Бишкек шаарында жарандардан эки күндө 215 даана курал-жарак жана 155 ок алынды. Алар куралды сактоо жана аны кайра каттоо талаптарын бузушкан.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан маалымат боюнча, куралдар Нооруз майрамынын алдында, 18-19-март күндөрү коомдук тартипти сактоого багытталган рейд учурунда алынган.
Тартип сакчылары жалпы 26 объектини текшерген. Анын ичинде курал-жарак сактоо жайлары менен жеке күзөт агенттиктери да бар. Андан сырткары, аңчылык куралды алып жүрүүгө укугу бар 1073 киши... Читать дальше...