Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 27.03.2019

Делинин космостогу дымагы

Azattyk.org 

Индия спутникти атып түшүрө алган ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жар салды. Премьер-министр Нарендра Моди эми өз өлкөсү жогорку деңгээлдеги космостук технологиясы бар супер державага айланганын айтты. Аны улай коңшу Пакистан космосту жарыша куралдануунун чордонуна айлантпоого чакырды.

Трамп орус аскерлерин Венесуэладан чыгарууга чакырды

Azattyk.org 

АКШ президенти Доналд Трамп Орусияны Венесуэладан аскерлерин чыгарууга чакырды. Эгер жоокерлер Венесуэладан кетпесе, аларды чыгаруу үчүн "бардык мүмкүнчүлүктөр" бар деп эскертти. 27-мартта Ак үйдө Венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуайдонун жубайы Фабиана Росалес менен жолугушууда Трамп "Орусия кетүүгө тийиш" деп билдирди.   Жүздөй орусиялык аскер түшкөн эки учак 23-мартта Венесуэланын борбору Каракаска конгон. АКШ орусиялык аскерлердин курамында спецназ жана кибер коопсуздук боюнча эксперттер да бар экенин маалымдаган. Читать дальше...

Казакстан: аскердик вертолет кыйрап, экипаж мүчөлөрү каза болду

Azattyk.org 

Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда Коргоо министрлигинин аскердик вертолету кыйрады.  Өлкөнүн убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев "Твиттердеги" баракчасына кырсыкта экипаж мүчөлөрү каза болгонун билдирып, маркумдардын жакындарына көңүл айтты.   Буга чейин "Азаттыктын" казак кызматы Коргоо министрлигине таянып  кырсыкта каза тапкандар бар болушу мүмкүндүгүн кабарлаган. Жабыр тарткандардын абалы такталып жатканы айтылган.  Вертолет Актаудан Чымкентке баратканда кырсыкка кабылган. Анын бортунда он үч киши болгон. Читать дальше...



Алжир: армия башчысы бийликке каршы чыкты

Azattyk.org 

Алжирде куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси президент кызматын аткара албайт деп жарыялоого жол ачкан Конституциянын тиешелүү беренесин колдонууга үндөдү.

АКШ Өзбекстандын пахтасына бойкотту жокко чыгарды

Azattyk.org 

АКШ Өзбекстандын пахтасын тыюу салынган товарлардын катарынан чыгарды. Вашингтондун 27-мартта жарыяланган маалыматында өзбек пахтасына 2010-жылы киргизилген чектөө алынганы айтылат. Тиешелүү чечим көпкө жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн кийин Өзбекстанда пахта талаасында балдар эмгегин мажбурлоо менен колдонуу кыйла азайгандыктан кабыл алынганы кошумчаланган. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын билдирүүсүн кубаттады.  Укук коргоо уюмдары көп жылдан бери өзбек бийлигин балдарды пахта теримге мажбурлаганы үчүн айыптап келген. Читать дальше...

Унаасы жарылып каза тапкан Руслан Абасовдун жубайы: Жунушалиевден эбак түңүлгөм

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Туура беш жыл мурда кыргыз спорту чоң жоготууга учураган. Кикбокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Руслан Абасов отурган унаа жарылып, спортчу жан берген. Мындай үрөй учурган кылмыш Кыргызстанда алгач ирет катталганы айтылат.

Ош: инвесторду иренжиткендер

Azattyk.org 

Түштүк кореялык жана кыргызстандык ишкерлер Ошто ички иштер органдарында бир топ жыл жетекчилик кызматтарда иштеген, “Комбайн” деген каймана ат менен таанымал Сагынбек Жоробеков менен анын уулу Самидинди “ири өлчөмдөгү алдамчылык” боюнча айыптап келишет. Милициянын отставкадагы полковниги Жоробеков “жасалма документтердин негизинде чоң суммадагы акчаны алдап алган, корей ишкерлеринин кымбат баалуу техникасын сатып жиберген” деген мазундагы дооматтарды четке кагууда. Талас шаардык кеңештин азыркы... Читать дальше...



"Ата Мекен" жана "Мекенчил" партиялары митинг үчүн бирикти

Azattyk.org 

"Ата Мекен" жана "Мекенчил" партиялары 27-мартта бир штабга бирикти. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын активист мүчөсү Калысбек Боронбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, бул эки партиядан тышкары штабга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жабыр тарткан башка саясатчылар да кошулган: "Эки партия 23-апрелде боло турган митингге бирге даярдануу үчүн биргелешкен штаб түздү. Митингде Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана Дүйшөнкул Чотоновдун азаттыгын талап кылып, башка саясий туткундардын ишин адилет кароону талап кылып чыгабыз. Читать дальше...

Британ парламенти Брекзиттин альтернативдүү жолдорун талкуулап жатат

Azattyk.org 

Британия парламенти 27-мартта Брекзит маселесин чечүү боюнча альтернативдүү сунуштарга добуш берет.   Буга чейин премьер-министр Тереза Мейдин өкмөтүнүн Британиянын Евробиримдиктен чыгышы боюнча планын парламенттен өткөрүү аракети туңгуюкка кептелген. Брекзиттин расмий датасы 29-мартка белгиленген.  25-мартта британ депутаттары адаттан тыш кадамга барып, ага ылайык Британиянын Евробиримдиктен чыгуу жараянын мурдагыдай өкмөт эмес, парламент убактылуу көзөмөлдөйт деген чечимге келген. Ошондой эле... Читать дальше...

Кыргыз-орус ишкерлер форумунда 1,5 млрд. долларлык макулдашууларга кол коюлду

Azattyk.org 

27-мартта Бишкекте “Страгиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери” аттуу кыргыз-орус аймактар аралык сегизинчи бизнес конференциясында тараптар ортосунда 1 млрд. 558 млн. 300 миң долларлык макулдашууларга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Эң чоң сумма 1,2 млрд. долларлык кызматташуу боюнча макулдашууга Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов менен «Росгеология» акционердик коомунун башкы директору Сергей Сучков кол коюшту. Читать дальше...

"Көкбөрү менен футболду гана карап калдык..."

Azattyk.org 

Кыргызстандын жаш дзюдочулары Польшада өткөн эл аралык мелдеште төрт алтын, үч күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту. Байге уткан балдардын кичүүсү беште, улуусу 10 жаштан ашкан.

Индия спутникти атып түшүрө турган ракета сынады

Azattyk.org 

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 27-мартта спутникти атып түшүрүүгө жөндөмдүү ракетасын ийгиликтүү сынаганын жарыялады. Анын парламенттик шайлоого эки жума калганда жасалган билдирүүсүндө Индиянын чыгышындагы Одиша аймагынан учурулган ракета төмөнкү орбитадагы спутникти үч мүнөттүн ичинде атып түшүргөнү айтылат. Моди өз өлкөсү спутникке каршы технологияны иштеп чыккан АКШ, Орусия жана Кытайдан кийин төртүнчү өлкө болуп калганын айтты.  Мындай аракеттер соңку мезгилде космостогу милитаризация... Читать дальше...

ФСБ крым татарларын кармады

Azattyk.org 

Алжирдин Башкы штабынын командачысы президент Бутефликаны кетирүүнүн жолун сунуштады. Орусиянын күч түзүмдөрү Крымдагы ондогон үйдө тинтүү жүргүзүп, жыйырмадай крым татарын кармады. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте өзүнүн жеке кабылдамасын ачмай болду.

Ооганстан Пакистандагы элчисин чакыртып алды

Azattyk.org 

Ооганстан бул кадамга Пакистандын премьер-министри Имран Хандын маалымат каражаттарына Кабулда убактылуу өкмөт түзүү тууралуу айтканын жүйө келтирилди. Имран Хан 25-мартта жергиликтүү журналисттерге Ооганстанда убактылуу өкмөт түзүлсө, АКШ менен талибердин сүйлөшүүлөрүнө жардам болмок деген оюн айткан. Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Пакистан премьеринин билдирүүсүн ооган элин, эгемендигин сыйлабоо катары баалады. АКШ менен "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Ооганстанда он жети жылдык согушка чекит коюуну сүйлөшүп жатат. Читать дальше...

Москва таасирин билим аркылуу сактайбы?

Azattyk.org 

Бишкекте кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму өттү. Форумга Орусиянын 40, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайынын ректорлору катышты.

Кыргызстан орус ЖОЖдоруна муктажбы?

Azattyk.org 

Бишкекте 27-мартта кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму өтүп, 80ге жакын макулдашуу, келишимдерге кол коюлду. Форумга Орусиянын 40, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайларынын ректорлору катышты. Жыйын Орусиянын президенти Владимир Путиндин 28-мартта Кыргызстанга өтө турган мамлекеттик сапарынын алдында болду.

Орусия өкмөтүнүн мурдагы мүчөсү Михаил Абызов камакка алынды

Azattyk.org 

Орусияда миллиарддаган акча уурдаган деп айыпталган өкмөттүн мурдагы мүчөсү Михаил Абызов камакка алынды. Ал Москванын түндүк-чыгыш административдик округундагы тергөө абагында киши өлтүрүү жана уурдоого шектүүлөр менен бир камерада кармалат. Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко билдиргендей, Абызов жана анын шериктери боюнча иликтөө уланууда. "Тергөөнүн маалыматы боюнча Абызов бир катар офшордук компанияларга ээлик кылган, кылмыштуу топту түзгөн жана аны жетектеген. Шериктери... Читать дальше...

Кытай жарандары Кыргызстандын визасын мыйзамсыз алганы аныкталды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти менен биргеликте Кытайдын жарандары визаны мыйзамсыз алган фактыны аныкташты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. «Алтын Бугу – Золотой Олень» фирмасы кытайлыктарга Кыргызстанга кирүүгө уруксат берүүчү электрондук виза алуу үчүн жасалма документтерди бергени аныкталган. Аталган мекеме Социалдык фонддун Өзгөн райондук башкармалыгынан социалдык төлөмдөр төлөнгөндүгү тууралуу... Читать дальше...


Музыкальные новости
Фрэнк Синатра

Леонардо ДиКаприо может сыграть Фрэнка Синатру в новом байопике Мартина Скорсезе





Персональные новости
МТС

МТС Travel рассказал, куда туристы из Чувашии поедут на майские праздники





Бообекова: Биз текшерген учурда сатылды деп айтылган балдар жакшы шартта чоңоюп жаткан

Azattyk.org 

27-мартта Биринчи май райондук сотунда бир нече ымыркайды саткан деген шек менен айыпталып жаткандардын сот иштери уланды. Анда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери «сатылып кетти» деген ымыркайлардын мыйзамдуу өкүлү катары сотко катышып жаткан Гүлзина Бообекова текшерген учурда балдар жакшы шартта чоңоюп жатканына күбө болгонун маалымдады. Анын айтымында, 2018-жылдын ноябрь айында тергөөчүлөр менен биргеликте балдарды багып алган үй-бүлөлөрдү кыдырган. Балдардын бирин Балыкчыдагы үй-бүлө чоңойтуп жатат. Читать дальше...

Ботаникалык бакты тарыткан жол

Azattyk.org 

27-мартта Бишкектеги ботаникалык бакты ушул калыбында сактап калууга кызыкдар шаардыктар жана активисттер шаар мэриясынын чечимине каршылык билдирип чыгышты. Бишкек мэриясы буга чейин Кара-Көл көчөсүн Ботаникалык бактын эсебинен кеңейте турганын билдирген. Эгер, жолду реконструкциялоо иши башталса, ботаникалык бактын 300гө жакын бак-дарагы кыйылышы мүмкүн. Шаар бийлиги анын ордуна башка жайларга эки эсе көп бак-дарак отургузууну убада кылып жатат.

ИИМдин мурдагы министри Конгантиевдин иши боюнча сот отуруму өттү

Azattyk.org 

27-мартта Биринчи май райондук сотунда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча сот отуруму өттү. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады.  Анын айтымында бүгүнкү отурумда Конгантиевге 2005-жылы 24-март окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча күбөлөр суралды. Алардын бири Улуттук банктын Жалал-Абаддагы филлиалынын мурдагы жетекчиси Мелис Батырбеков Конгантиевге эч кандай дооматы жок экенин билдирген. Конгантиевге ошол кезде Батырбеков коркутуп,... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Олимпиада по финансовой грамотности МГУ проходит при поддержке СберСтрахования жизни


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Россиянин Сафиуллин потерял четыре места в рейтинге ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Московскую компанию заподозрили в хищении 103 млн рублей при реализации нацпроекта в Орле





Путин в России и мире
Москва

Тема дня: Путин назвал сохранение духовных ценностей условием укрепления суверенитета


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко убежден, что белорусы «никогда еще так хорошо не жили»




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

Патриарх Кирилл запретил в служении священника, проводившего панихиду по Алексею Навальному



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Булат Окуджава

В МХТ имени Чехова 8 и 9 мая пройдет концерт с песнями Булата Окуджавы



Москва

Токсиколог Кутушов рассказал почему возникает похмелье

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net