Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 30.03.2019

Жолдубаева: КСДПнын жыйынына күч түзүмдөрү тоскоолдук кылууда

Azattyk.org 

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Жалал-Абад облусунда партиянын конференциясын өткөрүүгө күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тоскоолдук кылып жатканын билдирди. «Биз отурган жерди УКМКнын, ИИМдин 20 чакты кызматкери айланып-тегеренип жүрүштү. Биздин активисттердин туугандарын да алып келишиптир. Алардын туугандарына «булар 7-апрелде Жалал-Абадда митинг кылганы жатат» деп айтып коюшуптур. Туугандары «силер эмнеге митинг өткөргөнү жатасыңар? Кеткиле, жоголгула!» деп провокация кылышты», - деди Жолдубаева. Читать дальше...

Кыргыз-казак чек арасында жүк өтпөй турат

Azattyk.org 

«Ак-Тилек - Автожол» өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны 170ке жетти. 19-марттан текшерүүнү күчөткөн казак тарап мындай кадамына түшүндүрмө бере элек. Экономисттер ЕАЭБга кирген өлкөлөрдө мындай кырдаалдын болушун орунсуз деп эсептеп, өкмөттү маселени чечүүгө чакырып жатышат.

Жерге-Талдагы Хамит аванын музейи

Azattyk.org 

Тажикстандын Жерге-Тал районуна караштуу Жайылган айлында ардагер мугалим Хамит Бороновдун демилгеси, өжөрдүгү, талыкпаган эмгеги менен ачылган музейдин ачылганына туура 25 жыл болуптур.



Германияда террористтик чабуул жасоого шектүү 10 киши кармалды

Azattyk.org 

Германиянын полициясы өлкөнүн батышынан террористтик чабуул жасоого шектүү 10 кишини кармаганын жарыялады. 30-мартта Дюссельдорф шаарынын прокуратурасынын басма сөз кызматы бийлик кармалгандардын «Ислам мамлекети» террордук тобуна байланышы бар-жогун иликтеп жатканын билдирди. Дюссельдорфтун прокуратурасы шектүүлөр акыркы эки күндө Эссен, Дюссельдорф, Вупперталь, Мёнхенгладбах, Дуйсбург жана Ульм шаарларынан колго түшкөнүн кабарлады. Германиянын «DPA» маалымат агенттиги кармалгандардын бири Тажикстандын жараны экенин... Читать дальше...

Перизатты чемпион кылган колдоо

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттарында өткөн дүйнөлүк атайын олимпиадада кыргызстандык спортчу кыздар алтын медаль тагынды. Алар бадминтон боюнча мелдешке чыгышкан. Бишкектеги атайын мектепте окуп жаткан Перизат Жанышбекова жеңишке жеткенине ишене албай турат. Беш жашында ата-энесинен ажыраган Перизатты аталаш эжеси багып алган.

Ооз комузда жүрөктүн үнү жаңырат

Azattyk.org 

Жыгач ооз комузду алгачкы жолу коомчулукка алып чыккан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Шакен Жоробекова карылыкка моюн сунбай, азыр да республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги маданий иш-чараларга катышып турат. Былтыр Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына 500дөн ашык ооз комузчулар менен сахнага чыккан. "Азаттык" Шакен Жоробекованын азыркы турмушу менен таанышып келди.

КСДПнын депутаттары Ош менен Баткенде партиянын жыйынын өткөрүштү

Azattyk.org 

Бүгүн, 30-мартта Ош жана Баткен облустарында Кыргызстан социал- демократиялык партиясынын (КСДП) конференциясы өттү. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Оштогу конференцияны КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков, Баткендегини аталган фракциянын депутаттары Мурадыл Мадеминов менен Карамат Орозова өткөргөнүн билдирди. Жолдубаева КСДПнын конференциялары эми Чүй, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында болуп, 6-апрелде партиянын кезектеги XVIII съезди өтөрүн айтты. Ошол эле кезде Сагынбек... Читать дальше...



31-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 31-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19, Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16, Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8... Читать дальше...

ЕЭАБ: вице-премьер-министрлер пенсия маселесин талкуулашты

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйында ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринде эмгектенгендерди пенсия менен камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоору каралганын билдирди. Өнөр жайды өнүктүрүү, өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү, ЕАЭБ жалпы эмгек рыногун түзүү, ЕАЭБ жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү маселелери талкууланды. Читать дальше...

Бишкек-Ош автоунаа жолу кайра жабылат

Azattyk.org 

Аба ырайынын кескин өзгөрүп, Бишкек-Ош автоунаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу, Бишкек-Ош жолу автоунаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылат. Жол “Сосновка” постунан, Өтмөк (Талды-Булак) ашуусунан саат 18:00дөн 31-март саат 06:00гө чейин, ал эми “Арал” постунан 19:00дөн 31-март саат 6:00гө чейин тосулат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Бишкек-Ош автоунаа жолунда мезгил-мезгили менен туман түшүп, кээ бир участкаларда таш кулоо коркунучу жаралганын билдирди. Читать дальше...

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу 1-апрелде аяктайт

Azattyk.org 

Дем алыш күндөрүнө байланыштуу бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 1-апрелге чейин жылдырылды. Декларациясын тапшыра элек жарандар бүгүн, эртең жана 1-апрель күнү эртең мененки саат 9:00дөн тарта кечки саат 24:00гө чейин тапшыра алышат. Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун маалымытына караганда, 27-мартка карата 300 миңге жакын адам бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Декларациясын убагында тапшырбаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айыппул салынат. Читать дальше...

«Ак-Тилек» постунда кезекте турган автоунаалар 160тан ашты

Azattyk.org 

«Ак-Тилек - Автожол» өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны 160тан ашты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева билдирди.  Маалыматка караганда, казак тарап текшерүүнү күчөтүп, бир саатта 4-5 жүк ташуучу автотранспортун өткөрүүдө. Абдыкариева автоунаалар артка кайтарылган учурлар да бар экенин айтты. «Казак тараптын текшерүүсүнөн өтпөй калган автотранспорттор артка кайтарылууда. Читать дальше...

Күйөөдөн кордук көргөн келин куткарылды

Azattyk.org 

Кытайлык жарандарга турмушка чыккан өзбекстандык эки келин мекенине кайтарылды. Алар Өзбекстандагы Нике агенттиктери аркылуу кытайлыктар менен Интернетте таанышып, баш кошкон.

Бишкекте «Жибек Жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

Azattyk.org 

Бишкекте 5-апрелден 28-апрелге чейин Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде балдар жана ата-энелер үчүн «Жибек Жолу» аттуу интерактивдүү көргөзмө өтөт. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду уюштуруп жаткан иш-чарага Кыргызстан, ошондой эле Жибек Жолунда жайгашкан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Иран, Түркия, Монголия, Жапония, Түштүк Корея, Пакистан, Ооганстан жана Орусиянын өкүлдөрү катышат. Көргөзмөнүн жүрүшүндө ар бир өлкөгө бир күндөн бөлүнүп берилип... Читать дальше...

ТИМ: Орусия «миграциялык мунапыстын» жол-жоболорун кайра карап чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия Кыргызстандын жарандарына карата буга чейин жарыяланган «миграциялык мунапыстын» жол-жоболорун кайра карап чыккандыгын кабарлады. Ага ылайык, Орусиянын аймагындамиграция мыйзамдарын бузуп жүргөн кыргызстандык жарандарга 1-апрелден 22-апрелге чейин Орусиядан чыкпай эле легалдашуу мүмкүнчүлүгү берилет. Ал үчүн «миграциялык мунапысты» колдоно турган жарандар Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын каалаган... Читать дальше...

Бишкек-Ош автоунаа жолу ачылды

Azattyk.org 

Бүгүн саат 10:00дөн тартып Бишкек-Ош автоунаа жолу ачылып, бардык посттордон машинелер өткөрүлө баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу жеринде иштеп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аба ырайы кескин өзгөрүп, кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу, Бишкек-Ош автожолу 29-март күнү саат 22:00дөн тарта жабылган. Жол «Сосновка», «Арал» постторунан жана Өтмөк ашуусунан тосулган. Мекеме өзгөчө кырдаалдар болсо 112 кызматына кайрылууга чакырат. Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Розенбаум

«Посмотрите на этих губастых»: Розенбаум разгромил любителей пластики





Персональные новости
Сергей Трофимов

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ





Мюллердин отчету Конгресске апрелдин ортосунда тааныштырылат

Azattyk.org 

«Орусия 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен» деген шек боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүнүн жыйынтыгы тууралуу отчет Конгресске апрель айынын ортосунда берилет. Бул тууралуу АКШнын башкы прокурору Уильям Барр жума күнү билдирди. Анын маалыматына караганда, бул документ менен Ак үй алдын ала таанышпайт. Конгрессмендер Мюллердин отчетунун толук жарыяланышын талап кылып жатышат. АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнкү басма сөз жыйынында анын жашыра турчу эч нерсеси жок экенин айтты. Читать дальше...

Еврокомиссия Румынияны мыйзам үстөмдүгүн урматтоого чакырды

Azattyk.org 

Европа комиссиясы Румыниянын мыйзам үстөмдүгү принцибинен тайып жатканын сындады жана Антикоррупциялык башкармалыктын мурдагы жетекчиси, прокурор Лаура Көвешиге адилет мамиле кылууга чакырды. Ушу тапта Румыния блоктун ротациялык негиздеги төрагалыгын аркалоодо. "Румыния өкмөтүн жана бийлигин биримдиктин башкы прокурорун тандоодо кызматташтык принцибин урматтоого үндөйбүз", - деди Еврокомиссиянын басма сөз өкүлү Маргаритис Шинас. 29-мартта Көвеши кызматта турган кезде дайындалган прокурорлорду... Читать дальше...

Ош шаарында ипотекалык негизде берилүүчү үйдүн курулушу апрель айында башталат

Ca-irnews.com (kg) 

Ош, 30-март, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн Турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция, инновациялык технологиялар фондунун директору Кутманаалы Абдрахманов билдирди.

Спорт в России и мире
Москва

Росгвардия обеспечила правопорядок во время футбольного матча «ЦСКА» - «Спартак» в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии





Путин в России и мире
Москва

Строители мостов и дорог удостоены государственных наград


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Розенбаум

«Посмотрите на этих губастых»: Розенбаум разгромил любителей пластики



Москва

Армия в СВО бьется за ментальную независимость России

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net