Кыргыз-тажик жетекчилери жолду ачуу боюнча сүйлөшүүдө
Мамлекеттик чек ара кызматы 13-марттагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу жаңыртылган маалымат таратты. "Эки өлкөнүн чек арачылары, облус башчылары, жергиликтүү укук коргоо органдары Баткен районундагы Ак-Сайда жана Төрт-Көчөдө жабылган жолдорду ачуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө" деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында. Учурда тажик тарап жапкан Баткен районунун Төрт-Көчө аймагындагы жол (Ош-Исфана жолу) жана кыргыз жарандары тосуп алган Ак-Сай айылындагы жол (Тажикстандын Варух анклавына барган жол) ачыла элек. Читать дальше...