123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 02.03.2019

Кыштуттагы көлөкө турмуш

Azattyk.org 

Баткен районунда кышкысын үч ай күн тийбеген керемет кыштак бар, жайында ошончо эле убакыт айыл асманында ай көрүнбөйт. Куш каалгыган бийиктен Памир-Алай тоолорунун шиш чокуларынын ортосунда кысылган айыл ушундай көрүнөт. Унутта калган бул кыштакта да эл жашайт, шарты катаал жерде деле күн кечиришет. Биздин багыт Кыргызстандын түштүк-батышындагы Кыштут айылын көздөдү.



Экс-президент балдарга китеп окуп берди

Azattyk.org 

Экс-президент Роза Отунбаева балдарга жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп берди. Иш-чара “Жылдыздар китеп окуйт” долбоорунун алкагында ишке ашты. Аягында балдар Роза Отунбаева каалаган суроолорун беришип, жооп алышты. Мурдагы мамлекет башчы депутаттар жана мамлекеттик кызматкерлер бул ишти улап, балдарга китеп окуп беришсе деген тилегин айтты.

Азербайжанда блогер Гусейнов эркиндикке чыкты

Azattyk.org 

Коррупция менен күрөшкөн Мехман Гусейнов абактагы эки жылдык мөөнөтүн толук өтөп бүткөн соң, 2-мартта эркиндикке чыкты. Бошотулгандан кийин Гусейнов Бакудагы Эльмар Гусейновдун мүрзөсүнө барды. Ал 2005-жылы атылып өлтүрүлгөн. "Мен бул жакка Эльмар Гусейновдун мүрзөсүнө келдим. Анын жолун жолдоочу журналисттер болушу керек, мен ушул жолду тандап алдым. Мен журналистиканын эң оор жолун тандагам, аны аягына чейин улантам", - деди Мехман Гусейнов. Ал 2017-жылы "жалган жалаа жабуу" деген айып менен эки жылга кесилген. Читать дальше...

Кыргыздын чөнтөгүн кур намыс кагат

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку жылдары той-ашка кеткен чыгымды азайтуу демилгелери көтөрүлө баштады. Бирок андан майнап чыгабы? "Азаттыктын" апта түрмөгүндө ушул маселени кеп кылабыз.

АКШ венесуэлалык 49 жетекчини визасынан ажыратты

Azattyk.org 

Трамптын администрациясы Мадуро режиминин 49 өкүлүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн америкалык визадан ажыратты. Алар Венесуэла армиясынын жана коопсуздук күчтөрүнүн ири кызматкерлери. Бул тууралуу Fox News гезитине курган маегинде администрациянын Венесуэла боюнча өкүлү Эллиот Абрамс билдирди: - Мен Мадуронун режими кулайт жана ал Венесуэладан кетет деп так айта албайм. Эгер буга үч күн калганда биздин оппоненттер администрациянын саясаты жокко чыкты деп айтса да таң калбайм. Кошмо Штаттар... Читать дальше...

Бала сатууга аракеттенген деп шек саналгандар эки айга камалды

Azattyk.org 

Биринчи Май райондук соту бала сатууга шек саналгандарды эки айга камоо чечимин чыгарды. Айыптуулар Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди.  27-февралда белгисиз аял ымыркайды 190 миң сомго сатууга аракеттенип жатканы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө 31 жаштагы келин баштапкы төлөм катары 5 миң сом алып, ымыркайды сатып алуучуларга өткөрүп берип жатканда кармалган. Анын дагы эки шериги бар экени аныкталып, алар да кармалышкан. Читать дальше...



ОЗХО: Сирияда тыюу салынган куралдар колдонулган

Azattyk.org 

Химиялык куралга каршы эл аралык уюмдун атайын миссиясы 2018-жылы Сириянын Дума шаарында хлор камтылган ууландыргыч зат курал катары пайдаланылганын айтып чыкты. Бул тууралуу уюмдун 1-мартта жарыялаган баяндамасында жазылган. Ага ылайык, Химиялык куралга каршы эл аралык уюм Дума шаарында күбөлөрдү сурап, жер кыртыштарын изилдеп жана башка маалыматтарды топтогон. Айлана-чөйрөнүн абалы иликтенип, биомедициналык анализдер, токсикологиялык жана баллистикалык экспертизалар жүргүзүлгөн. Уюмдун баяндамасы... Читать дальше...

Каскадер Фархат Косимов: министрликтеги жумуштан аз айлыктан улам кеткем

Sputnik Кыргызстан (sport) 

37 жаштагы Фархат Косимов Россиядагы каскадерлор гильдиясына кабыл алынган бирден-бир кыргызстандык. Анын айтымында, мындай ири топ менен убагында Үсөн Кубайбергенов иштешкен.

Аба ырайы: Мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Azattyk.org 

3-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Автожолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5 , күндүз 5…10; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…-9; Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8; Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8... Читать дальше...

SpaceX компаниясы Falcon 9 ракетасын ийгиликтүү учурду

Azattyk.org 

2-мартта АКШнын Канаверал кысыгындагы космодромдон абага көтөрүлгөн ракета космоско Crew Dragon кемесин алып чыкты. 3-март күнү ал Эл аралык космос станциясына конууга тийиш. Ракетанын учурулушу тартылган тасма компаниянын Youtube-каналына коюлду. Бул кеме – космонавтика тарыхындагы кишини космоско жеткирүүчү алгачкы коммерциялык кеме. NASAнын максаты боюнча, Boeing жеке кемеси өткөн кылымдын 60-жылдары жасалган “Союз” кемесин алмаштырат. Crew Dragon кемесинин бортунда экипаж жок, бирок андагы... Читать дальше...

Самарадагы жол кырсыгында кыргызстандык жаран жабыркады

Azattyk.org 

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады. Элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, кырсыктан жабыркаган төрт кишинин бири - кыргызстандык. Анын абалы орто деп бааланууда. Жергиликтүү маалымат каражаттары 1-мартта саат 09:24 чамасында Самара облусуна жакын жерде Hyundai жана Lada Largus үлгүсүндөгү жеңил автоунаалар кагышканын жазып чыгышкан. Маалыматтарда айтылгандай, кырсыктан үч адам каза болуп, төрт киши жабыркаган. Жабыркагандар... Читать дальше...

Физик окумуштуу Жорес Алферов дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Физика илими боюнча Нобель сыйлыгынын ээси, советтик жана орусиялык окумуштуу Жорес Алферов 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал 1930-жылы Витебск шаарында туулган. Минскиде жашап, окуп, кийин Ленинграддагы электротехникалык институтуна сынаксыз кабыл алынган. Аны аяктаган соң Иоффе атындагы физико-техникалык институтта иштеген. Ал илимий иштеринде жарым өткөргүчтүү гетероструктураларды иштеп чыгып, опто-микроэлектрондук компоненттерди түзүү боюнча иштеген. Бул үчүн ал 2000-жылы америкалык Жек... Читать дальше...

Өмүрбек Текебаевдин иши Жогорку сотто кайрадан каралат

Azattyk.org 

Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди: - Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо чечимин кабыл алды. Сот жараяны 23-апрелге дайындалды. Сот калыс, ачык-айкын, адилет караса, Өмүрбек Текебаев акталат, - деди Шыкмаматов.  "Ата Мекен" партиясынын абактагы төрагасы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо үчүн "Адилет" укук клиникасы 15-февралда Жогорку сотко өтүнүч келтирген. Читать дальше...

Вэйминь: Кытай менен АКШнын соода мамилеси туруктуу болот

Azattyk.org 

Мындай пикирин Кытайдагы саясий консультативдик кеңештин расмий өкүлү Го Вэйминь 2-мартта маалымат жыйынында билдирди. “Кытай-АКШ мамилеси азыр маанилүү учурду башынан өткөрүп жатат, туруктуу өнүгүү жолунда, буга жалпы эл аралык коомчулук кызыкдар", - - деди ал. Го Вэйминдин сөзү боюнча, пикир келишпестиктерге карабай, Бээжин менен Вашингтон “келечекте эки тараптуу байланышты туруктуу өнүктүрүүнүн багыттарын аныкташты” АКШ жана Кытай тарифти көтөрүүнү токтотуп турууну макулдашканы эки өлкөнүн... Читать дальше...

Пакистан бошоткон учкуч мекенине өттү

Azattyk.org 

Кызыл чырым коомунун өкүлдөрү коштогон Индиянын расмий өкүлдөрү 1-мартта мекенине кайтарылган учкучту Пакистан менен чек арадагы Вагах бекетинен тосуп алышты. 1-мартта Индиянын премьер-министри Нарендра Моди "Твиттердеги" баракчасына “эл силердин үлгүлүү эрдигиңер менен сыймыктанат” деп, туткундан бошотулган учкуч Абхинандан Вартхаман чек арадан өтөрү менен жазган. Индиялык учкуч чек арадан өткөндөн кийин “Мекенге кайтып келүү кандай жакшы” деп айтканын аны кабыл алууга катышкан аткаминер билдирди. Читать дальше...

Жалпы өлкө боюнча үч айлык ишембилик өнөктүгү башталды

Azattyk.org 

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жарлыгы боюнча, бул өнөктүк алкагында 1-марттан 31-майга чейин айлана-чөйрөнү тазалоо жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. Бул иш-чарага өлкөнүн бардык айыл-кыштак, шаарлары тартылат. Анын алкагында көчөлөрдү жана короолорду тазалоо боюнча ишембиликтерди жүргүзүү, мамлекеттик мекемелерди жана турак жайлардын тышкы көрүнүшүн жана айланасын оңдоо, түнкү чырактарды калыбына келтирүү жана орнотуу, айыл-кыштактарга жана шаарларга бак-дарак тигип, гүл отургузуу, муниципалдык жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлөт.


Музыкальные новости
Семён Слепаков

Shot: комик Семен Слепаков решил ликвидировать ИП в России





Персональные новости
Россия

Новые цены на жилье утвердили в России





Индия жана Пакистан аскерлеринин ок атышуусу уланууда

Azattyk.org 

Кашмир аймагындагы атышуудан Индияда 2-мартта негизинен мусулмандар жашаган аймакта энеси менен эки баласы өлгөнү кабарланды. Индиялык полициячы алар Пакистан тараптан атылган артиллериялык октон улам набыт болушту деп билдирди. Аскерлер Индия Пакистанга жооп иретинде ок чыгарганын маалымдашты. 2-мартта Пакистан өкмөтүнүн расмий өкүлү Умар Азам Индиянын артиллериясы чектеш аймактарды тынымсыз аткылап жатканын маалымдап, мындан бир бала каза таап, үч адам жараат алганын кабарлады. Ал дагы Пакистан... Читать дальше...

Ооган күчтөрү талибдердин чабуулунун мизин майтарды

Azattyk.org 

28-февралдагы талиптердин чабуулунда ооган күчтөрүнөн 25 аскер мерт кетти, ал эми талиптердин тогуз согушкери, анын ичинде үч жанкечтиси өлтүрүлдү деп маалымдашты расмийлер. Маалыматка ылайык, талиптерден тазалоо иштери Гилменддеги талиптер кол салган аскердик база жайгашкан Кэмп-Шораб аймагында уланууда. Базада америкалык кеңешчилер менен жоокерлердин бир бөлүгү да жайгашкан. АКШ контингентинин басма сөз катчысы полковник Дэйв Батлер «Ооганстандын эр жүрөк коопсуздук күчтөрү кол салгандарга жооп кайтарышты» деп «Твиттерге» жазды. Читать дальше...

Сауд Арабиясы Хамза бин Ладенди жарандыктан чыгарды

Azattyk.org 

"Ал-Каида" террордук уюмунун мурдагы лидери Усама Бен Ладендин уулу Хамза Бин Ладенди жарандыктан чыгаруу боюнча Сауд Арабия Ички иштер министрлигинин жардыгы 1-март күнү өкмөттүк басылмаларга жарыяланды. АКШнын мамлекеттик департаменти 28-февралда Хамза Бин Ладендин жайгашкан жерин таап берген адамга 1 млн. долларга чейин сыйлык берилерин маалымдаган. Кошмо Штаттар жыл башында Хамза бин Ладенди глобалдык террорчулардын тизмесине киргизген. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүнө ылайык, Хамза... Читать дальше...

Бишкекте жаңы стадион куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр болду

Azattyk.org 

Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов 1-мартта борбор калаада жаңы стадион курууга кызыкдар болгон инвесторлор менен жолугуп, сүйлөштү. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, инвесторлор мамлекет менен түзүлүүчү келишимдин шарттарына кызыгышты. Алар бажы жана салык төлөмдөрүнөн берилүүчү жеңилдиктер, стадион курулуучу жер тилкеси жана башка суроо-талаптары тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары Жаштар... Читать дальше...

«Айка» же көйгөйдү көргүсү келбеген коом

Azattyk.org 

Кыргыз мигрантынын тагдырын сүрөттөгөн «Айка» көркөм фильми Бишкектин кинотеатрларында 14-февралдан бери көрсөтүлүп жатат. Ушул тапта көрүүчүлөрдүн аздыгынан тасманы борбордогу бир эле кинотеатрдан көрүүгө болот.

Спорт в России и мире
Москва

GeekVape в сотрудничестве с Absolute Racing выиграла чемпионат в категории GT3


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Виктория Азаренко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Майами


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве прошла эковыставка Hydrate The World





Путин в России и мире
Москва

Мособлдума выступила за присвоение Красноармейску высокого звания


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

Силовики задержали за сутки пятерых журналистов, часть проходит по делу об «участии в работе ФБК», одного жестоко избили при задержании



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Егор Крид

В Москве суд отклонил требование общественника Морозова закрыть YouTube-канал Егора Крида



Москва

Казанский ТЮЗ предложил зрителям самим вернуть деньги за отмененные спектакли

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net