Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 01.03.2019

Пакистан индиялык учкучту мекенине кайтарды

Azattyk.org 

Пакистан армиясы 27-февралда туткунга алган индиялык учкуч Делиге кайтарылды. Анын учагы талаштуу Кашмир аймагынын үстүнөн атып түшүрүлгөн. Абхинандан Вартхаман жума күнү Вагах чек ара бекетинен Индия тарапка өттү. Бир күн мурда Исламабад учкучту “тынчтык ишарасын” кылып, элине кайтараарын билдирген. Пакистан куралдуу күчтөрү шаршембиде Индия аба күчтөрүнүн согуштук эки учагын өз мейкиндигинде атып түшүрүшкөнүн билдирген. Дели MiG-21s учагын жоготконун бышыктоо менен катар пакистандык учактардын... Читать дальше...

Трансгендер - маңдайга жазылган буйрук

Azattyk.org 

"Азаттык +" бул берүүсүн коомдо сейрек кездешкен трансгендерлерге арнады. Бул оорубу же абалбы? Алардын укуктары эмне үчүн сакталбайт жана коомдо өздөрүн кандай сезишет, эмнеден кооптонушат? “Азаттык+” ушул жана башка суроолорго жооп издеди. Бул берүүнүн максаты кандайдыр бир көрүнүштү пропагандалоо эмес, тек гана дүйнө ар түрдүү адамдардан турганын эске салуу.

Столтенберг: НАТО кырдаалга даяр болушу керек

Azattyk.org 

НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг "Альянс Орусия Орто аралыкка учуучу ракеталар боюнча келишимди аткаруу чакырыктарына көнбөйт деген кырдаалга даяр болушу керек" деп билдирди. Баш катчы бул тууралуу 1-мартта “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун болгар редакциясына берген интервьюсунда айтты: - НАТО Кара деңиз жана Балтика чөлкөмдөрүндө аскерлерин буга чейин көбөйткөн. Себеби, Орусия аскердик кубатын арттырууда, курал системаларынын кеңири түрлөрүнө, анын ичинде өзөктүк куралга көп каражат жумшап жатат. Читать дальше...



ВИЧ жуктуруп алгандар Бишкекте көйгөйүн ачык талкуулашты

Azattyk.org 

Дискриминацияны токтотуунун эл аралык күнүнө карата Бишкекте ВИЧ/СПИДди алып жүргөндөр тууралуу кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлүп, бул оору менен жашаган аялдар тууралуу комикстер көргөзмөсү уюштурулду. Борбор Азиядагы Америка университетинде өткөн иш-чарада аталган дартка чалдыккандар коомдун аларга жасаган басмырлоосун айтып берди. ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алганын ачык айтып чыккан Кыргызстандагы алгачкы аял Бактыгүл Шүкүрова “Азаттыкка” берген маегинде буларды айтты: - Бүгүнкү күндө адамдар... Читать дальше...

«Эркектерге аңчылык» Дагестанга жакпады

Azattyk.org 

Рохинжа мусулмандары баш калкалаган лагерлерде абал кескин начарлады. "Эркектерге аңчылык" спектакли Дагестанды дүрбөлөңгө салып, москвалык артисттер кечирим сурашты. Картөшкөгө чектөөнү алуу үчүн Казакстан Кыргызстанга бир топ талап койду.

КТРКнын директорлугуна жарышта финалдык баскычка сегиз талапкер өттү

Azattyk.org 

Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши 1-мартта телеканалдын директорлугуна талапкер болгон 17 кишинин программасын угуп, сегиз кишини финалдык баскычка өткөрдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди.  Финалга өткөндөр - Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Досумбаев.  Калган талапкерлер - Мирбек Мурзабеков, Малика Курманова, Куттумидин Базаркулов... Читать дальше...

Көкбөрү федерациясынан ырк кетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы жаңы жетекчини шайлаган соң федерациянын аймактардагы айрым өкүлчүлүктөрүндө нааразылык пайда болду.



Лукашенко: «Беларустар Орусия менен биригүүнү каалашпайт»

Azattyk.org 

Беларустун президенти Александр Лукашенко «өлкөнүн Орусиянын курамына кириши жөнүндө референдум өткөрүлсө, калктын 98 пайызы буга каршы болушат» деп билдирди. Президент «беларустар Орусия менен болгусу келет, бирок өз батиринде жашоону каалашат» деди. 1-мартта Лукашенко бардык мамлекеттик телеканалдар тартуулаган салттуу жылдык басма сөз жыйынын өткөрдү. Ага Орусияга байланышкан суроолор көп берилди. «Орусиянын Беларусту жутуп алуу ниети жок. Мен Путинди 20 жылдан бери билем. Аны сезмекмин», - деди Лукашенко. Читать дальше...

Бишкекте жапон маданиятынын көргөзмөсү башталды

Azattyk.org 

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде «Фудзинин этегиндеги желаргы жөнүндө»  аттуу жапон маданиятынын көргөзмөсү башталды. Көргөзмө 4-апрелге чейин уланат. Иш-чара мекеменин мурдагы директору Майрам Юсупованын 80 жылдыгына арналган. Көргөзмө жапон элчилиги тарабынан уюшулуп, ага Юсупованын өзүнүн буюмдары, анын үй-бүлөсү жыйнаган атактуу жапон сүрөтчүсү Кацусака Хокусаянын (1780-1849) «Фудзи тоосунун 36 түрү» аттуу гравюлары коюлган. Көргөзмөдө «Батыш-чыгыш диалогу. Улуу Жибек... Читать дальше...

Мектептин аянтына Нурлан Мотуев орноткон тандыр алынып салынды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери №11 мектептин короосуна белгилүү саясатчы Нурлан Мотуев орнотуп алган павильонду жана тандырды бузуп, алып салышты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, объектилер 27-февраль түнү орнотулган. Эртеси күнү мектептин жетекчилиги мэрияга даттанган. Факт боюнча акт түзүлүп, конструкция уруксат документтери жок коюлганы жана алынышы керек экендиги такталган. Мотуев болсо «Фейсбуктагы» баракчасына пост жазып, анда... Читать дальше...

Иракта ИШИМдин мүчөсү болгон чет өлкөлүк 1500дөй аял камакта жатат

Ca-irnews.com (kg) 

Ирактагы Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын мүчөсү азыркы учурда Ирактын аймагында ИШИМ согушкерлеринин 1700дөн ашуун чет өлкөлүк аялдары жана балдары түрмөдө  жатарын билдирди.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Баткенге жумуш сапары менен барды

Azattyk.org 

1-мартта АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Баткен облусунда жумуш сапары менен болуп, элчиликтин колдоосу аркылуу ишке ашкан долбоорлордун жүрүшү менен таанышты. Элчи мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цехтин ишин көрүп, медреседеги кесип үйрөнүп жаткан жаштардан кабар алды. Мындан сырткары, ал Баткен мамлекеттик университетинде Америка ресурстук борборунун ачылуу аземине да катышты. Дональд Лу учурда Кыргызстанда АКШ элчилигинин карамагында 2 млн. долларга бааланган долбоорлор иштеп жатканын айтып өттү. Читать дальше...

2-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

2-мартта Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Нарында түнкүсүн -14...-19, күндүз -1...-5, Таласта түнкүсүн -3...+2, күндүз 9...14, Ысык-Көлдө түнкүсүн -1..-6, күндүз 3...8, Калган төрт облус - Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15 градус болот. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 13…15 градус болот. Читать дальше...

Пакистан аба мейкиндигин жарым-жартылай ачты

Azattyk.org 

Пакистан аба мейкиндигин жарым-жартылай ачты. Жарандык авиация мекемеси Карачи, Исламабад, Пешавар жана Кветтагабардык жергиликтүү жана эл аралык рейстер аткарыларын билдирди. Калган аэропорттор, анын ичинде Индия менен чектеш Лахор 4-мартка чейин жабык болот.  Пакистан армиясы индиялык эки учакты атып түшүрүп, бир пилотту колго түшүргөндөн кийин Исламабад 27-февралда аба мейкиндигин жаап койгон. Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан “тынчтык ишарасы катары пилот жума күнү Делиге өткөрүлөрүн жарыялаган. Читать дальше...

Мен бүгүн үшүп турам, көчөдөмүн...

Azattyk.org 

“Мен бүгүн”. Бир нече жылдан бери Москвада эмгектенип жүргөн Азамат Омош жаңы эле басмадан чыккан алакан отундай китебин ушинтип атаган.

БУУ: Израилдик күчтөрдүн Газадагы аракети аскердик кылмыш болуп эсептелинет

Ca-irnews.com (kg) 

Бириккен Улуттар Уюму Газадагы “Кайтаруу маршы” демонстрациясы учурундагы израилдик аскерлердин палестиналыктарга каршы жасаган ырайымсыз кол салуулары аскердик кылмыш болуп эсептелинерин билдирди.


Музыкальные новости
Сергей Прокофьев

Мариинский театр исполнил оперу Прокофьева в честь дня рождения композитора





Персональные новости
Владимир Путин

Путин назвал сохранение духовных ценностей условием укрепления суверенитета





Бангладеш качкындарды мындан ары кабыл ала албайт

Azattyk.org 

Бангладештин өкмөтү БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылып, мындан ары качкындарды кабыл ала албай тургандыгын билдирди. Өлкөдө ушу маалда кошуна Мьянмадан 700 миңден көп качкын, көбү мусулман рохинжалар баш калкалап жүрөт. Бангладештин тышкы иштер министри Шахидул Хак рохинжаларга байланышкан кризис тереңдегенин кошумчалап, Кооспуздук кеңешин «чечкиндүү» чара көрүүгө үндөдү. Бангладештин бийлиги буга чейин да качкындар маселесин чечүү оор болуп баратканын эскертип келген. Мьянманын Ракхайн аймагын... Читать дальше...

Финансы министрлиги: Бакиевдерден кайтарылган акча эсепке түшө элек

Azattyk.org 

Кыргызстандын Финансы министрлиги атайын билдирүү таратып, мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиевдердин «АКШ кайтарды» деген каражаты келе элек экенин кабарлады. Министрликтин басма сөз катчысы Гүлмира Түгөлбаева «Азаттыкка» билдиргендей, мекеменин Улуттук банктагы эсебине соңку эки күндүн ичинде акча түшкөн эмес. Мекеме өкүлү алар АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен сүйлөшкөнүн, америкалык дипломаттар «процедуралык маселелерден улам акча которуу кечеңдеп жатышы мүмкүн» деп айтышканын белгиледи. Читать дальше...

Арменияда 2008-жылкы кандуу окуя эскерилүүдө

Azattyk.org 

Армения 2008-жылкы кандуу окуянын 11 жылдыгын белгилеп жатат. Анда президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразы болгондор демонстрацияга чыгып, ортодогу кагылышуунун айынан сегиз киши жана эки полиция кызматкери каза тапкан. Шайлоону ошол кездеги президент Роберт Кочаряндын жакын санаалашы Серж Саркисян жеңгени жарыяланган. Жума күнү премьер-министр Никол Пашинян ошол кездеги өкмөт тынч демонстранттарга каршы ашыкча күч колдонгонун белгиледи жана курман болгондорду бирден атады. Кечинде премьер-министр Еревандагы жүрүшкө катышмакчы. Читать дальше...

Жалал-Абадда мэр менен иштеше албаган кызматкерлер жумуштан кетти

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу маалымат борборунун жетекчиси Жалил Сапаров баштаган бир топ журналисттер калаа башчысы менен иштеше албай турганын билдирип, өз жумуштарын тапшырып кетишти. Бул тууралуу алар «Азаттыкка» билдиришти. Жети кызматкер шаар мэри алардын ишине жолтоо болуп жатканын айтып, 1-марттан тартып жумушка чыгышкан жок. Шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков кызматкерлерге кысым болбогонун айтып, алардын тобу менен жумуштан кеткени күтүүсүз болгонун айтты. Арасындагы... Читать дальше...

Франция менен Грекия мигрант балдарга акча төлөөгө милдеттендирилди

Azattyk.org 

Адам укуктары боюнча Европа соту Франция менен Грекияны мигрант балдарга жасалган мамилеси үчүн доого жыкты. 28-февралда Франция оогандык өспүрүмгө 15 миң евро төлөөгө милдеттендирилди. 2016-жылы ошол маалда 12 жаштагы Жамил Хан Кале шаарындагы мигранттар лагеринде жарым жыл баш калкалап келген. Француз өкмөтү лагерди жок кылууга көрсөтмө берген. Жергиликтүү сот өспүрүмгө кам көрүш керек деп чечкени менен, мамлекет буйрукту аткарган эмес. Натыйжада бала алты ай «санитардык, коопсуздук жана башка шарттары жок» жерде жашаган. Читать дальше...

Бурулайдын иши боюна милиция кызматкерлеринин соту төртүнчү жолу жылды

Azattyk.org 

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишин кароо 7-мартка жылды. Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда бүгүнкүгө белгиленген отурум айыпталуучулардын жактоочусунун бири келбегени үчүн болбой калды. Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев «Азаттык» менен болгон маегинде сот жылып жатканына нааразы болду. - Мыйзамды билген милиция кызматкерлеринин, жактоочулардын кылганы ушул болсо билбейм. Кызымдын өлгөнүнө бир жылга жакындап калды. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Росгвардия обеспечила правопорядок во время футбольного матча «ЦСКА» - «Спартак» в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии





Путин в России и мире
Москва

Путин поручил сократить время движения поездов от Москвы до курортов Черноморского побережья до 16 часов


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Денис Мацуев

Мацуев — о московском дерби: Бездарное зрелище. Уснул на 15-й минуте



Москва

Суд получил апелляционную жалобу на арест фигуранта дела о взятке замминистра

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net