123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 07.03.2019

Нидерланд Гадоевдин уурдалышы боюнча иликтөө жүргүзөт

Azattyk.org 

Нидерланддын прокуратурасы бозгундагы тажик оппозиционери, "Группа 24" кыймылынын лидери Шарофиддин Гадоевдин уурдалышына жана күч менен Дүйшөмбүгө экстрадициялануусуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу оппозициялык активист «Азаттыктын» тажик кызматына бейшембиде Амстердамдагы басма сөз жыйынында билдирди.    Гадоев Москвада аны уурдоону уюштурганы үчүн орус бийлигин сотко берүүгө камынып жатканын айтты. Учурда Орусияда анын укугун коргоочу адвокаттар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Кабул: эскерүүдөгү чабуулдан үч киши өлдү

Azattyk.org 

7-мартта Ооганстандын борбору Кабулда шииттердин лидери Абдул Али Мазарини эскерүү учурунда бир канча жардыруу болду. Ал жерге жогорку кызмат адамдары жана президенттикке талапкерлер да чогулган. Окуядан үч адам өлүп, 30дай киши жаракат алган.

Украинада талапкер Зеленский кылмышка айыпталып жатат

Azattyk.org 

Президенттикке талапкер Владимир Зеленский өзүнө жана "Студия Квартал 95" компаниясына каршы кылмыш иши козголгонун билдирди. 7-мартта ал “Фейсбуктагы” баракчасына кылмыш иши “арам акчаны адалдаштырууга байланыштуу” ачылганын жазды. Президенттикке талапкер жакын арада ага каршы 2002-жылы Чернигов облусунда “киши сүзүп кеткен” деген кине менен дагы бир иш ачылышы мүмкүн экенин айтты. Украин полициясы Зеленскийдин Киевдеги кеңсесинин жанында тыңшоо үчүн коюлган жабдык табылганын билдирди. “Киев... Читать дальше...



Швед соту "терактка" шектелген Атабек Абдуллаевди камактан чыгарды

Azattyk.org 

Швецияда теракт даярдоого айыпталган Өзбекстандын жараны Бахтиёр Умаров менен Кыргызстандын жараны Атабек Абдуллаев сот өкүмү чыкканга чейин камактан бошотулду. Мындай чечимди Стокгольмдун четиндеги Сольна шаардык соту 5-мартта кабыл алды. Умаров, Абдуллаев менен дагы төрт өзбек жаранына "террорчулукту каржылоо", "теракт даярдоого" байланыштуу кине коюлган. Сот иши быйыл 7-январда башталган. Умаров менен Абдуллаевдин бошотулганы аларга коюлган "теракт даярдоо" кинеси алынышы мүмкүндүгүнөн кабар берет. Читать дальше...

Чехияда мигрант болуу түйшүгү

Azattyk.org 

Чехияда айлык акысы Кыргызстанга караганда кыйла жогору. Анын үстүнө бул өлкөгө жумушчу күчү абдан керек болуп турат. Ошондуктан мигранттар арасында кыргыздар да көбөйүп, үзүрлүү эмгектенип жатышат. Ошол эле учурда шылуундарга алданып кыйналгандар, Бишкектеги ортомчулардын таттуу убадаларына ишенип келип, толук андай эмес экенин көргөндөр да бар. Виза алыш үчүн кезекке жазыла албай аткандар андан чоң көйгөй. Бул программада ушулар тууралуу кеп болот.

Кабулдагы жардырууда президенттикке талапкер жараат алды

Azattyk.org 

7-мартта Кабулда шииттердин лидери 1995-жылы “Талибандын” согушкерлеринин колунан өлгөн Абдул Али Мазарини эскерүү учурунда бир канча жардыруу болду. Маалыматка караганда миномёттон атылган снаряддар жарылып, ал райондогу үйлөргө да тийген. Ал жерге жогорку кызмат адамдары жана президенттикке талапкерлер да чогулган. Алардын арасында өлкөнүн аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла, тышкы иштер министри Салахуддин Раббани, экс-президент Хамид Карзай, президенттикке талапкерлер Ханиф Атмар, Латиф... Читать дальше...

Бала саткан кыргызстандык кармалды

Azattyk.org 

Орусияда өз кызын сатууга аракет кылган кыргызстандык аял кармалды. Ооганстан президенттигине талапкер жана анын сегиз жансакчысы Кабулда болгон жардыруудан жаракат алышты. Түндүк Корея курал сынап, ракета учурган жайын калыбына келтире баштаганы кабарланууда.

Бурулайдын өлүмү: милициянын көрсөтмөсү

Azattyk.org 

Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин ишин карады. Бул жолку соттук отурумда чакырылган жети күбөнүн алтоо көрсөтмө берди. Соттук жараянга күбө катары катышкан мурдагы Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жоопкерчилик анын кол алдындагы кызматкерлердин мойнунда болгонун айтты. Буга чейин сот отурумдары төрт жолу чакырылган күбөлөр жана айыпталуучу тарап келбегени үчүн жылдырылган.



Кыйноо боюнча шектүү милиционерлердин иши иликтенип жатат

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук милициясынын №3 бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн 26-февралда прокуратурага арыз түшкөн. Анда шаар тургуну Элдияр Асангариевди укук коргоо кызматкерлери милициянын Октябрь райондук №3 бөлүмүнө алып келип сабап, белин сындырып койгону айтылган. Шаардык прокуратура бул фактыны Кылмыштар жана жоруктар реестрине каттап, Кылмыш кодексинин 143-беренесинин 2-бөлүгү боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү 27-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүп берген. Читать дальше...

Аялдар акыры акцияга уруксат алды

Azattyk.org 

“Бишкек феминисттик демилгелери” бирикмеси Бишкекте 8-март майрамына карата өтүүчү аялдардын жүрүшүнө тыюу салынып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин гана уруксат берилгенин айтып чыкты.

Пакистан: медреселер көзөмөлгө алынып, радикалдар кармалууда

Azattyk.org 

Пакистан радикал исламчыл жоочуларга каршы күрөштө 100дөн ашык кишини кармап, 182 медресени өз көзөмөлүнө алганын билдирди.   Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин 7-марттагы билдирүүсүндө айтылат.  Маалыматка караганда, полиция жалпы 121 адамды кармаган.  Быйыл 14-февралда Пакистандагы «Жаиш-е-Мухаммад» тобу Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө кеминде 41 полиция кызматкеринин өмүрүн алган жардыруу уюштургандан кийин эл аралык коомчулук Исламабадды сынга алып, жоочуларга каршы күрөшүүгө чакырган. Читать дальше...

Милиция 8-марттагы маршта коопсуздукту камсыз кылат

Azattyk.org 

Бишкек милициясы 8-март күнү өтө турган «Аялдардын тилектештик» маршында коомдук коопсуздукту камсыз кылат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурлан Кайназаров билдирди. Мунун алдында Аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулган маршты өткөрүүгө жолтоо боло турганын “Кыргыз чоролору” уюмунун өкүлдөрү Замир Көчөрбаев “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыккан. Ага чейин “Бишкек феминисттик демилгелери” бирикмеси борбор калаанын бийлиги марш өткөрүүгө тыюу салып... Читать дальше...

Кабулда Абдул Али Мазаринин жылдык мааракесинде жардыруулар болду

Ca-irnews.com (kg) 

Ооганстандын Ислам Биримдик партиясынын мурдагы лидери Абдул Али Мазаринин шейит кеткен күнүнүн жыйырма төртүнчү жылдык мааракесинде жардыруулар болду жана атылган ракеталардын үнү угулган.

Түркияда кыргызстандык маңзат сатууга шектелип кармалды

Azattyk.org 

Түркияда кыргызстандык “Баңгизат сатуу” беренеси менен камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты 7-мартта Анталия шаардык полиция кызматы өз сайтына жарыялады. Манавгат аймагында О.С. аттуу кыргызстандык жашаган үйдөн 1.6 грамм маңзат табылган. Кыргызстандык менен кошо дагы беш түрк жараны кармалып, аларга "Баңгизат сатуу жана колдонуу" беренеси боюнча айып коюлду. Түркиянын Жаза кодекси боюнча "Маңзат сатуу жана колдонуу" беренеси менен соттолгондор 20 жылдан 30 жылга чейин эркинен ажыратылат. Кыргызстандын... Читать дальше...

Тарыхчы Таабалды Мукайыл уулунун жаркын элеси эсте

Azattyk.org 

Аз жашаса да, саз жашаган педагог окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Таабалды Мукайыл уулу Мурзабеков (1948-1991) айтылуу “Желтоксон окуяларынан” кийин Кыргызстанда башталган коммунисттик идеологиялык өнөктүк маалында жазыксыз жерден декан кызматынан алынган. Тарыхчынын эскерүү баяны.


Музыкальные новости
Александр Розенбаум

«Посмотрите на этих губастых. Катастрофа!»: Александр Розенбаум против пластики в угоду моде





Персональные новости
Россия

Случай на концерте Metallica в России





8-мартта жамгыр жаабайт

Azattyk.org 

8-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3...2, күндүз +5...+10, Талас облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +5...+10, Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +1...+6... Читать дальше...

Шайлоодо партиядан сырткары талапкерди да тандоо сунушталууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо партиядан сырткары тизмеде болгон талапкерге да добуш берүү сунушталууда. Буга байланыштуу “Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоордун авторлорунун бири Исхак Масалиев билдирди. - Бул процедура техника боюнча бир аз убакытты талап кылат, бирок жаран кайсы бир партияны тандап, анын ичиндеги жеке инсанга добуш берсе ошондо... Читать дальше...

Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Манафортко өкүм чыгат

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Былтыр Виржиния штатынын Чыгыш округдук соту 70 жаштагы Манафортко Мюллердин иликтөөсүнүн негизинде сегиз финансылык кылмыш боюнча айып таккан. АКШда эки жылдан бери атайын прокурор Роберт Мюллердин 2016-жылкы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү болгон-болбогонун иликтеп жатат. 15-февралда Мюллердин кеңсеси Манафортту 19,5 жылдан 24 жылга чейин жазага туртууга макулдугун билдирген. Читать дальше...

Тажикстан: карышкырдын тиш салуусунан эки кишинин өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда эки киши карышкырдын тиш салуусунан каза болду. Алар 83 жаштагы кемпир менен анын 55 жаштагы кызы экени белгилүү болду. Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз катчысы Умеда Юсупова "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргендей, окуя 7-мартта  Шугнан районундагы Мденхор айылында болгон. Эки аял эртең менен сыртка чыккан убакта карышкырлар кол салган.  Өлкөдө жырткычтардын кишиге тиш салган учурлары буга чейин да катталган. 2013-жылы февралда... Читать дальше...

Эрдоган: Түркия Орусиядан С-400 комплексин сатып алуудан баш тартпайт

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өз өлкөсү АКШнын нааразылыгына карабай, Орусиядан чыгарылган С-400 зениттик-ракеталык комплекстерди сатып алуудан баш тартпасын, тиешелүү келишимден чыкпай турганын жарыялады.    -  С-400 боюнча айтсак, келишим түзүлдү. Андан кайтуу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Балким, биз С-400төн кийин С-500гө өтөбүз, - деди Эрдоган 6-мартта түркиялык "24TV" телеканалына.  5-мартта АКШнын Мамлекеттик департаменти Түркияны Орусиянын абадан коргонуу системасын сатып алуунун кесепети оор болорун эскерткен. Читать дальше...

Бишкектеги имараттардын 97% майыптар үчүн ыңгайсыз

Azattyk.org 

Активист, майыптардын укугун коргоочу Гүлзар Дүйшөнова Бишкектеги имараттардын 97% майыптарга ыңгайлашпаганын "Азаттыкка" билдирди. Жаштарды өнүктүрүү институту "ПРОСВЕТ" долбоорунун алкагында Кызыл ай коому менен биргеликте "Жеткиликтүүлүк картасын" иштеп чыгууда. Бишкек шаарынын электрондук картасында кайсы имараттардын, мекемелердин, дүкөндөрдүн, соода борборлордун жана башка жайлардын инфраструктуралары майыптарга ыңгайлашканы тууралуу маалымат жайгаштырылат. Аны текшерүү максатында майып арабадагы... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Сотрудник ОМОН «Крепость» стал бронзовым призером на соревнованиях Центрального округа Росгвардии по боксу


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Вторая ракетка Казахстана опустилась в чемпионской гонке WTA


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Кабардино-Балкарии стартует крупнейшая экологическая акция «Вода России»





Путин в России и мире
Москва

Владимир Путин поздравил ветеранов с 50-летием начала строительства Байкало-Амурской магистрали


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко убежден, что белорусы «никогда еще так хорошо не жили»




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

Священнику, отпевавшего Навального, запретили носить рясу и крест



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Брановицкий

Дистрибьюция Музыки. Дистрибьюция Музыки в России. Дистрибьюция музыки в вк. Яндекс музыка дистрибьюция. Цифровая дистрибьюция музыка. Дистрибьюция музыки под ключ.



Москва

Приметы на 25 апреля 2024 года: что категорически запрещается делать в этот день

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net