Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 10.03.2019

Эфиопияда учак кулады: аман калганы жок

Azattyk.org 

10-марттын таңында Эфиопия борбору Аддис Абебадан Кения борбору Найробиге бараткан учак кыйрады. Бортунда кеминде 35 өлкөнүн жарандары баратканы, бири да аман калбаганы такталды. Бул кырсык чыкканына көп болбогон "Боингдин" ушул учагынын коопсуздугу боюнча талкууну күчөтүүдө.

Эфиопияда кыйраган учакта 35 өлкөнүн жарандары болгон

Azattyk.org 

Эфиопияда кулаган учакта Германиянын беш, Орусия, Австрия жана Швециянын үчтөн жараны болгону аныкталды. Словакия Элдик Радасынын депутаты Антон Хрнко бул кырсыкта аялын, кызын жана уулун жоготконун “Фейсбуктагы” барагына жазды. Учак ээси - "Ethiopian Airlines" авиакомпаниясынын маалыматына караганда, бортто 35 өлкөнүн жарандары, жалпысынан 157 киши бараткан. "Боинг-737" 10-марттын таңында Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге багыт алган. Абага көтөрүлгөндөн алты мүнөт өткөндө кырсыкка кабылган. Читать дальше...

Кытайдагы казактарга болушкан активист кармалды

Azattyk.org 

Казакстанда “Атажурт” кыймылынын жетекчиси Серикжан Биляш кармалды. Ал Кытайда куугунтукка кабылган казактардын таламын талашып келген. Кыймылдын өкүлү Кайрат Байтолланын айтымында, Биляшты 10-мартка оогон түнү Алматыдан кармап, Астанага алып барышкан. “Таң эрте Серикжан биз менен байланышып, азербайжан жана татар элинин маданий бирикмесинин жыйынындагы сөзүн кимдир бирөө башка мааниде кабыл алып, полицияга кайрылганын айтты. Аны ошол арыздын негизинде кармашкан. Прокурордун санкциясы болгон эмес. Читать дальше...



Орусияда Интернет эркиндиги үчүн митингдер өттү

Azattyk.org 

Москвада Интернет эркиндиги үчүн митингде 29 адам кармалганын иш-чарага көз салган «ОВД-Инфо» көз карандысыз тобу билдирди. 10-мартта Орусиянын бир катар шаарларында миңдеген адамдар көчөгө чыгышты. «Белый счетчик» бирикмесинин эсебинде Москвадагы акцияга 15 миңден ашуун адам катышты. Митингдин уюштуруучулары “Орусия – Иран же Түндүк Корея эмес, биз цивилдүү дүйнөнүн бир бөлүгүбүз. Бирок Путиндин бийлиги Батыштан артта калышыбыз үчүн баарын жасоодо. Цензуранын тору турмушубузду дагы терең чырмап баратат. Читать дальше...

Түндүк Кореяда шайлоо өттү

Azattyk.org 

10-мартта Түндүк Корея парламентине – Жогорку Элдик Жыйынга шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы чет өлкөдөгүлөрдү эске албаганда катталган шайлоочулардын баары добуш беришкенин билдирди. Бардык 687 округдан Кореянын Эмгек партиясы басымдуулук кылган Бирдиктүү демократиялык коомдук фронттун адамдары талапкерлигин коюп, альтернативасыз негизде шайланышты.  Буга чейинки 2014-жылдагы шайлоого 17 жаштан жогоркулардын 99,97% катышкан. Ал эми Ким Чен Ын шайланган округда катышуу 100% болуп, баары ага добуш беришкен. Читать дальше...

Эфиопияда учак кырсыкка учурады

Azattyk.org 

"Ethiopian Airlines" авиакомпаниясынын кыйраган учагындагы 149 жүргүнчү жана экипаждын сегиз мүчөсү каза тапканы кабарланууда.

Илим: Акча менен абийирдин күрөшү

Azattyk.org 

Жердеги жашоо жана Айдын жаралышы тууралуу жаңы теория. Мораль акчага кантип каршы турат? Сперматозоиддер арасындагы атаандаштык. Окумуштуулар магниттин жаңы түрүн ачышты.



Эфиопияда кыйраган учакта аман калгандар жок

Azattyk.org 

"Ethiopian Airlines" авиакомпаниясынын кыйраган учагындагы 149 жүргүнчү жана экипаждын сегиз мүчөсү каза тапканы кабарланууда.  ВВС жана башка эл аралык маалымат каражаттары билдиргендей, баш калаа Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге учкан "Боинг-737" учагы 10-мартта эртең менен абага көтөрүлгөндөн алты мүнөт өткөндө кырсыкка кабылган.  Авиакомпаниянын маалыматына ылайык, учакта 33 улуттун өкүлдөрү болгон.  Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Читать дальше...

Махабат: чарчап калган наристени унутпайм

Azattyk.org 

44 жаштагы Махабат Надырбекова 11 жылдан бери Бишкек шаардык куткаруу кызматында фельдшер болуп эмгектенет. Жалаң эркектердин жамаатында иштеген Махабат куткаруу кызматындагы аялдын ролу тууралуу айтып берди. Улук прапорщик Надырбекова өзү төрт баланын энеси болгоундуктан балдар аралашкан чакыруулар оор болоорун айтат. Ал жол кырсыгынан чарчап калган үч жаштагы наристени көзүнө жаш алып эстеди.

Шайлоо алдындагы шашылыш демилге

Azattyk.org 

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялык тизменин негизинде шайлоо системасын реформалоо демилгеси көтөрүлдү.

Кыргыздар Сауд Арабияда "Көчмөндөр ааламы" өнөрүн көрсөтүштү

Azattyk.org 

Сауд Арабиядагы "Camel Fest" маданий иш-чарасынын алкагында 9-мартта Кыргызстандан барган топ "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этно өнөрдү тартуулашты.  Бул тууралуу Көкбөрү федерациясынын өкүлү Жыргалбек Саматов кабарлап, видеолорду "Фейсбукка" жарыялады. "Сamel Fest" фестивалы 9-23-март күндөрү болот. Ага катышкан 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында өнөр тартуулашат.  Иш-чарага катышуу үчүн кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнүп, 15 гектар жер ажыратылганы кабарланган. Читать дальше...

Асланайым Ашировага зарыл жардам көрсөтүлүп жатат

Azattyk.org 

Сауд Арабиядагы этнофестивалга даярдык учурунда бутунан оор жаракат алган кыргызстандык Асланайым Аширова Эр-Рияддагы ооруканалардын биринде дарыланууда. Ага зарыл жардам берилгенин "Көчмөндөр ааламы" делегациясынын уюштуруу комитетинин башчысы Айнура Темирбекова "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.  Анын алдында социалдык тармактарда Ашировага керектүү жардам берилбей жатканы тууралуу маалыматтар чыккан эле.  Кырсыкка кабылган жаачы Асланайым Аширова Салбуурун федерациясынын курамы менен барган. Читать дальше...

Эфиопияда жүргүнчү ташыган учак кыйрады

Azattyk.org 

"Ethiopian Airlines" авиакомпаниясына таандык учак Аддис-Абебадан Найробиге учуп баратканда кыйрады. ВВС кабарлагандай, "Боинг-737" учагында 149 жүргүнчү жана экипаждын сегиз мүчөсү бар эле. Кырсык 10-мартта эртең менен саат 8:45те, учак Эфиопия борборунан учуп чыккандан кийин болгон. Курмандыктардын так саны кабарлана элек.  Премьер-министр Абий Ахмед каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

Муфтият жума хутбаларын башка тилдерде айтууга чектөө койду

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) бардык диний уюмдардагы иш-кагаздарды жана жума хутбаларды кыргыз тилинде жүргүзүү, зарыл учурда орусча кошуу тууралуу буйрук чыгарды. Муфтий Максатбек Токтомушев буйрукка 6-мартта кол койгон.  Документтин экинчи пунктуна ылайык, кыргыз эмес, башка улуттагы жарандар байырлаган аймактардагы мечиттерде да жума хутбалары кыргызча, зарыл болсо орусча айтылышы керек.  "Ал эми башка учурларда өлкөбүздө жашаган башка этностор мечиттерде өз тилдеринде... Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар

Azattyk.org 

11-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана тоо кыркаларында бир аз кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот, кар көчкү түшүү коркунучу бар. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +9...+14, Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз +6...+11, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз +10...+15, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2... Читать дальше...

Стамбул шаарынан 437 чет өлкөлүк чыгарылат

Azattyk.org 

Түркиянын Стамбул шаарынан 437 чет өлкөлүк депортацияланат. Бул тууралуу Шаардык полиция кызматы өз сайтында кабарлады. Арасында кыргызстандыктардын бар же жогу тууралуу расмий кабар айтыла элек. Полиция 9-мартта шаардын чет элдиктер жыш жашаган Фатих районунда рейд жүргүзүп, 818 кишинин документтери текшерилген. 437 адам туруктуу каттоодон өтпөгөнү жана визасыз жүргөнү аныкталган. Полиция кызматы аларды өлкөлөрүнө депортациялоо үчүн Миграция департаменти менен иш алып барууда.  Расмий эсеп боюнча Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык бар. Читать дальше...


Музыкальные новости
Вячеслав Бутусов

Вячеслав Бутусов и Юлия Пересильд выступят фестивале «Дикая Мята» с 14 по 16 июня





Персональные новости
Михаил Кутушов

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24





«Кырк чоро» Бишкек мэринин отставкасын талап кылат

Azattyk.org 

"Кырк чоро" деген аталышта таанылган "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси 13-мартта Бишкекте митинг уюштуруп, калаа мэри Азиз Суракматовдун жана мэриядагы башка жооптуу кызматкерлердин отставкасын талап кылмакчы. Алар шаар бийлигин 8-марттагы жүрүшкө уруксат бергени үчүн күнөөлөп жатышат.  Бирикменин башчысы Замирбек Көчөрбаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, алар 11-мартта мэрияга барып, нааразылык акциясы тууралуу маалымдашат.  Уюмдун мүчөлөрү 8-мартта аялдардын укуктарын даңазалаган иш-чаранын... Читать дальше...

Швецияда борбор азиялыктарга сот өкүмү чыга баштады

Azattyk.org 

Швеция башкалаасына жакын Солна округдук соту өзбекстандык 46 жаштагы адамды теракт даярдоого аракет кылганы үчүн жети жылга эркинен ажыратты. Мурдагы аты-жөнү Фархад Ташмухаммедов, азыркы ысымы Девид Идриссон камак мөөнөтүн өтөгөндөн кийин Швециядан депортация кылынат.  Швеция прокуратурасынын маалыматына караганда, ал "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөсү менен такай байланышта болгон. Соттогу көрсөтмөлөргө ылайык, ал соода борборун жана темир жол бекетин жардырууну пландаган.  Швецияда... Читать дальше...

Шахид: "Таблиги жамаатка" жашынган экстремисттер бар

Azattyk.org 

Кыргыз парламентинде “Таблиги жамаат” боюнча маселе соңку жарым жылда кеминде эки жолу көтөрүлдү. Дааватчылар деген ат менен белгилүү бул диний кыймылга Орусия жана Борбор Азиянын үч өлкөсү тыюу салган. Бирок Кыргызстан коңшуларынын мындай чараларын колдобойт.

Спорт в России и мире
Москва

РОСГВАРДИЯ ОБЕСПЕЧИЛА ПРАВОПОРЯДОК ВО ВРЕМЯ ФУТБОЛЬНОГО МАТЧА «ЦСКА» - «СПАРТАК» В МОСКВЕ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Вторая ракетка Казахстана опустилась в чемпионской гонке WTA


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии





Путин в России и мире
Москва

Эксперт: корректировка порогов крупного и особо крупного ущерба по экономическим статьям оправдана и своевременна


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко рассказал о планах расширения НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Алла Пугачёва

Гитарист Пугачевой Левшин рассказал о проблемах со здоровьем у певицы



Москва

В Солнечногорске начался прием заявок на фестиваль вокально‑хоровых коллективов

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net