123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 17.03.2019

Серб президенти оппозицияны "бейбаштар" деп атады

Azattyk.org 

Серб оппозициясынын соңку жүрүштөрүнөн кийин президент Александр Вучич өлкөдө тартипти коргоого убада берди. Ал жекшемби күнү Белграддагы президенттик имаратта өткөргөн маалымат жыйынында митингчилерден коркпой турганын айтып, аларды "фашисттер", "бейбаштар" жана "уурулар" деп атады. ​- Сербия зордук-зомбулук менен коштолгон коркутууларга жол бербейт. Бейбаштык, зомбулук жана адамдарга кол салуу менен саясий максатка жетем дегендер болсо, алар жаңылышат, - деди Вучич. Ал сүйлөп жатканда президенттик... Читать дальше...

Иран жаратылыш газын өндүрүүчү төрт долбоорду ишке киргизди

Azattyk.org 

Ирандын президени Хасан Роухани Перс булуңунда жаратылыш газын өндүрө турган төрт жаңы долбоорду жекшемби күнү ишке киргизди. Расмий Тегеран "Түштүк Парс" газ корундагы бул долбоорлорду бүткөрүү үчүн баш-аягы 11 миллиард доллар сарптады. Ирандын Мунай министрлиги 17-мартта билдиргендей, төрт долбоордун ишке кириши менен өлкөдө бир күн ичинде өндүрүлгөн жаратылыш газынын көлөмү дагы 110 миллион куб метрге көбөйөт. Дүйнөдөгү эң ири газ кору саналган "Түштүк Парсты" Иран менен Катар чогуу иштетип келет. Читать дальше...

Евробиримдик Крым үчүн кайрадан Орусияны сындады

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Крымдын аннексиясынын беш жылдыгын утурлай Орусияны кайрадан сындады. Ал 17-марттагы билдирүүсүндө Евробиримдик Украинанын суверендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүнүн сакталышын талап кылган позициясынан кайтпай турганын билдирди. "Европа Биримдиги эл аралык мыйзамды бузган бул кадамды тааныбайт жана айыптоону улантат. Бул эл аралык коопсуздук үчүн чоң көйгөй бойдон кала берет",-деп билдирди Могерини. Ал арада Кремлдин... Читать дальше...



"ИМ" тобу ооган журналистинин өлүмүнө жоопкерчилик алды

Azattyk.org 

"Ислам мамлекети" террордук тобуна ыктаган жоочулар ооганстандык тележурналист Султан Махмуд Хирхванын өлүмүнө жоопкерчилик алышты. Бирок алардын жекшембидеги билдирүүсүндө журналист эмне үчүн бутага алынганы айтылган жок. 15-мартта 60 жаштагы Хирхваны Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Хост шаарында башка атып кетишкен. Ага кол салган адам да атып өлтүрүлгөн. Журналист Султан Махмуд Хирхва Ооганстандагы "Заман" жеке менчик телеканалында иштеп келген. Өткөн жумада эле Гильменд провинциясында унаага орнотулган бомба жарылып... Читать дальше...

Аксынын элеси, Атамбаевдин ызасы

Azattyk.org 

17-мартта Бишкекте КСДП Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү митингин өткөрдү. Митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы бийликти үй-бүлөлүк башкаруу жолуна түштү деп айыптады. Ал эми өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Аксыдагы эскерүү жыйынында президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин кландык башкарууга жол бербей турганын билдирди.

Аба ырайы: күн жылуу болот

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу зарыл. 18-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22, Таласта түнкүсүн -1…+6, күндүз +17…+22, Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15, Ошто, Баткенде... Читать дальше...



Боспиекте Аксы окуясы эскерилди

Azattyk.org 

Мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигине нааразы болуп чыгып, ок атуудан алты адамдын өмүрү кыйылган Аксы окуясына 17 жыл толду. Бул күнгө карата Аксы районунда жана Бишкек шаарында эскерүү иш-чаралары өттү. Аксы районундагы иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты. Президент Аксы окуясы элди эркиндик үчүн күрөшкө алып чыккан күн экенин белгиледи.

Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат?

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Профессионалдуу спорт менен ишти айкалыштыруу мүмкүн эмес деген менен көп спортчу бир нече жерде эмгектенип акча тапканга мажбур. Мамлекет тарабынан бардыгына эле стипендия бериле бербейт.

Көкбөрү: "Бакубат Талас" командасы "Ынтымакка" утулду

Azattyk.org 

Бишкектеги "Аккула" ат майданында башталган "Нооруз-2019" көкбөрү турниринде алгачкы беттеш "Ынтымак" жана "Бакубат Талас" командалары арасында өттү. Бул оюнда Кыргызстандын азыркы чемпиону "Ынтымак" командасы Таластан келген экинчи команданы утуп алды. Беттештин жалпы жыйынтыгы 11:2 болуп, азыркы чемпиондордун жеңиши менен аяктады. Учурда жогорку лиганын алкагында "Четинди" жана "Көк Жал" командаларынын оюну башталды. Бул эки команда тең Чүй облусунан түзүлгөн. "Нооруз-2019" турниринин финалдык оюндары 21-мартта өтөт. Читать дальше...

Словакиядагы шайлоодо оппозициячыл юрист алдыда баратат

Azattyk.org 

16-мартта Словакияда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы белгилүү болду. Шайлоонун экинчи айлампасына европачыл юрист Зузана Чапутова жана бийликтеги “Смер” партиясы сүрөгөн Европа комиссиясынын төрага орун басары Марош Шефчович чыкты. Маалыматка ылайык, Чапутова шайлоочулардын 40 пайызынын добушун алса, Шефчович 18.6 пайызына ээ болгон. Ал эми оңчул популист Штефан Харабин жана ашкере улутчул саясатчы Мариан Котлеба экинчи айлампага чыга алышкан жок. Шайлоого жалпысынан он талапкер ат салышкан. Читать дальше...

Жазуучу Челик: Айтматовду кызганам

Azattyk.org 

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жан дили менен сүйүп окуган түркиялык журналист жана жазуучу Харун Челик көп жылдардан бери Айтматов темасында семинарларды өтүп келатат.

Илим: ичкилик өзүнүкүн алып тынат

Azattyk.org 

Ичимдикти ашыкча ичип, баш жазгандын акылдуу жолу жок. Жоголду делген дөө бал аары Индонезияда кайра табылды. Көчмөндөр 3000 жыл илгери сүт ичишкени тастыкталды. Кышкысын автомобилдин моторун кызытуунун зарылдыгы жок.

Президент: үй-бүлөлүк башкарууга жол берилбейт

Azattyk.org 

Аксы окуясын эскерүү иш-чарасына катышкан президент Сооронбай Жээнбековдун айтымында, Кыргызстан эгемендик алгандан бери үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ар кандай түрлөрүн көрдү. “Мамлекетти уюшкан кылмыштуу мафия башкарган мезгил да болду”,-деген президент Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө убада кылды. “Элибизде “Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деп эзелтеден бери айтылып келет. Мен баш болуп, бийликтин үч бутагы муну эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Үй-бүлөлүк... Читать дальше...

Р. Жээнбеков: Атамбаевдин оппозицияга өтүшүн колдойм

Azattyk.org 

Саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкекте Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышып, Кыргызстанга күчтүү оппозиция керек экенин айтты. “Оппозиция бийликке карама-каршы туруп, тең салмактуулукту сактайт. Башка күч жок. Ошондуктан экс-президент Алмазбек Атамбаевди саясаттан кетсин деп талап кылгандар болсо да, мен Атамбаев башында турган социал-демократтардын оппозицияга өтүшүн толугу менен колдойм",-деди Равшан Жээнбеков. Жээнбеков Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда да аны сындап келгенин... Читать дальше...

Түркия: ок тийген кыргызстандык кыздын абалы оор

Azattyk.org 

"Habertürk" гезитинин маалыматына ылайык, 17-мартта Түркиянын Измир шаарында түрк жаранынын машинасын белгисиз бирөөлөр аткылап, машинеде отурган кыргызстандык кызга ок тийген. Эге университетинин ооруканасындагы хирургия бөлүмү кызга операция жасалганын, азыр реанимацияда оор абалда жатканын "Азаттыкка" тастыктады. Измир шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, кылмышкерлер изделүүдө. Расмий эсеп боюнча Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык бар. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. Читать дальше...


Музыкальные новости
Борис

Ритуальный агент Борис Свистунов: комплексная поддержка в организации похоронных услуг в Санкт-Петербурге и Ленинградской области





Персональные новости
Россия

В России назвали топ самых благополучных регионов по итогам 2023 года





Атамбаев: Жээнбековду бийликке алып келгеним үчүн кечирим сурайм

Azattyk.org 

Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондорду эскерген митингде билдирди. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы уюштурган митингде Атамбаев "Жээнбековду бийликке алып келгенине өкүнүп жатканын" айтты. “Өмүр бою үй-бүлөлүк авторитардык режим менен күрөшүп келип ичин көрбөй, тышын гана көрүп ушундай адамды, ушундай үй-бүлөнү бийликке алып келгеним үчүн кечирим сурайм”,-деди Атамбаев. Ал "өз катасын оңдоого аракет кыларын жана чындыкты айтарын" кошумчалады. ... Читать дальше...

Аксы: жабырлануучулар сөз берилбегенине нааразы

Azattyk.org 

Аксы районунун Боспиек айылында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн эскерүү иш-чарасында өлкө башчысынан башка адамдарга сөз берилбегени окуянын жабырлануучуларында нааразычылык жаратты. Аксы окуясынын жабырлануучусу Наркыз Шералиева президент жабырлануучулардын үнүн угушу керектигин, эскерүү иш-чарасы кемчилик менен өткөнүн билдирди. Окуяда бир тууганы Сатинбай Үркүнбаевди жоготкон жабырлануучу Бүбүсара Эркинбаева да ушундай пикирин билдирди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү азырынча комментарий берише элек. Читать дальше...

Атамбаев: Аксы окуясы маалында Жээнбековдор унчукпай отурган

Azattyk.org 

Бишкектеги “Медиа Форум” ишканасынын алдында Кыргызстан социал-демократтар партиясы уюштурган митинг-реквиемде экс-президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү. Атамбаев бул иш-чараны уюштурууга бийлик каршы чыгып, тоскоолдук кылганын билдирди.  Атамбаев Аксы окуясынын себептерине токтолуп, ошол кездеги бийлик Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы чыккан элге ок атканын белгиледи. Атамбаев ошол кезде каршы чыккандардын катарында өзү да болгонун белгилеп, бирок Сооронбай Жээнбеков унчукпай отурганын билдирди. Читать дальше...

Жээнбеков: Аксы окуясы элди эркиндик үчүн күрөшкө алып чыккан күн

Azattyk.org 

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Аксы районунун Боспиек айылында окуянын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында айтты. “Аксы окуясынын мааниси терең, тарыхый окуя. Элдин аң-сезимин өзгөртүп, акыйкатсыздыкка каршы күрөшкө алып чыкты. Бул окуя менен катар 2005-жылдагы Март жана 2010-жылдагы Апрель окуяларын да унутууга болбойт. Апрель окуясынын түздөн түз катышуучусу, кландык башкарууга каршы чыккан адам катары бул даталуу күндөр менин жүрөгүмдө сакталуу. Кийинки жылы Апрель окуясынын 10 жылдыгын... Читать дальше...

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Аксы окуясы эскерилди

Azattyk.org 

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди. Иш-чарага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган бийлик өкүлдөрү, экс-президент Роза Отунбаева, саясатчы Абдыганы Эркебаев жана шаар тургундары катышты. Иш-чарада Аксы жана Апрель окуяларында окко учкандарга тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлду. Мындан 17 жыл мурун болгон Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы учурда Аксы районунун Боспиек айылында да өтүп жатат. Ага... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Актера Свиридова госпитализировали из-за инфицирования после операции в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Азаренко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Майами


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве прошла эковыставка Hydrate The World





Путин в России и мире
Москва

Путин спросил Беглова о причинах снижения популярности Петербурга у туристов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

СМИ: Байден и Шольц не успели предложить Москве обменять Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Джиган раскрыл свой вес и описал причину похудения словами «надоело быть жирным»



Москва

В Петербурге задержали гражданина Таджикистана за оправдание теракта в «Крокусе»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net