Зидан кайрадан "Реалды" машыктырмай болду
Француз клубду өткөн жылдын жай айында таштап кетсе, эми кайрылып келди.
Француз клубду өткөн жылдын жай айында таштап кетсе, эми кайрылып келди.
Казакстанда шинжаңдык казак-кыргыздардын укуктарын коргоп келген активист Серикжан Билаш 11-мартта үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Билаш жетектеген "Ата Журттун ыктыярчылары" уюму билдирди. Активист "улут аралык кастыкты козуткан" деген шек менен 10-марттын түнү Алматыдан кармалып, Астанага жеткирилип, полиция департаментинин тергөө абагына камакка алынган. Активист өзүнө тагылган айыпка макул болбой, доо арыз менен тиешелүү органдарга кайрыла турганын билдирген. "Ата Журт ыктыярчылары"... Читать дальше...
Украинада президенттикке талапкер, «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко президент Петро Порошенкону өлкөнүн коргонуу тармагындагы коррупцияга байланыштуу иликтөөдөн улам шайлоодон талапкерлигин алып салууга чакырды. Тимошенко бул тууралуу дүйшөмбүдө Жогорку Рададагы жыйында билдирди. Тимошенко ошондой эле анын партиясы парламентте тергөө комиссиясын түзүүнү талап кылганын, бирок ал үчүн тиешелүү буйрук чыкпаганын кошумчалады. Парламент коргонуу тармагындагы уурдоолорго байланыштуу... Читать дальше...
Казакстанда шинжаңдык казак-кыргыздардын укуктарын коргоп келген активист Серикжан Билаш "улут аралык кастыкты козуткан" деп айыпталууда.
Орусиядагы «Новая газета» басылмасы Ярославль түрмөсүндөгү үрөй учурган видеолорду чыгарды. Москвадан 250 чакырымдай алыс жайгашкан Ярославль шаарындагы №1 түзөтүү колониясында соттолгондор кабылган кыйноолор тартылган видеону гезиттин редакциясына «Коомдук вердикт» фондунун юристтери беришкен. Күзөтчүлөр тарткан делген эки видеодо былтыр жайында абактан бошотулган Павел деген жигитти көрсө болот. Үч секундалык роликте жылаңачталган Павел формачан кайтаруучулардын алдында бүк түшүп отурат. Анын оозун байлап сабашкан... Читать дальше...
Ирандык маалымат каражаттары укук коргоочу жана таанымал адвокат Насрин Сотудех жети жылга абакка кесилгенин кабарласа, анын күйөөсү жубайы жалпысынан 38 жылга эркинен ажыратылганын билдирди. 11-мартта Тегерандагы Сакчылар соту ИСНА маалымат агенттигине укук коргоочу “системага каршы аракет кылганы” жана өлкөнүн Жогорку лидери аятолла Али Хаменеини “кемсинткени” үчүн беш жылга кесилгенин маалымдаган. Бирок Сотудехтин күйөөсү Реза Хандан "Азаттыктын” Иран кызматына 9-мартта анын аялы 33... Читать дальше...
Голландиялык журналисттин жаңы жарыкка чыккан китебинде «Талибан» кыймылынын көзү өткөн лидери Молдо Мухаммед Омор Ооганстандын түштүгүндөгү америкалык базага чукул жерде жашырынып жашаганы баяндалат. Журналист Бетт Дэм өз китебинде Пакистанда «баш калкалап жүрөт» деген талибдердин лидери 2004-жылга чейин Забул провинциясынын борбору Калатта америкалык базага чукул жерде жашап жүргөнүн жазат. Дэм беш жыл бою «Талибан» кыймылынын мүчөлөрү менен интервьюларды уюштуруп, согушкерлердин бир көзү сокур лидеринин өмүр таржымалын иликтеген. Читать дальше...
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы «абактагы Гулнара Каримова өз өмүрүнө кол салган» деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн башкы көзөмөл органына шилтеме кылып «Kun.uz» сайты кабарлады. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө «эч кандай суицид же суицид аракети болгон жок. Гүлнара Каримова белгиленген тартипте жазасын өтөп жатат. Бул чуулгандуу теманын айланасындагы кезектеги ушак» деп айтылат. Буга чейин социалдык тармактарда Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун... Читать дальше...
Сауд Арабиясындагы «Camel Fest» фестивалына даярдык жүрүп жатканда кырсыктаган кыргызстандык жаачы кыз Асланайым Ашировага операция жасалды. Бул окуя кыргызстандыктардын көңүлүн аталган фестивалга бурду.
Курорттук зонада Валентинанын эжеси жана машыктыруучусу кошо эс алып жүрөт.
157 кишинин өмүрүн алган кечээки кырсыктан кийин Кытай менен Эфиопия "Боингдин" ал үлгүсүндөгү учактарына убактылуу тыюу салды. Швеция соту "теракт уюштурууга" шектелген кыргызстандык Атабек Абдуллаевди актады. Этнофестивалга даярдык учурунда бутунан оор жаракат алган кыргызстандык Асланайым Ашировага Эр-Риядда операция жасалды.
Эфиопиядагы кырсык «Боинг 737 MAX 8» учагынын коопсуздугу боюнча талкууну күчөттү. Кытай менен Эфиопия аталган үлгүдөгү учактарды колдонууга тыюу салды.
Ирандын президенти Хасан Роухани биринчи жолу Багдадга расмий сапар менен барды. АКШнын Иранга карата санциялары күчүндө турганда эки өлкөнүн жетекчилиги мындан аркы кызматташтыкты талкуулап жатышат.
Кыргызстанда сот тармагына бөлүнгөн каражат жыл сайын көбөйүүдө. Маселен, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 38,5 пайызга көп бөлүнгөн. Башкача айтканда быйыл сот тармагына бюджеттен 2 миллиард 154 миллион сом бөлүндү.
Катышуучулар 5, 10 жана 21 чакырымга чуркашат.
Соттун чечими аткарылып жатканынан кабар алыш үчүн барган «Апрель» телеканалынын журналисттерин Ашым (Хашим) Зайналиев өз мекемесинен күчкө салып кууп чыкты. Бул тууралуу телеканал өзүнүн кабарчысы Юлия Кулешованын сөзүнө таянуу менен кабарлады. Телеканал өз сайтына койгон тасмада көрүнүп тургандай, журналист жана оператор имаратка кирип, Зайналиевди кепке тартууга аракет кылганда ал кабарчыларды түртүп жибергени көрүнөт. Журналисттер өздөрү табып аларга кол көтөргөнүн айтып, милицияга арыз жазышты. Читать дальше...
Бишкекте 11-мартта соттордун XI курултайы болду. Жыйында президент Сооронбай Жээнбеков сот тармагына бюджеттен бөлүнгөн каражат жыл сайын өсүп жатканын белгиледи. Маселен, 2018-жылы 1 млрд. 555 млн. сом бөлүнсө, быйыл 2 млрд. 154 млн. сом бөлүндү. Ал ошондой эле сотторду ыйманга да чакырды.
Орусиянын бир нече шаарында Интернеттин эркин болушун талап кылган акциялар өттү. Чогулгандар Рунетти Дүйнөлүк желеден бөлүп коюуга жол ачкан мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти.
Бишкектеги Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараев «жүздөгөн административдик ишти атайлап жок кылган, ири суммадагы акчаны кымырып алган» деп айыпталып жатат.
«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош жана Баткен облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Тоолуу жерлерде жолдорго муз тоңот, кар көчкү түшүү коркунучу бар. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +10…+15, Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз +10…+15, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +10...+15, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6... Читать дальше...
8-мартта Стокгольмдун четиндеги Сольна шаардык соту Швециянын борборунда «теракт уюштуруу» боюнча шек саналган кыргызстандык Атабек Абдуллаевди актады. Сот өзбекстандык Давид Идриссонду жети жылга, Бахтиёр Умаровду алты айга эркинен ажыратты. Абдуллаевдин адвокаты Кристофер Старэ «Клооп» агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып соттун өкүмүн «күтүлбөгөндөй жеңиш» деп баалады. 5-мартта сот Умаровду жана Абдуллаевди сот өкүмү чыкканга чейин камактан бошоткон. Швециянын полициясы Бахтиёр Умаров... Читать дальше...
Өзүн Улуттук коопсуздук блюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш борборунун өкүлү катары тааныштырган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, 24 жаштагы жигит Бишкек ЖЭБинин кампасынан металл түтүктөрүн мыйзамсыз алып чыгып кетүүгө аракет кылган учурда колго түшкөн. Шектүү Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Факт Жазык кодексинин 200-беренеси («Карактоо») менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып... Читать дальше...
«Эл аралык мунапыс» уюму чеченстандык Оюб Титиевге коюлган айыпты «сот адилеттигине шек келтирет» деп баалап, укук коргоочу «жалган жалаа» менен жазага тартылып жатканын билдирди. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм мындай билдирүүсүн 11-мартта Чеченстанда Титиевдин үстүнөн башталган сотту утурлай чыгарды. Титиевдин адвокаты Илья Новиков прокурор Милана Байтаева Шали шаарында жүрүп жаткан сотто укук коргоочуну төрт жылга эркинен ажыратууну өтүнгөнүн кабарлады. Орусиядагы «Мемориал» уюму сот... Читать дальше...
Кытай “PL-15” өнүккөн ракеталык системасын Пакистанга берет.
Түркиянын ички иштер министри өлкөдөгү төңкөрүштөн бери окуяга байланышы бар 511 миң адам камакка алынганын билдирди.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.