук көзөмөл боюнча мекеме аралык комиссиянын башчысынын кызматынан да алынганын жазды. Порошенконун бул кадамы Интернетте атайын иликтөө жарыялангандан кийин болду. Бир жума мурда Bihus.Info сайты Гладковскийдин уулу Игорь аскердик техниканын тетиктерин... Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев милиция кызматкерлери арыкташы керек деген пикирин айтты. Коңшу мамлекеттин башчысы мындай оюн Наманган облусунун бийлиги, активисттери жана жаштары менен жолугуп жатып билдирди. “Бизге салмагы ашыкча офицер, тартип коргоочунун кереги жок. Алар кантип кылмышкерлерди кармашат? Спорт менен машыгышсын. Биз аларга үч же алты ай убакыт беребиз” - деген президенттин сөзүн Daryo.uz сайтты жазды. 2019-жылы Германиядагы Йен университети жүргүзгөн иликтөөдө туура... Читать дальше...
Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселесинде жергиликтүү тургундар бир пикирге келише элек. Бир катар жергиликтүү тургундар “экологияга чоң зыян келет” деп каршы болсо, айрымдары иштеп кетсе элеттиктер үчүн иш орундары түзүлүп, жергиликтүү казынага каражат түшүп, турмуш оңолот деген үмүттө. Азыр кенде чалгындоо иштери менен алек болуп жаткан “Юразия в Кыргызстане” ЖЧК эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Венесуэланын оппозиция лидери, өзүн «утурумдук президент» деп жарыялаган Хуан Гуайдо 4-мартта мекенине кайтып келет. Өлкө бийлиги ал кайтып келгенде камакка алынарын эскертүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 4-мартта кечки саат беште чукул билдирүү таратып, жакынкы үч саат аралыгында Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болорун эскертти. Ушул эле аймакта 5-мартка караган түнү ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал согушу божомолдонууда.
4-мартта Минск шаарындагы сот көз каранды эмес Tut.by порталынын редактору Марина Золотованы мамлекеттик БелТА агенттигинен «мыйзамыз жол менен маалымат алган» деп таап, 7,650 рубл (3,600 доллар) жана соттун чыгымдарын жабууга 6,000 рубл (2,800 доллар) төлөөгө милдеттендирди. Журналист Золотова күнөөсүз экенин кайталады. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан «Журналисттерди коргоо комитети» беларус сотунун мындай чечимин «медиа каражаттарын кысымга алуу» деп баалады. Былтыр августта «БелТА мамлекеттик... Читать дальше...
3-мартта АКШ колдогон күрт кошуундары «Ислам мамлекети» (ИМ) тобунун Сириядагы акыркы таянычы эсептелген Багхуз айылы үчүн чечүүчү кармашын башташты.
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин экс-спикерлеринен куралган кеңеш түзүлдү.
Венесуэланын оппозиция лидери, өзүн «утурумдук президент» деп жарыялаган Хуан Гуайдо 4-мартта мекенине кайтып келет. Президент Мадуронун бийлиги ал кайтып келгенде камакка алынарын эскертти. Гуайдо өлкө жарандарын ал мекенине кайтып келе жатканда нааразылык акцияларына чыгууга үндөдү. Ал Аргентинадагы жолугушууда кандай гана тоскоолдуктар болбосун, Венесуэлага кайтып келерин жарыялады: - Биз бүгүн үйүбүзгө сөзсүз кайтып барарыбызды жарыялап койгум келет. Ошондой эле бардык венесуэлалыктардан көчөгө чыгып... Читать дальше...
«Кыргызстан коммерциялык банкынын» Ош шаарындагы банкоматтарынын биринен ири суммадагы акча уурдалды. Айрым булактар акчанын көлөмү 1,5 миллион сомдой экенин билдиришти. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков окуя 3-мартка караган түнү филармониянын алдында болгонун кабарлады, бирок канча сумма жөнүндө сөз болуп жатканын айткан жок. Анын алдында Араван районунун борборунан да белгисиз бирөөлөр «Кыргызстан коммерциялык банкынын» банкоматын талкалап, 900 миң сомду уурдап кетишкени маалымдалган эле. Читать дальше...
Алжирдин президенти Абдел Азиз Бутефлика өлкөсүндөгү нааразылык акцияларына карабай бешинчи мөөнөткө ат салышуу үчүн тиешелүү документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Бул элдик толкундоону күчөттү. Эки күн мурда жалпы өлкө боюнча демонстрацияларга 800 миңдей киши чыкканы кабарланды. Алар парламент менен өкмөттүн имаратыне бет алганда полиция көздөн жаш чыгарчу газ чачып, ондогон киши жабыркаган. Дагы ондогон адамды тартип коргоочулар кармап кетишкен. 82 жаштагы Бутефлика бир нече жыл мурда инсультка кабылып... Читать дальше...
Татарстанда экстремизмге байланыштуу айыпталган активист Данис Сафаргали Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинде «экстремизмге» байланыштуу берене жарым-жартылай декриминализация болгон соң 4-мартта абактан чыкты. Сафаргалини аялы, туугандары абактын дарбазасынын алдынан тосуп алышты. Өткөн айда сот активистке «Экстремизм» беренеси боюнча тагылган айыпты алып салган. Буга Орусиянын Кылмыш-жаза кодесинде бул берене жарым-жартылай декриминализация болгону түрткү берген. Былтыр декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин улуттук... Читать дальше...
Башында каршылаш команда эмне болгонун түшүнгөн эмес, бирок оюнчулар беттештен кийин тилинген колу-бутунун сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялашкан.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.