Болгария: ГЕРБ партиясынын мүчөлөрүнүн кымбат батир алганы иликтенет
Болгариянын Башкы прокуратурасы башкаруучу ГЕРБ (Жарандар Болгариянын европалык өнүгүүсү үчүн - ГЕРБ) партиясынын төрагасынын орун басары кантип кыймылсыз мүлк сатып алганын иликтей баштады. Буга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун болгар кызматынын иликтөө материалы себеп болду. Болгар кызматынын журналисттери ГЕРБ партиясынын төрагасынын орун басары Цветан Цветанов 2018-жылдын июнунда София шаарында “Артекс” курулуш компаниясынан өтө кымбат баалуу батирди кантип алганын иликтеп чыгышкан. ... Читать дальше...