Алжир: оппозиция президенттик шайлоону жылдырууну талап кылды
Алжирде президент Абдел Азиз Бутефликанын бешинчи мөөнөткө кайра барышына каршы акциялар 8-мартта да уланды. Маалымат агенттиктери жума күнү он миңдеген кишилер көчөгө чыгышканын кабарлап жатышат. Демонстрация тынч өтүүдө. Борбор калаа Алжирде демонстрациялардын алдында метро жабылып, бир катар шаар аралык поезд каттамдары жабылган. 8-марттагы нааразылык акцияларынын алдында Бутефликанын атынан кайрылуу тарады. Анда президент тынч акциялардын тополоңго чейин жетишине жол берилбеши керектигин айткан. Читать дальше...