123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 29.03.2019

Чаткал: жол азабын тарткан элет

Azattyk.org 

Бир гана Ала-Бука - Чаткал жолуна каттаган кызыл автобус. Айылдын малынын баарын караган 20 жаштагы ветеринар. Төрт чакырым жол жүрүп, асма көпүрө аркылуу мектепке каттаган Ак-Таш айылынын окуучулары. Тоо боорунда булактын суусуна форель баккан жаш ишкер. Булардын баары менен Чаткалга болгон сапарыбыздан тааныштык.

Брекзит келишими үчүнчү жолу четке кагылды

Azattyk.org 

Британ парламенти премьер-министр Тереза Мэйдин Брекзит келишимин кайрадан четке кагышты. 29-марттагы добуш берүүдө бул келишимди 286 эл өкүлү колдосо, 344ү каршы болду. Депутаттар Британиянын Евробиримдиктен кандай шартта чыгары жазылган Брекзит келишимин буга чейин эки жолу колдобой коюшкан. Мэй парламенттин соңку чечиминин «кесепети оор болоорун», 12-апрелге чейин аз эле убакыт калганын, ага чейин өкмөт Британиянын уюмдан эч келишимсиз чыгышына даярдык көрүүгө жетишпей турганын айтты. Оппозициядагы... Читать дальше...

Украинада шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү ишембиге караган түнү токтойт

Azattyk.org 

Украинада президенттик шайлоо өнөктүгү аяктоодо. 31-марттагы добуш берүүгө бир күн калганда үгүт жүргүзүүгө мыйзам тыюу салат. Жарышка 39 талапкер катышууда, бирок үчөөнүн шанстары жогору бааланууда, алар – азырык президент Петро Ппорошенко, куудул Володимир Зеленский жана мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенко. Зеленский сурамжылоолордо биринчи болуп келатат. 28-мартта Львов шаарындагы митингде Порошенко эки негизги атаандашын «бозгундагы олигархтар каржылоодо» деп сындады. Мамлекет башчы ошондой... Читать дальше...



Бурулайдын соту: прокурордун өтүнүчү

Azattyk.org 

29-мартта Чүйдүн Аламүдүн райондук соту ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлерине карата козголгон ишти кароону улантты. Процессте жарыш сөз башталып, мамлекеттик айыптоочу милиция кызматкерлерин беш жылга эркинен ажыратууну өтүндү. Маркумдун атасы Турдаалы Кожоналиев эки инспекторго карата тосмо арызын жазды. Ал эми калган үч милиция кызматкери жабырлануучу тараптан кечирим сураганы менен, күнөөсүн мойнуна алышкан жок.

Кытайда запкы көргөн келин мекенине кайтты

Azattyk.org 

Украинада президенттик шайлоого саналуу күн калганда негизги талапкерлердин бири - актер Зеленскийдин Италиядагы жашыруун вилласы табылды. Кытайлыктарга турмушка чыккан өзбекстандык эки келин мекенине кайтарылды. Алар үйдө камалып, запкы көргөнү тууралуу видео билдирүү таратышкан эле.

Бишкек-Ош жолу 29-март түнү убактылуу жабылат

Azattyk.org 

Аба ырайы кескин өзгөрүп, кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу, Бишкек-Ош автоунаа жолу 29-март күнү саат 22:00дөн 30-марттагы саат 10:00гө чейин жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жол «Сосновка», «Арал» постторунан жана Өтмөк ашуусунан тосулат. Министрлик айдоочуларга убактылуу жолго чыкпай туруу зарыл экенин эскертет. Мекеме өзгөчө кырдаалдар болсо 112 кызматына кайрылууга чакырат. (ErN)

Француз киносунун «Жаңы толкунун» жараткан режиссер Варда көз жумду

Azattyk.org 

Франциялык даңазалуу кинорежиссер Аньес Варда 91 жаш курагында көз жумду. Үй-бүлөсү маркум өсмөдөн (рактан) жабыркап жүргөнүн билдирди. Варда «Бакыт», «Чатырсыз жана мыйзамсыз», «Аньестин пляждары» деген фильмдери менен ар кайсы жылдары Берлин, Венеция, Канн кинофестивалдарынын баш байгелерин жеңген, кино өнөрүнө кошкон салымы үчүн Оскар сыйлыгын алган. Режиссер француз киносундагы «Жаңы толкундун» башатында турган. Ошол жаңы толкундун азыр бир эле өкүлү тирүү калды –  ал легендарлуу Жан-Люк Годар.

Боксер ИИМди соттон утуп алды

Azattyk.org 

Биринчи май райондук соту 2017-жылы эки кишинин өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу ишти карап, милиция кызматкерин үч жылга эркинен ажыратып, дагы бир кызматкерди актады.



Тартип комиссиясы Ормуковдун иши боюнча кызматтык иликтөө баштады

Azattyk.org 

Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы көзү азиз активист Темирлан Ормуковдун иши боюнча анын арызын карап, Жогорку соттун судьялары Эсенкановдун, Бокоевдин, Камчыбековдун, Бишкек шаардык сотунун судьялары Момуналиевдин, Аккозуевдин, Бектемированын жана Октябрь райондук сотунун судьясы Алиевдин үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ормуков маалымдады. Буга аталган жети судьянын Темирлан Ормуковдун ишин кароодо аны камакка алуу жөнүндө чечимин чыгарганы себеп болду. Читать дальше...

Чет элдиктерге 37 миң электрондук виза берилди

Azattyk.org 

Кыргызстанда электрондук жол менен ушул күнгө дейре 37 миңден ашык электрондук виза берилди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 29-мартта өлкөдөгү туристтик операторлор менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, мунун 28 миңи туристтик виза болуп саналат. Айдарбеков “Электрондук виза” системасын жакшыртуу максатында нормативдик актыларга жана порталдын алгоритмдеринин тартиптерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча аракеттер жүрүп жатканына токтолду. Өкмөт буга чейин 2018-жылы... Читать дальше...

Түркия Орусиядан абадан коргонуу системасын сатып алат

Azattyk.org 

Түркия Вашингтондун эскертүүлөрүнө карабай Орусиядан абадан коргонуу системасын сатып алат. Бул тууралуу бүгүн түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди. Министр Анкара ал системаны башка тараптарга сатпай турганын да кошумчалады. 28-мартта америкалык төрт сенатор Түркия орусиялык S-400 системасын албайт деген кепилдик болмоюнча ал өлкөгө F-35 үлгүсүндөгү учактарды сатууга тыюу салган жобону Сенаттын кароосуна киргизишкен. Читать дальше...

Өкмөт орус тарап менен жетишкен 6 млрд. долларлык макулдашууларды чечмеледи

Azattyk.org 

Экономика министрлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкектеги мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн кыргыз-орус аймак аралык сегизинчи ишкерлик конференциясында жетишилген 6 млрд. 135 млн. долларлык макулдашуулар тууралуу кенен билдирүү таратты. Мекеме билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө кол коюлган инвестициялык жана соода макулдашуулары, келишимдер, меморандумдар, жол карталары жалпысынан 53тү түзөт. Анын 35и кызматташуу боюнча инвестициялык документтер жана суммасы 5 млрд. 514,7 млн. Читать дальше...

В. Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келиши эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрдү

Ca-irnews.com (kg) 

Ош, 29-март, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга дээрлик 19 жылдан кийинки жасаган расмий иш-сапарына байланыштуу бир катар маселелер боюнча позицияларды аныктап алуу демилгелери көтөрүлдү.

«Апрелчи» Фарид Ниязовго каршы даттанды

Azattyk.org 

Башкы прокуратура «апрель баатыры» Максат Чегирткеевдин Фарид Ниязов тууралуу жазган арызын Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.

Сеул: Пхеньян өзөктүк ишмердигин улантууда

Azattyk.org 

Түндүк Корея мурда демонтаждалган ракета полигонун калыбына келтирүүдө жана уранды байытуу ишин улантууда. Бул тууралуу түштүк кореялык парламентарийлер атайын кызматтардын маалыматына таянып ырасташканын «Reuters» агенттиги жазды. Депутаттардын айтымында, Пхеньян Сохэ полигонундагы иштерди аяктап калды. Ал жай былтыр жайында өзөктүк куралдан баш тартуу программасынын алкагында буздурула баштаган. Сеулдагы саясатчылар кошуна өлкө Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүлөрдүн туңгуюкка такалганына нааразылык... Читать дальше...

АКШ өкүлү Азияда Иранга кысымды күчөтүүгө аракет көрүүдө

Azattyk.org 

Вашингтондун расмий өкүлү Азия өлкөлөрүн Иранга кысымды күчөтүүгө көндүрүүгө аракет кылууда. АКШнын финансы министринин каржылык чалгындоо жана терроризм боюнча жардамчысы Сигал Манделкер 29-мартта Сингапурдагы сапарында Малайзиянын, Сингапурдун жана Индиянын жетекчилери менен кездешкен учурда Тегеран менен кызматташууда этият болууга чакырарын айтты. «Ирандын режими мунай ташууда эл аралык коомчулукту кандай алдап жатканын алар билүүгө тийиш», - деди Вашингтондун өкүлү. АКШнын администрациясы... Читать дальше...

30-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору 30-мартка чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертет. 30-март күнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.​ Абанын температурасы... Читать дальше...


Музыкальные новости
Сергей Шнуров

Кормухина отказалась называть Шнурова музыкантом из-за его отношения к профессии





Персональные новости
Арцах

В Музее Победы состоялась премьера фильма «Маршал Аганов». Судьбу инженера Победы экранизировали. Фото. Видео





Терек-Сай: шахтердун ширин торту

Azattyk.org 

Нургазы Шырдаков Терек-Сай айылынын тургуну. Ал дагы айылдаштары сыяктуу эле бала кезинен бери шахтада эмгектенет. Бирок Нургазы мындан үч ай мурда эски тегирмендин ордуна кондитердик цех ачкан.

Мирзиёев Казакстандын убактылуу президентине көңүл айтты

Ca-irnews.com (kg) 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Казакстандын убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаевге Кызыл-Ордо облусундагы тик учак кырсыгынан 13 аскердин курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Бээжин Шинжаңдагы чараларын колдогону үчүн Нур-Султанга ыраазы

Azattyk.org 

Кытай Шинжаңдагы «радикалдашуунун алдын алуучу» чараларына колдоо көрсөткөнү үчүн Казакстанга ыраазычылыгын билдирди. 28-мартта Кытайдын тышкы иштер министри Ван И казак тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Бейбит Атамкулов менен Бээжинде жолукту. Кытай тараткан билдирүүгө ылайык, бул жолугушууда Казакстандын башкы дипломаты Шинжаң аймагындагы «террорчулукка, жикчилдикке жана экстремизмге каршы чараларды түшүнөрүн жана колдоо көрсөтөөрүн» айткан. Буга жооп катары Кытайдын министри казак өкмөтүнө Бээжиндин... Читать дальше...

Жээнбеков «Газпромдун» жетекчиси менен жолугушту

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия Федерациясынын «Газпром»  акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды. Жолугушууда тараптар Кыргызстандын мунайгаз тармагын өнүктүрүү боюнча пикир алмашты. Президенттик аппарат кабарлагандай, мамлекет башчысы мунайгаз тармагындагы кол коюлган келишимдер өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана калктын жашоосун жакшыртууга жардам берерин айтты. Алексей Миллер «Газпромдун» алдына коюлган бардык макулдашуулар жана милдеттер өз мөөнөтүндө жана толук ишке ашырыларын билдирди. Читать дальше...

Кыргыз-казак чегиндеги «Ак-Тилек» постунда кезекте турган автоунаалар 140тан ашты

Azattyk.org 

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз борбору кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек - Автожол» өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүүгө аракет кылган автоунаалардын саны 140тан ашканын билдирди. Мекеме бул жагдайды Казакстан Республикасына кирүүдө оор жүк ташуучу транспорттор катуу текшерилип жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. Ар бир автоунааны текшерүү убактысы узаргандыктан кезек да созулуп жатат. Мамлекеттик чек ара кызматы ырастагандай, казак тарап бир саатта 4-5 жүк ташуучу автотранспортун өткөрүүдө. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Олимпиада по финансовой грамотности МГУ проходит при поддержке СберСтрахования жизни


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

«Был риск завершить борьбу еще в первом матче». В России оценили победу Рыбакиной в Штутгарте


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Сенсорный сад с экотропами появится в Бутырском районе Москвы





Путин в России и мире
Москва

Тема дня: Путин назвал сохранение духовных ценностей условием укрепления суверенитета


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

VII Всебелорусское народное собрание: основные заявления Александра Лукашенко




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

Патриарх Кирилл запретил в служении священника, проводившего панихиду по Алексею Навальному



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Игорь Бутман

Квинтет Игоря Бутмана и певица Фантине впервые выступят на джазовом фестивале в Бахрейне



Москва

«Министр культуры Исландии отказался оплатить мне поездку в Москву»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net