123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 28.02.2019

КТРК: Байкоочу кеңеш талапкерлерди сынады

Azattyk.org 

Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши телеканалдын директорлугуна талапкер болгон 17 кишини аңгемелешүү турунан өткөрдү. Алар талапкерлердин акыркы окуган китебин, идеал туткан адамын сурап, телеканалдын берүүлөрү, саясий маселелер боюнча пикирлерин укту. 28-февралдагы олтурумда учурдагы директор Илим Карыпбеков өз арызын кайтарып алды. Байкоочу кеңеш добуш берүү аркылуу Каарманбек Кулуевди талапкерлердин тизмесинен четтетти. Кеңештин мүчөлөрү ага аңгемелешүүгө чет өлкөдөн скайп аркылуу катышууга уруксат беришкен жок.

ЕККУ казак журналисттеринин кармалышына тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Алматы, Жаңы-Өзөн жана Орол шаарларында өткөн нааразылык акциясын чагылдырган журналист, блогерлердин кармалышына тынчсыздануусун билдирди.        "Кесиптик милдетин аткарып жүргөн журналисттердин жана блогерлердин кыска убакытка кармалып коё берилгенине тынчсызданып турам" - деп айтылат Дезирдин шаршембиде жарыяланган билдирүүсүндө. Ал "Социалдык көйгөйдөн улам нааразылык акцияларына чыккандардын үнүн коомго жеткирүү журналисттин маанилүү милдети ... Читать дальше...

Израил прокуратурасы Нетаньяхуга коррупция боюнча айып тагарын билдирди

Azattyk.org 

Израилдин башкы прокурору өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга коррупцияга байланыштуу айып тагууга камданып жатат. Башкы прокурор Авихай Мандельблит өкмөт башчыга үч иш боюнча айып тагыларын түшүндүрдү.   Укук короо органдары жүргүзгөн эки иликтөөнүн жүрүшүндө саясатчы ишкерлерди тымызын колдогону үчүн кымбат баалуу белектерди алып турганы аныкталган.  Полициянын версиясына ылайык, Нетаньяху "Едиот Ахронот" гезитин чыгарган Арнон Мозес менен келишим түзүүгө аракеттенген. Премьер-министр... Читать дальше...



Ооганстан дүйнөнү коркутса, Казакстанда өкмөт кулады

Azattyk.org 

2018-жылы Ооганстандагы согуш 3804 бейкүнөө карапайым адамдын өмүрүн алып кетти, арасында 927 бала бар. 18 жылдан бери уланып жаткан кан төгүүнү токтотуу аракеттеринен майнап чыкпай келатат. Казакстанда жаңы өкмөт ишин баштады. Буга чейинки премьердин кызматтан алынышына чындап эле элдин нааразылыгы түрткү болдубу же башка, көпчүлүккө байкалбаган да себептер барбы?

Трамп-Ким жыйыны чукул аяктады

Azattyk.org 

Трамп менен Ким эч бир келишимге кол коюшкан жок. Атүгүл жолугушууну эрте бүтүрүп, үйлөрүнө жол тартышты. Украина Конституциялык соту антикоррупциялык мыйзамды четке кагып, сынга кабылды. Татарстандын мамлекеттик опера жана балет театры «жапыз бою» үчүн ырчы Хачатур Бадалян менен келишимди үздү. Сириядагы террорчулардын акыркы таянычы Багхуз аймагынан жүздөгөн адам куткарылды. Тажикстанда чет элдик жашылча-жемиштин баасы көтөрүлдү.

Пакистан «тынчтык үчүн» индиялык учкучту бошотот

Azattyk.org 

Жума күнү Пакистандын бийлиги колго түшүрүлгөн Индиянын куралдуу күчтөрүнүн учкучун бошотууну көздөп турат. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Имран Хан парламентте билдирди. Премьер учкуч «тынчтык үчүн» деген ниет менен бошотуларын баса белгиледи.  27-февралда Нью-Дели менен Исламабад бири-биринин аскердик учактарын атып түшүргөнү белгилүү болгон. Эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу Кашмир аймагында кырдаал курч бойдон турат. Буга чейин Пакистан Индиянын аскердик эки учагы шаршембиде Кашмирди... Читать дальше...

Жаңы-Өзөн кайра козголду

Azattyk.org 

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында кайрадан нааразылык чыкты. Шаардын ондогон жашоочулары бир нече күн бою көчөгө чыгып, ишке орноштурууну, айлык акыны көтөрүүнү талап кылышты.



КТРКнын директорлугуна ат салышкан 17 талапкер кийинки баскычка өттү

Azattyk.org 

Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши телеканалдын директорлугуна талапкерлер болгон 17 кишини аңгемелешүү турунан өткөрдү. 28-февралдагы олтурумда учурдагы директор Илим Карыпбеков өз арызын кайтарып алды. Байкоочу кеңеши добуш берүү аркылуу ошондой эле Каарманбек Кулуевди да талапкерлердин тизмесинен чететти. Кеңештин мүчөлөрү талапкердин аңгемелешүүгө скайп аркылуу катышууга укугу жок деп тапты. Натыйжада калган талапкерлер: Мирбек Мурзабеков, Мирлан Самыйкожо, Болотбек Тиллебаев... Читать дальше...

Сурамжылоо: Путинге даттангыңыз келеби?

Azattyk.org 

Кара-Суу районунун тургундары айыл өкмөт башчынын үстүнөн Орусиянын президенти Владимир Путинге даттанарын билдиришти. Мындан улам "Азаттыктын" кабарчысы бишкектиктердин арасында сурамжылоо жүргүздү.

Москва шаардык соту америкалык ишкерди камакта калтырды

Azattyk.org 

Москванын шаардык соту «Baring Vostok» инвестициялык фондунун негиздөөчүсү, америкалык ишкер Майкл Калвини камакта кармоо жөнүндө чечим чыгарды.   Калви балдарын университетке даярдаш үчүн бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну соттон суранды. Америкалык ишкер финансылык кылмыштарга байлыныштуу айыпталып жатат. Тергөөнүн маалыматына караганда Калви «Восточный» банкынан 2,5 млрд. рубль уурдаган «көз боёмочулук системаны уюштурган». Сотто Калви өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп четке кагып... Читать дальше...

Сот юристтердин ишин артка кайтарды

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Ата Мекен» партиясынын эки юристине койгон 10 миллион сомдук доосу боюнча иш кайра Октябрь райондук сотуна жиберилди.

Кыргызстандын жарандарынын динчилдиги тууралуу изилдөө аяктады

Azattyk.org 

28-февралда Бишкек шаарында өткөн атайын жыйында «Кыргызстандын коомунун динчилдиги» («Религиозность общества Кыргызстана») аттуу изилдөө жарыяланды. Бул тууралуу жыйынды уюштурган «Бурана изилдөө институту» уюму билдирди. Изилдөөдө Кыргызстан эгемендик алгандан бери жарандар канчалык деңгээлде динге берилип кеткени, коомчулукта исламдын ролу канчалык жогорулаганы тууралуу статистика, маалыматтар келтирилди. Анын ичинде хижаб, адал өндүрүм сыяктуу түшүнүктөр күчөгөнү да динге тартылуунун бир белгиси катары көрсөтүлгөн. Читать дальше...

Жээнбеков облус башчыларына: Ишкерлерди колдобой жатасыңар

Azattyk.org 

Ишкерлердин демилгелерин жергиликтүү бийлик колго албай жатат. Бул тууралуу 28-февралда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков облустардын жетекчилери менен аймактарды өнүктүрүү маселесин талкуулаган жыйында айтты. Президент аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты колдоп берген өлкөнүн көпчүлүк ишкерлеринин позициясын ыраазычылык менен белгиледи. «Бирок бул демилгени жергиликтүү бийлик колго алган жоксуңар. Силердин аракетиңер, эмгегиңер, демилгеңер чечүүчү роль ойнойт», — деди мамлекет башчысы. Читать дальше...

ИШИМ Борбор Азияда өзүнүн иш-аракет чөйрөсүн бекемдөөгө аракет кылып жатат

Ca-irnews.com (kg) 

БУУнун башкы катчысынын контртеррордук башкаруу боюнча орун басары Владимир Воронков ИШИМ террордук уюму Борбор Азияда өзүнүн иш-аракет чөйрөсүн бекемдөөгө аракет кылып жатканын баяндамасында билдирди.

Казакстан Кыргызстандан картөшкөсүнө чектөөсүн алып салууга даяр

Azattyk.org 

Астанада кыргыз азык-түлүгүнө салынган тыюу боюнча Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өттү. Казакстан тарап чектөөнү алып салууга даяр экенин билдирди. Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар фитосанитардык карантиндик көзөмөлдү күчөтүү маселеси боюнча жол картасына кол коюшту. Документ 17 пункттан турган конкреттүү иш-чаралардын тизмесин камтыйт. Баштапкы пункттар Кыргызстандын фитосанитардык кызматы тарабынан 2019-жылдын февраль айынан июль айына чейин аткарылышы керек. Читать дальше...

Касымалиева: Чаткалда 10 тонналык алтын кени бир батирдин баасына кетти (видео)

Azattyk.org 

Чаткалда 10 тонна запасы бар алтын кени эки бөлмөлүү бир батирдин баасына тең бааланды. Бул тууралуу бүгүн 28-февралда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева билдирди. Ал колунда Чаткал районундагы кен байлыктарын чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берүү боюнча аукциондордогу коррупция тууралуу документтер бар экенин айтууда. Касымалиеванын айтымында, бул кагаздарда кен байлыктар «афералык жол менен болбогон акчага сатылганы» жазылган: - 2017-жылы... Читать дальше...

Ханой саммити макулдашуусу жок аяктады

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Вьетнамдын борбору Ханойдогу жолугушуусу 28-февралда эч кандай макулдашуусуз жана күтүлгөндөн эрте аяктады.

Парламент 52 өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат берди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын 45 өлкөнүн жарандарына визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн узартуу жана дагы 7 өлкөнүн жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берүү тууралуу мыйзамды үчүнчү окууда жактырды. Тизмеге жаңы кошулган өлкөлөр - Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман. Бул тизмеге өкмөт сунуш кылган Болгария, Кипр, Румыния кошулбай калды.  Буга чейин 45 өлкөнүн жарандарына 60 күнгө чейин визасыз каттоо режими бар болчу. Ал боюнча мыйзам 2020-жылы күчүн жоготот. Жаңы мыйзам 2025-жылга чейин иштейт. Читать дальше...


Музыкальные новости
Джиган

Джиган откровенно рассказал, почему начал худеть, и раскрыл свой максимальный вес





Персональные новости
Владимир Путин

Путин назвал культуру духовным каркасом народа в трагические для страны моменты





Өзбекстанда жасалма уруктандыруу менен балалуу болууга жол ачылды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Сенаты «Жарандардын тукум улоо саламаттыгын коргоо жөнүндө» мыйзамды кабыл алды. Аны менен коңшу өлкөдө жасалма уруктандыруу менен балалуу болууга мыйзамдуу түрдө уруксат берилди. Сенаттын Илим жана билим берүү комитетинин төрагасы Зайниддин Низамходжаев: «Мыйзам Өзбекстанда да чет өлкөлөрдө кеңири жайылтылган алдыңкы технологияларды колдонуп, жасалма жол менен уруктандыруу аркылуу балалуу болуунун инновациялык ыкмаларына жол ачат», - деди.    Бирок мыйзамга «суррогат энелик» жөнүндө берене кирген эмес. Читать дальше...

Сот Атамбаевди доого жыкты

Azattyk.org 

Бишкектеги Октябрь райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевди Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди.

Картөшкөнү поезд менен экспорттогондорго жеңилдик берилди

Azattyk.org 

1-майга чейин экспорттоо үчүн картөшкөнү темир жол транспорту менен ташуу боюнча тарифтерге 60 пайыздык жеңилдик жана кошумча кызмат көрсөтүүгө 50 пайыздык жеңилдик берилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Өкмөттүн аппараты тараткан билдирүүдө бул чечим айыл чарба өндүрүмүнүн экспортун илгерилетүү жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынганы айтылат. Чечимди «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы аткарат. Билдирүүдө... Читать дальше...

Украинада «Мыйзамсыз байыгандарды жазалоо» беренеси жоюлду

Azattyk.org 

Украинанын Конституциялык соту Кылмыш-жаза кодексине киргизилген «Мыйзамсыз байыгандарды жазалоо» беренесин Баш мыйзамга туура келбейт деп тапты. Соттун түшүндүргөнүнө караганда, берене мыйзамдагы «күнөөсүздүк презумциясы»  деген принципти бузат. Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу Конституциялык соттун мындай чечимин сындады. Мекеме билдиргендей, чечимдин саясий жүйөсү бар жана БУУнун, Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) менен Европа Биримдигинин алдындагы Украинанын милдеттенмелерин бузат. ... Читать дальше...

Кесип үйрөнүү долбооруна тогуз медресе тандалып алынды

Azattyk.org 

Кыргызстанда диний билим алып жаткан жаштарга кесип үйрөтүүчү социалдык долбоордун алкагында быйылкы жылга тогуз медресе тандалып алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» АВЕП коомдук фондунун жетекчиси Нурлан Токонов маалымдады. Долбоордун кезектеги этабы быйыл жаздан тартып ишке ашырыла баштайт. 300гө жакын улан-кыз жаңы кесипке ээ болуп чыгат. Диний окуу жайларынын тарбиялануучулары ашпозчу-кондитер, ширетүүчү, электр куроочу, тикмечи, тиричилик техникасын оңдоочу, эмерек жасоочу уста, сантехник жана... Читать дальше...

Кашмирдеги кырдаалдан улам айрым авиакаттамдар токтоду

Azattyk.org 

Пакистан-Индия жаңжалы бир катар эл аралык каттамдарга кедергисин тийгизди. Таиланддын авиакомпаниясынын миңдеген жүргүнчүлөрү Бангкоктон Пакистанга жана Европага уча албай турушат. Жаңжалга байланыштуу Пакистандын аба мейкиндиги жабылган. Ошондон соң “Эмирейтс” жана "Катар аба жолдору" компанияларынын авиакаттамдары бул өлкөгө учканын токтотконун жарыялашкан. Жаңжалдан улам Азиянын түштүк-чыгышына Тажикстан, Пакистан аркылуу өткөн орус, немис жана башка компаниялардын каттамдары да токтогон. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

«Радио Зенит» – информационный партнер форума «Мы вместе. Спорт»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Дарья Касаткина

Теннисистка Касаткина отреагировала на высказывания Винер о россиянах


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Татьяна Марчук выпустила альбом «Экопесенки» на лейбле Riki Music





Путин в России и мире
Москва

Путин спросил Беглова о причинах снижения популярности Петербурга у туристов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

«С какой целью вы пришли почтить память? Он вам родственник?» В Москве осудили девушку, которая пришла возложить цветы в память о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Татьяна Рязапова

АИРР на Стартап-туре 2024



Москва

«Наука в школе: реальность или иллюзия»: в Технопарке Физтех-лицея им. П. Л. Капицы эксперты выяснили, могут ли школьники заниматься наукой

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net